Бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси А.М. Айбалаевдин Банктар аралык процессинг борборунун, «Элдик Банк» ААКнын жана «А Банк» ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын которуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кайрымдуулук каражаттарын которуунун учурдагы механизмдерин, анын ичинде мобилдик банкинг тиркемелери, электрондук капчыктар жана QR-төлөмдөр аркылуу которуу мүмкүнчүлүктөрүн мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү зарылдыгы белгиленди. Бул жарандарга талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу каражаттарды ыңгайлуу жана түшүнүктүү түрдө которууга шарт түзөт.
КР БШК ыйгарым укуктуу банктарга жана Банктар аралык процессинг борборуна сунушталган демилгелерди ишке ашыруунун мүмкүн болгон механизмдерин ыкчам иштеп чыгып, кыска мөөнөттө конкреттүү чечимдерди сунуштоо өтүнүчү менен кайрылды.
Негизги максат — ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын которуу процессин жарандар жана талапкерлер үчүн мүмкүн болушунча жөнөкөй жана жеткиликтүү кылуу, ошондой эле мындай механизмдерди келечекте туруктуу негизде колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.