Башкы Жаңылыктар Республикалык штабдын жыйналышында 28-ноябрдагы добуш берүүгө даярдык талкууланды

Республикалык штабдын жыйналышында 28-ноябрдагы добуш берүүгө даярдык талкууланды

24-Ноя, 2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын кеңейтилген жыйналышында добуш берүү күнүнө даярдык талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы  М. Иманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйналышка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, штабдын тең төрагасы – Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова, Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы катышты.

М. Иманкуловдун айтымында шайлоо өнөктүгүнүн убагында терс көрүнүштөрдүн санын олуттуу азайтууга жетишилди. Ал президент С.Жапаровдун «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында жана Республикалык штабдын талаптарында мамлекеттик органдарга мыйзамдарды так сактоо жана буйруктарды кынтыксыз аткаруу боюнча так тапшырмалар берилгенин эске салды.

А. Жапаров өлкөнүн жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында шайлоо процессинин шарттары өзгөргөнүн айтып, өлкөнүн парламентинин  депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи.

“Шайлоо процессине билим берүү, медицина тармактарынын кызматкерлерин, техникалык кызматкерлерди тартууга тыюу салынды. Биздин милдет – жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүүсүнө зарыл шарттарды түзүү”, - деп айтты ал.

Кабминдин башчысы шайлоо участоктору керектүү жабдыктар, байланыш жана интернет менен жабдылгандыгын баса белгиледи. Шайлоо процессине республикалык бюджеттен 623,3 млн сом бөлүндү.

“Коронавирус  инфекциясынын пандемиясына байланыштуу ар бир шайлоо участогунда тийиштүү санитардык  талаптар сакталууга тийиш. Эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл. Шайлоо участоктору интернет, электроэнергиясынын генераторлору, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, жардамга чакыруу баскычтары менен камсыздалышы керек”, - деп айтты ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 3 625 277 бюллетень (анын ичинде 2435 бюллетень Брайль ариби менен) даярдалды.

Бишкек шаарына – 430 659 бюллетень;

Баткен облусуна – 305 856 бюллетень;

Жалал-Абад облусуна – 687 027 бюллетень;

Ош шаарына жана Ош облусуна – 900 842 бюллетень;

Нарын облусуна – 209 181 бюллетень;

Талас облусуна – 163 090 бюллетень;

Чүй облусуна – 611 621 бюллетень;

Ысык-Көл облусуна – 317 001 бюллетень.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн бардыгы 7 327 923 бюллетень даярдалды.

Даярдалган бюллетендер 2021-жылдын 21-ноябрында Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын округдук шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү участокторго жөнөтүлдү.

Бүгүнкүго карата 21 саясий партиянын 1 015  талапкери жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 296 талапкер катталды. Шайлоочулар бардык талапкерлер жөнүндө маалыматтар менен https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/parliamentary сайтынан же КР БШКнын  сайтынан https://shailoo.gov.kg/ru/news/5939/ и https://shailoo.gov.kg/ru/news/5934/ шилтемелери боюнча, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган 12 облустук гезиттен же бардык шайлоо участокторунда жайгаштырылуучу маалыматтык плакаттардан таанышса болот.

 Жыйналышта Саламаттык сактоо, Энергетика, Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин, ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин парламентти  шайлоону өткөрүүгө даярдыктары тууралуу баяндамалары дагы угулду.

Жыйналыштын соңунда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин Жарлыгын аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>