Айбалаев Алмаз Маматович
КР БШКнын мүчөсү
Айбалаев Алмаз Маматович
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1975-жылдын 29-мартында Ош облусунун Фрунзе районундагы Айдаркен шаарында туулган.
1992–1995-жылдары Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда (МГИМО), Москва шаары, Россия Федерациясы, «Эл аралык экономикалык мамилелер» адистиги боюнча билим алган.
1998-жылы City St George’s, University of London, Лондон шаары, Улуу Британия, «Банк иши жана эл аралык финансы» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
2026-жылы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү.
2021-жылы – «Керемет Банк» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы.
2016–2019-жылдары – «Кыргызкоммерцбанк» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы.
2015–2016-жылдары – Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын мүчөсү.
2007–2014-жылдары – «РСК Банк» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары.
2006–2007-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси.
2000–2005-жылдары – Philip Morris Management Services B.V. компаниясынын Кыргыз Республикасындагы жетекчиси.
Мамлекеттик башкаруу, эл аралык экономикалык мамилелер, банк сектору жана өнүктүрүү институттары жаатында 25 жылдан ашык иш тажрыйбасына ээ.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгынын лауреаты («Экономика жана бизнес» номинациясы);
Шанхай кызматташтык уюмунун сыйлыгы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Ардак грамотасы;
Кыргызстан банктар союзунун Ардак грамотасы;
«РСК Банк» ААКсынын сыйлыктары жана ардактоолору.
Класстык чини:
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.
