КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

27 января 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-январда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

- Апсабырова Гүлнура Байышовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча - Д.А. Абдыллаев, каржы маселелери боюнча - Н.Д. Абдырахманов;

- Султанова Айжан Абдыкапаровнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча - Ш.О. Орозахунов, каржы маселелери боюнча - А.Т. Эшенкулова;

- Койчуманова Нуркан Кадыровнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча - Б.Ж. Эстебесова.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.