Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы, доктор Сердар Мутта менен жолугушту.
Т. Шайназаров доктор Сердар Муттаны Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Тараптар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди белгилеп, шайлоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы мыкты практикалар менен тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Т. Шайназаров Сердар Муттаны жана түрк тарапты 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоосуна эл аралык байкоочулар катары катышууга чакырды.
Өз кезегинде доктор Сердар Мутта Кыргызстанга келип, алдыдагы шайлоого катышууга даяр экендигин билдирди.


.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)
