Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

15-Фев, 2023

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 15-февралындагы өткөн жыйналышында Ак-Суу, Тоң, Сүлүктү, Кара-Көл, Сузак, Аксы, Ноокат, Кара-Суу, Ак-Талаа, Жумгал, Сокулук жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык кеңешинин депутаты Кенжебек уулу Эрмектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джангазиев Талант Максимовичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык кеңешинин депутаты Тулкубаев Алтынбек Турганбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Асанбеков Калыс Бектеновичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңешинин депутаты Турганбаев Асылбек Омурбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Үсөнтүр уулу Жеңишбекке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Абдыназаров Нурбек Рахманбердыевичтин (№2, «Жаны Доор» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Омурзаков Бексултан Абдунаимовичке (№5, «Жаны Доор»саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Нусубалиев Гульжигит Бекболсуновичтин (№1, «Ыйман - Нуру» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сандыбаев Байсалбек Токтогазиевич (№7, «Ыйман - Нуру» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек айылдык кеңешинин депутаты Шырдаков Мирбек Жаныбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Нарматов Куралбек Токталиевичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Эргешов Эрлан Мамарасуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бердалиев Жылдызбек Ражабалиевичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Добо айылдык кеңешинин депутаты Көкчөев Арзыгул Абдикеримовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шакиев Курсантбек Тагайбековичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Дуйшебаева Самара Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Чойбекова Тинатин Жумабековнага өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Ашырбеков Шакирбек Ашырбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Надырбеков Туратбекке өткөрүп берилди.

Каза болгондугуна байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Усманов Ядгарбек Шафкатовичтин (№5, «Биздин Кыргызстан» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Урманов Хабибилла Нематжанович (№22, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы өткөрүп берилди.

Мандат Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин Маматурдиев Зайнобидин Абдурахмановичке (№24,«Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

 Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Абдували уулу Айбектин ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу токтотулду. Мандат Калмурзаев Улукбек Жакшыбаевичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Аалиев Аманбек Насирдиновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Келдибек уулу Бердибекке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айылдык кеңешинин депутаты Майрамбек кызы Айжананын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Маламкулова Жаркын Сулкарбековнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Раимкулова Венера Сагынбековнанын (№4, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Итибаева Жылдыз Белековна (№8, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Сокулук районунун  Асылбаш айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек кызы Жадыранын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Качкынбаев Эстен Насировичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Сокулук районунун  Төмөнкү – Чүй айылдык кеңешинин депутаты Шералиев Манас Мыкимовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Пириев Киёмидин Асомидиновичке  өткөрүп берилди.

Талас облусунун Талас районунун Бердике баатыр айылдык кеңешинин депутаты Кенжебекова Айдана Кенжебековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Касмалиева Элмира Мелиспековнага өткөрүп берилди.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Сатыбалдиев Бактияр Жемабековичти Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылдык кеңешинин, Жусупов Сүйүнбек Садыковичти (№21, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Кенешов Толкунбек Зулумбаевичти (№23, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Маматкулов Гуломиддин Исломиддиновичти Чүй облусунун Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылдык кеңешинин, Анарбекова Турсунай Базарбековнаны Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>