Башкы Жаңылыктар БШКда ЕККУнун ДИАУБ ѳкүлдѳрүнүн катышуусу менен шайлоо укугун …

БШКда ЕККУнун ДИАУБ ѳкүлдѳрүнүн катышуусу менен шайлоо укугун жана процессин ѳркүндѳтүү боюнча сунуштар талкууланды

02-Дек, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңейтилген жыйыны болуп ѳттү, жыйында ѳткѳн шайлоолордун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарын жана процессин ѳркүндѳтүү багытында эл аралык жана коомдук байкоочулардын сунуштары угулду жана талкууланды.

Жыйынга 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ Миссиясынын ѳкүлдѳрү, коомдук мониторинг уюмдарынын ѳкүлдѳрү, кѳз карандысыз эксперттер, мамлекеттик бийлик органдарынын ѳкүлдѳрү, ж.б. катышты.

Шайлоолорго байкоо жүргүзгѳн ДИАУБ Миссиясы шайлоо процессин уюштуруу жана ѳткѳрүү жана улуттук мыйзамдар ЕККУ алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине, ошондой эле демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына ылайык келгендигин баалады.

Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ Миссиясынын башчысы Одри Френсис Гловер айым Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ Миссиясынын корутунду отчетунан сунуштарга баяндама жасоо менен чыгып сүйлѳдү.

Өзүнүн сѳзүндѳ шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ Миссиясынын башчысы тѳмѳндѳгүлѳргѳ кѳңүл буруунун зарылдыгына токтолду:

- жалпыга маалымдоо каражаттарынынын эркиндигин сактоого жана окуяларды ар тараптуу чагылдырууда аларга мүмкүнчүлүк берүүгѳ;

- шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана администартивдик ресурстарга натыйжалуу каршы аракеттенүүгѳ;

- шайлоо кампаниянын жүрүшүндѳ даттанууларды жана арыздарды кароонун жол-жоболорун кайра кароого;

- КР БШК мүчѳлѳрүнүн акыйкаттыгын жана кѳз карандысыздыгын жогорулатуу үчүн шпайлоо комисмияларын түзүүнүн жол-жоболоруна мыйзамджык ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүгѳ, ошондой эле тѳмѳн турган комиссияларга этникалык азчылыктын ѳкүлдѳрүн киргизүүгѳ.

Гловер ДИАУБ атынан жалпысынан ѳткѳн шайлоолор жакшы уюштурулгандыгын жана шайлоо процессин андан ары ѳркүндѳтүүдѳ Кыргызстан менен кызматташууга дар экендигин билдирди.

Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча ЕККУнун ДИАУБ Миссиясынын корутунду отчетунда тѳмѳндѳгүдѳй жалпысынан мазмуну боюнча 8 топко бѳлсѳ боло турган 22 сунуштама камтылган:

- мыйзам чыгаруу базасы;

- ЖМК жана үгүт жүргүзүү:

- шайлоочулардын тизмеси;

- талапкерлерди жана талапкерлердин тизмесин каттоо;

- шайлоо кампаниясын каржылоо;

- мыйзамдуулукту сактоо боюнча чаралар;

- шайлоо талаш-тартыштарын чечүү;

- шайлоолорду уюштуруу.

ДИАУБ Миссиясынын корутунду отчетундагы бардык сунуштамалар боюнча шайлоону жана референдумду даярдоо жана ѳткѳрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялаган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен ѳз ара аракеттенген мамлекеттик орган катары БШК тарабынан жыйынтык баяндамалар жана сунуштар түзүлдү.

Жыйынтык баяндамалар алдын ала компетенциясына ЕККУнун ДИАУБ корутунду отчетунда козголгон маселелер кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтарын жана позицияларын эске алуу менен жумушчу кеңешмеде талкуулады.

ДИАУБнун сунутамалары боюнча жыйынтык баяндама менен кыргыз тараптан БШКнын тѳрагасы Н.Шайлдабекова чыгып сүйлѳдү, ал эми тийиштүү мамалекеттик органдарын ѳкүлдѳрү ѳздѳрүнүн компетенциясы боюнча кошумча баяндамаларды жасашты.

«Жарандык платформа» коомдук фондусунун директору Айнура Усупбекова парламенттик шайлоонун болуп ѳтүүсүнѳ бүткүл күч-аракетин жумшаган БШКнын иш аракетине оң баа берүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ сунуштары менен макул экендигин билдирди.

Ал ошондой эле коомдук уюмдардын шайлоолорду мониторинг жүргүзүүнү чектѳѳ боюнча ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча ЕККУнун ДИАУБ сунуштары менен макул экендигин билдирди, анткени бул анын пикири боюнча ѳткѳн шайлоолорго ички демократиялык баа берүүдѳ терс компонентти алып жүрѳт.

Ошону менен бирге жалпы шайлоо системасынын ѳзгѳрүүсүнѳ таасир эткен ѳлкѳдѳгү негизги ѳзгѳрүүлѳр тууралуу ДИАУБ отчетуна кыйла кеңири баянадамадарды күткѳндүгүн белгиледи.

КР Жогорку Кеңешинин дептутаты Султанбай Айжигитов ЕККУнун ДИАУБнун отчетунда кѳрсѳтүлгѳн Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ѳлкѳнүн эл аралык милдеттенмелерине жана демократиялык шайлоо стандарттарына карама каршы келгендигин кѳрѳ албагандыгын билдирди.

  • саясий партиялардын тизмесиндеги конкреттүү талапкер үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү прогрессивдүү форма жана колдонулган аралаш системасынын артыкчылыгы болгондугун белгиледи, бул талапкерлердин финансылык мүкүнчүлүгүнѳ кѳз каранды болбой туруп парламенттке келишине мүмкүнчүлүк берди жана парламенттин сапаттык курамына кыйла таасир этти.

Депутат ЕККУ ДИАУБнун сунушунда кѳрсѳтүлгѳн маселелерге фундаменталдуу принциптерди кайра кароо менен системалык мамиле жасоонун зарылдыгын белгиледи.

С. Айжигитов мамлекет тарабынан шайлоолордун натыйжаларына талапкерлердин финансылык мүмкүнчүлүгүнүн ролун тѳмѳндѳтүү жолу менен талапкерлер үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүүнүн зарылдыгы жѳнүндѳ пикирин билдирди. Анткени шайлоочуларды сатып алуу айрым талапкерлердин финансылык мүмкүнчүлүктѳрүнѳ түздѳн түз байланыштуу. Ал шайлоо ѳнѳктүгүн мамлекеттик бюдждеттин эсебинен каржылоо вариантын кароону сунуштады.

Ошондой эле ал шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ мыйзамдарды белгиленген бир айлык мѳѳнѳт аң-сезимдүү тандап алуу үчүн шайлоочулардын талапкерлерди таанышып иликтѳѳсү үчүн толук мүмкүнчүлүктү бере албай тургандыгын белгиледи.

Мына ушул сунуштардын баары демократиялык реформанын алкагында техникалык жактан гана эмес, ошондой эле мазмундук жактан дыкат кайра карап чыгууну талап кылат.

«Социал-Демократтар» саясий партиясынын ѳкүлү Нурбек Касымбеков шайлоо босогосун жана регионалдык босогону тѳмѳндѳтүү боюнча сунуштар менен чыгып сүйлѳдү.

Ал 3% жогору эмес шайлоо босогосун белгилѳѳ акыры келип чыйзам чыгаруу органында талапкерлери кѳрсѳтүлбѳй калган шайлоочулардын санын тѳмѳндѳтүүгѳ алып келе тургандыгын белгиледи.

  • Касымбеков ошондой эле 0,5 % регионалдык босогону алып коюу тууралуу пикирин билдирди, анткени бул норма жалпысынан ѳлкѳ боюнча шайлоочулардын жана ага добуш беришкен шайлоочулардын жетиштүү сандагы добуштарын алган саясий партиянын, бир региондо добуштардын тийиштүү саны жетпей калган учурда, парламентке келүү укгун жокко чыгарышы мүмкүн.

Ошондой эле ал преференциалдык добуш берүү үчүн ѳлкѳ боюнча бир бирдиктүү округдун ордуна 9 кѳп мандаттуу округуду түзүү максатка ылайыктуу деп эсептейт, бул парламентте ѳкүлчүлүктү жакшыртып, шайлоочулар үчүн тандоону жеңилдетмек, анткени шайлоочу ошол (облусутук) округ боюнча талапкерлердин тизмесинен тандап алууну жүргүзѳт.

Ошондой эле Н. Касымбеков партиянын тизмесинен бир талапкер үчүн добуш берүүнү эмес, тизмеден бир нече талапкерге (маселене – 5 талапкер үчүн) добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады, бул талапкерлердин тизмеси боюнча гендердик квотаны сактоого мүмкүнчүлүк бермек.

Ал эми техникалык жактан алганда бюллетенде пропоционалдык система боюнча (бирдиктүү шайлоо округу) добуш берүү үчүн талапкердин иреттик номери боюнча сандын ордуна талапкерлдин аты-жѳнүн жазууну санаш кылат. Мындай ѳзгѳртүү, анын пикири боюнча, шайлоочунун аң-сезимдүү тадап алуу деңгээлин жогорулатмак.

Болуп ѳткѳн парламенттик шайлоодо коомдук мониторинг жүргүзгѳн “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук фондусунун директору Зульфия Кочорбаева ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын отчетунда пропоционалдык система боюнча колдонуудагы гендердик квотаны ѳркүндѳтүү боюнча сунуштар камтылган, мында мажоритардык система боюнча гендердик квотаны камсыз кылууда атайын чараларды киргизүүнүн зарылдыгы жѳнүндѳ отчетто сунуштар жок экендигине ДИАУБ ѳкүлдѳрүнүн кѳңүлүн бурду.

Анын пикири боюнча, Кыргызстанда айылдык кеңештердин деңгээлинде мажоритардык округдар боюнча гендердик ѳкүлчүлүктү камсыз кылууда тажрыйба бар жана механизми иштелип чыккан.

КР ИИМ терогѳѳ кызматынын бѳлүмүмн башчысы, БШКдагы КГОРдун мүчѳсү Султан Макилов укук коргоо органдары боюнча сунуштамалар боюнча укук бузууларга каршы аракеттенүү боюнча күч-аракеттерди улантуунун зарылдыгын белгиледи, анткени практика кѳрсѳткѳндѳй, ар бир шайлоо ѳнѳктүгүндѳ сатып алуунун жаңы усулдары жана ыкмалары пайда болууда. Ушуга байланыштуу аймактык кызматкерлерди тийиштүү окутуу иш–чараларын улантуу зарыл.

Ошону менен бирге “укук коргоо органдары тарабынан ѳздѳрүнүн мандаттарын ашыра пайдалануу” жѳнүндѳ жоболоштурууларга макул эмес экендигин билдирди жана мына ушундай жоболоштурууларды тактоону жана тийиштүү түшүндүрмѳлѳрдү берүүнү ѳтүндү. Ал ошондой эле шайлоо мезгилинде ички иштер органдарынын иштерине алардын кызматкерлери менен бирге ардагерлер жана кошуундар тартылгандыгын эске салды.

Ошону менен бирге ички иштер органдары мүчүлүштѳрдү четтетүүгѳ жана жалпысынан мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды ѳркүндѳтүүгѳ даяр экендигин билдирди.

Башкы прокуратуранын ѳкүлү А.Бит-Аврагим сунуштамалар боюнча мыйзамдуулукту камсыз кылууда чаралардын ѳтѳ катуулугу жѳнүндѳ ДИАУБнун баасына баяндама берди.

Ал укукка сыйбаган иштерди болтурбоо боюнча шайлоо мезгилинде укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын ишин мүнѳзү мурдагы ѳнѳктүктѳрдѳгү одоно коркунучтар жана бузуулардын масштабы менен шарталгандыгын, булар активдүү үгүт иштерин басаңдатуу максатында эмес, массалык бузууларды болтурбоо боюнча аргасыз активдүү чаралар болуп саналарын билдирди.

Кѳзѳмѳл жүргүзүүчү орган катары прокуратура органдары ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна кѳзѳмѳл жүргүзүү менен аларды дыкат карап чыгып, кайра кайра текшерип турду. Айрым чечимдер бир нече ирет жокко чыгарылып, укук бузуулардын толук объективдүү жагдайын ачып берүү үчүн толуктап тергѳѳгѳ жѳнѳтүлүп турду.

Өз кезегинде БШК ѳзүнүн кометенциясынын чектеринде каралган конституциялык-укуктук жоопкерчиликтин чараларын кабыл алуу үчүн ар бир бузууларды жана укук коргоо жана прокуратура органдарынын материалдарын дифференциялуу карап тургандыгын баса белгиледи.

Чечимдер калыс кабыл алынып, бардык талапкерлерге жана саясий партияларга шайлоого катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүк берилип, шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын тең укуктуулугу сакталып, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн камсыз кылууга багытталды.

Өз сѳзүнүн соңунда Башкы прокуратуранын ѳкүлү ЕККУ ДИАУБнун Миссиясына сатып алууларга жана административдик ресурстарга каршы арактеттенүү боюнча жетишкендиктерге оң баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргызстандын жашылдар партиясынын” ѳкүлү Гульхан Борубаева жарандык активистерди кармоо боюнча кырдаалга байланыштуу ЕККУ ДИАУБун позициясын угуу маанилүү болмок деген пикирин билдирди. 2021-жылдын ноябрында добуш берүү алдында Кыргызстандын жашылдар партиясынын” мүчѳлѳрү камакка алынгандыгын, жыйынтыгында, анын пикири боюнча, шайлоочулардын чечимдерине таасирин тийгизгендигин эске салды.

Парламенттик шайлоого коомдук мониторинг жүргүзгѳн “Таза шайлоо ассоциациясы” юридикалык жактар биримдигинин директору Эдир Бова шайлоо комиссияларында этникалык азчылыктын жетиштүү ѳкүлчүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларга тийиштүү сунуштар эмне менен байланышкандыгына жана мындай эл аралык стандарттар бар же жок экендигине кызыкты.

Байкоочу катары, ошондой эле этникалык азчылыктын ѳкүлү катары анын пикири боюнча, Кыргызстанда ѳкүлчүлүк боюнча кѳйгѳй же болбосо шайлоо комиссияларынын ишинде этникалык азчылыктын ѳкүлчүлүгүн мыйзамдык чектѳѳ жок.

ЕККУ ДИАУБунун улук кеңешчиси А. Громов катышуучулардын баяндамаларына жооп иретинде сѳзүндѳ эл аралык уюм катары ЕККУ калыптанган эл аралык стандарттардын негизинде сунуштамаларды бере тургандыгын, мында тигил же бул маселени жѳнгѳ салуу боюнча консультанцияларды бербей тургандыгын билдирди.

Шайлоочуларды сатып алуу боюнча ал буларды белгиледи: “Сатып алуулар - Кыргызстандын гана эмес, калыптанган демократиялык системасы бар Батыш ѳлкѳлѳрүнѳн баштап ЕККУнун бүткүл аймагынын кѳйгѳйү. Туруктуу негизде шайлоолордун жана аларга катышуунун мааниси жѳнүндѳ жарандарга (шайлоочулдарга) түшүндүрүү боюнча күч-аракеттерди жумшоо зарыл”.

 

Громов сатып алууларга каршы күрѳштүн эл аралык тажрыйбасы бийлик органдарынын, жарандык коомдун жана саясий партиялардын системалуу түрдѳ ѳз ара аракеттеринин зарылдыгын, болгондо да партия шайлоочулардын добуштарын сатып алууларга каршы күрѳштү колдоосун баса белгиледи.

Ал ЕККУ ДИАУБунун Миссиясы корутунду отчетунда соңку шайлоолордо Кыргыз Республикасы тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы аракеттенүү жана шайлоолордун кѳз карандысыздыгына басым жасоону тѳмѳндѳтүү боюнча натыйжалуу чаралар кабыл алынгандыгын тааныгандыгын белгиледи.

Каржылоо маселеси боюнча А. Громов талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун ачык айкындыгын камсыз кылууга чакырык бардык сунуштардын, эл аралык стандарттардын жана алдыңкы тажрыйбалардын башкы максаты экедигин белгиледи.

Мамлекет жана саясий күчтѳр биргелешкен күч-аракети менен шайлоочулардын аң-сезимдүү тандап алуусу үчүн талапкерлердин жана саясий партиялардын каржылоо булактары тууралуу маалыматтарга алардын жетүүсүн камсыз кылууга тийтиш.

Громов юридикалык нормалар менен гана эмес, ошондой эле коомдук кабылдоосу жана билим деңгээли менен шартталган аялдардын бийлик органдарына кѳрсѳтүлүшү боюнча маселесин да баяндады.

Ушуга байланыштуу байкоо жүргүзүү боюнча Миссиянын сунуштамаларында шайлоочулар менен талапкерлердин активдүү жарандык билимине жана ушул багытта саясий партиялар менен иштѳѳнүн зарылдыгына ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулду.

БШКнын тѳрагасы Н.К. Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо мониторингдин жыйынытыктары боюнча ЕККУ ДИАУБунун Миссиясынын корутунду отчетун ѳзү презентация жасагандыгы үчүн, сунуштар боюнча кеңири түшүндүрмѳ жана баяндама жасагандыгы үчүн ЕККУ ДИАУБ Миссиясынын башчысына ыраазычылык билдирди. ЕККУ аймагындагы ѳлкѳлѳрдѳ шпайлоолорго байкоо жүргүзүү тажрыйбасы боюнча ЕККУ ДИАУБунун чоң тажрыйбасын эске алуу менен, шайлоолорго мониторинг жүргүзүү алкагында, жана жалпысынан Кыргыз Республикасында шайлоо укутарын жана процессин ѳркүндѳтүү жана демократташтыруу боюнча ДИАУБ менен КР БШКнын калыптанган ѳз ара аракеттерин улантууну сунуш кылды.

Жигердүү мамилелери жана шайлоо системасын ѳркүндѳтүү боюнча маанилүү сунуштарды киргизгендиги үчүн жыйындын катышуучуларына ыраазычылык билдирүү менен БШК тѳрагасы ачык жана кеңири талкуулоо принциптерин сактоо алдыдагы шайлоо циклдерине биргелешкен күч-аракеттер менен алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлк бере тургандыгына ишленимин билдирди.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>