Башкы Жаңылыктар КР БШК: Электрондук капчык жана төлөм терминал аркылуу …

КР БШК: Электрондук капчык жана төлөм терминал аркылуу сатып алуу тобокелчилигине, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан түшкөн төлөмдөргө катуу байкоо жүргүзүлөт

16-Ноя, 2021

БШКда КРУБдун, коммерциялык банктардын жана Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматынын катышуусунда электрондук капчыктар аркылуу шайлоочулардын добуштарын сатып алуу коркунучуна каршы өз ара аракеттешүү маселелери боюнча кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеде идентификацияланбаган төлөм тутумдары аркылуу аткарылчу төлөмдөргө байкоо жүргүзүү боюнча ведомстволор ортосунда өз ара аракеттешүү маселелери жана алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо электрондук капчыктар аркылуу шайлоочулардын добуштарын сатып алуу коркунучун жокко чыгаруу боюнча чаралар каралды.

БШК тараптан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүү жана сарптоо боюнча контролду КР БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу (КТТ) жүргүзөт.

Шайлоо фонддорунун атайын эсептерин жүргүзүүнүн мыйзамдарда каралган жол-жоболору идентификацияланбаган булактардан акча каражаттарынын түшүү же шайлоо фонддорунун алкагында аларга которуу коркунучун минимумдаштырат.

БШКнын контролдоо үчүн колдонулуучу АМТ  автоматташтырылган тутумунун мүмкүнчүлүктөрү шайлоо фонддорунун эсептериндеги акча каражаттарынын ар бир жөнөтүүчүсүн жана алуучусун идентификациялоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн электрондук капчыктарды жана төлөм терминалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча кеңешменин катышуучулары минтип аныкташты: бул учурда шайлоо фонддорунун атайын эсептеринен тышкары пайдаланылуучу эсепке алынбаган “көмүскө” акча каражаттарын (накталай жана накталай эмес түрдө) пайдалануу болуп саналат, алар идентификацияланбаган төлөм тутумдары, мисалы,  ошондой болуп саналган төлөм терминалдары аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Пикир алмашуунун жүрүшүндө кеңешменин катышуучулары электрондук капчыктар аркылуу шайлоочулардын добуштарын сатып алуунун мүмкүн болуучу учурларын аныктоо боюнча төмөнкүдөй чечимге келишти:

1.  Өз ыйгарым укуктарынын алкагында БШК, КРУБ, коммерциялык банктар жана Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматы шайлоо мезгилинде, айрыкча,  шайлоо датасына чейинки 2 жуманын ичинде (2021-жылдын 15-ноябрынан 28-ноябрына чейин) жана шайлоодон кийин (2021-жылдын 29-ноябрынан 18-декабрына чейин) банк төлөмдөрүнө, банк мекемелеринин жана мобилдик байланыш операторлорунун, төлөм тутумдарынын мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

2. Төлөмдөрдү колдонуунун массалык мүнөзү (кыска убакыттын ичинде бир түзүлмөдөн бирдей суммада кайталанган транзакциялар же убакыттын белгилүү бир тогошунда катары менен бир нече күн бою мезгил-мезгили менен кайталанган бирдей суммалар) күмөндүү төлөмдөр деп эсептелсин.

Көрүлүп жаткан чаралар кызыкдар жактардын шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан сатып алуу аракеттерине бөгөт болууга тийиш.

БШК КТТ эске салат: Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык:

- шайлоо фонддорунан тышкары каражаттарды пайдалануу шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузган жазык жосуну болуп саналат, ал, анын ичинде, талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн негиз болуп кызмат кылат;

-  шайлоочулардын добуштарын сатып алуу 260 миң сомго чейин айып пул салынуучу же 2 жыл 6 айга чейин эркиндиктен ажыратуучу жоопкерчиликке тартуучу жазык жактан жазалоочу кылмыш болуп саналат

Кеңешмеге КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова, БШК мүчөлөрү И. Гайпкулов, К.Маматов, А.Жупуева, Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы К.Тургунбеков, КР Улуттук  банкынын, «Компаньон», «Кыргызстан» коммерциялык банкы», «Дос-Кредобанк», «РСК Банкт» жана «Айыл Банк» коммерциялык банктарынын өкүлдөрү катышты.

КР БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>