Башкы Жаңылыктар 24 округдук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу …

24 округдук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу чечим кабыл алды (жаңыртылган)

06-Дек, 2021

Бир катар округдук шайлоо комиссиялары өздөрүнүн шайлоо кругдарынын аймагында добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирет. 

Алсак, бүгүнкү күндө төмөнкү 24 округдук шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү:  

Баткен облусу:

  • №1 Лейлек округу  – жыйынтыктар  06.12.21. чыгарылды: 66 УШК, 9 катталган талапкер, 90 056 шайлоочу.

Ош облусу:

  • №6 Араван округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 50 УШК, 91 012 шайлоочу,
  • №7 Ош округу - жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 55 УШК, 91 012 шайлоочу,
  • №8 Төлөйкөн округу – жыйынтыктар 05.12.21. чыгарылды: 67 УШК, 118 699 шайлоочу,
  • №9 Карасуу округу – жыйынтыктар 05.12.21. чыгарылды: 62 УШК, 100 484 шайлоочу,
  • №10 Куршаб округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 76 УШК, 112 053 шайлоочу,
  • №1 Алай округу – жыйынтыктар 05.12.21. чыгарылды: 105 УШК, 114 629 шайлоочу,
  • №12 Өзгөн округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 69 УШК, 89 257 шайлоочу.

Жалал-Абад облусу:

  • №14 Жалал-Абад округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: УШК, 106 565 шайлоочу,
  • №15 Базар-Коргон округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 80 УШК, 112 952 шайлоочу,
  • №16 Ноокен округу – жыйынтыктар 05.12.21чыгарылды: 64 УШК, 95 142 шайлоочу,
  • №17 Аксы округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 59 УШК, 79 295 шайлоочу,
  • №18 Ала-Бука округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 55 УШК, 80 107 шайлоочу,
  • №19 Токтогул округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 55 УШК, 99 849 шайлоочу.

Талас облусу:

  • №21 Талас округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 54 УШК, 80 183 шайлоочу.

Чүй облусу:

  • №22 Жайыл округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 76 УШК, 99 752 шайлоочу,
  • №23 Москва округу – жыйынтыктар 05.12.21. чыгарылды: 63 УШК, 87 993 шайлоочу,
  • №24 Сокулук округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 55 УШК, 100 105 шайлоочу,
  • №25 Аламүдүн округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 61 УШК, 111 352 шайлоочу,
  • №30 Ысык-Ата округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 69 УШК, 96 866 шайлоочу.

Нарын облусу

  • №32 Кочкор округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 87 УШК, 104 084 шайлоочу,
  • №33 Нарын округу – жыйынтыктар 07.12.21. чыгарылды: 82 УШК, 104 720 шайлоочу.

Ысык-Көл облусу:

  • №34 Жети-Өгүз округу – жыйынтыктар 06.12.21. чыгарылды: 90 УШК, 108 424 шайлоочу,
  • №35 Ак-Суу округу – жыйынтыктар 04.12.21. чыгарылды: 99 УШК, 118 457 шайлоочу.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде БШК ар бир конкреттүү округда шайлоонун жыйынтыгын аныктоо тууралуу чечим кабыл алат, б.а. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин округда шайланган депутатын аныктайт. 

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>