Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 23-ноябрынан 26-ноябрына чейин Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан эл аралык шайлоо форумуна катышууда.
«Шайлоо процессинде технологияларды колдонуу жана алардын ачык-айкындуулукка тийгизген таасири» аттуу сессиянын алкагында Т. Шайназаров «Кыргыз Республикасындагы заманбап шайлоо технологиялары: жеткиликтүүлүк, ачык-айкындуулук жана ишеним» темасында баяндама жасап, Кыргызстанда шайлоо процессине санариптик технологияларды киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү.
КР БШК төрагасы шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо, бюллетендерди түздөн-түз шайлоо участокторунда басып чыгаруу, аралыктан добуш берүү жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы шайлоо участокторунан онлайн-видеотрансляция жүргүзүү технологияларын колдонуу тууралуу айтып берди. Мында видеотрансляция добуш берүү процессин гана эмес, добуштарды саноо процессин да камтый тургандыгы белгиленди.
Жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, жарандарга өздөрүнүн шайлоо округунан тышкары жайгашкан шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүндүк берген аралыктан добуш берүү механизми белгиленди.
Ошондой эле Т. Шайназаров маалыматтык коопсуздукту жана маалыматтарды корголгон түрдө берүүнү камсыз кылуунун, жабдууларды алдын ала тестирлөөнүн, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуунун жана шайлоо жол-жоболорун байкоо үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
БШК төрагасы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун алкагында Коомдук байкоо борборун уюштуруу пландалып жатканын маалымдады. Анда каалоочулар шайлоо участокторундагы добуш берүү процессине көз салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Сөзүнүн соңунда Т. Шайназаров чет өлкөлүк кесиптештерин алдыдагы президенттик шайлоо маалында Кыргыз Республикасына келип, шайлоо процессин уюштуруу жана заманбап шайлоо технологияларын колдонуу практикасы менен таанышууга чакырды.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
