Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 27-октябрда өткөн жыйналышында “Ыйман Нуру” саясий партиясы көрсөткөн Алыбаева Жаңыл Ишенбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим Алыбаева Жаңыл Ишенбековнаны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басарлыгына дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 19-октябрындагы тескемесинин, ошондой эле Алыбаева Жаңыл Ишенбековнанын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 26-октябрындагы өз арызынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү