Башкы Жаңылыктар КР БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, …

КР БШК 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады

09-Фев, 2023

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – КР СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылды- https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public_regional.xhtml.

2023-жылдын 8-февралына карата алдын ала тизмедеги шайлоочулардын саны - 71 696 шайлоочуну түздү, анын ичинен эркектер - 36 027, аялдар - 35 669 шайлоочу же тиешелүү түрдө 50,25% 49,75%.

Шайлоочулардын кагазга басылып чыгарылгын тизмелери 52 шайлоо участкасында 2023-жылдын 18-февралына чейин илинет.

Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу жана тактоо күн сайын, шайлоочулардын кайрылуусу боюнча жана КР СӨМ менен өз ара байланышта жүргүзүлөт.

Урматтуу шайлоочулар!

2023-жылдын 18-февралынан тартып 24-мартына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «tizme.gov.kg» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуу акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда) Сиз паспортуңуздун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Ошондой эле арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, "tizme.gov.kg" сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык-шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын баардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 2-бер. 41-абз.; 12-бер.1-бөл.)

Шайлоочулардын контролдук тизмеси 2023-жылдын 5-мартына чейин түзүлүп, «Тизме» мамлекеттик порталына жайгаштырылат, ал эми шайлоо участкаларында 2023-жылдын 10-мартына чейин илинет.

Шайлоочулардын биротоло тизмеси 2023-жылдын 30-мартына чейин түзүлүп, “Тизме” мамлекеттик порталына жайгаштырылат, ал эми шайлоо участкаларында 2023-жылдын 6-апрелине чейин илинет.

 

 

2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо

2023-жылдын 8-февралына карата шайлоочулардын саны боюнча маалымат

 
 

Облус, аймактык шайлоо комиссия, айылдык кеңеш

УШК саны

шайлоочулардын саны 19.05.2019 (*02.12.2018 Нарын обл)

шайлоочулардын саны 08.02.2023

 
 

Баардыгы:

52

61868

71696

 

Ош облусу

19

22803

26863

 

Ноокат АШК

8

9057

10768

 

Н.Исанов айылдык кеңеш

8

9057

10768

 

Кара-Суу АШК

7

10236

12220

 

Отуз-Адыр айылдык кеңеш

7

10236

12220

 

Алай АШК

2

1620

1783

 

Кабылан-Көл айылдык кеңеш

2

1620

1783

 

Кара-Кулжа АШК

2

1890

2092

 

Кеңеш айылдык кеңеш

2

1890

2092

 

Баткен облусу

12

13722

16045

 

Баткен АШК

12

13722

16045

 

Ак-Татыр айылдык кеңеш

3

3460

4031

 

Самаркандек айылдык кеңеш

5

6411

7497

 

Ак-Сай айылдык кеңеш

4

3851

4490

 

Нарын облусу

9

8911

10217

 

Жумгал АШК

9

8911

10217

 

Көк-Ой айылдык кеңеш

3

1825

2048

 

Чаек айылдык кеңеш

6

7086

8169

 

Чүй облусу

6

8026

9032

 

Жайыл АШК

2

2321

2717

 

Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеш

2

2321

2717

 

Аламүдүн АШК

4

5705

6315

 

Байтик айылдык кеңеш

4

5705

6315

 

Талас облусу

6

8406

9539

 

Кара-Буура АШК

6

8406

9539

 

Шекер айылдык кеңеш

2

2968

3351

 

Бейшеке айылдык кеңеш

3

3267

3742

 

Бакыян айылдык кеңеш

1

2171

2446

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>