Башкы Жаңылыктар Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы …

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча коомдук диалог өттү

15-Мар, 2022

Бүгүн – 2022-жылы 15-мартта ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУ ӨП) жана Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы уюштурган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча коомдук диалог өттү.

Иш-чарага Республикалык штабдын жетекчиси М. Иманкулов, КР БШК мүчөлөрү, ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы А. Рогов, БУУ тутумунун КРдеги туруктуу координатору О. Ожиелло, БУУнун Өнүктүрүү программасынын КРдеги туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, USAIDдин КРдеги миссиясынын директорунун м.а. Эндрю Мейбрук, КР ЖК депутаттары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын, шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүү, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын, шайлоо талаш-тартыштарын кароонун жана мыйзамдуулукту сактоонун, шайлоо комиссияларынын иштерин, шайлоо тутумунун башка өңүттөрүн жакшыртуу жолдорун талкуулоо коомдук диалогдун максаты болуп саналат.

ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов өзүнүн куттуктоо сөзүндө БШК эбегейсиз чоң иштерди аткаргандыгын белгилеп, кыска мөөнөттө кызматкерлер окутуудан өткөрүлгөндүгүн, бир мандаттуу округдардын схемалары жана чек аралары аныкталып, бекитилгендигин, калкка маалымдоо боюнча, деги эле демократиялык шайлоону камсыздоо үчүн башка дагы көп иштер жасалгандыгын кошумчалады.

“Сүйлөшүү үчүн бүгүнкү аянтчанын түзүлгөндүгү өтө маанилүү деп эсептейм, себеби бул бизге өткөрүлгөн шайлоо өнөктүгүнүн оң өңүттөрү менен кемчиликтерин, алган сабактарды ачык талкуулоого, ошондой эле демократияны, тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө максатында шайлоо процесстерин андан ары жакшыртуу боюнча алдыдагы чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. Анткени шайлоо – бул бир күндүк иш-чара эмес, ал – шайлоого чейин кыйла мурда башталып, шайлоо аяктагандан кийин дагы узакка созулуучу процесс, албетте, анын жыйынтыгы шайлоо процессинин ар бир катышуучусуна жана алардын тыгыз кызматташуусуна жараша болот. Ошондуктан бүгүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, шайлоо комиссияларынын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн көрүп отурганыбыз жана бардык катышуучулардын конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экендиги кубанычтуу”, - деп айтты А. Рогов.

“Шайлоо боюнча адистер эң маанилүү иш шайлоолордун ортосундагы мезгилде өтөт деп айтышат. Бул мезгилде биз каталарды оңдоп, өзүбүздүн күчтүү жактарыбызды чыңдап, начар жактарыбыздан арыла алабыз, ошентип, кийинки шайлоого эки эселенген күч-кубат, билим менен барабыз. Бүгүнкү талкуу – бул бардык деңгээлдеги шайлоону администрациялоонун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун баалоонун, Кыргыз Республикасындагы инклюзивдүү чөйрөнү өңүктүрүү үчүнкалган көйгөйлөрдү түшүнүүнүн мыкты жолу. Биргелешип иштөө менен биз Кыргыз Республикасында демократиялык шайлоону мындан ары дагы бекемдөөгө көмөктөшө алабыз. Мен демилге көтөргөндүгү үчүн БШКга, бардык чогулгандарга ушул маанилүү талкууга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Биз акыркы эки жылдын тогошунда ар кандай деңгээлдеги шайлоону уюштуруусуна БШКга колдоо көрсөттүк, ал эми шайлоолордун ортосундагы мезгилде Комиссиянын институциялык дараметин чыңдоого колдоо көрсөтүүнү улантабыз”, - деп белгиледи USAIDдин КРдеги миссиясынын директорунун м.а. Э. Мейбрук.

“Бүгүнкү коомдук талкуу шайлоо тутумун канткенде мындан дагы көбүрөөк жакшыртууга болот жана өлкөдөгү демократиялык башкарууну дагы кантип бекемдесе болот деген суроолордун тегерегинде ой жүгүртүү үчүн мүмкүндүк түзөт. Бүткүл циклдын мезгилинде БШК менен биргеликте күчтүү жана конструктивдүү роль ойногон жарандык коомдогу өнөктөштөрүбүзгө мен ыраазычылык айтам. Бул өнөктөштүктү мындан ары дагы өнүктүрө алаарыбызга мен ишенемин”, - деди БУУнун Өнүктүрүү программасынын КРдеги туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен.

КР БШК төрагасы коомдук диалогдун катышуучуларын өткөн парламенттик шайлоодогу шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү жана жаңылыктары менен тааныштырды (КР ЖК депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу презентацияны бул жерден көрсө болот).

2021-жылы бардык деңгээлдерде шайлоо жана эки референдум өткөрүлдү. Жыл мазмундуу болду. 2021-жылдын ноябрындагы Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин Кыргызстанда саясий жактан турукташтыруу процессинин аяктоочу маанилүү этабы болуп калды.

2021-жылдагы конституциялык өзгөртүүлөрдүн натыйжасында ЖК депутаттарынын сандык курамы кыскарып, 90 адам болду, КР ЖКнын ыйгарым укуктары өзгөрдү. Кабыл алынган жаңы Конституцияны ишке ашыруу үчүн парламент депутаттарын шайлоо тартибин өзгөрткөн мыйзам иштелип чыгып, 2021-жылы июлда кабыл алынды, ал депутаттарды аралаш тутум менен шайлоону карайт.

Шайлоо тажрыйбасына байланыштуу добуштарды сатып алууга жана администрациялык ресурска каршы натыйжалуу аракеттенүү боюнча Президент жана Өкмөт тараптан кадамдар жасалгандыгын белгилөө керек. Бул иш бара-бара натыйжалуулугу артуу менен 2021-жылдагы бардык шайлоо процесстеринин жүрүшүндө улантылды. Өлкөнүн жетекчилигинин саясий эркинин аркасында, укук коргоо органдарынын, жарандык коомдун жана жарандардын, ЖМКлардын күч-аракеттеринин аркасында бул багытта олуттуу алга жылууга жетишүүгө мүмкүн болду.

Республикалык штаб жана Өкмөт, жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тараптан шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн жакшы жардам – материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча бардык зарыл чаралар өз убагында жана сапаттуу көрүлгөндүгүн белгилөө керек.

Президенттик, парламенттик, жергиликтүү шайлоолорду жана референдумду биргелешип даярдоодо жана өткөрүүдө мамлекеттик органдар – Жогорку Кеңеш, Өкмөт, сот жана укук коргоо органдары, жергиликтүү администрациялар жана ЖӨБ гана эмес, ошондой эле жарандык коомдун уюмдары, эксперттер жамааты жана Кыргыз Республикасынын ЖМКлары жигердүү иштеди, бул шайлоодо БШК алар менен өзгөчө жигердүү жана жемиштүү кызматташты.

КР Боршайкому эл аралык өнөктөштөргө – БУУӨПкө, Евробирликке, Кореянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттигине, ЕККУга, Япониянын, Кореянын, Германиянын, Швейцариянын өкмөттөрүнө, Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондуна жана ЮСАИДге, КМШ ПААнын парламентаризм институтуна, УДИге, ЭРИге жана өлкөнүн шайлоо чөйрөсүндө демократиялык тутумду куруу боюнча муктаждыгына сезгич мамиле кылган жана шайлоо процессин демократиялык нукта реформалоонун бардык этаптарында мурда дагы, ушул парламенттик шайлоонун жүрүшүндө дагы маанилүү колдоо көрсөткөн башка өнөктөштөргө айрыкча ыраазычылык билдирди.

Мурдагы жана азыркы шайлоо өнөктүктөрүн уюштурууда бардык деңгээлдерде шайлоо комиссияларынын 30 миңден ашык мүчөсүнөн турган чоң команда иштегендиги тууралуу диалогдун катышуучуларына маалымат берилди. Дээрлик 2,5 миң участкалык жана 36 округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн өздөрүнүн жарандык озуйпасына кесипкөй жана жоопкерчиликтүү мамилеси шайлоонун туруктуулугуна, аныктыгына жана ачык-айкындуулугуна жетишүүдө негизги ролдордун бирин ойноду.

Шайлоонун жыйынтыгы шайлоо мыйзамдары мындан ары дагы өркүндөтүлүшү керектигин айгинеледи, жол-жоболордогу чараларды өркүндөтүү, программалык жана техникалык жактан жаңылоо зарыл экендиги белгиленди. Укук маданиятын, жарандык билим берүүнү жогорулатуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү өзгөчө бышып жетилди.

“Кийинки шайлоо циклы 2025-жылы бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоодон башталат, андан кийин 2026-жылы – парламенттик, 2027-жылы президенттик шайлоо өткөрүлөт. Шайлоолордун ортосундагы мезгилде мыйзам чыгаруу, уюштуруучулук, техникалык, маалыматтык жана билим берүү мүнөзүндөгү иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн бизде жана силерде убакыт бар”, - деп айтты Н. Шайлдабекова.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб көргөн чаралар тууралуу Республикалык штабдын жетекчиси М. Иманкулов баяндап берди.

“Шайлоо – бул олуттуу саясий иш-чара. Шайлоону уюшкандыкта өткөрүү үчүн, шайлоо ачык-айкын жана мыйзам алкагында өтүшү үчүн шайлоо комиссияларына көмөктөшүү менен мамлекет мүмкүн болушунча көп күч-аракет жумшоосу керек. Ушул максатта 2021-жылы 30-сентябрда Министрлер Кабинетинин башчысынын тескемеси менен парламенттик шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү, уюштуруучулук-техникалык иш-чараларды камсыздоо үчүн штаб түзүлгөн. Өткөн КР ЖК депутаттарын шайлоодо мамлекеттик органдын бир дагы кызмат адамы добуш берүүнүн натыйжасына таасир эте албоосу үчүн бүт күч-аракетибизди жумшагандыгыбызды белгилегим келет”, - деди ал.

2021-жылдагы парламенттик шайлоодо байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө баяндама менен “Жалпы иш” коомдук фондунун директору А. Суйундуева чыгып сүйлөдү. Ал төмөнкүлөрдү белгиледи: фонддун 2021-жылы ноябрда өткөрүлгөн изилдөөсүнө ылайык “калктын ЖК депутаттарын шайлоого ишеним индекси” төмөнкүдөй: суралгандардын 39.8%ы жарандардын парламенттик шайлоодо добуш берүүгө келүүсүнүн төмөндүгүн калктын адилдигине ишенбөөчүлүгү менен түшүндүрүштү, 31.6%ы анын себебине баа берүүдө арсар экендигин белгилешти, 7.6%ы татыктуу талапкерлердин жоктугу менен түшүндүрүштү, 6.8%ы №2 форманын жокко чыгарылгандыгы себеп болгондугун айтышты жана 4.5%ы шайлоочуларды сатып алуу болбогондугун белгилешти.

Шайлоодо мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратурасынын кызматкерлери чыгып сүйлөштү. Шайлоо алкагында сот чечимдери боюнча диалогдун катышуучуларына сот органдарынын өкүлдөрү маалымат берди.

Коомдук диалогдун экинчи бөлүгүндө жумушчу топторунда шайлоону уюштурууну өркүндөтүү, шайлоочулардын жана талапкерлердин укуктарын ишке ашырууга шарт түзүү, жалпысынан шайлоо процессинин айкындуулугун арттыруу үчүн мыйзам чыгаруу, программалык-техникалык, уюштуруучулук, маалыматтык деңгээлде көрүүгө зарыл болгон чаралардын планы талкууланды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>