Башкы Жаңылыктар БШК Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү …

БШК Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине мониторинг жүргүзүү үчүн 736 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

23-Ноя, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 23-ноябрында болуп өткөн өзүнүн кезектеги жыйынында 295 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. 

Ошентип, 2021-жылдын 23-ноябрына карата БШК бардыгы болуп төмөнкү уюмдардын атынан 736 эл аралык байкоочуну  аккредитациялады: 

Организации

Количество наблюдателей

Избирательные органы:                            - 14

36

Международные организации:                 - 20

636

Дипломатические представительства:     - 20

64

                                                                                           Всего: 736

Парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүү үчүн төмөнкү уюмдар эл аралык байкоочуларды жиберишти:  

  • КМШдан миссия (анын ичинде КМШ ПААдан жана ЖККУ ПА топтору) бардыгы 190 байкоочу;   
  • Миссия ДИАУБ ОБСЕ – 288 байкоочу (50 узак мөөнөттөгү жана 238 кыска мөөнөттөгү);
  • ОБСЕ Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясы – 70 байкоочу;
  • ШКУ Миссиясы – 17 байкоочу;
  • Европа Кеӊешинин Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясы – 14 байкоочу;
  • Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясы – 19 байкоочу;
  • Түрк мамлекеттери уюмунун Миссиясы – 9 байкоочу;
  • Ислам кызматташтыгы уюмунун Миссиясы – 5 байкоочу ж.б.

КМШ Миссиясы жана ДИАУБ ОБСЕ шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү боюнча Кыргызстанда өз ишин баштады. Бул учурда байкоо жүргүзүүлөр узак мөөнөттөгү байкоочулар тарабынан борбор калаада жана ошондой эле өлкөнүн аймактарында да жүргүзүлүүдө.   

Эл аралык уюмдардан тышкары байкоо жүргүзүү чет өлкөлүк шайлоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан да ишке ашырылат. Кыргызстан БШКсы Азербайжандын, Беларусиянын, Грузиянын, Казахстандын, Латвиянын, Литванын, Мальдивынын, Молдованын, Россиянын, Румыниянын, Тажикстандын, Түркиянын, Украинанын жана Өзбекстандын БШК өкүлдөрүн аккредитациялады.   

Чет өлкөлүк шайлоо органдарынан келген коллегалар тарабынан шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине байкоо жүргүзүүдөн кийин жасалган мониторинг КР БШК үчүн өлкөдөгү шайлоо системасына ар тараптуу жана объективдүү сереп салууда, мыйзамдык базадагы мүмкүн болгон калпыстыктарды аныктоодо жана аларды жоюуда, ошондой эле колдонулуучу жол-жоболорду жакшыртууда олутуу мааниге ээ.     

Ошондой эле чет өлкөлүк 19 элчиликтин өкүлдөрү да эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өтүштү. 

Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктары ал аккредитациядан өткөн күндөн башталып, шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланган күнү аяктайт. Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өтө алышпайт. 

Аккредитациядан өтүшкөн эл аралык байкоочулар бардык шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларында болууга жана аларда ары-бери жүрүүгө укуктуу. 

Эл аралык байкоочулардын Кыргызстанда болуусунун программасына БШК төрагасы, Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын жетекчилери, саясий партиялар, ЖМК жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен боло турган жолугушуулары, ошондой эле төмөнкү иш-чаралар камтылган: 

  • 2021-жылдын 27-ноябрында – Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жана шайлоонун жыйынтыгынын ишенимдүүлүгүнүн жана тазалыгынын заманбап технологияларын колдонуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу эл аралык жана коомдук байкоочулар үчүн БШК Төрагасынын презентациясы;
  • 2021-жылдын 28 ноябрында – добуш берүүнүн жүрүшүндө байкоо жүргүзүү үчүн шайлоо участкаларына баруу; 
  • 2021-жылдын 29-ноябрында – байкоо жүргүзүү миссиясы шайлоо процессине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча өз корутундуларын жана сунуштарын түз эфирде билдиришет. 

Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө тиешелүү бардык актуалдашырылган маалымат БШКнын расмий сайтында   www.shailoo.gov.kg. «Эл аралык байкоочулар» бөлүмүндө жарыяланат. 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>