Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого дагы 28 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
03.11.2021

БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого дагы 28 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-ноябрындагы жыйынында Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Орусия Элчилигинин, Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигинин, Россия Федерациясындагы Австралия Элчилигинин, Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Беларусия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Румыниянын Туруктуу шайлоо комиссиясынын, Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары боюнча ЕККУ Бюросунун өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочу катары аккредитациялады.  2021-жылдын 3-ноябрына карата 28 мамлекеттен төмөнкү уюмдардан 109 эл аралык байкоочу аккредитацияланды:    Шайлоо органдары: - 8   Эл аралык уюмдар: - 5   Дипломатиялык өкүлчүлүктөр: - 4   № Чет элдик шайлоо органдары    Саны     Украина 2     Молдова 4     Турция 2     Беларусия 2     Грузия 6     Азербайжан 2     Румыния 1     Латвия 2     Бардыгы: 21   Эл аралык уюмдар     КРдеги Ханнс Зайдель Фондунун өкүлчүлүгү    1     ЕККУ ДИАУБ миссиясы  40     КМШ миссиясы 6     КМШ ПАА 28     К.Аденауэр атындагы фонд 1     Бардыгы: 76   Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр      Турция Элчилиги 3     Россия Элчилиги 2     Япония Элчилиги 6     Австралия Элчилиги 1     Бардыгы: 12     № Жарандыктын алкагында Саны   Австрия 1   Австралия 1   Азербайжан 7   Беларусия 7   Босния жана Герцеговина 1   Улуу Британия 5   Грузия 7   Дания 2   Италия 3   Казахстан 1   Латвия 2   Литва 1   Молдова 4   Нидерланды 1   Норвегия 2   Польша 1   Россия 31   Румыния 1   Словения 1   АКШ 3   Тажикистан 1   Туркия 5   Украина 2   Финляндия 2   Франция 2   ГФР 5   Чехия 2   Швейцария 2   Япония 6   Бардыгы: 109   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Исмаилов Нурбек Сапарбековичке өткөрүп берди
03.11.2021

БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Исмаилов Нурбек Сапарбековичке өткөрүп берди

КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Исмаилов Нурбек Сапарбековичти “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды. КР БШК токтому менен Исмаилов Нурбек Сапарбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Токтом ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
03.11.2021

БШК Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 3-ноябрда Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: - Жусубалиева Марина Буркановна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - Орозалиева Мээрим Айбековна Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү М.Б. Жусубалиеванын шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
03.11.2021

БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-ноябрындагы жыйналышында “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Керезбеков Канат Керезбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. КР БШК “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык К.К. Керезбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Керезбеков Канат Керезбековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
03.11.2021

БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-ноябрындагы жыйналышында “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. КР БШК “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык М.А. Абдалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2021-жылы 3-ноябрьда өтө турган күн тартибинин долбоору
03.11.2021

КР БШК 2021-жылы 3-ноябрьда өтө турган күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти
02.11.2021

БШК КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 2-ноябрындагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти   Аталган чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 6 арыз түштү
02.11.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 6 арыз түштү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 2-ноябрында өткөн жыйналышында бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 6 арызды карап чыкты.  Алсак, КР БШКга төмөнкүлөр арыз беришти: 1.Чодуев Эркинбек Урайымович, №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; 2. Нусубалиев Токтоналы Сатарович, №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; 3. Малдыбаева Салиман Жанузаковна, №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; 4. Джумабекова Акылсайры Кадыралиевна, №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; 5. Карагулов Улан Айтбекович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; 6. Шакиров Асан Шакирович, №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
02.11.2021

КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында Өзгөн, Лейлек жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин депутаты Абдурахманов Куванычбек Нуралиевичтин (№1) («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты) ыйгарым укуктары депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен дал келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу токтотулду. Мандат «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кудайбергенов Айтибай Жээнбековичке (7) берилди – убактылуу иштебейт.   Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеӊешинин депутаты Абдурахманов Кобилжон Балтабаевичтин (№7) («КЭДП» фракциясынын депутаты) ыйгарым укуктары депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен дал келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу токтотулду. Мандат «КЭДП» саясий партиясынан Абдуллаев Хакимжон Ибадиллаевичке (10) берилди – жеке ишкер. Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеӊешинин депутаты Байзаков Абдижалил Бекмаматовичтин ыйгарым укуктары депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен дал келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу токтотулду. Мандат Шерматов Анарбай Ташиевичке берилди – убактылуу иштебейт.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Сотко кассациялык даттанууну кайталап берди
02.11.2021

КР БШК Жогорку Сотко кассациялык даттанууну кайталап берди

Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылы 2-ноябрда талапкер Т. Мамытовду “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесине калыбына келтирүү боюнча Бишкек шаардык Административдик соттун чечимине даттануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кассациялык даттанууну кошумча өтүнмө менен кайталап берди. 28-октябрда Бишкек шаардык Административдик соту өз чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-октябрындагы чечиминин №7 талапкер Т. Мамытовду каттоодон баш тартуу жана “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен алып салуу бөлүгүн жокко чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылы 29-октябрда Бишкек шаардык Административдик соттун чечимине даттануу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кассациялык даттануу берген. Жогорку Сот 1-ноябрда кассациялык даттанууну кароо боюнча сот процессинин датасын жана убактысын 2-ноябрга саат 15:00гө дайындаган. 2021-жылы 2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кассациялык даттанууну кайтарып берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2021-жылдын 1-ноябрдагы аныктамасын алды. Жогорку Соттун аныктамасында белгиленген боюнча кассациялык даттануу Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним катынын негизинде кол коюлган. Мында сот коллегиясы КР АПКнын 64-беренесинин 2-бөлүгүн бузуу менен кассациялык даттанууга талаптагыдай күбөлөндүрүлбөгөн ишеним кат тиркелген деп көрсөткөн, коллегиянын пикири боюнча, ушуга байланыштуу, анын аныктыгын белгилөө жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү кат жүзүндөгү далил катары кабыл алуу мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу сот коллегиясы КР АПКнын 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна шилтеме берип, Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусун кайтарып берүүнү аныктаган. 2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы соттун көрсөтүлгөн аныктамасы менен таанышып чыгып, кассациялык даттанууну өндүрүшкө кабыл алуу жана кароо жөнүндө өтүнмөнү тиркөө менен бул маселе боюнча кассациялык даттанууну кайталап берди, анда Жогорку Соттон бир катар жагдайларга көңүл бурууну өтүндү. Кассациялык даттанууну кайтарып берүүнү негиздеп, сот коллегиясы шилтеме берип жаткан КР АПКнын 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эгерде даттануу ушул КР АПКнын 249-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен берилсе, кассациялык даттануу кассациялык инстанциядагы сот тарабынан, даттанууну берген адамга кайтарып берилери белгиленген. Биринчи инстанциядагы сот – Бишкек шаардык Административдик соту аркылуу кассациялык даттанууну берүүдө кассациялык даттанууну берген Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан КР АПКнын 249-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдери сакталган. Атап айтканда, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 12-февралында берген, мамлекеттик органдын расмий фирмалык бланкында аткарылган, жетекчи – Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон, ошондой эле аталган комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү тиркелген. Көрсөтүлгөн 2021-жылдын 12-февралындагы талаптагыдай таризделген ишеним катта белгиленгендей, М.М. Кутбердиевага баардык сот инстанцияларында Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү болууга, анын ичинде сот актыларын даттануу укугу менен, ыйгарым укук берилген. Көрсөтүлгөн өкүл 2021-жылдын 29-октябрындагы кассациялык даттануу бергендегидей Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү катары ишеним кат боюнча бир нече ирет биринчи инстанциядагы соттун чечимдерине кассациялык даттанууну ишеним каттын көчүрмөсүн тиркеп бергенин, ал ишеним кат Жогорку Сотту эч качан күмөн санатпагандыгын белгилей кетүү керек. Ал тургай, көрсөтүлгөн административдик иштин материалдарына биринчи инстанциядагы сот тарабынан күбөлөндүрүлгөн 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним каттын көчүрмөсү тиркелген. Кассациялык даттануу КР АПКнын 201-беренесинде аныкталган мөөнөттү сактоо менен 2021-жылы 29-октябрда берилгендигин, ошондой эле өкүлгө анык ишеним каттын бар экендигин эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө өтүнмө менен кассациялык даттанууну кайталап берди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 2-ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
02.11.2021

КР БШКнын 2021-жылы 2-ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 02-ноябрь 2021-ж. Убактысы:17:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Өзгөн, Лейлек жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. №10 Куршаб шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чодуев Эркинбек Урайымовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   3. №21 Талас шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нусубалиев Токтоналы Сатаровичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   4. №36 Ысык-Көл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Малдыбаева Салиман Жанузаковнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   5. №35 Ак-Суу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джумабекова Акылсайра Кадыралиевнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө   (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. №31 Чуй-Кемин шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карагулов Улан Айтбекович шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. № 13 Сузак шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Шакиров Асан Шакировичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 8. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Төрөбеков Максатбек Асилбековичти талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 9. «Мекенчил Эл» демократиялык партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Акбаров Кыйматхон Акромжон кизинин талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө   (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   10. «Жашасын Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Дуйшеналиев Уланбек Акыновичти талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   11. 2021-жылдын 28-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   12. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Самаков Нурдин Талантбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   13. №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакир Бакытбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 14. №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тукунов Акжолтой Шакирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   15. №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Фаттахов Бахтияржан Азизовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 16. №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбековичтин ишенимдүү адамдары жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 17. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эгембердиева Омурбека Калыбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 18. №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бегалиев Болотбек Касымбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 19. №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сарымсаков Каныбек Кубанычбекович ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 20. №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 21. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Ибраев Саматбек Кулукеевичтин ишенимдүү адамын (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   22. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдрахматова Атыр Болотбековнанын шенимдүү адамын каттоо жөнүндө   (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   23. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун №3194 жана №3195, Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1318 шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
01.11.2021

БШК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун №3194 жана №3195, Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1318 шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 1-ноябрындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун №3194 жана №3195, Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1318 шайлоо участокторунун даректерин төмөнкүдөй өзгөрттү: - №3194 шайлоо участогунун дареги Жеңиш айылынын Маданият үйүнүн эски имаратынан Жеңиш айылы, Байгазы 15 көчөсү дареги боюнча Б. Үкүев атындагы орто мектептин имаратына; - №3195 шайлоо участогунун дареги Ак-Терек айылынын Маданият үйүнүн эски имаратынан Ак-Терек айылы, Сатыке 11 көчөсү дареги боюнча Жунуш уулу Жапар атындагы орто мектептин имаратына; - Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1318 шайлоо участогунун дареги Бишкек шаарынын Буденный №247 көчөсүндөгү эски имараттан Бишкек шаары, Курманжан Датка, №207/1 көчөсү дареги боюнча «Баракат» ЖЧКнын жаңы жаңы имаратына. Жети-Өгүз жана Свердлов округдук шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
01.11.2021

Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

2021-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 12-октябрда өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду карап, бекитти. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Жумаев Талант Аскаралиевич, Калматов Нурсултан Абдураимович, Туйчиев  Алтынбек Шеркузуевич катталган. Добуш берүүгө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты, Жумаев Т.А. – 10 добуш, Калматов Н.А. – 11 добуш, Туйчиев А. Ш. – 0 добуш, алды. “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Калматов Нурсултан Абдураимович Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 1-ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
01.11.2021

КР БШКнын 2021-жылы 1-ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

                                                                                                                                 Өткөрүү датасы: 01-ноябрь 2021-ж.                                                                                    Убактысы:18:15                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2021-жылдын 12-октябрында өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун  Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун №3194 жана №3195, Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1318 шайлоо участкаларынын даректерин өзгортүү жөнүндө.             (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   2.№15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиев Кубанычбектин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.             (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)                3. №15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиев Кубанычбектин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө        (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 4. №15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиев Кубанычбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө        (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)  5. №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сулайманкулов Медеркул Ормоновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүнд               (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 6. №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Макешов Кубанычбек Бектемировичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүндө             (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7/ №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Божонов Замирбек Сабиржановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүндө             (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 8. №6 Араван шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Маннанов Ильхом Абдукаххаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 9. №11 Алай шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тоотаев Улукмырза Абдилашимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө             (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 10. №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кунакунов Максат Касымжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдорү жөнүндө             (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 11. №8 Төлөйкөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алимбеков Нурбек Каарыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө  (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 12. №9 Кара-Сууш айлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эргешов Толкун Турдукуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө  (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 13. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө  (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 14. «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө  (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 15. №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө             (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 16. «Эл Үмүтү» демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 17. А.П.Бейшалиевдин Д.Д. Бекешевго карата шайлоо фондусунан каржылоону бузуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы - М.М. Кутбердиева, укуту камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 18. «Азаттык» демократиялык партиясы” саясий партиясына карата Алимбек кызы Барчынайдын арызы жөнүндө (баяндамачы - М.М. Кутбердиева, укуту камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 19. «Социал-Демократы» саясий партиясынан талапкер З.Ж.Тургунбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн корутунду берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өтүнүч каты (баяндамачы - М.М. Кутбердиева, укуту камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 20. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К.Хасановдун каттоосун жокко чыгаруу тууралуу жамаатык арыз жөнүндө (баяндамачы - М.М. Кутбердиева, укуту камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 21. З.Р. Паттахунованын КР БШКнын 2021-жылдын 10майындагы №91 чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы - М.М. Кутбердиева, укуту камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 22. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Ынтымак» саясий партиясынан талапкер Р.М.Жунушбаеванын үгүт жүргүзүү тартибин бузуу тууралуу маалымат жөнүндө (баяндамачы - М.М. Кутбердиева, укуту камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 23. «Азаттык» демократиялык партиясы” саясий партиясы үгүт жүргүзүү тартибин бузгандыгы тууралуу маалымат жөнүндө 24. К.М.Тайчабаров  үгүт жүргүзүү тартибин бузгандыгы жөнүндө 25. үгүт мезгилинде шайлоочулардын арасында акысыз таратууга тыую салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитүү тууралуу  26.Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жогорку Сотко кассациялык даттануу берди
01.11.2021

КР БШК Жогорку Сотко кассациялык даттануу берди

Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылы 29-октябрда Бишкек шаардык Административдик соттун чечимине даттануу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кассациялык даттануу берди. 28-октябрда Бишкек шаардык Административдик соту өз чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-октябрындагы чечиминин №7 талапкер Т. Мамытовду каттоодон баш тартуу жана “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен алып салуу бөлүгүн жокко чыгарган. КР БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык талапкер Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы болуп саналса, көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтоторун эске салат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрине ылайык саясий мамлекеттик кызмат орундарынын катарына киргизилген. Конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т. Мамытовду алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкер катары каттоодон баш тартылды, ал “Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнө үгүт жүргүзүү эрежелери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо жөнүндө айтып беришти
01.11.2021

Саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнө үгүт жүргүзүү эрежелери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо жөнүндө айтып беришти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга катталган саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрү үчүн “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Үгүт жүргүзүү жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген тема боюнча тренинг өткөрдү. Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев 2021-жылы 29-октябрда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү этабы башталганы, ал 2021-жылдын 27-ноябрынын саат 08.00үнө чейин созулаары тууралуу маалымдады. Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн акысыз берилген обо убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок экендиги катышуучулардын эскертилди: талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга, тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого, кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга, талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга. Талапкерге, саясий партияга шайлоо алдындагы үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтире турган маалыматты жарыялаган жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул берененин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө талапкердин, саясий партиянын беделин коргоо иретиндеги төгүндөөнү же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүндүк берилбеши бул жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан ажыратууга негиз болушу мүмкүн. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөөнү акысыз жарыялоо же чындыкка дал келбеген же аны бурмалаган макалага же кабарга түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө милдеттүү. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга, чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү экендиги белгиленди. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө арыздары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат. Талапкерге, саясий партияга шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечимди берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн жай көпчүлүк катышкан иш чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин бирине, саясий партиялардын бирине берилген учурда, ошол эле жайды башка талапкерге, башка саясий партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында турган жайлар талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн бирдей шарттарда берилет. Ошондой эле тренингде шайлоо талаш-тартыштары, аларды кароо мөөнөттөрү жана жол-жоболору окутулуп, үйрөтүлдү. Конституциялык-укуктук жоопкерчилик шайлоо мыйзамдарында каралган, анын өзгөчөлүктөрү мында: шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде соттон тышкары тартипте ишке ашырылуучу көп сандагы санкциялар; ошондой эле шайлоо укугунда санкциялар кыска убактагы мүнөзгө ээ болот б.а. шайлоо мыйзамдары боюнча мажбурлоо чаралары белгилүү бир шайлоо өнөктүгү мезгилинде гана колдонулат. Шайлоо комиссиялары субъектиге анын шайлоо укуктарын бузуу, чечим чыгаруу, аракет (аракетсиздик) жасоо жөнүндө белгилүү болгондо токтоосуз түрдө – бирок 3 календарлык күндөн кечиктирбестен даттанууларды жана кайрылууларды карайт. Арыз (даттануу) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө тийиш эмес. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин арыз (даттануу) кабыл алынбайт. Арыз (даттануу) берүү мөөнөтү чечим кабыл алынгандын, аракет (аракетсиздик) жасалгандын эртеси башталат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 170 172 … 484