Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Россия БШКсы: Орусиянын шаарларындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнү уюштурууга максималдуу жардам көрсөтүлөт
Россиянын шаарларындагы шайлоо участкаларында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштурууга көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Жыйынга КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова, Россия Федерациясынын БШК төрагасынын орун басары Н.Булаев, Россия Федерациясынын Ички иштер жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ошондой эле Россия Федерациясынын субъекттеринин мамлекеттик органдарынын, Россиядагы шайлоо участкаларынын шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында добуш берүүчү жайларды, жабдууларды жана добуш берүүчү кабиналарды камсыздоо, электр энергиясы жана интернет менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, шайлоо өтө турган күнү укук тартибин жана өрт коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Россия Федерациясынын айрым субъектилеринде карантиндик чектөөлөр киргизилген учурда шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.
Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Булаев парламенттик шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө кыргыз тарапка максималдуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.
КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында КР БШКнын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, КР ТИМ кызматкерлеринен түзүлгөн «мобилдүү топтор» чет өлкөдөгү мекендештер менен иштөө үчүн жиберилгендигин билдирди. Бул топтор алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участкаларынын даректерин жана санын аныктоо, жарандарды консулдук каттоого алуу, биометрикалык каттоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле ZOOM платформасында чет өлкөдөгү шайлоочулар менен шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча онлайн жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.
Эки өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиялары добуш берүүнү уюштурууда пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү механизмдерин талкуулады, кыргыз тарап көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн шарттарды кеңейтүү максатында, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөдөгү шайлоо участкаларынын саны 59га чейин көбөйтүлдү. Алардын 21и Орусиянын шаарларында жайгашкан.
Россия Федерациясынын аймагында Москва шаарында алты, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Краснодар, Самара, Казань, Томск жана Хабаровск шаарларында бирден шайлоо участоктору орун алган.
Ошону менен бирге Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында шайлоо участоктору биринчи жолу түзүлдү.
Учурда шайлоочулардын тизмесинде 83 464 чет өлкөдө жашаган же жүргөн шайлоочулар катталган.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 16-ноябрында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 16 ноябрь 2021-ж.
Убактысы: 17.30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. «Багыт» Кыргызстан Либерал-Демократиялык Партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Шут Александр Сергеевичти катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө
2. №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Пасаңов Эржигит Жетимишовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурбаев Жалолидин Паязидиновичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы - Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. «Ынтымак» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Тентишев Бакыт Эркинович тууралуу Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун маалыматы жөнүндө
(баяндамачы – Ч.С. Исмаилова, КР БШКнын Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун катчысы)
7. №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аширбаев Элкинбек Токтогонович тууралуу Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун маалыматы жөнүндө
(баяндамачы – Ч.С. Исмаилова, КР БШКнын Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун катчысы)
8. «Ишеним» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Умарбеков Шерзодбек Абдурашитович тууралуу Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун маалыматы жөнүндө
(баяндамачы – Ч.С. Исмаилова, КР БШКнын Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун катчысы)
9. №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назарбеков Мирлан Рысбекович тууралуу Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун маалыматы жөнүндө
(баяндамачы – Ч.С. Исмаилова, КР БШКнын Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун катчысы)
10. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Лилиенталь Юлии Викторовна тууралуу Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун маалыматы жөнүндө
(баяндамачы – Ч.С. Исмаилова, КР БШКнын Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун катчысы)
11. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы боюнча Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун маалыматы жөнүндө
(баяндамачы – Ч.С. Исмаилова, КР БШКнын Ыкчам чара көрүү коооринациялык тобунун катчысы)
12. № 27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Т.Абдразаковдун Бишкек шаарындагы N№81 орто мектептин жанында үгүт иштерин жүргүзүү боюнча Бишкек шаарынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин материалдарын кароо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
13. №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Бегалиевдин Фейсбуктагы үгүттөөчү видеотасмасы боюнча А.С.Сатыгуловдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
14. № 11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер У.Б Примовдун изи жок видео роликтин жарыяланышы жана кайрымдуулук иштери менен алектенгендиги тууралуу Д.Д.Таировдун билдирүүсү жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
15. О.Тимофееванын №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ж.Абировго карата №1027 шайлоо участогунун жанында үгүт иштерин жүргүзүүгө жөнүндө даттануусу
(баяндамачы – Кутбердиева М.М. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
16. Facebook социалдык тармактын колдонуучусу Пери Орозбекованын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер С. Ибраев тууралуу жарыялагандыгы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
17. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Нарындагы талапкерлердин жана партиялардын байкоочуларына добуштарды кол менен эсептөөнүн тартибин түшүндүрүштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын шаарындагы саясий партиялардын жана талапкерлердин байкоочулары үчүн, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо-2021. Талапкерлердин, саясий партиялардын байкоочуларынын шайлоолорго мониторинг жүргүзүү процесси” аттуу тренинг уюштурду.
Байкоочуларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын тутумун Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (Борбордук шайлоо комиссиясы), округдук шайлоо комиссиялары (ОШК), участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) түзө тургандыгы айтылды. Шайлоону 36 округдук шайлоо комиссиялары жана 2494 участкалык шайлоо комиссиялары өткөрөт.
Округдук шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган тартипте тиешелүү шайлоо округдарында иштеп жаткан тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт. Округдук шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча токтотот.
Тренингдин катышуучуларына шайлоо участкасында шайлоочулардын кыймылынын алгоритми, ошондой эле добуш берүүнүн жол-жобосу түшүндүрүлдү. Ар бир шайлоочу өзү добуш берери, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбей турганы белгиленди.
Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын жабдылган башка жерде толтурулат.
Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жай шайлоо бюллетенин толтурууда шайлоочунун эркинин купуялуулугун жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын шайлоочунун аракеттерине көзөмөлдүк кылуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен орнотулууга же даярдалууга тийиш. Добуш берүү үчүн үкөктөр добуш берүү бөлмөсүндөгү адамдар шайлоо бюллетениндеги белгини көрбөй тургандай жакынкы атайын жабдылган добуш берүү кабинасынан бир жарым метрден ашпаган аралыкта жайгаштырылышы керек.
Шайлоо күнү ар бир шайлоочуга 2 бюллетень берилет:
► бирөөндө - саясий партиялардын аталыштары чүчү кулак кармоо менен аныкталган тартипте көрсөтүлгөн бирдиктүү шайлоо округу үчүн жана аянттын сырткы сол тарабында номерленген 54 бош чарчы бар. Бош чарчынын номери талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин катар номерине туура келет;
► экинчисинде - бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, чүчү кулак аркылуу аныкталган тартипте талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы көрсөтүлөт.
Байкоочуларга бир мандаттуу жана бирдиктүү шайлоо округдары боюнча добуштарды кол менен эсептөөнүн тартиби түшүндүрүлдү. Ошентип, бирдиктүү шайлоо округунда УШКнын мүчөлөрү ар бир саясий партия жана “Баарына каршы” позициясы боюнча белгиленген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштарын эсептешет. Сорттолгон шайлоо бюллетендерин эсептөө, добуш берүүгө катышкан адамдар шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун белгисин көрүүсү жана угуусу үчүн аларды бир пачкадан экинчисине которуу жолу менен үн чыгарып жүргүзүлөт.
Бюллетендерди ар түрдүү пачкалардан бир убакта эсептөөгө жол берилбейт. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетениндеги саясий партияга тиешелүү чарчыга тиешелүү белгини коюп, бирок талапкерлердин тизмесинен талапкердин катар номерине белги койбосо, же шайлоодон чыгып кеткен талапкердин чарчысына белги койсо, анда шайлоочунун добушу ушул саясий партиянын пайдасына эсептелет. Мындай добуштар өзүнчө эсептелет жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
Ар бир саясий партия боюнча шайлоо бюллетендерин эсептөөнүн натыйжасында алынган жана "Баарына каршы" позициясы боюнча маалыматтар жарыяланып, бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен шаарында талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочуларына добуштарды саноо жол-жоболору түшүндүрүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Баткен шаарында “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочулары тарабынан шайлоого байкоо жүргүзүү процесси” деген тема боюнча тренинг уюштурду.
Окутуунун жүрүшүндө байкоочуларга шайлоого байкоо жүргүзүү процесси, байкоочулардын укуктары жана жоопкерчилиги түшүндүрүлдү. Атап айтканда, байкоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмеси менен, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
добуш берүү күнү сутканын каалаган убагында добуш берүүчү жайда болууга;
шайлоочулардын добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүлөрүнө катышууга;
көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;
ары-бери эркин жүрүүгө жана кайсы гана болбосун шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болууга;
добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, уюштуруу жана добуш берүү тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине байкоо жүргүзүүгө;
шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө;
шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө ж.б.
Ошол эле учурда,байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:
шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
шайлоочунун өтүнүчү боюнча, шайлоочу үчүн шайлоо бюллетендерин алганына кол коюуга;
шайлоочунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;
шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;
тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.
Ошондой эле байкоочуларга шайлоо участокторун ачуу, анын ичинде добуш берүү үкөктөрүн добуш берүүгө даярдоо боюнча добуш берүүгө даярдоо жол-жобосу тууралуу маалымат берилди. УШКнын төрагасы УШКнын мөөрү коюлуп, бекитилүүчү (пломбалануучу) добуш берүү үчүн бош үкөктөрдү (АЭУ) катышып олтурган баардык адамдарга көрсөтөт. Добуш берүүгө чейин контролдук барактар даярдалат, аларда шайлоо участогунун номуру; үкөккө салынган убактысы; УШК мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлөт. Ошол адамдар контролдук барактарга кол коюшат жана барактар УШКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. АЭУга контролдук барактар салынат.
УШК төрагасы ОШКдан алынган жана орун жайдан тышкары добуш берүү үчүн берилген бюллетендердин саны жөнүндө жарыялайт. УШК мүчөлөрү бюллетендерди кайра санап чыгат жана санын жарыялайт, УШК төрагасы көрүп таанышуу үчүн берет. ОШКдан алынган бюллетендердин саны добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазылат. бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо УШК төрагасы ведомость боюнча УШК мүчөлөрүнө, анын ичинде чүчүкулак боюнча бюллетендердин берилишине жооп берген УШК мүчөсүнө 100дөн даана берет.
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу кеңири каралды. Байкоочуларга төмөнкүлөр түшүндүрүлдү: шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында УШК төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет жана бардык катышкан адамдардын алдында жарыя кылынат. Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алуу добуш берүү күнү саат 20дан кийин, бирок саат 23төн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Автоматтык эсептөөчү урналардын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн отчеттору, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор добуш берилүүчү жайда турган саясий партиялардын талапкерлеринин бардык өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Электрондук капчык жана төлөм терминал аркылуу сатып алуу тобокелчилигине, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан түшкөн төлөмдөргө катуу байкоо жүргүзүлөт
БШКда КРУБдун, коммерциялык банктардын жана Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматынын катышуусунда электрондук капчыктар аркылуу шайлоочулардын добуштарын сатып алуу коркунучуна каршы өз ара аракеттешүү маселелери боюнча кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеде идентификацияланбаган төлөм тутумдары аркылуу аткарылчу төлөмдөргө байкоо жүргүзүү боюнча ведомстволор ортосунда өз ара аракеттешүү маселелери жана алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо электрондук капчыктар аркылуу шайлоочулардын добуштарын сатып алуу коркунучун жокко чыгаруу боюнча чаралар каралды.
БШК тараптан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүү жана сарптоо боюнча контролду КР БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу (КТТ) жүргүзөт.
Шайлоо фонддорунун атайын эсептерин жүргүзүүнүн мыйзамдарда каралган жол-жоболору идентификацияланбаган булактардан акча каражаттарынын түшүү же шайлоо фонддорунун алкагында аларга которуу коркунучун минимумдаштырат.
БШКнын контролдоо үчүн колдонулуучу АМТ автоматташтырылган тутумунун мүмкүнчүлүктөрү шайлоо фонддорунун эсептериндеги акча каражаттарынын ар бир жөнөтүүчүсүн жана алуучусун идентификациялоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн электрондук капчыктарды жана төлөм терминалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча кеңешменин катышуучулары минтип аныкташты: бул учурда шайлоо фонддорунун атайын эсептеринен тышкары пайдаланылуучу эсепке алынбаган “көмүскө” акча каражаттарын (накталай жана накталай эмес түрдө) пайдалануу болуп саналат, алар идентификацияланбаган төлөм тутумдары, мисалы, ошондой болуп саналган төлөм терминалдары аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Пикир алмашуунун жүрүшүндө кеңешменин катышуучулары электрондук капчыктар аркылуу шайлоочулардын добуштарын сатып алуунун мүмкүн болуучу учурларын аныктоо боюнча төмөнкүдөй чечимге келишти:
1. Өз ыйгарым укуктарынын алкагында БШК, КРУБ, коммерциялык банктар жана Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматы шайлоо мезгилинде, айрыкча, шайлоо датасына чейинки 2 жуманын ичинде (2021-жылдын 15-ноябрынан 28-ноябрына чейин) жана шайлоодон кийин (2021-жылдын 29-ноябрынан 18-декабрына чейин) банк төлөмдөрүнө, банк мекемелеринин жана мобилдик байланыш операторлорунун, төлөм тутумдарынын мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
2. Төлөмдөрдү колдонуунун массалык мүнөзү (кыска убакыттын ичинде бир түзүлмөдөн бирдей суммада кайталанган транзакциялар же убакыттын белгилүү бир тогошунда катары менен бир нече күн бою мезгил-мезгили менен кайталанган бирдей суммалар) күмөндүү төлөмдөр деп эсептелсин.
Көрүлүп жаткан чаралар кызыкдар жактардын шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан сатып алуу аракеттерине бөгөт болууга тийиш.
БШК КТТ эске салат: Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык:
- шайлоо фонддорунан тышкары каражаттарды пайдалануу шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузган жазык жосуну болуп саналат, ал, анын ичинде, талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн негиз болуп кызмат кылат;
- шайлоочулардын добуштарын сатып алуу 260 миң сомго чейин айып пул салынуучу же 2 жыл 6 айга чейин эркиндиктен ажыратуучу жоопкерчиликке тартуучу жазык жактан жазалоочу кылмыш болуп саналат
Кеңешмеге КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова, БШК мүчөлөрү И. Гайпкулов, К.Маматов, А.Жупуева, Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы К.Тургунбеков, КР Улуттук банкынын, «Компаньон», «Кыргызстан» коммерциялык банкы», «Дос-Кредобанк», «РСК Банкт» жана «Айыл Банк» коммерциялык банктарынын өкүлдөрү катышты.
КР БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
БШК округдук жана участкалык шайлоо комиссияларын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу сарптоого окутту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын бухгалтердик эсеп жүргүзүү тартиби жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча отчёттуулукту түзүү боюнча окутуу өткөрдү.
Тренинг 2020-2021жылдардын мезгилинде шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын чыгымдарын максаттуу сарптоо боюнча аудиттин жыйынтыгы боюнча округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары, атайын өкүлдөрү жана бухгалтерлери үчүн уюштурулду.
Катышуучуларга ачыктык жана каржылык айкындуулук принциптерине жооп берүүчү шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого байланыштуу маселелери түшүндүрүлдү. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы процессти уюштуруу үчүн эң керектүү иш-чараларды эске алуу менен түзүлгөндүгү жөнүндө ОШК төрагаларына жана бухгалтерлерине маалымат берилди.
Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу иш-чаралар боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары кабыл алынган мыйзам жол-жоболоруна ылайык республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. БШК процессти уюштуруу үчүн керектүү гана иш-чараларды эске алуу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында уюштуруу иштери/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн белгиленген ченемдерди, коэффициенттерди, лимиттерди, ставкаларды колдонуу менен чыгымдардын толук сметасын түздү. БШКнын каржылык айкындуулугун арттыруу максатында чыгымдардын корголгон беренелери – эмгек акы, Соцфондуга чегерүү, кызматтык иш сапарга сарптоолор, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу (окутууга сарптоолор: тамактануу, суткалык чыгымдар) боюнча гана акча каражаттарын төмөн турган шайлоо комиссияларына өткөрүп берүүнү камтыган бюджеттен бөлүнгөн каражаттар боюнча эсепке алууга жана отчёттуулукка карата жаңы ыкмаларды түздү.
Окутуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыначылыгынын аймактык бөлүмчөлөрү бюджетти кассалык жактан аткаруу үчүн ОШК/АШКларга республикалык бюджеттин чыгымдары боюнча убактылуу казыналык эсептерди ачып жатышканы түшүндүрүлдү.
Акы төлөөлөр накталай түрдө жүргүзүлөт. ОШК/АШКларда турган бюджеттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыктары республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш.
ОШК/АШК өз ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
КР БШК 2021-жылдын 15-ноябрындагы жыйналышында Нарын шаардык, Баткен жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Токторалиев Алтынбек Ысмановичтин (№2, “Улуу Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Жаманов Иличбек Кадыркуловичке (№7, “Улуу Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаты Гапанов Алтынбек Абдипаттаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Кадыров Нургазы Азамбаевичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Кунтуу айылдык кеңешинин депутаты Мамырбаева Алия Андашбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Абдылдаева Кулсия Апасовнага өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 1 арыз түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 15-ноябрда өткөн жыйналышында №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Акылбеков Элнур Акылбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты жана Э.А. Акылбековдун арызынын негизинде каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Эл Үмүтү» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 15-ноябрында өткөн жыйналышында «Эл Үмүтү» саясий партиясы көрсөткөн Магомедов Аслан Магомед-Алиевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Эл Үмүтү» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө А.Магомедовдун өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Легалайз» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 15-ноябрында өткөн жыйналышында «Легалайз» саясий партиясы көрсөткөн Ибраев Бакыт Таштанбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Легалайз» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Б.Ибраевдин өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 15-ноябрында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 15-ноябрь 2021-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 121 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Баткен жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. №9 Кара-Суу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акылбеков Элнур Акылбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. «Легалайз» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Ибраев Бакыт Таштанбековичти катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. «Эл Үмүтү» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Магомедов Аслан Магомед-Алиевичти талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы - Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Койчуманов Мээримбек Нурбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы - Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы - Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
9. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джээнбеков Жусупжан Амранжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
10. «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынын өкүлүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
11. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо «Жалпы иш» коомдук фондунан коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
12. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Талапкерлердин ЖӨБ органдары менен жолугушууларынын графиги
Талапкерлердин ЖӨБ органдары менен жолугушууларынын графиги
№
Иш-чаранын аталышы
Дата
Убакыт
Өткөрүлчү жери
Баткен облусу
№1 Лейлек округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
03.11.2021
12:00
Лейлек раймамадминистрациясынын имараты
№2 Баткен округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
03.11.2021
11:00
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имараты
№3 Кадамжай округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
03.11.2021
9:30
Кадамжай
раймамадминистрациясынын имараты
Ош облусу
№4 Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
05.11.2021
11-00
Төө-Моюн айылдык аймагы, аянтчада
2
Талапкерлердин жолугушуусу
06.11.2021
11-00
Ынтымак айылдык аймагы, Маданият үйү
3
Талапкерлердин жолугушуусу
07.11.2021
11-00
Тоолос айылдык аймагы, Маданият үйү
4
Талапкерлердин жолугушуусу
08.11.2021
11-00
Кулатов айылдык аймагы, Маданият үйү
5
Талапкерлердин жолугушуусу
09.11.2021
11-00
Он-Эки-Бел айылдык аймагы, Маданият үйү
6
Талапкерлердин жолугушуусу
10.11.2021
11-00
Намиран айылдык аймагы, площадка
7
Талапкерлердин жолугушуусу
11.11.2021
11-00
Көк-Жарайылдык аймагы, Маданият үйү
8
Талапкерлердин жолугушуусу
12.11.2021
11-00
Бел айылдык аймагы, Маданият үйү
9
Талапкерлердин жолугушуусу
13.11.2021
11-00
Жаңы-Ноокат айылдык аймагы, Маданият үйү
10
Талапкерлердин жолугушуусу
14.11.2021
11-00
Гулистан айылдык аймагы, Маданият үйү
№5 Ноокат округдук шайлоо комиссиясы
7
Талапкерлердин жолугушуусу
05.11.2021
11-00
Н.Исанов айылдык аймагы, Маданият үйү
8
Талапкерлердин жолугушуусу
06.11.2021
11-00
Көк-Бел айыл өкмөтү, Маданият үйү
9
Талапкерлердин жолугушуусу
07.11.2021
11-00
Кеңеш айыл өкмөтү, Маданият үйү
10
Талапкерлердин жолугушуусу
08.11.2021
11-00
Кыргыз-Ата айыл өкмөтү, Маданият үйү
11
Талапкерлердин жолугушуусу
09.11.2021
11-00
Т.Зулпуев айыл өкмөтү, Маданият үйү
12
Талапкерлердин жолугушуусу
10.11.2021
11-00
А. Мирмахмудов айыл өкмөтү, Маданият үйү
13
Талапкерлердин жолугушуусу
11.11.2021
11-00
Кара-Таш айыл өкмөтү, Маданият үйү
14
Талапкерлердин жолугушуусу
12.11.2021
11-00
Гулистан айыл өкмөтү, Маданият үйү
15
Талапкерлердин жолугушуусу
13.11.2021
11-00
Ноокат ш., Маданият үйү
№6 Араван округдук шайлоо комиссиясы
16
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
10-00
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн залы
17
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
14-00
Мангыт айылдык аймагы, Маданият үйү
18
Талапкерлердин жолугушуусу
03.11.2021
10-00
Алля Анаров айылдык аймагы, Маданият үйү
19
Талапкерлердин жолугушуусу
03.11.2021
14-00
С.Юсупов айылдык аймагы, Маданият үйү
20
Талапкерлердин жолугушуусу
04.11.2021
10-00
Нурабад айылдык аймагы, Маданият үйү
21
Талапкерлердин жолугушуусу
04.11.2021
14-00
Тепе-Коргон айылдык аймагы, Маданият үйү
22
Талапкерлердин жолугушуусу
05.11.2021
10-00
Чек-Абад айылдык аймагы, орто мектептин имараты
23
Талапкерлердин жолугушуусу
05.11.2021
14-00
Кызыл-Кыштак айылдык аймагы, Маданият үйү
№7 Ош округдук шайлоо комиссиясы
24
Талапкерлердин жолугушуусу
07.11.2021
14-00
Ош ш., Жапалак айылы, стадион
№8 Төлөйкөн округдук шайлоо комиссиясы
25
Талапкерлердин жолугушуусу
15.11.2021
14-00
Папан айылдык аймагы, Папан айылы, клубдун имараты
26
Талапкерлердин жолугушуусу
16.11.2021
14-00
Төлөйкөн айыл өкмөтү, Дыйкан-Кыштак айылы, жыйналыш залы
27
Талапкерлердин жолугушуусу
17.11.2021
14-00
Шарк айыл өкмөтү, Падаван айылы, Маданият үйү
28
Талапкерлердин жолугушуусу
18.11.2021
14-00
Мады айыл өкмөтү, Кыргыз-Чек айылы, Маданият үйү
29
Талапкерлердин жолугушуусу
20.11.2021
14-00
Ош ш., №4 МАБ имараты
30
Талапкерлердин жолугушуусу
21.11.2021
14-00
Ош ш., №5 МАБ имараты
№9 Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясы
31
Талапкерлердин жолугушуусу
11.11.2021
14-00
Кара-Суу ш., «Ала-Тоо» кинотеатры
32
Талапкерлердин жолугушуусу
13.11.2021
14-00
Жоош айылдык аймагы, Большевик айылы, Маданият үйү
33
Талапкерлердин жолугушуусу
14.11.2021
14-00
Сарай айылдык аймагы, Кирова айылы, Маданият үйү
34
Талапкерлердин жолугушуусу
15.11.2021
14-00
Ак-Таш айылдык аймагы, Жылкелди айылы, Маданият үйү
35
Талапкерлердин жолугушуусу
16.11.2021
14-00
Кашкар-Кыштак айылдык аймагы, Кашкар-Кыштак айылы, Маданият үйү
36
Талапкерлердин жолугушуусу
17.11.2021
14-00
Нариман айылдык аймагы, Нурдар айылы
№10 Куршаб округдук шайлоо комиссиясы
37
Талапкерлердин жолугушуусу
10.11.2021
10-00
Узген ш, Ленин көч., 132, раймамсадминистрациясынын имараты
№11 Алай округдук шайлоо комиссиясы
38
Талапкерлердин жолугушуусу
15.11.2021
10-00
Кара-Кулжа айыл өкмөтү, Маданият үйү
39
Талапкерлердин жолугушуусу
15.11.2021
14-00
Чалмин айыл өкмөтү, Маданият үйү
40
Талапкерлердин жолугушуусу
16.11.2021
10-00
Гулчин айыл өкмөтү, Маданият үйү
41
Талапкерлердин жолугушуусу
16.11.2021
14-00
Алай айыл өкмөтү, Маданият үйү
42
Талапкерлердин жолугушуусу
17.11.2021
11-00
Дароот-Коргон айыл өкмөтү, Маданият үйү
№12 Өзгөн округдук шайлоо комиссиясы
43
Талапкерлердин жолугушуусу
09.11.2021
10-00
Узген ш, Ленин көч, 132, раймамсадминистрациясынын имараты
Джалал-Абад облусу
№13 Сузак округу
1
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
12.00
Сузак РГА
№14 Жалал-Абад округу
2
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
17.00
Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи залы
№15 Базар-Коргон округу
3
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
17.00
Базар-Коргон РГАнын кичи залы
№16 Ноокен округу
4
Талапкерлердин жолугушуусу
01.11.2021
16.00
Ноокен РГАнын кичи залы
№17 Аксы округу
5
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021 г
16-00
Кербен ш.
Аксы РГА
№18 Ала-Бука округу
6
Талапкерлердин жолугушуусу
01.11.2021 г
16-00
Ала-Бука айылы,
Ала-Бука РГА
№19 Токтогул округу
7
Талапкерлердин жолугушуусу
01.11.2021
16-00
Токтогул РГА
Талас облусу
№20 Манас округдук шайлоо комиссиясы
1.
Талапкерлердин жолугушуусу с избирателями
02.11.2021
11-00
Кызыл-Адыр айылы
2.
02.11.2021
14-00
Аманбаев айылы
3.
03.11.2021
13-00
Покровка айылы
4.
03.11.2021
10-00
Кызыл-Жылдыз айылы
5.
03.11.2021
16-00
Арал айылы
6.
04.11.2021
11-00
Бакай-Ата айылы
7.
04.11.2021
14-00
Боо-Терек айылы
№21 Талас округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуу
03.11.2021
10.00
Көк-Ой айылы
03.11.2021
14.00
Манас айылы
04.11.2021
10.00
Кызыл-Октябрь айылы
04.11.2021
14.00
Кең-Арал айылы
05.11.2021
14.00
Талас шаары, балдар музыкалык мектебинин алды.
Чуй облусу
№22 Жайыл округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
10:00
Кара-Балта ш.
Кожомбердиева көч., 102
раймамадминистрациясынын имараты
№23 Москва округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
14:00
Беловодское айылы
Ленин көч., 27
Москва раймамадминистрациясы
№24 Сокулук округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
14:00
Сокулук айылы, Фрунзе көч., 163 Сокулук раймамадминистрациясы
№25 Аламүдүн округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
12.11.2021
10.00
Лебединовка айылы, РГА имараты
№30 Ысык-Ата округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
16.11.2021
10.00
Кант шаары, МҮ имараты
№31 Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
12.11.2021
11:00
Кемин шаары
Кемин шаары
МҮ имараты
Победа көчөсү
Талапкерлердин жолугушуусу
15.11.2021
11:00
Токмок шаары, Мэриянын имараты
Токмок шаары
Талапкерлердин жолугушуусу
15.11.2021
14:00
РГА имараты
Чүй району
Нарын облусу
№32 Кочкор округдук шайлоо комиссиясы
№
Райондун, айыл өкмөтүнүн аталышы
Датасы
Убактысы
Өткөрүлчү жери
1
Ар бир талапкердин өзү төрөлгөн айылы
29.10.2021
саат 10.00
Айылдардагы клубдар, аянтчалар
2
Кочкор, Ак-Кыя
30.10.2021
саат 10.00
Айыл өкмөттүн жанындагы аянтча
3
Кочкор, Кош-Дөбө
30.10.2021
саат 14.00
айылдык клубу
4
Кочкор, Семиз-Бел
31.10.2021
саат 10.00
Айыл өкмөттүн жанындагы аянтча
5
Кочкор, Кум-Дөбө
31.10.2021
саат 14.00
Айыл өкмөттүн жанындагы аянтча
6
Кочкор, Кочкор
01.11.2021
саат 10.00
Маданият үйүнүн алдындагы аянтча
7
Кочкор, Көк-Жар
01.11.2021
саат 14.00
Айыл өкмөттүн жанындагы аянтча
8
Кочкор, Кара-Суу
02.11.2021
саат 10.00
Мантыш айылдык клубу
9
Кочкор, Талаа-Булак
02.11.2021
саат 14.00
Айылдык клуб
10
Кочкор, Сары-Булак
03.11.2021
саат 10.00
Ак-Кыя айылындагы Айылдык клуб
11
Кочкор , Сон-Көл
03.11.2021
саат 14.00
Айылдык клуб
12
Кочкор, Чолпон
04.11.2021
саат 10.00
Айыл өкмөттүн жанындагы аянтча
12
Ак-Талаа, Кош-Дөбө
05.11.2021
саат 10.00
Айылдык клуб
13
Ак-Талаа, Жерге-Тал
05.11.2021
саат 14.00
Айылдык клуб
14
Ак-Талаа, Конорчок
06.11.2021
саат 10.00
Айылдык клуб
15
Ак-Талаа, Кара-Бургон
06.11.2021
саат 14.00
Айылдык клуб
16
Ак-Талаа, Ак-Чий
07.11.2021
саат 10.00
Айылдык клуб
17
Ак-Талаа, Баетов
07.11.2021
саат 14.00
Айылдык клуб
18
Ак-Талаа, Үгүт
08.11.2021
саат 10.00
Спорт зал
19
Ак-Талаа, Ак-Тал
08.11.2021
саат 14.00
Айылдык клуб
20
Ак-Талаа, Жаны-Талап
09.11.2021
саат 10.00
Айылдык клуб
21
Ак-Талаа, Көк-Жар
09.11.2021
саат 14.00
Айылдык клуб
22
Ак-Талаа, Тоголок Молдо
10.11.2021
саат 10.00
Айылдык клуб
23
Ак-Талаа, Кызыл-Белес
10.11.2021
саат 14.00
Айылдык клуб
24
Ак-Талаа, Терек
11.11.2021
саат 10.00
Айылдык клуб
12
Жумгал ,Жумгал
12.11.2021
саат 10.00
Маданият үйү
13
Жумгал ,Жаны-Арык
12.11.2021
саат 14.00
Маданият үйү
14
Жумгал ,Куйручук
13.11.2021
саат 10.00
Маданият үйү
15
Жумгал ,Чон-Дөбө
13.11.2021
саат 14.00
Спорт аянтча
16
Жумгал ,Таш-Дөбө
14.11.2021
саат 10.00
Маданият үйү
17
Жумгал ,Баш-Кууганды
14.11.2021
саат 14.00
Маданият үйү
18
Жумгал ,Түгөл-Сай
15.11.2021
саат 10.00
Маданият үйү
19
Жумгал ,Байзак
15.11.2021
саат 14.00
Маданият үйү
20
Жумгал ,Чаек
16.11.2021
саат 10.00
Исабекова атындагы парк
21
Жумгал ,Кызыл-Жылдыз
16.11.2021
саат 14.00
Спорт зал
22
Жумгал ,Көк-Ой
17.11.2021
саат 10.00
Маданият үйү
23
Жумгал ,Кабак
17.11.2021
саат 14.00
Спорт комплекс
24
Жумгал ,Мин-Куш
18.11.2021
саат 10.00
Маданият үйү
№33 Нарын округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
01.11.2021
14:00
Нарын ш., Ленин көч., 78 Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты (облмамадминистрация)
Ысык-Көл облусу
№34 Жети-Өгүз округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
12:00
Боконбаево айылы,
Атакан көч,53
Тоң
Раймамадминистрациясынын имараты
№35 Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясы
2
Талапкерлердин жолугушуусу
02.11.2021
11:00
Облмамадминистрация, пресс-борбор
№36 Ысык-Көл округдук шайлоо комиссиясы
3
Талапкерлердин жолугушуусу
03.11.2021
14:00
Раймамадминистрация, чоң зал
Бишкек ш.
№26 Ленин округдук шайлоо комиссиясы
1
Талапкерлердин жолугушуусу
18.11.2021
16-00
Бишкек ш., Ю.Фучик атындагы парк
№28 Октябрь округдук шайлоо комиссиясы
2
Талапкерлердин жолугушуусу
16.11.2021
16-00
Таберик Үйү, Байтик-Батыр көч., 17
Кененирээк билүү >>
БШК талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочулары үчүн тренингдердин сериясын баштады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек шаарында “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочулары тарабынан шайлоого байкоо жүргүзүү процесси” деген тема боюнча тренинг уюштурду. Тренинг өлкөнүн бүт аймактарында уюштурулат.
Катышуучуларга саясий партиянын жана талапкердин байкоочусунун статусу, байкоочуларды каттоо тартиби, алардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берилди. Байкоочу – бул талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия тарабынан, мыйзамда каралган тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн дайындалган адам экендиги түшүндүрүлдү. Мында талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочулары алар жүргүзгөн иш үчүн талапкер жана саясий партия жоопкерчилик тартуучу алардын өкүлдөрү болуп саналат. Жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны байкоочу болууга укуктуу.
Талапкер, саясий партия ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашык эмес байкоочу дайындай алат, алар добуш берүүнү өткөрүүгө жана добуш берүү үчүн жайдагы башка шайлоо аракеттерине кезектешип байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат.
Шайлоо комиссиясынын жайында, добуш берүү үчүн жайда катталган бир талапкердин, бир саясий партиянын кызыкчылыктарын билдирүүчү эки же андан көп байкоочунун бир убакта байкоочунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына жол берилбейт.
Добуш берүү күнү шайлоо участогунда иш кандай уюштурулаары айтылды. Эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:
добуш берүү күнүндө оператордун ишин контролдоону жана аны менен бирдикте шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзүүчү;
шайлоочулардын кагаздагы тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашыруучу;
шайлоо бюллетендерин берүүчү;
шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин добуш берүү үкөктөрүнө салышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу.
Шайлоо участогу ачылганга чейин УШК төрагасы төмөнкү иштерди аткарууга тийиш:
шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт,
өзү көрүп таанышууга жана кагаздагы жана электрондук тизмелерди салыштырууга мүмкүндүк берет,
чүчүкулак боюнча шайлоочуларды каттоочу жана шайлоочулардын тизмесин толтуруучу УШК мүчөлөрүнө шайлоочулардын тизмесин таратып берет.
Саат 20.00дө шайлоо участоктору жабылгандан кийин шайлоочулардын добуштарын саноонун төмөнкү этаптары тууралуу маалымат берилди:
1. IШайлоо бюллетендери менен иштөө;
2. Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө;
3. Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендерин саноо;
4. Добуш берүүнүн АЭУ боюнча алдын ала жыйынтыгын жарыялоо;
5. Шайлоочулардын добуштарын кол менен саноо;
6. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдор;
7. Iшайлоо документтери менен иштөө.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларды шайлоо комиссияларынын тутуму, шайлоо шайлоочулардын тизмесин түзүү, ошондой эле добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнүн жол-жобосу менен тааныштырышты.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун айкындуулугунун автоматташтырылган тутуму иштей баштады
БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу (ККТ) шайлоо процессинин каржылык айкындуулугу боюнча чаралар Планынын алкагында талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун айкындуулугунун автоматташтырылган тутуму – “Финансылык ачык-айкындуулук” (ФА АМТ) иштелип чыгып, пайдаланууга киргизилгендигин билдирет.
Мыйзам ченемдерине ылайык талапкерлердин жана саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүп, банк мекемелеринин атайын эсептерине эсепке киргизилет:
- талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан;
- атын атабай (анонимдүү) кайрымдуулук берүүнү кошпогондо, жарандардын жана укуктук жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
Шайлоо фонддорунун каражаттары шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу (берүү) үчүн талапкердин, саясий партиянын жана жеке, укуктук жактардын ортосундагы эсептешүүлөр келишимдик негизде накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.
БШК тарабынан киргизилген шайлоо процессинин каржылык айкындуулугунун стандартынын маңызы “Финансылык ачык-айкындуулук” (ФА АМТ) автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү жана чыгымдалышы тууралуу так, толук маалыматтарды төмөнкү форматта БШКнын сайтына чыгарып, көрсөтүү болуп саналат:
- атайын эсепке качан, кимден, канча акча каражаты түштү;
- кайсы товар, кызмат көрсөткөндүк үчүн качан, кимге жана канча сарпталды.
«Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматтар БШКнын сайтындагы «Талапкер /Шайлоо фонду» бетте автоматтык түрдө көрсөтүлүп турат.
Маалымат жеке маалыматтар жана банк сыры тууралуу мыйзамдардын талаптары эске алынуу менен жарыяланат (б.а. каражаттарды төгүүчүнүн маалыматтарды ачык жарыялоого макулдугу менен) жарыяланат.
БШКны көзөмөлдөө-текшерүү тобу (ККТ) өз ыйгарым укуктарынын алкагында банк мекемелеринен алынган маалыматтарды контролдойт жана талдоого алат.
Төмөнкүлөр ККТ контролунун предмети болуп саналат:
- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарын төгүүчү субъектилер (уруксат берилген жана тыюу салынган);
- ар бир субъектиден каражат түшүү жана сарптоо суммаларынын чектери (себеби ар бир объект боюнча уруксат берилген субъектилердин так чектери бар);
- каржы операцияларын жүргүзүү мөөнөттөрү.
Төлөмдөрдүн коддору болгондугуна, төлөмдөрдүн эмнеге багытталганын баяндоого, иденттелбеген субъектилерден атын атабай (анонимдүү) кайрымдуулук берүүнү жокко чыгарууга баардык транзакциялар текшерилүүгө тийиш.
БШК ФА АМТнын мүмкүнчүлүктөрү акча каражаттарын жөнөткөн жана алган ар бир жакты иденттөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
КТТ жүргүзгөн талдоонун натыйжасында бүгүнкүгө карата төмөнкүлөр боюнча бузуулар катталды: талапкерлердин өз каражаттары катары кайрымдуулук берүүлөрүнөн жана жеке, укуктук жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн түшүүлөрдүн чектен ашып кетүүсү, “төлөмдүн багыты” талаасын толук толтурдоо, ГКПО төлөмүн кодунун жоктугу боюнча бузуулар ж.б.
Бул мүчүлүштүктөрдү четтетүү үчүн талапкерлер жана саясий партиялар менен шайлоо фонддорун түзүү жана акча каражаттарынын сарптоо эрежелери, жеке, укуктук жактар менен келишимдик негизде эсептешүүлөр, төлөм тапшырууларын толтуруу эрежелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, төлөм коддорун колдонуу боюнча кеңеш берилүүдө.
КР БШКны көзөмөлдөө-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
БШК «Аруузат – Эл Куту партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 13-ноябрында өткөн жыйналышында «Аруузат – Эл Куту партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Исмаилова Жыргал Кусейиновнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Аруузат – Эл Куту партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Ж. Исмаилованын өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2 арыз түштү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 13-ноябрда өткөн жыйналышында №32 Кочкор шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Мелисов Азамат Канатбековичтин жана №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Чакибаев Эмил Акжолтоевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карап чыкты жана А. Мелисовдун жана Э. Чакибаевдин арыздарынын негизинде каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
15.10.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15.10.2026
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
14.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14.10.2026
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады