Мамырова Бөдөш Аманбаевна
КР БШКнын мүчөсү
Мамырова Бөдөш Аманбаевна
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1957-жылы 14-июлда Ош облусунун, Алай районунун, Бүлөлү айылында туулган.
1983-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун агроном адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
2026-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2010-2015-жылдары – Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;
2010-жылы (апрель) – Убактылуу Өкмөттүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министринин милдетин аткаруучу;
2008-2010-жылдары – “Табият” экологиялык кыймылынын менеджери;
2001–2005-жылдары – “Азем” аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси;
1999-ж. – «Ар-Намыс» партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору, кийин партия төрагасынын орун басары.
1995–1996-жылдары – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багында кенже илимий кызматкер, кийин илимий кызматкер;
1992–1995-жылдары– ассистент, Кыргыз айыл чарба институтунун “Жашылча-жемиш өндүрүү жана кайра иштетүү” кафедрасы;
1991-жылы –Кыргыз ССР Географиялык коомунда илимий катчы;
1988-жылы – айыл чарба илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер;
1986-жылы – айыл чарба илим-изилдөө институтунда агроном, кийин улук агроном;
1985-жылы – айыл чарба илим-изилдөө институтунда улук лаборант;
1984-жылы – Кыргыз ССР айыл чарба илим-изилдөө институтунда лаборант
Сыйлыктары: «Даңк» ордени
Айыл чарбасынын отличниги.
Класстык чини: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
