Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын пайдалануу эрежелери боюнча окуудан өтүп, электрондук санариптик кол тамга алууга болот
06.10.2022

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын пайдалануу эрежелери боюнча окуудан өтүп, электрондук санариптик кол тамга алууга болот

2022-жылдын октябрынан баштап бардык аймактарда ачылган жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын пайдалануу эрежелери боюнча окуудан өтүп, электрондук санариптик кол тамга (ЭСК)  алууга болот. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан 143 кызматты ала аласыз. Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда Сизге электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдаланууну үйрөтүшөт. Борборлордогу жабдууларды колдонуу менен Сиз документтерди алуу үчүн түздөн-түз арыз берсеңиз болот, жарандардын катталган жери тууралуу маалымкат, кыймылсыз мүлккө укуктардын көчүрмөсүн, транспорт каражаты жана айып пулдардын бар экендиги, салык төлөмдөрү боюнча маалымат, никелешүү тууралуу, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн маалыматын аласыз жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланасыз. Маанилүү! Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда Сиз электрондук санариптик кол тамга алсаңыз болот. ЭСК бекер берилет. Санариптик кол тамга толук укуктук күчкө ээ жана “кол жазма кол тамганын” эквиваленти болуп саналат. Ал жеке адамдарга аралыктан өз ара аракеттешүүгө, мамлекеттик органдарга электрондук отчет берүүгө жана укуктук мааниге ээ электрондук документ жүгүртүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жарандар ЭСК аркылуу Бирдиктүү идентификациялоо тутумуна кире алышат, ал аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта алса болот. Бул курс «Түндүк» мамлекеттик мекемеси жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору тарабынан ишке ашырылууда. Иш графиги: ар бир иш күнү, эреже катары, саат 10.00дөн 11.00гө чейин – Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын пайдалануу эрежелерин үйрөтүү, саат 11.00дөн 12.00гө чейин – электрондук санариптик кол тамганы берүү. Жарандык жана санариптик билим берүүнүн айрым борборлорунда башка иш графиги аныкталышы мүмкүн. Аймактардагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун даректерин жана иш графигин бул жерден караңыз.        Суроолор боюнча 1255, +312 620171 телефондору же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыздар болот. Маалымат үчүн: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарынын базасында 70 жарандык жана санариптик билим берүү борборлору ачылган. Борборлор жарандык билим берүү жана калктын бардык катмарлары үчүн санариптик көндүмдөрдү жайылтуу программаларын ишке ашырышат. Борборлордун ишинин алкагындагы иш-чаралардын форматтары өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүнү жогорулатууга багытталган онлайн/оффлайн окуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдар клубдарын жүргүзүүнү камтыйт. КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору жана IT
Кененирээк билүү >>
БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
05.10.2022

БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 5-октябрында өткөн жыйналышында Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жакипов Абдибахап Мамасалиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Омурзаков Тилек Рахманалиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.М. Жакиповдун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
05.10.2022

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 5-октябрында өткөн жыйналышында Ак-Суу, Ноокат, Жайыл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаты Бокоева Назгуль Сагалыевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Исаев Төлөгөн Бекташовичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты Муктар уулу Ысактын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдыраимов Сеитбек Жапаровичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Жайыл районунун Красный-Восток айылдык кеңешинин депутаты Доттер Вадим Николаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Чокморова Мооркан Асановнага өткөрүп берилди. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңешинин депутаты Усенов Айбек Райкановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Газиев Ильзат Сейдахметовичке өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!
05.10.2022

БШК билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!

Урматтуу билим берүү кызматкерлери! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Мугалим – жаш муундардын келечектеги жашоосуна жол көрсөтүп, багыт берген, дүйнө таануусуна көмөктөшкөн эң ардактуу кесип. Агартуу жана тарбия берүү аркылуу адамдын гана эмес, коомдун дагы келечегине чыйыр салган кесип ээлери катары мугалимдер чоң сый-урматка татыктуу. Биз жаш кыргызстандыктарга билим, тарбия берүүдө күч-аракеттерин жумшап жаткан мугалимдерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Билим берүү тармагынын кызматкерлери өз милдеттерин аткаруу менен гана чектелбестен, мыйзамдарда белгиленген тартипте өлкөбүздүн коомдук-саясий иштерине, анын ичинде шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө жигердүү катышып, чоң салымын кошууда. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларында иштеген билим берүү кызматкерлеринин ак ниет жана жоопкерчиликтүү эмгегин жогору баалайт. Ардактуу билим берүү кызматкерлери! Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, ишиңиздерди мындан ары дагы ийгиликтер коштоп жүрүүсүн каалайбыз! Сиздердин кесипкөй жана жигердүү иш-аракеттериңиздер Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн өбөлгө болсун! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 5 - октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
05.10.2022

КР БШКнын 2022 - жылы 5 - октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 5 октябры Убактысы: 12:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Суу, Ноокат, Жайыл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы) 3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Көңүл буруңуз! Каржылык сабаттуулук ар бир адамга жеткиликтүү!!!
03.10.2022

Көңүл буруңуз! Каржылык сабаттуулук ар бир адамга жеткиликтүү!!!

Төмөнкүлөрдү үйрөнгүсү келгендердин эсине: үй-бүлө бюджетин кандай пландоо керек, акчаны кантип туура жыйноо жана карызды кантип туура алуу керек, салык төлөө маселелери тууралуу көбүрөөк билели. 2022-жылдын 28-сентябрынан тартып 27-октябрына чейин саат 9.00дөн 17.00гө чейин Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Чүй, Ош, Баткен, Талас облустарынын жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда (ЖСББ) калктын каржылык сабаттуулугу боюнча окутуу курстары өткөрүлүүдө. Жеке каржылык туруктуулукка жетүү жана өз акча каражаттарын эркин тескөө үчүн адам каржылык жактан сабаттуу болуп, өз финансысын башкара билүүсү зарыл. Каржылык сабаттуулук – бул адамдын мүмкүн болуучу каржылык натыйжаларды түшүнүү менен каржылык чечимдерди кабыл алуу жана каржы тутумунун ар түрдүү аспаптарын иш жүзүндө колдонуу үчүн зарыл маалыматты алууга, түшүнүүгө жана ага баа берүүгө жөндөмдүүлүгү. Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (IFAD) «Рынокторго жетүү» долбоорунун каржылык колдоосу астында «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» укуктук жактардын бирикмеси тарабынан өткөрүлөт. Сиздин суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 телефону же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот. Төмөндө каржылык сабаттуулук боюнча окутуу курстарын өткөрүү графиги берилди. Экинчи этапта каржылык сабаттуулук боюнча курстар башка жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда дагы өткөрүлөт. Өткөрүү датасы ЖСББ жана өткөрүлүүчү жер Бишкек шаары 28.09.2022 К.Баялинов атындагы Балдар жана жаштар үчүн республикалык китепкана   Биринчи май району, А. Огонбаев көч., 242 30.09.2022 К.Тыныстанов атындагы №5 шаардык китепкана Свердлов району, Кольбаев көч., 4 04.10.2022 С.Орозбаков атындагы №13 шаары Октябрь району, 7-микрорайон, 1-үй 07.10.2022 Бишкек шаарындагы борборлоштурулган китепканалар тутуму Ленин району, Чокморов көч., 246 Ош шаары 04.10.2022 Облустук китепкана Ош шаары, Курманжан Датка көч., 271 07.10.2022 Шаардык китепкана Ош шаары, Навои көч., 5 Ош облусу 05.10.2022 Жаштар борбору Араван району, Чек-Абад а/ө, Кочубаев айылы, Кочубаев көч., 135 05.10.2022 А.С. Пушкин атындагы райондук китепкана Араван району, Араван, Х.Абдуллаев көч., 1 10.10.2022 Маданият үйү Кара-Суу району, Жоош айыл өкмөтү, Большевикайылы, К.Адышев көч., н/жок 11.10.2022 Маданият үйүндөгү айылдык китепкана Өзгөн району, Мырзаке айылы, Нурбаев көч., 30 12.10.2022 Райондук китепкана Алай району, Гүлчө айылы, Курманжан Датка көч., 11 14.10.2022 Райондук борборлоштурулган китепкана Ноокат району, Ноокат ш., О.Солтобаев көч., 1 18.10.2022 А.Токтосартов атындагы райондук китепкана Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы, Ч.Пазылов көч., 30 24.10.2022 А.Тангатаров атындагы №14 интернат гимназия Өзгөн району, Куршаб айылы, А.Камчыбеков көч., 248 27.10.2022 Жаштар борбору (Маданият үйүнүн имараты) Кара-Суу району, Нариман а/о, Нурдар айылы, Бабур көч., н/жок Чүй облусу 29.09.2022 ЖСББ, Беловодск айылы (РМА кичи залы) Москва району, Беловодск айылы, Ленин көч., 27 04.10.2022 ЖСББ, Лебединовка айылы (РМА кичи залы) Аламудун району, Лебединовка айылы, Ленин көч., 354 а 06.10.2022 Облустук китепкана Ысык-Ата району, Кант ш., Маликов чолок көч., 5 07.10.2022 Жаштар борбору Аламүдүн району, Маевка айылы, ул. Школьная көч.,112 б 10.10.2022 Райондук китепкана Жайыл району, Кара-Балта ш., Кожомбердиев пр. 117, 12.10.2022 Маданият үйү Кемин району, Кемин ш., Победа көч., 23 12.10.2022 Борбордук китепкана Токмок ш., Сарыбагышев көч., 80А. 14.10.2022 Маданият үйү Кемин району, Орловка ш., Кудряшов көч., 15 ​ 14.10.2022 Чүй борбордук китепканасы Чүй району, Чүй айылы, М. Сансызбаев көч., 75 17.10.2022 Райондук китепкана Сокулук району, Сокулук айылы, Ленин көч., 124 19.10.2022 Маданият үйү Сокулук району, Шопоков ш., Ленин көч., 23 20.10.2022 РМА имаратындагы БББ Панфилов району, Кайыңды ш., Садовый чолок көч., 7 Талас облусу 05.10.2022 Райондук китепкана Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көч., 82 06.10.2022 Райондук китепкана Талас району, Көк-Ой айылы, Ленин көч., 270 07.10.2022 Облустук китепкана Талас ш., Ч.Айтматов көч., № 353 10.10.2022 Жаштар борбору Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Кожомуратов көч., № 18 11.10.2022 Лицей Манас району, Покровка айылы, Б.Чойбеков көч., 19. Баткен облусу 19.10.2022 Райондук китепкана (Ж.Мамажанов атындагы МҮ имараты) Кадамжай ш., Р.Абдыкадыров көч., 16, 19.10.2022 ЖСББ, Айдаркен ш. Кадамжай району, Айдаркен ш., Кыргызстан көч., 19     Маалымат үчүн: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган. Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында өткөрүлөт.   КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору
Кененирээк билүү >>
Карылардын эл аралык күнүнө карата жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда улуу муундагы жарандар үчүн “Санарип 50+” тренингдери өтөт
03.10.2022

Карылардын эл аралык күнүнө карата жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда улуу муундагы жарандар үчүн “Санарип 50+” тренингдери өтөт

2022-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Ленин жана Октябрь райондорунун шаардык китепканаларында, Сокулук районунун Сокулук айылындагы райондук китепканасында, Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы райондун мамлекеттик администрациясынын кичи залында Карылардын эл аралык күнүнө карата санариптик курсу боюнча “Санарип 50+” тренингдери өткөрүлүүдө. “Санарип 50+” долбоорунун максаты – улуу муундагы адамдарды санариптик процесстерге интеграциялоо. Курс төмөнкүдөй темаларды камтыйт: смартфондун функциялары, смартфон аркылуу маалымат издөө, социалдык түйүндөр аркылуу баарлашуу, расмий кат алышуу үчүн электрондук почтаны пайдалануу, накталай эмес операциялар үчүн электрондук капчыкты жана каржылык санариптик аспаптардын негиздерин пайдалануу. Интернеттин коопсуздугуна айрыкча көңүл бурулууда, интернеттин чексиз мейкиндигинде өзүнүн жеке маалыматтарын коргоо жөнүндө маалымат, ошондой эле финансы чөйрөсүндө кибер коопсуздук боюнча кеңештер берилүүдө. “Санарип 50+” долбоорунун максаты жана милдеттери «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоонун беш жылдык стратегиясындагы «Санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү аркылуу калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жөнүндө» 1-милдетке дал келет жана «Бүт калк үчүн, анын ичинде аялуу топтор үчүн санариптик көндүмдөр» компоненти боюнча максаттуу индикаторлорго жетүүгө көмөк көрсөтөт. Бул курстар КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен «Розы Отунбаеванын демилгелери» Эл аралык коомдук фондунун кызматташуусунун алкагында бардык аймактардагы башка жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда дагы өткөрүлөт. Маалымат үчүн: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган. Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында өткөрүлөт.  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз делегациясы Латвиянын парламентине шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууда
01.10.2022

Кыргыз делегациясы Латвиянын парламентине шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууда

Бүгүн – 2022-жылы 1-октябрда Латвияда 14-Сеймге кезектеги шайлоо өтүүдө, ага алдыдагы төрт жылга парламенттин 100 депутаты шайланат. Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынан парламент депутаттары Г.А.Кожокулова, М.А.Абдалиев жана БШК өкүлдөрү катышууда. Сеймге шайлоо беш шайлоо округунда – Ригада, Видземде, Латгалде, Курземде жана Земгалде өтүүдө, Сеймге ар бир округдан белгилүү бир сандагы депутаттар шайланууга тийиш. Шайлоо округдарынан шайлануучу парламентарийлердин саны шайлоого чейин төрт ай мурда Жеке жактардын Реестринде катталган шайлоочулардын санына жараша Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат. Латвиянын 18 жашка толгон жарандары Сеймге шайлоодо добуш берүү укугуна ээ. 14-Сеймге шайлоодо шайлоочуларды эсепке алуу үчүн шайлоо участокторунда шайлоочулардын электрондук онлайн-регистри пайдаланылат, ошондуктан эми мурдагыдай шайлоочунун паспортуна же өздүгүн күбөлөндүрүүчү ырастамага штамп мындан ары коюлбайт. Бул шайлоочулардын электрондук онлайн-регистри 2021-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоодо ийгиликтүү пайдаланылган. Реестрге Сеймге шайлоого катышууга укуктуу жана добуш берүү укугуна ээ бардык жарандар киргизилген. Шайлоо участогунда шайлоо комиссиясынын кызматкери онлайн-регистринде шайлоочунун добуш берүү укугун текшерет жана шайлоочу добуш бергенин белгилейт. Ден соолугунун абалына байланыштуу шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар, ошондой эле андай шайлоочуларды баккан адамдар жана оорулууларды баккан адамдар өздөрү турган жер боюнча добуш берүүсү тууралуу арыз бере алышат. Чет өлкөлөрдө жашаган шайлоочулар почта аркылуу добуш бере алышат. Өз кезегинде добуш берүү күнү 21 жашка толгон Латвиянын жарандары депутаттыкка талапкер болушу мүмкүн. Мыйзамда белгиленген тартипте катталган партиялар же партиялардын бирикмелери Сеймге шайлоодо талапкерлердин тизмелерин бере алышат. Талапкерлеринин тизмелери шайлоого катталган ар бир партия же партиялардын бирикмеси Сеймге шайлануу үчүн шайлоодо берилген добуштардын жалпы санынын 5 пайызынан кем эмесин алууга тийиш. Сеймге шайлоо жөнүндө Мыйзамда белгиленген кандайдыр бир чектөө таркатылбаса, добуш берүү күнү 21 жашка толгон Латвиянын ар бир жараны депутаттыкка талапкер болушу мүмкүн. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жеткизди
30.09.2022

КР БШК 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жеткизди

2022-жылы 29-сентябрда КР БШК мүчөсү М.Д. Наспековдун катышуусунда Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендери жеткизилип, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына акты боюнча өткөрүлүп берилди. Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн кыргыз тилинде 8127 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 5 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды. Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык,  шайлоо бюллетендерин Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү  добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн калганда жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынын 0,1 пайызынан ашышы мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
30.09.2022

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 30-сентябрында өткөн жыйналышында Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен, Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Аскарбеков Азамат Аскарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кубанычбеков Нурсултан Кубанычбековичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Батаева Перизат Олеговнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ибраимов Качкымбек Джапралиевичке өткөрүп берилди. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңешинин депутаты Мажидова Обидина Раджабовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Хандышанов Магомед Люлюновичке өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылдык кеңешинин депутаты Аршижан уулу Баямандын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдылмамыт уулу Диярбекке өткөрүп берилди. Баткен облусунун Баткен районунун Самаркендек айылдык кеңешинин депутаты Дыйканова Өмүрбека Муратбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жороев Даирбек Маматкуловичке өткөрүп берилди. Баткен облусунун Баткен районунун Самаркендек айылдык кеңешинин депутаты Таштанов Махмутжан Назирбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдурахманов Исламидин Мацаковичке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутатынын бош мандаты Иманалиев Нурбек Малдышовичке өткөрүп берилди. Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Бийхурова Сельма Башаевнаны Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңешинин, Тилебалды уулу Элдиярды Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
30.09.2022

БШК Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 30-сентябрында өткөн жыйналышында Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Багышов Элдияр Абдырахманович комиссиянын курамынан чыгарылсын; -«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Казиев Токтосун Сатыбалдиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.А. Багышовдун  Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Ыйман Нуру» саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен талапкерди чыгарды
30.09.2022

БШК «Ыйман Нуру» саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен талапкерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 30-сентябрындагы жыйналышында «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бейшеева Нарина Доктурбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү»  саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Б.Д. Бейшееванын өз арызынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 30 - сентябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2022

КР БШКнын 2022 - жылы 30 - сентябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 30 сентябрь Убактысы: 11:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Бейшеева Нарина Доктурбековнаны «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен, Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. «Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы № 111 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы) 4. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө (баяндамачы – Дамир кызы А., адам ресурстарын башкаруу секторуну башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин жөнөттү
28.09.2022

КР БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин жөнөттү

2022-жылы 28-сентябрда “Учкун” ААК имаратында 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого өткөрүү үчүн даярдалган шайлоо бюллетендерин алуу-өткөрүү актысына кол коюлду. Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 8127 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, 5 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалды. Баары кыргыз тилинде даярдалды. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мажоритардык тутум боюнча шайлоодо бир шайлоо бюллетени даярдалат, анда талапкерлердин фамилиялары, аты-жөндөрү кошумча көрсөтүлөт, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу тутум боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт. Курамында БШК мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери болгон жумушчу топ “Учкун” ААКта бюллетендерди басуу процессине тынымсыз (күнү-түнү) байкоо жүргүздү. “Учкун” ААКтын басып чыгаруу цехинде Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган бюллетендерди тесттен өткөрүүчү жабдыктардын комплекти орнотулган. Кайтаруу УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан камсыздалды. Шайлоо бюллетенинин жогорку даражадагы корголуусу бар, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди тааный алуусу үчүн атайын корголуу боёгу менен боёлот. Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына  акт боюнча өткөрүп берет. Жараксыздарын алып салгандан кийин Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн басылган 7 килограмм бюллетень жок кылынды. Маалымат үчүн: Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин КР БШКнын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат. Шайлоо бюллетендерин басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан алып чыгууга, ошондой эле Мыйзам талаптарын бузуу менен шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт
23.09.2022

КР БШК кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт

Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын дилинен куттуктайт! 33 жыл мурда ушул күнү улуу тилибиз мамлекеттик тил катары таанылган. Конституциябызда кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары аныкталган. Ата-бабабыз бизге калтырган ыйык аманат жана элибиздин келечеги болуп саналган эне тилибизди көздүн карегиндей сактоо, кадыр-баркын көтөрүү, жашоо-турмушубузда кеңири жана сабаттуу колдонуу, өнүктүрүү жана өркүндөтүү –  биздин мекенчилдик милдетибиз. Мамлекеттик тил күнү адаттагы расмий майрам гана болбостон, өлкөбүздө жашаган бардык этностордун ынтымагын бекемдөөчү жана арттыруучу өбөлгө дагы болууга  тийиш. Кыргызстаныбызда тынчтык жана биримдик болсун! КР Борбордук шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
21.09.2022

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 21-сентябрында өткөн жыйналышында Ак-Талаа, Нарын жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Марат уулу Сыймыктын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамышов Болотбек Сөлпүевичке өткөрүп берилди. Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айылдык кеңешинин депутаты Калдарбек уулу Абайдын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдыжакыпов Фархадбек Султанбековичке өткөрүп берилди. Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаты Абдырахманов Улан Сейткасиевичтин (№4, Асыл Мурас Жаштар» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Байышов Бакытбек Сулумбековичке (№35, Асыл Мурас Жаштар» саясий партиясы) өткөрүп берилди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 139 141 … 485