Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2022-жылы 9-октябрда саат 20.00гө карата АЭУлардан( 100%) алынган алдын ала маалыматтар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 9-октябрда өткөн Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу 2022-жылы 9-октябрда саат 20.00гө 100% участок боюнча АЭУдан түшкөн маалыматтардын негизинде маалымат берет.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 8120 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 3130 шайлоочу катышты, бул 38,55%ды түзөт.
АЭУдан түшкөн маалыматтар (100%) боюнча Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер алган добуштардын саны:
№1 Кара-Жыгач шайлоо округу
№2 Майдан шайлоо округу
№3 Кароол шайлоо округу
№4 Сары-Алтын шайлоо округу
№5 Исамариям шайлоо округу
Кененирээк билүү >>
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 18.00гө шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 18.00гө шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берет.
Жалпысынан Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 2469 шайлоочу же 30,41%.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшү менен бул жерден таанышсаңыз болот
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 16.00гө шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 16.00гө шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берет.
Жалпысынан Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 2001 шайлоочу же 24,64%.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшү менен бул жерден таанышсаңыз болот
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК эске салат: КР шайлоо мыйзамдарын бузууга күбө болгон шайлоочулар КР БШКнын ЫЧКТсына кайрыла алышат
Бүгүн – 2022-жылы 9-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өтүүдө.
КР Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын эсине салат: эгерде Сиз Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузууга күбө болсоңуз, КР БШКнын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) төмөнкү номерлер боюнча кайрыла аласыз:
Кыска номер: 1255,
WhatsApp: 0(990) 02-12-55; 0(502) 00-12-55,
Ишеним телефону: 0(312) 62-62-46,
Коомдук кабылдама: 0(312) 66-02-40,
Электрондук дарек: кgor_cec@shailoo.gov.kg
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына саат 15:00гө карата шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу түшкөн арыз даттануулар катталган жок.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 14.00гө шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 14.00гө шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берет.
Жалпысынан Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 1610 шайлоочу же 19,83%.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшү менен бул жерден таанышсаңыз болот
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 12.00гө шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 12.00гө шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берет.
Жалпысынан Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 1236 шайлоочу же 15,22%.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшү менен бул жерден таанышсаңыз болот
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 10.00гө шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саат 10.00гө шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берет.
Жалпысынан Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй: 414 шайлоочу же 5,10%.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жүрүшү менен бул жерден таанышсаңыз болот
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
9- октябрь – Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү
Бүгүн – 2022-жылы 9-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү.
Эртең менен саат 8:00дө 5 шайлоо участогу ачылды.
Бардыгы 21 депутат шайланыш керек, 44 талапкер (анын ичинде 11и аял талапкер) мандат үчүн ат салышууда.
Талапкерлер жана партиялар жөнүндө маалыматтар менен шайлоочу тиешелүү плакаттар жайгаштырылган өз шайлоо участогунда, ошондой эле БШКнын «Талапкер» (https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor) онлайн ресурсунан таанышса болот.
Шайлоочулардын жалпы саны 8120ди түздү.
Добуш берүү саат 20:00гө чейин өтөт. Добуш берүү үчүн шайлоочу катталган шайлоо участогуна өзү келүүгө тийиш.
Шайлоочу өзүнүн шайлоо участогун төмөнкүчө билсе болот:
- 1255 же 119 кыска номурларына телефон чалып,
- «tizme.gov.kg» сайтынан,
- Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
БШК жарандарды добуш берүүгө катышууга жана жергиликтүү кеңешке өз өкүлдөрүн шайлоого, шайлоодо жарандык позициясын көрсөтүүгө чакырат.
Маалымат үчүн:
Жергиликтүү кеңештер – ыйгарым укуктары тиешелүү аймакка таркатылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.
Жергиликтүү кеңештер 4 жыл мөөнөткө шайланат жана жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселелерге жооп берет:
· аймактын экономикалык өнүгүшү;
· муниципалдык менчикти башкаруу;
· калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана канализациянын ишин камсыз кылуу;
· жолдордун иштешин жана жарык берүүнү камсыз кылуу;
· көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, коомдук транспорттун иштешин камсыз кылуу жана жөнгө салуу;
· турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу, жарнамаларды мыйзамдарда белгиленген тартипте жайгаштыруу;
· курулаштарды жөнгө салуу жана жерди пайдалануу;
· коомдук тартипти сактоо жана бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, жергиликтүү маанидеги башка маселелер.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына добуш берүү менен Сиз жакын арадагы 4 жылда Сиз жашаган айылда жашоо-турмуш кандай уюштурула тургандыгын тандайсыз!
Сиздин тандоо – биздин жалпы келечегибиз!
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы башында турган БШК мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы башында турган БШК мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти жол баштап берген «Таза мурас» өнөктүгүн колдоду.
Ишембиликтин жүрүшүндө Кашка-Суу айылынан «Ала-Арча» МИнин башкы кире беришине чейинки жол жерге түшкөн бутактардан жана турмуш-тиричилик калдыктарынан тазаланды.
Кененирээк билүү >>
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участокторунан тышкары жерлерде 12 шайлоочу добуш берди
2022-жылы 8-октябрда Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо мурда шайлоо участокторунан тышкары жерлерде добуш берүү үчүн жерлерде добуш берүү үчүн арыз берген бардык 12 шайлоочу добуш берди.
5 УШКнын 2өөнө бардыгы 12 арыз түшкөн. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерлерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө№8112 УШКга – 8 (анын ичинде: карылыгы боюнча – 4, оорусу боюнча – 4), №8195 УШКга –карылыгы боюнча 4 арыз берилген.
Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле добуш ооруканаларда, шектүүлөр жана айыпталуучулар кармалуучу жайларда жүргөн шайлоочулар, алыскы жана жетүү кыйын болгон жерлерде, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү «Демократиялык шайлоонун стандарттары жөнүндө КМШ Конвенциясы: эл аралык кызматташтык үчүн ачык мейкиндик» аттуу эл аралык конференцияга катышты
КР БШКнын өкүлдөрү Санкт-Петербургда (РФ) өткөн «Демократиялык шайлоонун стандарттары жөнүндө КМШ Конвенциясы: эл аралык кызматташтык үчүн ачык мейкиндик» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Иш-чара Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттерде Демократиялык шайлоонун, шайлоо укуктарынынжана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө конвенцияга кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.
Конференцияга КМШга катышканмамлекеттердин ПААсынын парламентарийлери, Армения, Беларусь, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Сербия, Египет, Бангладеш, БАРдын БШК башчылары; эл аралык уюмдардын – КМШ АК, ШКУ, Парламенттер аралык бирлик, Борбордук Америка парламенти, ЖККУ ПА, ЕККУ ПА, Беларусь жана Россия Парламенттик бирлиги, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы жана Парламенттик ассамблеянын жана Кара Деңиз Экономикалык Кызматташтыгынын өкүлдөрү; ошондой эле жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана профессорлор-окутуучулар курамы, окумуштуулар жана адистер катышууда.
Конференциянын алкагында “Демократиялык шайлоонун стандарттары”, “Жаштар тандайт”, “Шайлоолорду уюштуруудагы мыкты тажрыйба”, “Шайлоого байкоо жүргүзүү” аттуу тегерек столдор өткөрүлдү.
КР БШК төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров “Шайлоонун эркиндиги, аныктыгыжана айкындуулугу үчүн шайлоо технологиялары” аттуу баяндамасында Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан технологиялык жаңы тариздертууралуу айтып берди. Өлкөдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү процесстери толук автоматташтырылган, биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен шайлоочуларды идентификациялоо киргизилген, бул «кош добуш берүүнү» болтурбоого мүмкүндүк берет. Шайлоо участоктору маалыматты автоматтык түрдө эсептөөчү урналар менен жабдылган. «Бул добуш берүү аяктагандан кийин биринчи саатта эле 90% жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет», - деп белгиледи Т. Шайназаров. Шайлоочулардын даттанууларынын реестри да автоматташтырылган – берилген сын-пикирлер жана алар боюнча көрүлгөн чаралар бардык аамдардын көз алдында.
Т. Шайназаровдун айтымында, талапкерлер, алардын программалары жана шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын агымы тууралуу маалыматтарды чагылдырган «Электрондук талапкер» маалымат сервиси шайлоо өнөктүгүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга кызмат кылууда.
КР БШК аппаратынын жетекчиси Мирбек Мамбеталиев пандемия шартында шайлоо өнөктүгүн өткөрүү тажрыйбасы жана катаал санитардык чектөөлөрдүн шартында демократиялык шайлоо стандарттарын сактоо боюнча кабыл алынган чечимдер менен тааныштырды.
Бүгүн – 7-октябрда пленардык жыйын болуп, ага КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова (видео байланыш аркылуу) катышты.
Ал өз сөзүндө ал шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү тармагында Шериктештиктин өлкөлөрү укуктук жөнгө салуу чараларын көрүү процессинде жетекчиликке алып жаткан БУУнун жана ЕККУнун документтери менен бирге Конвенция демократиялык шайлоо укугу жана процесси боюнча эл аралык укуктук документтердин тутумунда татыктуу орунду ээлей турганын белгиледи.
КМШ Конвенциясында бекитилген стандарттар жана ченемдер призмасы аркылуу шайлоо жөнүндө улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү Кыргыз Республикасынын практикасы болуп саналат.
Кыргыз Республикасы шайлоо мыйзамдарын жана шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү практикасын ырааттуу жана этап-этабы менен терең реформалоодо. «Бул процессте КМШ ПАА жана Демократияны, парламентаризмди жана Шериктештиктин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого байкоо жүргүзүү жана өнүктүрүү институту (БДӨИ) менен натыйжалуу өз ара аракеттешүү биз үчүн маанилүү жардам болгонун канааттануу менен белгилегим келет», - деп белгиледи ал. КМШ ПАА Институтунун, КМШнын жана башка уюмдардын байкоо жүргүзүү миссияларынын мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча комментарийлери жана сунуштары, КМШ ПАА, БДӨИ менен биргелешкен иш-чаралардын алкагындагы талкуулар маанилүү болуп, улуттук мыйзамдарды демократиялык эркин шайлоолорду өткөрүү стандарттарына ылайыккалыптандырууга жана реформалардын максаттарына жетишүүгө өбөлгө түздү.
КР БШК Төрагасы өз ара түшүнүшүү жана колдоонун негизинде кызматташуу улана берерине ишеним билдирди, ошондой эле Кыргызстан конференциянын алкагында айтылган КМШ өлкөлөрүнүн шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан да жогорку деңгээлде тереңдетүүнү кубаттай турганын белгиледи.
Кыргызстандагы шайлоо темасына Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясынын (A-WEB) өкүлү Тержунг Рита Ли өз сөзүндө токтолду. Ал Кыргыз Республикасында жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн жарандык жана санариптик билим берүү борборлорун ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи, бул тууралуу A-WEB журналында жарыяланган.
Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасынын орун басары Борис Чернышов куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасында шайлоолорду өткөрүүнүн оң тажрыйбасын белгиледи.
КМШ ПАА Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий конференциянын алкагында өткөн «Шайлоо процессиндеги алдыңкы технологиялар» көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасындагы шайлоодо колдонулган технологияларды көрсөткөнү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК: “Талапкер” маалыматтык ресурсунда Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына шайлоого ат салышып жаткан талапкерлер тууралуу маалымат жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого ат салышкан талапкерлердин тизмелерин «Талапкер» маалымат ресурсуна жарыялады.
«Талапкер» http://talapker.shailoo.gov.kg ресурсундагы маалыматтар талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фондунан түшкөн каражаттардын агымы тууралуу жарандарга маалымат берүүгө арналган.
Шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугунун стандартын ишке ашыруу максатында БШК ыйгарым укуктуу банктардан талапкердин шайлоо фондунун атайын эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды берүүгө мүмкүндүк берүүчү компонентти иштеп чыкты жана ишке киргизди. Саясий партияларды «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму (SMEV) аркылуу реалдуу убакыт режиминде автоматташтырылган форматта, ал БШКнын расмий сайтында (Талапкер баракчасы, «Шайлоо фонду» бөлүмү) автоматтык түрдө көрсөтүлөт жана ошого жараша шайлоо фондунун каражаттары боюнча отчётторду топтоп, алып турат. Маалымат жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен (б.а. маалыматтарды ачык жарыялоо үчүн каражаттарды төккөн донордун макулдугу менен) жарыяланат.
2022-жылдын 7-октябрына карата Майдан айылдык кеңешине шайлоого 44 талапкер ат салышууда.
Ошондой эле, бардык 5 шайлоо участогунда талапкерлер тууралуу маалыматтык плакаттар илинди, анда талапкер тууралуу маалыматтар жана шайлоо алдындагы программа камтылган.
Шайлоо участогуна добуш берүү үчүн келген шайлоочу шайлоо участокторунда илинген бул плакаттар аркылуу талапкерлер менен тааныша алат.
«Талапкер» порталына кирүү үчүн Шилтемени басыңыз.
Кененирээк билүү >>
2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлдү
2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлдү.
Шайлоочулардын биротоло тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – КР СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлгөн, КР БШК шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылган - https://tizme.gov.kg/.
Майдан айылдык кеңеши боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 8120 шайлоочуну түздү.
Маалымдама: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн, добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон КР бардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү жарандын паспортунда жашаган жерин каттоо жөнүндө белги менен аныкталат.
("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-бер. 41-абз.; 12-бер. 1-бөлүгү.).
2022-жылдын 29-сентябрына карата Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын саны жөнүндө маалымат
№ к/н
№ УШКнын номери жана жайгашкан жери
Округдун аталышы
Жалпы саны 8120
18-29
30-39
40-49
50-59
60-69
70-
АШК боюнча баардыгы
8120
2527
2007
1434
1082
755
315
1
8110 Кара-Жыгач айылы, Маданият үйүнүн имараты, Кара-Жыгач көчөсү, 51
№1 Кара-Жыгач шайлоо округу
2311
749
528
394
306
233
101
2
8111 Майдан айылы, "Исфайрам" атындагы орто мектеп, А.Кудайназаров көчөсү, 6 М
№2 Майдан шайлоо округу
1886
558
478
298
240
202
110
3
8112 Кароол айылы, М.Таиров атындагы орто мектеп, Т.Ашуров көчөсү, 12
№3 Кароол шайлоо округу
605
173
152
86
80
79
35
4
8153 Сары-Алтын айылы, "Сары-Алтын" атындагы орто мектеп, Сары-Алтын көчөсү, 4
№4 Сары-Алтын шайлоо округу
1760
551
468
342
221
149
29
5
8195 Кара-Дөбө айылы, Темирбаев атындагы орто мектеп, Кара-Дөбө көчөсү, 5
№5 Исамариям шайлоо округу
1558
496
381
314
235
92
40
Кененирээк билүү >>
Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган 1 талапкер шайлоого андан ары катышуудан баш тартты
2022-жылдын 3-октябрында Кадамжай АШКсына №3 Кароол шайлоо округу боюнча катталган Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Т.А.Бегалиев 2022-жылдын 9-октябрына белгиленген шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз менен кайрылды.
Кадамжай АШКнын 2022-жылдын 3-октябрындагы № 5 чечими менен Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Т.А.Бегалиевдин каттоосу жокко чыгарылган.
Добуш берүү күнү Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого 44 талапкер катышат, анын ичинен он бири аял талапкер.
Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык: «Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлер, талапкерлердин тизмеси чыгып кеткен учурда, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндөгү шайлоо бюллетендериндеги маалыматтарды чийип салат. Чийип салуу талапкер, саясий партия, жөнүндө бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча шарик калеми менен гана түз сызык түрүндө жүргүзүлөт. Мында чийүү сызыгы талапкер, саясий партия жөнүндө маалымат жазылган саптын каршысындагы бош квадратты камтууга тийиш».
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочулардын кат жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады
2022-жылы 5-октябрда Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочулардын кат жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады.
Жалпысынан 5 УШКнын экөөсүнөн 12 арыз келип түштү. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочулардан № 8112 УШКга 8 арыз (анын ичинде: 4 – карылыгы боюнча, 4– оорусу боюнча), № 8195 УШКга 4 арыз (карылыгы боюнча-4) түштү.
Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:
добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –
добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын жолугушуусу болуп өттү
БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын жолугушуусу болуп өттү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы шайлоо тутумун демократиялаштырууга багытталган бир катар долбоорлордун алкагында натыйжалуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУнун Кыргыз Республикасындагы уюмдарынын тутумуна ыраазычылык билдирди.
Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө өлкөнүн стратегиялык документтеринде шайлоо тутумун реформалоо ансыз өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү мүмкүн болбой турган керектүү жана чечүүчү процесс катары аныкталган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУ ӨП) координациясы менен өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр тарабынан колдоосу астында анык жана ачык-айкын демократиялык шайлоо өткөрүү боюнча Кыргызстан жумшап жаткан күч-аракеттерге маанилүү салым кошулду. Өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасында шайлоо процессин реформалоодо комплекстүү жана ырааттуу чараларды ишке ашырууга мүмкүн болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында шайлоо тутумун реформалоонун жүрүшү жөнүндө маалымат жана пикир алмашылды.
БУУнун Кыргыз Республикасындагы жаңы Туруктуу координатору Антье Гравеге шайлоо тутумунда колдонулуп жаткан шайлоочуларды эсепке алуунун аныктыгын жана ачык-айкындуулугун, шайлоочулардын добушун саноону камсыздоочу технологиялар, майыптыгы бар адамдардын, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо, ошондой эле аялдар менен жаштардын саясатка катышуусун кеңейтүү боюнча чаралар жөнүндө, добуштарды сатып алууга жана администрациялык ресурстарды колдонууга каршы укук коргоо органдары менен иш алып баруунун укуктук негиздери жана тартиби жөнүндө маалымат берилди.
БШК төрагасы шайлоолордун аралыгында шайлоочулардын шайлоо тутумуна ишеним деңгээлин мындан ары арттыруу жана шайлоого катышуусун жигерлетүү БШКнын шайлоолордун аралыгындагы артыкчылыктуу милдеттери болуп санала тургандыгын белгиледи, бул милдеттер, анын ичинде, өлкөнү ак ниеттүү башкарууга жана аны өнүктүрүүгө таасир эткен коомдогу маанилүү коомдук-саясий процесс катары жарандардын шайлоо жөнүндө кабардар болуусун жана аны түшүнүүсүн жакшыртуу аркылуу ишке ишке ашырылышы мүмкүн.
Тараптар ишеним деңгээлин жакшыртуу үчүн жарандардын шайлоо, башкаруунун саясий тутуму, демократиянын баалуулуктары, адамдын укуктары жана эркиндиктери, жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө кабардар болуусун жана аны түшүнүүсүн арттыруу боюнча ишти улантуу маанилүү экендигине макулдугун билдиришти.
Маалыматтык-түшүндүрүү иштерин ар дайым жана кеңири алып баруу жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалары туруктуу болушу үчүн зарыл.
2025-2027-жылдардагы кезектеги жаңы шайлоо циклына чейинки шайлоолор аралыгындагы мезгилде КР БШК жарандык коом менен кызматташып, шайлоочуларга жарандык билим берүү жана агартуу чөйрөсүндө артыкчылыктуу иш жүргүзөт.
Сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор расмий түрдө ишке киргизилген.
Борборлордо жарандык билим берүүнүн жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жана пайдалануу боюнча санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун иши жарандардын бардык категорияларына багытталган, анын ичинде улгайган адамдар, жаштар, аялдар жана майыптыгы бар адамдар үчүн атайын программалар бар.
КР БШК шайлоо тутумун мындан ары өнүктүрүү жолдору жана 2025-2027-жылдардагы кезектеги шайлоо циклына карата даярдык көрүү жөнүндө маселе менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө кайрылган.
БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве өлкөнү демократиялаштыруу жана туруктуу өнүктүрүү үчүн шайлоо тутумун реформалоо маанилүү экендигин айтты, орун алган жетишкендиктерди канааттануу менен белгиледи жана өлкөнүн бул багыттагы күч-аракеттерин мындан ары колдоону уланта тургандыгына ишенимин билдирди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.10.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
21.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү