Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК "Ордо" саясий партиясынын тизмесинен талапкерди чыгарды
19.11.2021

БШК "Ордо" саясий партиясынын тизмесинен талапкерди чыгарды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 19-ноябрдагы жыйынында "Ордо" саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен Айбек Турдалиевди чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим Айбек Турдалиевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тизмесин көрсөткөн "Ордо" саясий партиясынын катталган тизмесинен чыгаруу боюнча жеке арызын жана "КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Конституциялык мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.     КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 19-ноябрында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
19.11.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 19-ноябрында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                   Өткөрүү датасы: 19 ноябрь 2021-ж.                                                                                    Убактысы:                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы – Кутуева Л.А., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти) 2. «ОРДО» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Турдалиев Айбек Чыныбековичти катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. «Кыргызстан Жашылдар Партиясы» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Адилет Али Мыктыбекти катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  4. «Улуу Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн Токтосунов Шарабидин Бекташевичти катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. №8 Төлөйкөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Темирбаев Мухаммед Миңбаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. №16 Ноокен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Насырбеков Бакытбек Насырбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 7. №22 Жайыл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Иманкулов Эркин Токтаалиевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө 8. №12 Өзгөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жумакадыр уулу Манасмиңдин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 9. №16 Ноокен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Толошов Тынчтыкбек Абдынадыровичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 10. №3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мамаюсупов Абдыхалил Шадмановичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 11. №15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакиев Кубанычбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  12. №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ражабалиев Нурлан Аскаралиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  13. №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бегалиев Болотбек Касымбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  14. №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мадылбеков Туратбектин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 15. «Улуу Журт» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 16. «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 17. «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 18. «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 19. «Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук партия» саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 20. «Ынтымак» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 21. «Мекенчил Эл» демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 22. Чүй облусунун ИИББнын Токмок шаардык кеңешинин депутаты И.Д. Маров тарабынан үгүт жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалыматын карап чыгуу жөнүндө (баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 23. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ж.К Зикиров шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузгандыгы  тууралуу Москва округдук шайлоо комиссиясынын материалдарын карап чыгуу жөнүндө (баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 24. «Азаттык” саясий партиясынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузгандыгы  тууралуу Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын материалдарын карап чыгуу жөнүндө (баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 25. №28 Октябрь шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекешев Дастан Далабайевич тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык Башкы башкармалыгынын маалыматы жөнүндө 26. ЫЧККТ “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына тиешелүү малыматы жөнүндө 27. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Социал-демократтар» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Момбеков Рыскелди Чыныбековичке тийиштүү маалыматы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 28. . Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматовичке тийиштүү маалыматы жөнүндө 29. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК добуш берүү күнүнүн симуляциясын жүргүздү
19.11.2021

КР БШК добуш берүү күнүнүн симуляциясын жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Новопокровка айылында добуш берүү күнүнүн симуляциясын уюштурду.  Иш-чара өзүндө шайлоо процессинин толук циклин камтыды, бул 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө программалардын жана жабдуулардын даярдыгын тестирлөөгө мүмкүндүк берди. Иш-чаранын башында добуш берүү күнү сантирадык чендер (дене табын текшерүү, колду санитайзер менен чайкоо, ар бир шайлоочуга коргочу маска берүү) кантип сакталаары көрсөтүлдү.    Ошондой эле ММК майыптыгы бар шайлоочуларга участокко келүүсүн камсыздоо (чакыруу үчүн кнопка, пандустар, шайлоо участкаларында маалыматтык стенддер коляскада отурган же өз алдынча кыймылдап жүрүүдө кыйынчылык туудурган шайлоочулар үчүн жеткиликтүү боло тургандай кылып жайгаштырылышы керек. Бардык УШКларда чоӊойтуучу айнектер (лупа) жана/же Брайль трафарети) үчүн КР БШК тарабынан кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын көрсөттү.   Симуляция үчүн тандалып алынган участоктун мисалында шайлоочуларды маалымдоо кантип камсыздала тургандыгы көрсөтүлдү (аталган облуста бир мандаттуу округ боюнча көрсөтүлүп жаткан талапкер тууралуу гезиттерди таркатуу, маалымдоо плакаттарын жайгаштыруу, маалымат роликтерин көрсөтүү ж.б.).  “БШК шайлоочулардын добуштарын саноо боюнча АЭУ үчүн жаӊы программаны иштеп чыкты, ошондой эле борбордук серверге бардык участоктордун маалыматтарын чогултуу программасын жана маалыматтарды чагылдыруу программасын иштеп чыгуу да аяктады. Биз бүгүн аталган программаны тестирлеп жатканбыз.    Добуш берүү күнүнө 10 күн калды, андыктан бүткүл республика боюнча участкалардан борбордук серверге сигналдардын келип түшүүсүн тестирлөө башталды. Тестирлөө бардыгы болуп 10 күн, б.а. добуш берүү күнүнө чейин жүргүзүлөт.  БШК ошондой эле Кара-Суу шаарында да добуш берүү симуляциясын өткөрөт, ага катарлаш эле, шайлоо процессинин алкагында бардык техникалык каражаттарды колдонуунун киберкоопсуздугун камсыздоо программасы да тестирлөөдөн өткөрүлөт.  Кабыл алынган чаралар менен добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөөгө жана сигналдын берилишинин коопсуздугу программасын, маалыматтардын жыйындысынын үзгүлтүксүз иштешин жана ишенимдүүлүгүн камсыздоого болот деп ишенебиз”, - деп, КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова маалымат берди.  Талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочуларына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоо процессинин этаптары – шайлоо участоктору ачылганга чейинки жол-жоболор, добуш берүүнү уюштуруу, шайлоо участокторунун жабылышы жана шайлоочулардын доубштарын саноо көрсөтүлдү.  Биринчи этапта шайлоо участоктору ачылганга чейинки даярдыктар камтылган. УШК төрагасы чүчү кулак өткөрүп, ага ылайык добуш берүү күнү оператордун ишин көзөмөлгө ала турган жана алар менен бирге шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандардын өздүгүн биргелешип аныктай турган; шайлоочулардын кагаз түрүндөгү тизмесинде жарандарды каттоого алууну ишке ашыра турган; шайлоо бюллетендерин бере турган; шайлоочулардын жашыруун добуш берүүсү үчүн кабинага кирүүсүнө, добуш берүүчү үкөктөргө шайлоо бюллетендерин салуусун көзөмөлгө ала турган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аныкталды.    Мындан соӊ аталган участоктогу шайлоочулардын тизмеси, шайлоо бюллетендери, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча документтер жана шайлоочулардын электрондук тизмеси түшүрүлгөн жабдуу салынган УШКнын мөөрү басылып чапталган сейфи ачылды. УШК төрагасы аталган участок боюнча шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулардын санын жарыялады.    Байкоочулар өз көзү менен көрүп, кагаз түрүндөгү жана электрондук тизмени салыштыра алышты.  Бардык карап тургандарга добуш берүү үчүн бош үкөктөр (АЭУ) көрсөтүлдү, алар КР БШК мөөрү басылып пломбаланган. Ошондой эле текшерүүчү барактар да даярдалды, мында участоктун номери, бюллетень салган убактысы, УШК мүчөлөрүнүн аты-жөнү, катышкан талапкерлер, талапкерлердин жана партиялардын өкүлдөрү көрсөтүлгөн. Аталган адамдар текшерүүчү барактарга кол коюп, барактар УШК мөөрү менен тастыкталып, АЭУга салынат.    Андан ары УШК төрагасы округдук шайлоо комиссиясынан алынган бюллетендердин санын жана жайдан тышкары добуш берүү үчүн алардын канчасы берилгенин жарыялады. Бюллетендер саналып, жарыяланды, байкоочулар аларды өз көзү менен көрө алышты. Бюллетендердин саны добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго жана анын чоӊойтулган формасына киргизилди, ведомость боюнча ар бир УШК мүчөсүнө 100 даанадан берилди.  Добуш берүүгө катышкан шайлоочуларга 2ден шайлоо бюллетени берилди. Бир мандаттуу округ боюнча шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинде:  талапкерге тиешелүү чарчыга;  же «Баарына каршы» позицияга белги коет. Бирдиктүү округ боюнча депутаттарды шайлоодо шайлоочу:  шайлоо бюллетенинин бир бөлүгүндө саясий партияга тиешелүү бир чарчысына;  шайлоо бюллетенинин экинчи бөлүгүндө талапкердин катар номерине тиешелүү бир чарчыга;  эгер өз тандоосун бир да саясий партиянын пайдасына жасабаса, анда «Баарына каршы» позициядагы чарчыга белги коёт.  Байкоочулар добуш берүүчү кабиналарда чүчү кулак менен аныкталган кезекте  бардык талапкерлер, саясий партиялар  тууралуу маалыматтык материалдар; ар бир талапкердин катар номери көрсөтүлгөн ар бир партиянын талапкерлеринин тизмеси жайгаштырылгандыгын көрүштү.  Ошондой эле шайлоочуларга таратылуучу талапкер тууралуу бардык маалымат «ТАЛАПКЕР» порталында, шайлоо участкаларындагы плакаттарда, облусттук гезиттерде да жайгаштырылат.  Симуляциянын жүрүшүндө добуштарды саноо кандай жүрөрү кененирээк айтылды. Добуш берүү аяктагандан кийин, УШК мүчөлөрүнүн колдорунда калган колдонулбаган бюллетендер сейфте калган колдонулбаган бюллтендер сыяктуу эле жок кылынышы керек.   Жок кылынган бардык бюллетендер саналып, сейф-баштыкчага салынат, ичиндеги бюллетендердин саны көрсөтүлүп, ага комиссиянын мүчөлөрүнүн колу коюлуп, мөөрү басылат. Жок кылынган бардык бюллетендердин саны добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдорго киргизилет.    Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны кошумча чектерди саноо менен да текшерилет. Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны тууралуу акт түзүлөт.  Төраганын колу коюлган жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган актынын көчүрмөсүн катышкан талапкерлерге, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, байкоочуларга таратылып берилет, андан соӊ маалымат чоӊойтулган формадагы протоколго киргизилет.  Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз (колго) саноо алдында УШК төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялайт, бул тууралуу өзүнчө акты түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго тиркелет жана бардык катышкандардын алдында жарыяланат. Автоматтык эсептөөчү урнанын мөөр басылган отчеттору, өздүгүн аныктоо боюнча биринчи жана жыйынтыктоочу мөөр басылган отчеттор добуш берүүчү жайдагы бардык талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.    Округдук шайлоо комиссиясы УШКдан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протколдордун биринчи экземплярларын башка шайлоо документациясы менен кошо кабыл алат жана тийиштүү аймакта андагы маалыматтарды кошуу аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.  Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдору туура түзүлгөндүгүн алдын ала текшерилгенден кийин округдук шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын чогултуп, бир мандаттуу округ жана бирдиктүү округ боюнча тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Новопокровка айылында добуш берүү күнүнүн симуляциясын уюштурду.  Иш-чара өзүндө шайлоо процессинин толук циклин камтыды, бул 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүнө программалардын жана жабдуулардын даярдыгын тестирлөөгө мүмкүндүк берди. Иш-чаранын башында добуш берүү күнү сантирадык чендер (дене табын текшерүү, колду санитайзер менен чайкоо, ар бир шайлоочуга коргочу маска берүү) кантип сакталаары көрсөтүлдү.    Ошондой эле ММК майыптыгы бар шайлоочуларга участокко келүүсүн камсыздоо (чакыруу үчүн кнопка, пандустар, шайлоо участкаларында маалыматтык стенддер коляскада отурган же өз алдынча кыймылдап жүрүүдө кыйынчылык туудурган шайлоочулар үчүн жеткиликтүү боло тургандай кылып жайгаштырылышы керек. Бардык УШКларда чоӊойтуучу айнектер (лупа) жана/же Брайль трафарети) үчүн КР БШК тарабынан кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын көрсөттү.   Симуляция үчүн тандалып алынган участоктун мисалында шайлоочуларды маалымдоо кантип камсыздала тургандыгы көрсөтүлдү (аталган облуста бир мандаттуу округ боюнча көрсөтүлүп жаткан талапкер тууралуу гезиттерди таркатуу, маалымдоо плакаттарын жайгаштыруу, маалымат роликтерин көрсөтүү ж.б.).  “БШК шайлоочулардын добуштарын саноо боюнча АЭУ үчүн жаӊы программаны иштеп чыкты, ошондой эле борбордук серверге бардык участоктордун маалыматтарын чогултуу программасын жана маалыматтарды чагылдыруу программасын иштеп чыгуу да аяктады. Биз бүгүн аталган программаны тестирлеп жатканбыз.    Добуш берүү күнүнө 10 күн калды, андыктан бүткүл республика боюнча участкалардан борбордук серверге сигналдардын келип түшүүсүн тестирлөө башталды. Тестирлөө бардыгы болуп 10 күн, б.а. добуш берүү күнүнө чейин жүргүзүлөт.  БШК ошондой эле Кара-Суу шаарында да добуш берүү симуляциясын өткөрөт, ага катарлаш эле, шайлоо процессинин алкагында бардык техникалык каражаттарды колдонуунун киберкоопсуздугун камсыздоо программасы да тестирлөөдөн өткөрүлөт.  Кабыл алынган чаралар менен добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөөгө жана сигналдын берилишинин коопсуздугу программасын, маалыматтардын жыйындысынын үзгүлтүксүз иштешин жана ишенимдүүлүгүн камсыздоого болот деп ишенебиз”, - деп, КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова маалымат берди.  Талапкерлердин жана саясий партиялардын байкоочуларына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоо процессинин этаптары – шайлоо участоктору ачылганга чейинки жол-жоболор, добуш берүүнү уюштуруу, шайлоо участокторунун жабылышы жана шайлоочулардын доубштарын саноо көрсөтүлдү.  Биринчи этапта шайлоо участоктору ачылганга чейинки даярдыктар камтылган. УШК төрагасы чүчү кулак өткөрүп, ага ылайык добуш берүү күнү оператордун ишин көзөмөлгө ала турган жана алар менен бирге шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандардын өздүгүн биргелешип аныктай турган; шайлоочулардын кагаз түрүндөгү тизмесинде жарандарды каттоого алууну ишке ашыра турган; шайлоо бюллетендерин бере турган; шайлоочулардын жашыруун добуш берүүсү үчүн кабинага кирүүсүнө, добуш берүүчү үкөктөргө шайлоо бюллетендерин салуусун көзөмөлгө ала турган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү аныкталды.    Мындан соӊ аталган участоктогу шайлоочулардын тизмеси, шайлоо бюллетендери, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча документтер жана шайлоочулардын электрондук тизмеси түшүрүлгөн жабдуу салынган УШКнын мөөрү басылып чапталган сейфи ачылды. УШК төрагасы аталган участок боюнча шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулардын санын жарыялады.    Байкоочулар өз көзү менен көрүп, кагаз түрүндөгү жана электрондук тизмени салыштыра алышты.  Бардык карап тургандарга добуш берүү үчүн бош үкөктөр (АЭУ) көрсөтүлдү, алар КР БШК мөөрү басылып пломбаланган. Ошондой эле текшерүүчү барактар да даярдалды, мында участоктун номери, бюллетень салган убактысы, УШК мүчөлөрүнүн аты-жөнү, катышкан талапкерлер, талапкерлердин жана партиялардын өкүлдөрү көрсөтүлгөн. Аталган адамдар текшерүүчү барактарга кол коюп, барактар УШК мөөрү менен тастыкталып, АЭУга салынат.    Андан ары УШК төрагасы округдук шайлоо комиссиясынан алынган бюллетендердин санын жана жайдан тышкары добуш берүү үчүн алардын канчасы берилгенин жарыялады. Бюллетендер саналып, жарыяланды, байкоочулар аларды өз көзү менен көрө алышты. Бюллетендердин саны добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго жана анын чоӊойтулган формасына киргизилди, ведомость боюнча ар бир УШК мүчөсүнө 100 даанадан берилди.  Добуш берүүгө катышкан шайлоочуларга 2ден шайлоо бюллетени берилди. Бир мандаттуу округ боюнча шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинде:  талапкерге тиешелүү чарчыга;  же «Баарына каршы» позицияга белги коет. Бирдиктүү округ боюнча депутаттарды шайлоодо шайлоочу:  шайлоо бюллетенинин бир бөлүгүндө саясий партияга тиешелүү бир чарчысына;  шайлоо бюллетенинин экинчи бөлүгүндө талапкердин катар номерине тиешелүү бир чарчыга;  эгер өз тандоосун бир да саясий партиянын пайдасына жасабаса, анда «Баарына каршы» позициядагы чарчыга белги коёт.  Байкоочулар добуш берүүчү кабиналарда чүчү кулак менен аныкталган кезекте  бардык талапкерлер, саясий партиялар  тууралуу маалыматтык материалдар; ар бир талапкердин катар номери көрсөтүлгөн ар бир партиянын талапкерлеринин тизмеси жайгаштырылгандыгын көрүштү.  Ошондой эле шайлоочуларга таратылуучу талапкер тууралуу бардык маалымат «ТАЛАПКЕР» порталында, шайлоо участкаларындагы плакаттарда, облусттук гезиттерде да жайгаштырылат.  Симуляциянын жүрүшүндө добуштарды саноо кандай жүрөрү кененирээк айтылды. Добуш берүү аяктагандан кийин, УШК мүчөлөрүнүн колдорунда калган колдонулбаган бюллетендер сейфте калган колдонулбаган бюллтендер сыяктуу эле жок кылынышы керек.   Жок кылынган бардык бюллетендер саналып, сейф-баштыкчага салынат, ичиндеги бюллетендердин саны көрсөтүлүп, ага комиссиянын мүчөлөрүнүн колу коюлуп, мөөрү басылат. Жок кылынган бардык бюллетендердин саны добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдорго киргизилет.    Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны кошумча чектерди саноо менен да текшерилет. Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны тууралуу акт түзүлөт.  Төраганын колу коюлган жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган актынын көчүрмөсүн катышкан талапкерлерге, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, байкоочуларга таратылып берилет, андан соӊ маалымат чоӊойтулган формадагы протоколго киргизилет.  Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз (колго) саноо алдында УШК төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялайт, бул тууралуу өзүнчө акты түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго тиркелет жана бардык катышкандардын алдында жарыяланат. Автоматтык эсептөөчү урнанын мөөр басылган отчеттору, өздүгүн аныктоо боюнча биринчи жана жыйынтыктоочу мөөр басылган отчеттор добуш берүүчү жайдагы бардык талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.    Округдук шайлоо комиссиясы УШКдан добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протколдордун биринчи экземплярларын башка шайлоо документациясы менен кошо кабыл алат жана тийиштүү аймакта андагы маалыматтарды кошуу аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.  Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдору туура түзүлгөндүгүн алдын ала текшерилгенден кийин округдук шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын чогултуп, бир мандаттуу округ жана бирдиктүү округ боюнча тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
БШК 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады
18.11.2021

БШК 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады

2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси 2021-жылдын 18-ноябрында түзүлүп шайлоочулардын “Тизме” - https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарына ылайык добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күн калганда (2021-жылдын 21-ноябрында) шайлоочулардын биротоло тизмеси баардык шайлоо участокторунда илинет. Баардыгы 2494 шайлоо участогу түзүлгөн, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө жана – 2435 шайлоо участогу өлкө аймагында. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумдун (3 606 201) катышуучуларынын санына салыштырганда шайлоочулардын жалпы саны 97 219 шайлоочуга көбөйдү. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны – 3 703 420 шайлоочу, алардын ичинен чет өлкөдө катталган шайлоочулардын саны 84 128 шайлоочу. Үстүбүздөгү жылы 9-сентябрда сайтка жайгаштырылган бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесиндеги шайлоочулардын санына (3 686 921) салыштырганда 16 499 шайлоочуга өстү. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны - 3 621 751 шайлоочу (чет өлкөлөрдө катталган шайлоочулардын санын эсепке албаганда). 9-сентябрда сайтка жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын бир мандаттуу округдардагы шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесиндеги шайлоочулардын санына (3 617 591) салыштырганда 1 701 шайлоочуга өстү (кенен маалымат “Тизме” - https://tizme.gov.kg/порталында). Шайлоочулар өздөрүнүн шайлоочулардын тизмесине киргендиги, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын номери жана дареги тууралуу маалыматты төмөнкү жолдор менен тактап алса болот: 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; «tizme.gov.kg» сайтында; Өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз). БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Коомар Медиа” КФ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзөт
18.11.2021

“Коомар Медиа” КФ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 18-ноябрында “Коомар Медиа” коомдук фондунун 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө билдирүүсүн эске алды. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош шаарында партиялардан жана талапкерлерден келген байкоочуларга укуктарын жана жоопкерчиликтерин түшүндүрдү
18.11.2021

Ош шаарында партиялардан жана талапкерлерден келген байкоочуларга укуктарын жана жоопкерчиликтерин түшүндүрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Эл аралык Республикалык Институттун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн (IRI) колдоосу менен Ош шаарында талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочуларга "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021. Талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочулардын шайлоону көзөмөлдөө процесси" темасында тренинг уюштурду. Катышуучуларга байкоочу катары каттоонун тартиби тууралуу маалымат берилди. Төмөнкүлөр байкоочуларды дайындоонун субъекттери болуп санала тургандыгы түшүндүрүлдү: бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлер; бирдиктүү шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар. Активдүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жараны байкоочу болууга укуктуу. Ошол эле учурда, саясий партия ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашык эмес байкоочу дайындай алат, алар добуш берүүнү өткөрүүгө жана добуш берүү үчүн жайдагы башка шайлоо аракеттерине кезектешип байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат. Шайлоо комиссиясынын жайында, добуш берүү үчүн жайда катталган бир талапкердин, бир саясий партиянын кызыкчылыктарын билдирүүчү эки же андан көп байкоочунун бир убакта байкоочунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына жол берилбейт. Байкоочулардын укуктары жана жоопкерчилиги тууралуу айтылды. Ошентип, байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз: шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө; шайлоочунун өтүнүчү боюнча, шайлоочу үчүн шайлоо бюллетендерин алганына кол коюуга; шайлоочунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга; добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого; шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга; шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого; шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө; тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга. Тренингде добуш берүү күнүнүн этаптары, анын ичинде шайлоо участкаларын ачууга чейинки жол-жоболор, добуш берүүнү уюштуруу, шайлоо участкаларын жабуу жана добуштарды саноо боюнча кеңири түшүндүрмө берилди. Шайлоо күнү ар бир шайлоочуга 2 бюллетень берилери айтылды: ► бирөөндө - саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак кармоо менен аныкталган тартипте көрсөтүлгөн бирдиктүү шайлоо округу үчүн жана аянттын сырткы сол тарабында номерленген 54 бош чарчы бар. Бош чарчынын номери талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин катар номерине туура келет; ► экинчисинде - бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, чүчүкулак аркылуу аныкталган тартипте талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы көрсөтүлөт.  Ошондой эле добуштарды эсептөөнүн жол-жобосу түшүндүрүлдү. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 18-ноябрында өтүүчү жыйынынын күн тартибинин долбоору
18.11.2021

КР БШКнын 2021-жылдын 18-ноябрында өтүүчү жыйынынын күн тартибинин долбоору

                                                                                   Өткөрүү датасы: 18 ноябрь 2021-ж.                                                                                    Убактысы: 18:00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жанузаков Аманболду Медербековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мамыров Кубатбек Шамырбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)  4. №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекмуратов Баймурат Асатовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кенжебаев Аманкан Батырбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 8. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Койчуманов Мээримбек Нурбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Баатырбеков Алмазбек Баатырбековичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)  10. №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Туранов Искендер Эриковичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө  (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)  11. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аскарбеков Мавлян Амангельдиевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)  12. «Эл Үмүтү» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 13. «Ынтымак» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 14. «Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук партия» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 15. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Коомар Медиа» коомдук фондунун билдирүүсү жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 16. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Социал-демократтар» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Момбеков Рыскелди Чыныбековичке тийиштүү маалыматы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 17. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Бутун Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматовичке тийиштүү маалыматы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 18. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевичке тийиштүү маалыматы жөнүндө (баяндамачы – Исмаилова Ч.С., Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун катчысы) 19. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 167 023 757 сом түштү
18.11.2021

Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 167 023 757 сом түштү

   БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан, бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддорунун каражаттары жөнүндө маалымат берди. Шайлоого 21 саясий партия катышууда.  «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 2021-жылдын 17-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы  167 023 757 сом акча каражаттары түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 154 966 679 сом сарпталган (төмөнкү таблицаны караңыз): с/п № Саясий партиянын аталышы Түшкөн каражат Чыгымдалышы 1 «Ата Мекен» 5 414 080 4 399 083 2  «Бүтүн Кыргызстан» 8 910 450 8 801 568 3 «Альянс» 19 970 875 19 759 923 4 «Легалайз» 1 078 000 1 050 167 5 «Ыйман Нуру» 3 449 671 3 312 215 6 «Күчтүү регион» 1 050 350 1 050 185 7 «Багыт» 1 189 210 1 148 837 8 «Ынтымак» 18 393 956 18 100 091 9 «Ишеним» 27 319 541 26 886 855 10 «Азаттык», 8 005 323 7 066 700 11 «Мекенчил Эл» 2 929 960 2 896 817 12 «Кыргызстандын жашылдар партиясы» 1 129 000 1 120 210 13 «Жашасын Кыргызстан» 1 026 150 1 010 170 14 «Социал-демократтар» 4 889 945 4 819 199 15 «Аруузат» 1 182 700 1 147 200 16 «Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы» 2 521 640 2 503 206 17 «Улуттар Биримдиги» 5 235 461 3 808 522 18 «Эл Үмүтү» 16 967 340 15 722 920 19 «Ордо» 1 415 400 1 390 355 20 «Улуу-Журт» 1 301 810 1 299 004 21 «Ата-Журт Кыргызстан» 33 642 895 27 673 452   БААРДЫГЫ: 167 023 757 154 966 679   Мыйзам ченемдерине ылайык саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн*: 1 500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан; 100 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан; 200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн; 3 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн. Мында талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 300 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес. *«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар шайлоо фонддорун түзүлүшү мүмкүн.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 38 арыз түштү. Талапкерлердин саны – 282
18.11.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 38 арыз түштү. Талапкерлердин саны – 282

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлигин койгон 321 талапкерди каттады. Анын ичинде 34 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди. Атап айтканда, КР БШКга төмөнкүлөр арыз беришти: Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн  шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер; Чодуев Эркинбек Урайымович, №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Нусубалиев Токтоналы Сатарович, №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Малдыбаева Салиман Жанузаковна, № 36 Ыссык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Джумабекова Акылсайры Кадыралиевна, № 35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Карагулов Улан Айтбекович, № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер;  Шакиров Асан Шакирович, № 13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер;  Мирзакметов Нурболот Сабиржанович, № 13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Калматов Талас Сагынбаевич, № 4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер;  Карашев Аалы Азимович, № 12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер;  Жаныбеков Боконбай Жаныбекович, № 19 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер;  Мамутов Ахматжан Рахимович, № 23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер;  Самудинова Айнагуль,№ 32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер;   Мелисов Азамат Канатбекович,№ 32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер;  Чакибаев Эмил Акжолтоевич, № 25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер;   Акылбеков Элнур Акылбекович, № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Фаттахов Бахтияржан Азизович, №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Толошов Тынчтыкбек Абдынарович, № 10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Жумакадыр уулу Манасмиң, № 12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Иманкулов Эркин Токтаалиевич, № 22 Жайыл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Насырбеков Бакытбек Насырбекович, № 16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Темирбаев Мухаммед Минбаевич, № 8 Толойкон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Мамаюсупов Абдыхалил Шадманович, № 3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Айталиев Таалайбек Доолотказиевич, № 21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Маматалиев Нурбакыт Мухтарович, № 7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер; Саяк кызы Элзат, № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер. Ошентип, 2021-жылдын 23-ноябрына карата 287 талапкер шайлоого катышат. Облустар  боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй: •        Баткен облусу – 36 талапкер, •        Ош облусу – 44 талапкер, •        Жалал-Абад облусу – 45  талапкер, •        Талас облусу – 13  талапкер, •        Чүй облусу – 57 талапкер, •        Бишкек ш. – 27  талапкер, •        Нарын облусу – 26  талапкер, •        Ысык-Көл облусу – 39 талапкер. Облустар  боюнча катталган талапкерлер № Округдун  облусу Катталган талапкерлердин саны     Республика боюнча баардыгы: 292     БАТКЕН ОБЛУСУ 37 №1 Лейлек шайлоо округу 9   Бекмуратов Баймурат Асатович 1   Сегизбаев Мирбек Абдрахимович 1   Мукарамов Асылбек Турабаевич 1   Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич 1   Жороев Исманали Эгембердиевич 1   Таштанкулов Касым Абдусаматович 1   Имматов Ина Имматович 1   Жусупов Аширбай Бапович 1   Абдираимова Назгул Назыровна (онлайн) 1 №2 Баткен шайлоо округу 10   Аширалиев Чынтемир Камчыбекович 1   Салихов Кеңеш Каримович 1   Дыйканов Максатбек Дыйканович 1   Абылкасым уулу Канатбек (онлайн) 1   Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич 1   Мадалиев Асылбек Алтымышович (онлайн) 1   Юсупалиев Мунарбек Худайбердиевич (онлайн) 1   Төлөмүшов Бегали Пирмаматович 1   Артыкбаев Гыламидин Урустомович 1   Аркабаев Номанжан Акматович 1 №3 Кадамжай шайлоо округу 18   Насиров Абдижамил Жусупович 1   Талипов Нурали Орозалиевич 1   Атажанов Ырысбек Ысламович 1   Ганыев Каныбек Токтоматович 1   Мурадилов Бекболот Мурадилович 1   Шамшидин уулу Абдулхамид 1   Назарбаев Абдунаби Салыевич (онлайн) 1   Максутов Мурсалим Султаналиевич (онлайн) 1   Акматов Айданбек Акматович 1   Миркадыров Мухтар Мирсалиевич (онлайн) 1   Сыргабаев Замирбек Самаматович (онлайн) 1   Курванбаев Суйунбек Бурканидинович 1   Маматалиева Өмүркан Турсуналиевна 1   Алибеков Шерахмад Халилович 1   Мамаюсупов Абдыхалил Шадманович 1   Досанов Нурбек Маликович 1   Маманова Розакан Султановна 1   Садыкова Эркеайым Гульбаевна 1   ОШ ОБЛУСУ 44 №4 Көк-Жар шайлоо округу 8   Мадмаров Уланбек Аданбекович 1   Рысбаев Равшанбек Рысбаевич 1   Түмөнов Чынгыз Сүйүнбаевич 1   Бакиров Өмүрбек Мирзаимович 1   Абдрахманов Азамат Абдилазизович (онлайн) 1   Зулпуев Абдивап Момунович 1   Калматов Талас Сагынбаевич (онлайн) 1   Турсункулов Мирланбек Эшмаматович 1 №5 Ноокат шайлоо округу 3   Коргонбай уулу Жусупбек 1   Марипов Бакытбек Асамидинович 1   Абдивалиев Артыкбай Турабидинович 1 №6 Араван шайлоо округу 6   Обдунов Элмурат Адбувапович 1   Нурбаев Бакытбек Токтосунович 1   Нурбаев Жалолидин Паязидинович (онлайн) 1   Маннанов Ильхом Абдукахарович 1   Абдувалиев Давлатбек Маматурдиевич 1   Гаипов Адахамжон Алимжонович 1 №7 Ош шайлоо округу 6   Осмонов Айбек Жапарович 1   Арзибаев Бекболот Осконбаевич 1   Сагынбаев Дайыр Баяманович 1   Сайпидинов Эмил Жумабаевич 1   Камчиев Жамбылбек (онлайн) 1   Фаттахов Бахтияаржан Азизович 1 №8 Төлөйкөн шайлоо округу 4   Орозбаев Айбек Маматович 1   Алимбеков Нурбек Каарыевич 1   Атазов Шайлообек Карыбекович 1   Жуков Виталий Юрьевич (онлайн) 1 №9 Кара-Суу шайлоо округу 5   Матраимов Искендер Исмаилович 1   Бакир Бакытбек 1   Эргешов Толкун Турдукулович (онлайн) 1   Абдыразаков Нурсултан Эркинбекович 1   Примкулов Гавхарбек Асылбекович 1   Жаныбеков Бөкөмбай Жаныбекович (онлайн) 1 №10 Куршаб шайлоо округу 8   Танабаев Нурлан Исамидинович 1   Келдибаев Төлөгөн Кыязович 1   Бакыев Улукбек Хаджимуканович 1   Толонов Данияр Эрмекович 1   Толошов Тынчтыкбек Абдынадырович 1   Садыков Нурбек Аданбекович 1   Чодуев Эркинбек Урайымович 1   Токторов Алтынбек Эгембердиевич 1   Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич 1 №11 Алай шайлоо округу 5   Божонов Замирбек Сабиржанович (Онлайн) 1   Саипов Бакытбек Саипович 1   Тоотаев Улукмырза Абдилашимович 1   Примов Улан Бердибаевич 1   Орунбеков Дайырбек Тейишович 1 №12 Өзгөн шайлоо округу 1   Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич 1   ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ 45 №13 Сузак шайлоо округу 12   Кебекбаев Сабыралы Тойчуевич 1   Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович 1   Лилиенталь Юлия Викторовна 1   Джээнбеков Жусупжан Амражанович 1   Икрамов Тазабек Икрамович 1   Кулматов Эделбек Маматкулович 1   Эгембердиев Омурбек Калыбекович (онлайн) 1   Шакиров Асан Шакирович 1   Артыкбаев Сейдахмат Жокобаевич 1   Камбаров Абдиллабек Ракманович (онлайн) 1   Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович 1   Максутов Манас Кутчубекович 1 №14 Жалал Абад шайлоо округу 6   Шаимкулов Манас Каныбекович 1   Мамасыдыков Кумарбек Канболотович 1   Салымбаев Чынгыз Жусупович (онлайн) 1   Жээнбеков Келдибек Эркинбекович (онлайн) 1   Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич (онлайн) 1   Атабеков Таалайбек Айтышович (онлайн) 1 №15 Базар-Коргон шайлоо округу 5   Алтынбеков Айбек 1   Бакиев Кубанычбек 1   Уметалиев Артур Алимжанович 1   Арзыкулов Сүйүнбек Абитович 1   Коңурбаева Айгуль Казыбековна (онлайн) 1 №16 Ноокен шайлоо округу 4   Сыдыков Бактыбек Усенович 1   Арстанбеков Акылбек Советбекович 1   Матсаков Кадырбек Мусаевич (онлайн) 1   Кадыркулов Мурат Калмаматович 1 №17 Аксы шайлоо округу 6   Токтобаев Суйунбай Жумаканович 1   Шакиев Нурланбек Тургунбекович 1   Момунов Акат Акынович 1   Чомонов Манас Алишерович 1   Шайдиев Алмазбек Усупбаевич (онлайн) 1   Эргешов Алмазбек Манасбекович 1 №18 Ала-Бука шайлоо округу 5   Турсунбаев Азизбек Атакозуевич 1   Оморов Чынгыз Ашырбекович 1   Алымов Адылбек Шарипович 1   Сулайманкулов Медеркул Ормонович 1   Туранов Искендер Эрикович 1 №19 Токтогул шайлоо округу 9   Сулайманов Кундузбек Кошалиевич 1   Дуйшеналиев Болотбек Согушбекович 1   Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович 1   Байгазиев Беканас Замирбекович 1   Матмусаев Жанышбек Мырзабекович 1   Ракаев Акылбек Калышевич 1   Кармышов Тимурлан Апизканович 1   Тотонов Нурбек Темирбекович 1   Бекишов Абдыбек Дуйшебекович 1   ТАЛАС ОБЛУСУ 12 №20 Манас шайлоо округу 6   Джумабеков Дастанбек Артисбекович 1   Джакеев Алмазбек Алманбетович 1   Назарбеков Мирлан Рысбекович 1   Джакыпбеков Шадыкан Мырзаканович 1   Мамбеткулов Замирбек Токтогулович 1   Шаршенбек Сардар 1 №21 Талас шайлоо округу 6   Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович 1   Чойбеков Бактыбек Каныбекович 1   Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович 1   Айткулов Муктарбек Мукулович 1   Нусубалиев Токтоналы Сатарович 1   Сариев Эсен Тыныбекович (онлайн) 1   Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович 1   ЧҮЙ ОБЛУСУ 58 №22 Жайыл шайлоо округу 7   Райымкулов Бактыбек Кемелбекович 1   Бакеев Аскарбек Колхозбекович 1   Мамаев Замирбек Дакимович 1   Карабаев Манасбек Токтогулович 1   Аманкулов Эмир Эркинбекович 1   Рыскулбек уулу Нурмат 1   Азыгалиев Нурланбек Асанбекович 1 №23 Москва шайлоо округу 11   Булекбаев Эркин Касымович 1   Зикиров Жусупбек Камчыбекович 1   Нажиев Мирбек Дуйшенбекович 1   Мадылбеков Туратбек 1   Иманкулов Талай Маданбекович 1   Мырзаканов Раад Бакашевич 1   Енгалычев Евгений Равильевич 1   Джекшенов Мирлан Ратынбекович 1   Ханджеза Карим Ламзарович 1   Ибраимова Атыркул Сыйдалиевна 1   Джабаев Ринат Шаршенбекович 1   Мамутов Ахматжан Рахимович 1 №24 Сокулук шайлоо округу 7   Аширбаев Элкинбек Токтогонович 1   Джунусалиев Рамис Майрамбекович 1   Кенжебаев Аманкан Батырбекович 1   Садалиев Улан Шейшенбекович 1   Абдылдаев Сооронбай Эргешович 1   Сарымсаков Каныбек Кубанычбекович 1   Карымшакова Гүлүйпа Өмүрзаковна 1 №25 Аламүдүн шайлоо округу 9   Абдувалиев Зарылбек Рубенович 1   Аспек уулу Азамат 1   Атамбаев Сейитбек Алмазбекович 1   Бегалиев Болотбек Касымбекович 1   Дунканаев Айбек Медетбекович 1   Иманалиев Каныбек Капашович 1   Момонкулов Талгат Мелисович 1   Момункулов Эмил Базаркулович 1   Чынтемиров Бердибек Айбекович 1 №30 Ысык-Ата шайлоо округу 11   Дурсунов Атамша Латифович 1   Курманов Байыш Жантаевич 1   Таштанбеков Акбокон Дукенов 1   Джыргалбаев Нурбек Усенкулович 1   Рыскулов Максат Борисович 1   Эдигеев Джанат Асылбекович 1   Кожокеев Акылбек Алмарбекович 1   Бекитаев Мирлан Абдыбекович 1   Касымов Аскар Тумурчинович 1   Садовников Вадим Александрович 1   Будайчиев Дуйшомбек Кадыркулович 1 №31 Чүй-Кемин шайлоо округу 13   Абакиров Аскар Джумабекович 1   Дуйшеналиев Нурлан Кадырбекович 1   Саккараев Медербек Джаманкулович 1   Мурсалиев Акылбек Рыскелдиевич 1   Ташиев Рустам Рахимович 1   Ботобаев Айбек Курманович 1   Исеналиев Эмилбек Аскеевич 1   Сейтказиев Анаш Токтосунович 1   Сариев Абаскан Казакбаевич 1   Мамыров Кубатбек Шамырбекович 1   Осмоналиев Каныбек 1   Карагулов Улан Айтбекович 1   Шаршеналиев Нурлан Алтымышович 1   Жансеитов Тынайбек Каныбекович 1   БИШКЕК ШААРЫ 27 №26 Ленин шайлоо округу 11   Абиров Жаныбек Болотбекович 1   Жолдошбаев Камчыбек 1   Кунакунов Максат Касымжанович 1   Калыков Улугбек Абдисатарович 1   Эсенаманов Мурат Кубанович 1   Ташиев Анарбек Рыскулович 1   Джээнбеков Равшан Батырбекович 1   Макешов Кубанычбек Бектемирович 1   Алсеитов Айбек Жусупович 1   Усупбекова Анаркул Мырзабековна 1   Нурланбеков Актилек Нурланбекович 1 №27 Биринчи май  шайлоо округу 7   Койчуманов Мээримбек Нурбекович 1   Акылбеков Русланбек Акылбекович 1   Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич 1   Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич 1   Абдраманова Эркингуль Абыловна 1   Марлис уулу Эдил 1   Токтакунов Нурбек Акбарович 1 №28 Октябрь шайлоо округу 5   Турганбаев Мелис Токтомамбетович 1   Бекешев Дастан Далабайевич 1   Керимбеков Бакыт Макенович 1   Усупов Тилек Сабырович 1   Кыдырмышев Руслан Жаманакович 1 №29 Свердлов шайлоо округу 4   Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич 1   Самаков Нурдин Талантбекович 1   Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович 1   Кенжебаев Акназар Аскарбекович 1   НАРЫН ОБЛУСУ 26 №32 Кочкор шайлоо округу 14   Алымжанов Айбек Орозбекович 1   Кулбараков Абтандил Илдузович 1   Сардарбеков Сабырбек 1   Ниязалиева Дамира Абаскановна 1   Самыйкожо Мирлан 1   Керимкулов Нурлан Бейшенбекович 1   Джапанов Аттокур Асаналиевич 1   Омолдошова Айжан Рыскуловна 1   Нурбек уулу Ормон 1   Асанбаев Майрамбек Жекшенович 1   Жумаев Сайранбек Кенешбекович 1   Самудинова Айнагуль 1   Ажымамбетов Актан Айылчиевич 1   Турумбеков Максатбек Медербекович 1   Турдубаев Сьездбек Жумашалиевич 1 №33 Нарын шайлоо округу 12   Сариев Акылбек Аблабекович 1   Абдылдаев Райымбек Жумагулович 1   Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович 1   Джаанбаев Тойгонбай Сейитказиевич 1   Мадинов Орозобек Капарбекович 1   Бакасов Улан Болотбекович 1   Борочоров Талантбек Айсаракунович 1   Жунусов Мелисбек Абдрасулович 1   Аянкулов Самат Шамусаевич 1   Капаров Чынгыз Капарович 1   Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович 1   Кылжыров Эсенбек Токонович 1   ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ 39 №34 Жети-Өгүз шайлоо округу 17   Малиев Арсланбек Касымакунович 1   Тологонов Бакыт Талантович 1   Ибраев Саматбек Кулукеевич 1   Абдрахматова Атыр Болотбековна 1   Сагымбаев Канат Райымбекович 1   Шамырканов Болотбек Муратбекович 1   Казакбай уулу Замирбек 1   Исмаилов Муратбек Кубанычбекович 1   Жапаров Талантбек Рысбекович 1   Айтакунов Бактыбек Кубатович 1   Эшмамбетов Руслан Толонович 1   Омуралиев Арыстанбек Мелисович 1   Иманкожоева Эркингуль Бекбачаевна 1   Кемелов Акыл Канатбекович 1   Сулаев Жекшен Эсенбекович 1   Моңолдоров Дамир Черикович 1   Алымов Манас Кадырович 1 №35 Ак-Суу шайлоо округу 10   Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич 1   Супатаева Альфира Илиясовна 1   Молдоташев Ишенбай Курманович 1   Абдылдаев Таалайбек Дюшекеевич 1   Каниметов Адыл Жанкорозович 1   Болтуруков Омурбек Аяпбергенович 1   Джумабекова Акылсайра Кадыралиевна 1   Жанузаков Аманболду Медербекович 1   Мусалиев Кубан Болотбекович 1   Сарыбаев Тынчтыкбек Калмакович 1   Бараков Акбарбек Садырбекович 1 №36 Ысык-Көл шайлоо округу 12   Тукунов Акжолтой Шакирбекович 1   Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич (онлайн) 1   Сураналиев Талгат Чыныбекович 1   Хасанов Канат Зерликович 1   Сарбагышев Максатбек Канатбекович (онлайн) 1   Аджибаева Жаңыл Бейшеновна 1   Мамбеталиева Анара Хамзаевна 1   Аманбаев Искендер Эркинович 1   Орозбаев Таалайбек Айтбаевич 1   Имеров Мирбек Жаңыбаевич 1   Мамытова Назгуль Туратбековна 1   Маратов Мирлан Ильичевич (онлайн) 1   КР БШКнын сайтындагы “Талапкерлер жана партиялар” бөлүгүндө талапкерлердин маалыматтары жана программалары менен таанышууга болот, ошондо эле  талапкерлердин шайлоо фонддору тууралуу маалымат жайгаштырылган.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Каракол шаарында партиялардан жана кандидаттардан келген байкоочуларга шайлоо участогунан тышкары добуш берүүнүн жол-жобосу түшүндүрүлдү
17.11.2021

Каракол шаарында партиялардан жана кандидаттардан келген байкоочуларга шайлоо участогунан тышкары добуш берүүнүн жол-жобосу түшүндүрүлдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Эл аралык Республикалык Институттун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн (IRI) колдоосу менен Каракол шаарында талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочуларга "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021. Талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочулардын шайлоону көзөмөлдөө процесси" темасында тренинг уюштурду. Тренингде добуш берүүгө даярдык көрүүдө, добуш берүүнүн жүрүшүндө жана добуштарды эсептөөдө байкоочулардын укуктары жана милдеттери тууралуу айтылды. 27-ноябрда добуш берүүчү жайдан тышкары ким добуш бере ала тургандыгы айтылды, тагыраак айтканда: ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар; алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет добуш берүү күнү аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары; добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлерде кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлери, эгерде алар убактылуу турган жеринин жайгашкан жери боюнча кире турган шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса; жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар; вахта ыкмасында иштеген шайлоочулар. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда 2021-жылы 27-ноябрда саат 8:00дон 20:00го чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Добуштарды эсептөөгө байланыштуу, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча округдук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округу жана бирдиктүү округу боюнча УШКлардын саны, келип түшкөн протоколдордун саны, алардын негизинде бир мандаттуу округу боюнча жана бирдиктүү округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколдору түзүлөт, бир мандаттуу округу жана бирдиктүү округу боюнча УШК протоколдорунун жалпы маалыматтары киргизилген жыйынды таблицаларды түзөөрү белгиленди. Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кирүү үчүн партия жалпысынан республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5%дан кем эмес добушуна ээ болушу керек, ошондой эле ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 0,5% аймактык босогосунан ашыш керек. Белгиленген босогодон өткөн партиялардын талапкерлеринин тизмесинде мандаттарды бөлүштүрүү ар бир талапкер алган добуштардын санына жараша жүргүзүлөт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаарында партиялардан жана талапкерлерден келген байкоочуларга окутуу өткөрүлдү
17.11.2021

Жалал-Абад шаарында партиялардан жана талапкерлерден келген байкоочуларга окутуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Эл аралык Республикалык Институттун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн (IRI) колдоосу менен Жалал-Абад шаарында талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочуларга "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021. Талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочулардын шайлоону көзөмөлдөө процесси" темасында тренинг уюштурду. Байкоочуларга талапкерлерден, саясий партиялардан келген байкоочулардын укуктары жана милдеттери, алардын статусу жана каттоо эрежелери түшүндүрүлдү. Шайлоочулардын тизмеси кандай түзүлгөндүгү тууралуу сөз болду. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмелерине төмөнкүлөр кирет: шайлоо күнү активдүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары; биометрикалык каттоодон өткөн. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмелерине төмөнкүлөр кирет: шайлоо күнү активдүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары; биометрикалык каттоодон өткөндөр; жергиликтүү коомчулуктун мүлөлөрү. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда жасалган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги менен аныкталат. Добуш берүү күнү добуш берүүчү кабиналарда төмөндөгүлөр боло тургандыгы белгиленди: чүчүкулак аркылуу аныкталган кезекте бардык талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдарды; ар бир талапкердин катар номерин көрсөтүү менен ар бир партия боюнча талапкерлердин тизмелери; талапкерлер тууралуу бардык маалыматтар «ТАЛАПКЕР» порталында жана шайлоо участкаларындагы плакаттарда илинет. Талапкер саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинен маалыматтык материалдардын формасы жана тексти бекитилгенден кийин чыккан учурда, талапкер жөнүндө маалыматтар маалыматтык материалдардан толук чийилет, анын ичинде талапкерлердин тизмесиндеги катар номери дагы. Добуш берүүдөн кийин УШКлардын шайлоочулардын тизмелери менен иши деталдуу каралып чыкты. Шайлоочуларды каттоо үчүн жооптуу УШК мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир барагына тиешелүү суммалык маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү. Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коет, андан кийин бардык маалыматтарды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды киргизет, аларды өз колу жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөйт. Маанилүү!!! Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны чектерди саноо жолу менен кошумча текшерилет. Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө акт түзүлөт. Төраганын колтамгасы жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн актынын көчүрмөсү катышкан талапкерге, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет, андан кийин маалыматтар чоңойтулган тариздеги протоколго киргизилет. Шайлоочулардын тизмеси менен жумуштарды жүргүзгөндөн кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга алар менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Андан кийин шайлоочулардын тизмеси сейфке (шкафка) алып коюлат. Жыйынтыктырады чыгаруу тууралуу округдук шайлоо комисииясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун биринчи нускалары шайлоо документтери менен бирге УШКдан кабыл алат жана тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын анда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөнүн алдын ала текшергенден кийин, округдук шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы бир мандаттуу жана бирдиктүү округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарында коомдук байкоочуларга добуш берүү жана добуштарды эсептөө жол-жоболору түшүндүрүлдү
17.11.2021

Бишкек шаарында коомдук байкоочуларга добуш берүү жана добуштарды эсептөө жол-жоболору түшүндүрүлдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Эл аралык Республикалык Институттун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн (IRI) колдоосу менен Бишкек шаарында коомдук байкоочуларга "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021. Шайлоону көзөмөлдөө процесси" темасында тренинг уюштурду. Катышуучуларга байкоочу катары каттоонун жол-жобосу, ​​байкоочу статусу тууралуу айтылды. Талапкер, саясий партия ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашык эмес байкоочу дайындай алгандыгы тууралуу айтылды, алар добуш берүүнү өткөрүүгө жана добуш берүү үчүн жайдагы башка шайлоо аракеттерине кезектешип байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат. Шайлоо комиссиясынын жайында, добуш берүү үчүн жайда катталган бир талапкердин, бир саясий партиянын кызыкчылыктарын билдирүүчү эки же андан көп байкоочунун бир убакта байкоочунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына жол берилбейт. Байкоочу катары катталуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана аны бир мандаттуу шайлоо округу боюнча дайындаган талапкердин колу коюлган жолдомосун көрсөтүү зарыл же же партиянын мөөрү басылган талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиядан жолдомо. Жолдомодо байкоочунун 1) фамилиясы, аты жана атасынын аты, 2) туруктуу жашаган жери, 3) ал жиберилген участкалардын номерлери, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле чектөөлөрдүн жок экени жөнүндө жазуу жүргүзүлөт. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт. Байкоочуларга добуш берүү башталганга чейин УШКнын төрагасы катышып жаткандардын бардыгына УШКнын мөөрү басылган бош урналарды көрсөтүүсү керектиги айтылды. Ошондой эле добуш берүү башталганга чейин көзөмөлдөө барактары түзүлөт, анда шайлоо участкасынын номери, салуу убактысы, УШКнын мүчөлөрүнүн, катышкан талапкерлердин, талапкерлердин, партиялардын өкүлдөрүнүн аты-жөнү көрсөтүлөт. Белгиленген адамдар өзөмөлдөө барактарына кол коюшат жана барактар ​​УШКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Текшерүү барактар ​​АЭУга салынат. Шайлоо күнү ар бир шайлоочуга 2 бюллетень берилери айтылды: ► бирөөндө - саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак кармоо менен аныкталган тартипте көрсөтүлгөн бирдиктүү шайлоо округу үчүн жана аянттын сырткы сол тарабында номерленген 54 бош чарчы бар. Бош чарчынын номери талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин катар номерине туура келет; ► экинчисинде - бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, чүчүкулак аркылуу аныкталган тартипте талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы көрсөтүлөт. Добуш берүү күнү добуш берүүчү кабиналарда төмөндөгүлөр боло турат: чүчүкулак аркылуу аныкталган кезекте бардык талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдарды; ар бир талапкердин катар номерин көрсөтүү менен ар бир партия боюнча талапкерлердин тизмелери; талапкерлер тууралуу бардык маалыматтар «ТАЛАПКЕР» порталында жана шайлоо участкаларындагы плакаттарда илинет. Талапкер саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинен маалыматтык материалдардын формасы жана тексти бекитилгенден кийин чыккан учурда, талапкер жөнүндө маалыматтар маалыматтык материалдардан толук чийилет, анын ичинде талапкерлердин тизмесиндеги катар номери дагы. Тыюу салынат: Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү бөлмөдөн алып чыгууга; Добуш берүү үчүн жайда турган адамдарга добуш берүү үчүн үкөктү далдалоого же ага байкоо жүргүзүүгө башка ыкма менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат; добуш берүү үчүн үкөктүн жанында шайлоо бюллетенин таштап жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу. Ошондой эле добуштарды эсептөөнүн жол-жобосун кеңири түшүндүрүштү. БШК бирдиктүү шайлоо округу боюнча ар бир саясий партия жана талапкерлердин тизмесиндеги ар бир талапкер боюнча берилген добуштарды эсептейт. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер (добуштардын көпчүлүгүн алган) Жогорку Кеңештин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаты болуп саналат. Талапкерлер алган добуштардын саны бирдей болгон учурда, кимиси датасы жана убактысы боюнча каттоо үчүн документтердин толук пакетин мөөнөтүнөн мурда тапшырса, ошол талапкер шайланды деп эсептелет. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК коомдук байкоочуларды “2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жөнүндө” тренингге чакырат
16.11.2021

КР БШК коомдук байкоочуларды “2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жөнүндө” тренингге чакырат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-ноябрда саат 10.00дө “2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жөнүндө” деген темада коомдук байкоочулар үчүн окутуучу тренинг өткөрөт. Коомдук байкоочулар төмөнкү маселелер боюнча маалымат алышат: - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү; - Шайлоолордун ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуунун технологиялары; - Шайлоо талаштары. Шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо колдонула турган техникалардын иштөөсүн иш жүзүндө көрсөтүү. Катышуу үчүн: 0312 62 62 87 номерине кайрылыңыздар Онлайн туташуу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз: Zoom боюнча жыйынга кошулуу https://us02web.zoom.us/j/8690689629?pwd=aUhiTkhick9rOVlDZUxrdGJobjBkZz09 Конференциянын идентификатору: 869 068 9629 Кирүү коду: 112233
Кененирээк билүү >>
БШК «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
16.11.2021

БШК «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 16-ноябрында өткөн жыйналышында «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Өмүрбеков Данияр Өмүрбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим «Кыргызстандын Бириктирүүчү патриоттук партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Д. Өмүрбековдун өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Багыт» либерал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
16.11.2021

БШК «Багыт» либерал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 16-ноябрында өткөн жыйналышында «Кыргызстандын «Багыт» либерал-демократиялык партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Шут Александр Сергеевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим «Багыт» либерал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө А. Шутту өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 1 арыз түштү
16.11.2021

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 1 арыз түштү

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 16-ноябрда өткөн жыйналышында №7 Ош шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талапкер Фаттахов Бахтияржан Азизовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты жана Б.А. Фаттаховдун арызынын негизинде каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 165 167 … 484