Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК өкүлдөрү Россиянын Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого эл аралык байкоочу катары катышат
19.09.2021

БШК өкүлдөрү Россиянын Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого эл аралык байкоочу катары катышат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) жана Кыргыз Республикасынын  Элчилигинин кызматкерлери КМШ жана ШКУ Миссияларынын курамында Москва шаарында өтүүчү Россия Федерациясынын сегизинчи чакырылыштагы Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочулар катары катышат.    2021-жылдын 19-сентябрында Кыргызстандын өкүлдөрү Москва шаарынын ар кыл участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзөт. Кыргызстан БШК мүчөлөрү Москвадагы РФ Коомдук палатасы тарабынан негизделген Россия Федерациясындагы шайлоолорго байкоо жүргүзүү борборунда болуп, алардын ишмердиги менен тааныша алышты. Аталган борбордо күнү-түнү байланыш борбору иштейт, ал бузуулар боюнча даттануулар менен кайрылган телефон чалууларды кабыл алат, ошондой эле жарандарга шайлоого катышуу маселелери боюнча маалымат жана консультацияларды берет. Байкоо жүргүзүү борборунда онлайн режиминде Россиянын шаарларында жана аймактарында добуш берүү кандайча өтүп жаткандыгын көрүүгө болот. Борборго Россия Федерациясынын 7 субъектисинде уюштурулган онлайн добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу да маалыматтар келип түшөт.   Добуш берүү күнүндө аралаш шайлоо тутуму боюнча мамлекеттик думанын 450 депутаты шайланат: 225 - бир мандаттуу округ боюнча жана 225 – партиялык тизме менен. Шайлоого катышуу үчүн 14 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси катталган. Бардыгы болуп бул күнү Россия Федерациясындагы 85 субъектте аймактык жана жергиликтүү деӊгээлдеги 4,4 миӊ шайлоо өнөктүктөрү өтмөкчү, анын ичинде:  -  46 аймакта – РФ субъекттеринин мамлекеттик бийлик органдарына шайлоо;  - 9 аймакта – РФ субъекттеринде жогорку кызмат адамдарын шайлоо;  - 39 аймакта – РФ субъекттеринин мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүк) органдарынын деутаттарын шайлоо.  РФтеги учурда өтүп жаткан шайлоонун өзгөчөлүктөрү – тынч күнүн жоюу, 17-19-сентябрда үч күндүк добуш берүү мүмкүнчүлүгү жана РФтин 7 субъектисинде биринчи жолу колдонулуп жаткан дистанттык добуш берүү.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
18.09.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү

2021-жылы 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Исаев Канатбек Кедейкановичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү. К.К. Исаев шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары К.М. Аблабековду, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары С.Н. Исаевди дайындады. БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат. бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен, Алтынбеков Айбектен, Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен жана Насиров Абдижалил Жусупович КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
18.09.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү

2021-жылы 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Насиров Абдижамил Жусуповичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 3 Кадамжай шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү. А.Ж. Насиров шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары У.К. Алимбековду, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары О.Р. Саттаровду дайындады. БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат. бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен жана Алтынбекова Айбектен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
17.09.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү

2021-жылы 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Нурланбеков Актилек Нурланбековичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 26 Ленин шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү. А.Н. Нурланбеков шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.Н. Ирсалиеваны, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Г. Женишбек кызын дайындады. БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат. бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен, Курманов Байыш Жантаевичтен жана Алтынбекова Айбектен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
17.09.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү

2021-жылы 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Алтынбеков Айбектен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо №15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз түштү. А. Алтынбеков шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Сагымбаев Айбек Токтосуновичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Белеков Алмазбек Сатыбалдиевичти дайындады. БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат. бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. чейин талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен жана Курманов Байыш Жантаевичтен КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) КР БШКга жазуу жүзүндө билдирме түшкөн. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү
17.09.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети тууралуу арыз түштү

2021-жылы 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Курманов Байыш Жантаевичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз келип түштү. БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. Буга чейин КР БШК га КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен, Сейтказиев АнашТоктосуновичтен, Танабаев Нурлан Исамидиновичтен жазуу жүзүндө билдирүү келип түшкөн. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
БШК 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитти
16.09.2021

БШК 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-августундагы ПЖ № 370 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленди.   Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык: «Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт».    2021-жылдын 16-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 40-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо үчүн чыгымдардын сметасын бекитти.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасынын жалпы суммасы  592 531,0 түздү, анын ичинде: - Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдарынын суммасы ­- 235 394,7 миӊ сом, мында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары үчүн зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды ишке ашыруу үчүн каражаттар камтылган;  - округдук шайлоо комиссияларынын (мындан ары - ОШК) чыгымдарынын суммасы – 339 136,3 миӊ сом, алар төмөнкү жактагы шайлоо комиссиялары үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык бөлүштүрүлөт;  - КР ТИМ чыгымдарынын суммасы - 18 000,0 миӊ сом, шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктары КР ТИМ тарабынан камсыздалаары эске алынды.  Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын нормаларынын талаптарына ылайык, шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын аппартынын ишмердигин, ошондой эле төмөнкү жактагы шайлоо комиссияларынын ишмердигин камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан борборлоштурулган түрдө жүзөгө ашырылат: - байланыш кызматтары (уюлдук байланыш); - канцелярдык буюмдарды сатып алуу;  - интернет байланыш кызматтары (анын ичинде, автоматтык эсептөөчү урналар жана планшеттер үчүн);   - басылма продукцияларынын кызматтары (бюллетендерди, тесттик бюллетендерди даярдоо, шайлоочулар үчүн маалымат плакаттары, усулдук журналдар ж.б.);    - ММКда билдирүүлөрдү жарыялоо боюнча кызматтар;  - шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таратуучу материалдарды жеткирүү боюнча кызматтар;  - жарандандын саламаттыгын коргоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук каражаттарын сатып алуу;  - шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишмердигин камсыздоо менен байланышкан дагы башка чыгымдар.  Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча төмөнкү жактагы шайлоо комиссиялары үчүн кийинки беренелер боюнча чыгымдардын сметасы даярдалган:  - 2111 «Айлык маяна», - 2121 «Соц.фондго төлөө», - 2211 «Кызматтык иш сапарларга кеткен чыгымдар», - 2214 «Унаа чыгымдары» (автоунаалар үчүн КММ жана канцелярдык товарларды, баннерлерди, таратуучу материалдарды, жеке коргонуу каражаттарын ОШК-УШК-ОШК багыты боюнча жабдууларды ташуу боюнча кызматтар) жана ОШК отчетторун тапшыруу үчүн;  - 2215 «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» (окууга, тамак-ашка, суткалык чыгымдар, шайлоо комиссияларынын ар бир мүчөсүнө күнүнө 500 сомдон эсептегенде).  Маалымат иретинде: Смета төмөн жактагы шайлоо комиссияларын ачууга, техникалык жабдууга жана иштешине зарыл болгон бардык чыгымдарды эске алуу менен эсептелет (бир шайлоо комиссиясындагы мүчөлөрдүн саны 13-15 адамга чейин белгиленген).   ОШК жана УШК мүчөлөрүнүн жалпы саны 31523 адамды түзөт: - 36 ОШК - 540 адам, - 2435 УШК – 30 527 адам; - 57 ТИМ УШК – 456 адам. Ошондой эле, техникалык колдоо көрсөтүү топторуна чакырылган адистерге – 600 адамга төлөмдөр, автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) чакырылган операторлоруна – бардыгы 2290 адамга сыйлыктар (алардын саны шайлоочулардын санына негизделүү менен эсептелет).   Мындан тышкары, ОШК жана УШК мүчөлөрүнө, идентификациялоо операторлоруна, ошондой эле коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн чакырылган ИИМ кызматкерлерине (4942 адам) күнү-түнү иштегендиктен, добуш берген жана андан мурунку бир күнгө мыйзам тарабынан күнүнө 500 сомдон төлөп берүү каралган.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
КР БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка көрсөтүлгөн А.Т. Сейтказиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
16.09.2021

КР БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка көрсөтүлгөн А.Т. Сейтказиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 16-сентябрында №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеӊешке депутаттыкка көрсөтүлгөн Сейтказиев Анаш Токтосуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алды.    А.Т. Сейтказиев шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Т.А. Кыдырназаровду, ал эми каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ж.Д. Сулайманованы дайындады.    Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1-, 2-бөлүмдөрүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкерлердин катышуусу тууралуу билдирүү  шайлоо округдарынын схемасы жана чекараларын бекитилген күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошуп алганда) саат 18:00дө аяктайт.    КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка көрсөтүлгөн С.К. Ибраимовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
16.09.2021

КР БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка көрсөтүлгөн С.К. Ибраимовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 16-сентябрында №11 Алай шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеӊешке депутаттыкка көрсөтүлгөн Ибраимов Санжар Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алды.  С.К. Ибраимов шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ибраимов Кубанычбек Ибраимовичти, ал эми каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кубанычбек уулу Бакытбекти дайындады.  Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1-, 2-бөлүмдөрүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкерлердин катышуусу тууралуу билдирүү  шайлоо округдарынын схемасы жана чекараларын бекитилген күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошуп алганда) саат 18:00дө аяктайт.    КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
«Улуттар Биримдиги» партиясында жаӊы ыйгарым укуктуу өкүлдөр катталды
16.09.2021

«Улуттар Биримдиги» партиясында жаӊы ыйгарым укуктуу өкүлдөр катталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 16-сентябрындагы жыйналышында “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакырып алуу жөнүндө билдирмесин карады. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, БШК “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Р.Б. Болотбековду жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл У.К. Аргынбекованы каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө берилген күбөлүктөр жараксыз деп таанылды. “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.К. Казиев, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары А.Т. Абдылдаева катталды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
КР БШК Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындады
16.09.2021

КР БШК Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындады

2021-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындады. Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 5-октябрында 9-00дөн 12-00гө чейин өтөөрү белгиленди.  Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын мэри А.Д. Халбеков берилген арызына ылайык кызмат ордунан бошотулду.  Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен шайлоону өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.    КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түштү
16.09.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түштү

2021-жылы 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Танабаев Нурлан Исамидиновичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо №10 Куршаб шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз келип түштү. БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. Буга чейин КР БШК га КР Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен, Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен жана Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен келип түшкөн. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын республиканын аймагынан тышкары убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, жарандарынын коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ
16.09.2021

Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын республиканын аймагынан тышкары убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, жарандарынын коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы Жарлыгы менен дайындалган  2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын убактылуу тышта жүргөн же жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо тууралуу» Жобосун жетекчиликке алуу менен, чет өлкөдөгү шайлоо участкаларында шайлоочулардын саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен, шайлоо комиссияларынын ишмердигин үзгүлтүккө учуратпоо максатында, Свердлов округдук шайлоо комиссиясы (мындан ары – Свердлов ОШК) убактылуу тышта жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынан, жарандардын коомдук бирикмелеринен, саясий партиялардан чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын резервине  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу талапкерлерди көрсөтүүсү тууралуу жарыялайт:   Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлигин көрсөтүүдө жарандардын өзүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө, коомдук турмушта катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.      Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынан, чет өлкөдөгү мекемелердин кызматкерлеринен, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлүшү мүмкүн.     Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протоколдор жыйындын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Протоколго жыйындын катышуучуларынын жашаган жери көрсөтүлгөн жана колу коюлган тизмеси тиркелиши керек.     Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү саясий бирикмелердин уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Свердлов ОШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тийиштүү документ берилет.     Көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:     талапкердин чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу тууралуу арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактоо тууралуу милдеттенмеси;  паспортунун көчүрмөсү; иштеген, окуган жери, билими көрсөтүлгөн өмүр баяндык маалымат (кадрларды эсепке алуучу жеке баракчасы же резюмеси); байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору (үйдөгү, уюлдук) электрондук дареги.    Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протоколдор (анын ичинде электрондук түрүндө) Свердлов ОШКга 2021-жылдын 26-сентябрында саат 18.00гө чейин Бишкек ш., Московская көч. – 15 дареги боюнча кабыл алынат.      Маалымат телефондору: +996 312-382-426, +996 550-963-669   Эл. дарек:  tikbishkek@gmail.com Свердлов округдук шайлоо комиссиясы      
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 16-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
16.09.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 16-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

                                                                                               Өткөрүү датасы: 16-сентябрь 2021-ж.                                                                                                Убактысы: 17:00                                                                                                Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине округдук шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-сентябрындагы № 689 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 3. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө (баяндамачы - Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы) 4. ««Улуттар биримдиги элдик партиясы»» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына        №11 Алай шайлоо округу боюнча талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Ибраимов Санжар Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына№31 Кемин шайлоо округу боюнча талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Сейтказиев Анаш Токтосуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түштү
15.09.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түштү

2021-жылы 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Сейтказиев Анаш Токтосуновичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз келип түштү. БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. Буга чейин КР БШК га КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен жана Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен жазуу жүзүндө билдирүү келип түшкөн.  Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү                      
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түштү
15.09.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түштү

2021-жылы 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ибраимов Санжар Кубанычбековичтен 2021-жылы 28-ноябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо №12 Алай шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) ниети жөнүндө арыз келип түштү. БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат. Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн аталган шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш. Буга чейин КР БШК га КР Жогорку Кенешинин депуттарын шайлоого катышуу тууралуу талапкерлер Сариев Акылбек Аблабековичтен, Малиев Арсланбек Касымакуновичтен, Дурсунов Атамша Латифовичтен жазуу жүзүндө билдирүү келип түшкөн.  Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн талапкерлер, саясий партиялар тарабынан БШКга берилүүчү документтердин тизмеги жана формалары менен ушул шилтемеден таанышса болот. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү          
Кененирээк билүү >>
1 … 190 192 … 484