Башкы Жаңылыктар Талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо алдында үгүт …

Талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери, шайлоо комиссияларында даттанууларды кароо жана шайлоо фонддорун каржылоо тартиби менен тааныштырылды

04-Фев, 2022

Тренингдин катышуучулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун жүрүшүндө шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелеринин өзгөчөлүктөрү, ошондой эле шайлоо комиссияларына даттанууларды жана арыздарды берүү тартиби жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузгандык үчүн жоопкерчилик менен тааныштырылып, бул маселелер жана шайлоо комиссиялары тарабынан каралуучу талаш-тартыштар, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү тартиби, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча түшүндүрмө берилди.

КР БШК аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы М.Кутбердиева шайлоо алдында үгүт жүргүзүү этабы 7-февралдан тартып башталып, 26-февралда саат 08.00дө аяктаарын маалымдады.

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт.

Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишмердик беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген ЖМК жана интернет-басылмалар талапкердин талабы боюнча төгүндөөнү акысыз жарыялоо же чындыкка дал келбеген же аны бурмалаган макалага же кабарга түшүндүрмө берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө милдеттүү.

Тренингде бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер үчүн акысыз обо убактысынын көлөмү жумуш күндөрү региондук телерадиоуюмдардын каналдарында отуз мүнөттөн кем эмес болушу керек экендиги белгиленди. “5-канал” борбордогу бир мандаттуу эки округ боюнча акысыз обо убактысын берет. Акысыз бөлүнгөн обо убактысынын жалпы көлөмүнүн жарымынан кем эмеси талапкерлерге дебаттарды жана ушуга окшогон үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүүлөрү үчүн гана берилет. Бардык талапкерлерге акысыз обо убактысындагы бул үлүшүн пайдаланууга бирдей негиздерде жол берилиши керек.

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө арыздары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат. Талапкерге, саясий партияга шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү чечимди берүүгө милдеттүү.

Тренингдин катышуучуларына маалыматтык материалдарда жалпы нускасынын бир пайызынан аз эмес саны ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу зарыл экендиги тууралуу маалымат берилди.

Тренингде шайлоо талаш-тартыштары, аларды кароо мөөнөттөрү жана жол-жоболору дагы окутуп, үйрөтүлдү. Конституциялык-укуктук жоопкерчилик шайлоо мыйзамдарында каралганы айтылды, анын өзгөчөлүктөрү мында: шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде соттон тышкары тартипте ишке ашырылуучу көп сандагы санкциялар; ошондой эле шайлоо укугунда санкциялар кыска убактагы мүнөзгө ээ болот б.а. шайлоо мыйзамдары боюнча мажбурлоо чаралары белгилүү бир шайлоо өнөктүгү мезгилинде гана колдонулат.

Каржылык айкындуулукту түзүү үчүн БШК шайлоо процессинин катышуучуларын шайлоо фонддорун түзүү эрежелери, каржы жоопкерчилигин жана отчёттулукту камсыздоо маселелери боюнча окутууда. Шайлоо жана саясий өнөктүктөрдү каржылоого байкоо жүргүзүүдө БШКга колдоо көрсөтүү боюнча улуттук кеңешчи Н. Джумабаева шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынарын белгиледи. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер эсептелбейт жана төлөнбөйт. Белгиленген өлчөмдөн ашык түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып берилет.

Атап айтканда, жарандар жана укуктук жактар аткаруучу акы төлөнүүчү иштер жана кызмат көрсөтүүлөр жазуу жүзүндө (келишим, эсеп-фактура, коштомо кагаз, кабыл алуу-өткөрүү актысы ж.б.) таризделүүгө тийиш.

Келишимдер тараптардын реквизиттерин, тапшырылуучу иштин көлөмү жөнүндө маалыматтарды, анын наркын, иштердин түрлөрү боюнча бааларды (калькуляция, смета), акы төлөө тартибин, иштерди аткаруу мөөнөтүн, тараптардын жоопкерчилигин жана башка шарттарды камтууга тийиш.

Аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр тапшырыкчы (каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) жана аткаруучу кол койгон аларды кабыл алуу актылары же берилген продукцияга коштомо кагаз документтери менен ырасталууга тийиш.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>