Башкы Жаңылыктар Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда компьютердик сабаттуулук …

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда компьютердик сабаттуулук боюнча онлайн курстар башталат

01-Ноя, 2022

2022-жылы 10-ноябрда бардык Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда бардык каалоочулар үчүн КОМПЬЮТЕРДИК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОНЛАЙН ОКУТУУ башталат.

Жаңы баштагандар үчүн курстар: КОМПЬЮТЕРДИК САБАТТУУЛУК

Курс жаңы баштагандарды санарип дүйнөсү, компьютерде иштөөнүн негизги түшүнүктөрү менен тааныштырууга жана көндүмдөрүнө үйрөтүүгө арналган. Бул видео сабактардан Сиз компьютер – эмне экендигин жана анын кандай түрлөрү болорун биле аласыз. Сиз тексттик редакторлорду өздөштүрүп, алар менен иштөөнү үйрөнөсүз, презентацияңызды түзөсүз. Интернеттен маалымат издеп табууга, электрондук почтасы боюнча кат жөнөтүүгө, онлайн сактагычтардын, заманбап платформалардын жана мессенджерлердин артыкчылыктарын талдай билүүгө ж.б. көп нерселерге үйрөнөсүз. Курс компьютерде иштөө тармагындагы билимди кеңейтүүгө жардам берет. Ошондой эле түшүнүксүз маселелер болсо, Сизде менторлордон кеңеш алууга мүмкүнчүлүгүңүз болот.

Курс 6 жумага созулат.

Курсту аяктагандан кийин Сиз компьютерде иштөөнүн эң жөнөкөй көндүмдөрүн өздөштүрөсүз, текст документтерин өз алдыңызча түзүүгө, программаларды коюууга, интернеттен керектүү маалыматты издеп табууга үйрөнөсүз, онлайн платформалар жана сактагычтар, техниканын башка көп мүмкүнчүлүктөрү жөнүндо биле аласыз.

Курстун кыргыз тилиндеги программасы менен мында таанышууга болот:

Курстун орус тилиндеги программасы менен мында таанышууга болот:

ОКУТУУ КАНДАЙ ӨТӨТ?

Окутуу онлайн өтөт. Катышуучуларга окутуу платформасында курс боюнча видео сабактарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Окутуу үчүн убакытты катышуучу өзү тандайт, себеби платформадагы сабактар24/7 режиминде жеткиликтүү болот. Жума ичинде график боюнча 3 сабакка катышуу зарыл.

Катышуучу графикке ылайык видео сабакка катышат, үй тапшырманы аткарат жана платформаны жүктөйт. Мезгил-мезгили менен материалды өздөштүргөндүгүн текшерүү үчүн ортодо тестер жүргүзүлөт.

Күн сайын, дүйшөмбүдөн жумага чейин катышуучуларга колдоо көрсөтүү үчүн ментор алар менен байланышта болот. Иш Telegramдагы чат-топтордо жүргүзүлөт.

Курстун соңунда курсту аяктагандар үчүн сынак өткөрүлөт жана сертификат берилет. Сертификат электрондук түрдө дагы болот, ошондой эле долбоордун катышуучуларынын курсту бүткөндүгүнө арналган ар түрдүү иш-чараларда өздөрүнө дагы тапшырылышы мүмкүн.

Курстар Программалык камсыздоонун жана кызмат көрсөтүүлөрдун Кыргыз Ассоциациясы (КАРПОУ) тарабынан берилүүдө.

Суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 тел. аркылуу кайрылсаңыз болот жана 2022-жылдын 10-ноябрына чейин bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы боюнча каттала аласыз.

Эсиңизге салабыз: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган.Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында уюштурулат.


КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>