Темирбаева Миргул Омурзаковна

КР БШКнын мүчөсү

Темирбаева Миргул Омурзаковна

Темирбаева Миргул Омурзаковна

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү

1979-жылы 13-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында туулган.

2001-жылы Бишкек мамлекеттик университетинин филология факультетин «түркология», кошумча референт-котормочу адистигин, 2004-жылы КР Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасын жана 2023-жылы КР Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

2026-жылы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

2023-2025-жылдары – Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин мүчөсү.

2023-2024-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аял депутаттар форумунун төрайымы.

2021-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты;

2015–2021-жылдары «Сырма Текстиль-Бишкек» ЖЧКсынын директору;

2011–2012-жылдары «Уста» ЖЧКсында башкы бухгалтер, директордун орун басары;

2008–2011-жылдары Москва шаарындагы «Стройтехника» ЖЧКсында бухгалтери;

2007–2008-жылдары Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде ага окутуучу жана окумуштуу катчы;

2004–2007-жылдары Бишкек шаарындагы жеке ишканада котормочу.

Сыйлыктары:

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы (2023-ж)

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын "КМШ ПАсына 30 жыл" эстелик белгиси (2023-ж.)

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалы (2023-ж.)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2023-ж.)

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы (2024-ж.)

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «кыргыз милициясына 100 жыл» юбилейлик медалы (2024-ж.)

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын Ардак грамотасы (2024-ж.)

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалы (2025-ж.)

Кыргыз Республикасынын Энергетика тармагынын 30 жылдыгына карата төш белги (2025-ж.)

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын «Акыйкат» медалы (2025-ж.)