Башкы Жаңылыктар Көңүл буруңуз! Каржылык сабаттуулук ар бир адамга жеткиликтүү!!!

Көңүл буруңуз! Каржылык сабаттуулук ар бир адамга жеткиликтүү!!!

03-Окт, 2022

Төмөнкүлөрдү үйрөнгүсү келгендердин эсине:

  • үй-бүлө бюджетин кандай пландоо керек,
  • акчаны кантип туура жыйноо жана карызды кантип туура алуу керек,
  • салык төлөө маселелери тууралуу көбүрөөк билели.

2022-жылдын 28-сентябрынан тартып 27-октябрына чейин саат 9.00дөн 17.00гө чейин Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Чүй, Ош, Баткен, Талас облустарынын жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда (ЖСББ) калктын каржылык сабаттуулугу боюнча окутуу курстары өткөрүлүүдө.

Жеке каржылык туруктуулукка жетүү жана өз акча каражаттарын эркин тескөө үчүн адам каржылык жактан сабаттуу болуп, өз финансысын башкара билүүсү зарыл. Каржылык сабаттуулук – бул адамдын мүмкүн болуучу каржылык натыйжаларды түшүнүү менен каржылык чечимдерди кабыл алуу жана каржы тутумунун ар түрдүү аспаптарын иш жүзүндө колдонуу үчүн зарыл маалыматты алууга, түшүнүүгө жана ага баа берүүгө жөндөмдүүлүгү.

  • Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (IFAD) «Рынокторго жетүү» долбоорунун каржылык колдоосу астында «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» укуктук жактардын бирикмеси тарабынан өткөрүлөт.

Сиздин суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 телефону же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Төмөндө каржылык сабаттуулук боюнча окутуу курстарын өткөрүү графиги берилди. Экинчи этапта каржылык сабаттуулук боюнча курстар башка жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда дагы өткөрүлөт.

Өткөрүү датасы

ЖСББ жана өткөрүлүүчү жер

Бишкек шаары

28.09.2022

К.Баялинов атындагы Балдар жана жаштар үчүн республикалык китепкана

 

Биринчи май району, А. Огонбаев көч., 242

30.09.2022

К.Тыныстанов атындагы №5 шаардык китепкана

Свердлов району, Кольбаев көч., 4

04.10.2022

С.Орозбаков атындагы №13 шаары

Октябрь району, 7-микрорайон, 1-үй

07.10.2022

Бишкек шаарындагы борборлоштурулган китепканалар тутуму

Ленин району, Чокморов көч., 246

Ош шаары

04.10.2022

Облустук китепкана

Ош шаары, Курманжан Датка көч., 271

07.10.2022

Шаардык китепкана

Ош шаары, Навои көч., 5

Ош облусу

05.10.2022

Жаштар борбору

Араван району, Чек-Абад а/ө, Кочубаев айылы,

Кочубаев көч., 135

05.10.2022

А.С. Пушкин атындагы райондук китепкана

Араван району, Араван, Х.Абдуллаев көч., 1

10.10.2022

Маданият үйү

Кара-Суу району, Жоош айыл өкмөтү, Большевикайылы,

К.Адышев көч., н/жок

11.10.2022

Маданият үйүндөгү айылдык китепкана

Өзгөн району, Мырзаке айылы, Нурбаев көч., 30

12.10.2022

Райондук китепкана

Алай району, Гүлчө айылы, Курманжан Датка көч., 11

14.10.2022

Райондук борборлоштурулган китепкана

Ноокат району, Ноокат ш., О.Солтобаев көч., 1

18.10.2022

А.Токтосартов атындагы райондук китепкана

Кара-Кулжа району, Кара-Кулжа айылы, Ч.Пазылов көч., 30

24.10.2022

А.Тангатаров атындагы №14 интернат гимназия

Өзгөн району, Куршаб айылы, А.Камчыбеков көч., 248

27.10.2022

Жаштар борбору (Маданият үйүнүн имараты)

Кара-Суу району, Нариман а/о, Нурдар айылы, Бабур көч., н/жок

Чүй облусу

29.09.2022

ЖСББ, Беловодск айылы (РМА кичи залы)

Москва району, Беловодск айылы, Ленин көч., 27

04.10.2022

ЖСББ, Лебединовка айылы (РМА кичи залы)

Аламудун району, Лебединовка айылы, Ленин көч., 354 а

06.10.2022

Облустук китепкана

Ысык-Ата району, Кант ш., Маликов чолок көч., 5

07.10.2022

Жаштар борбору

Аламүдүн району, Маевка айылы, ул. Школьная көч.,112 б

10.10.2022

Райондук китепкана

Жайыл району, Кара-Балта ш., Кожомбердиев пр. 117,

12.10.2022

Маданият үйү

Кемин району, Кемин ш., Победа көч., 23

12.10.2022

Борбордук китепкана

Токмок ш., Сарыбагышев көч., 80А.

14.10.2022

Маданият үйү

Кемин району, Орловка ш., Кудряшов көч., 15

​

14.10.2022

Чүй борбордук китепканасы

Чүй району, Чүй айылы, М. Сансызбаев көч., 75

17.10.2022

Райондук китепкана

Сокулук району, Сокулук айылы, Ленин көч., 124

19.10.2022

Маданият үйү

Сокулук району, Шопоков ш., Ленин көч., 23

20.10.2022

РМА имаратындагы БББ

Панфилов району, Кайыңды ш., Садовый чолок көч., 7

Талас облусу

05.10.2022

Райондук китепкана

Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көч., 82

06.10.2022

Райондук китепкана

Талас району, Көк-Ой айылы, Ленин көч., 270

07.10.2022

Облустук китепкана

Талас ш., Ч.Айтматов көч., № 353

10.10.2022

Жаштар борбору

Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Кожомуратов көч., № 18

11.10.2022

Лицей

Манас району, Покровка айылы, Б.Чойбеков көч., 19.

Баткен облусу

19.10.2022

Райондук китепкана (Ж.Мамажанов атындагы МҮ имараты)

Кадамжай ш., Р.Абдыкадыров көч., 16,

19.10.2022

ЖСББ, Айдаркен ш.

Кадамжай району, Айдаркен ш., Кыргызстан көч., 19

 

 

Маалымат үчүн: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган.

Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында өткөрүлөт.

 

КР БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>