2026-жылдын 24–25-ноябрында Кыргызстандын борбор калаасында жана түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн студент жаштар менен көчмө маалыматтык жолугушуулары улантылууда.
Бишкек шаарында жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде жана Кыргыз-Россия Славян университетинде өтсө, Ош шаарында М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде уюштурулду.
Ал эми 25-ноябрда Бишкек шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалында жана М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарындагы М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин филиалында студенттер менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Иш-чаралардын негизги максаты – жаштардын шайлоо жана шайлоо мыйзамдары боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, алардын шайлоо процесстерине активдүү катышуусуна шарт түзүү жана жарандык жоопкерчилигин арттыруу. Маалыматтык жолугушуулардын алкагында студенттерге шайлоо жол-жоболору тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, жаштардын шайлоого аң-сезимдүү катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушуулардын жүрүшүндө студенттер Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүү жана Президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол тамгаларды электрондук түрдө чогултуу маселелерине өзгөчө кызыгуу көрсөтүштү. Алар аталган жол-жоболордун техникалык өзгөчөлүктөрүнөн тартып, процесстин ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу кепилдиктерине чейин суроолорун узатышты.
Маалыматтык жолугушууларга БШКнын төрага орун басарлары Лейла Лурова жана Русланбек Жакышов, БШКнын мүчөлөрү Бодош Мамырова жана Миргүл Темирбаева катышты. БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун эксперттери жолугушуулардын мазмундук бөлүгүн камсыздап, шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин студенттерге жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрүп беришти.
Студенттер менен өткөрүлүп жаткан көчмө маалыматтык жолугушуулар 2026-жылдын 11-декабрына чейин улантылат.