Шайназаров Тынчтык Урайимович​​​​​​​

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы

Шайназаров Тынчтык Урайимович​​​​​​​

Шайназаров Тынчтык Урайимович

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

1974-жылы 27-февралда, Ош облусунун, Кара-Суу районунун, Мады айылында туулган.

1991-жылы Ош шаарындагы №7 Нариманов атындагы орто мектебин аяктаган. 1991-1996 ж.ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин “Укук таануу” адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

3.06.2026 -жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

10.02.2025-жылы - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

2021-2025-жылдары – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;

2020-2021-жылдары – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

2015-2020-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты;

2010-2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты;

2009-2010-жылдары – Жалал-Абад шаарынын прокурору;

2007-2009-жылдары – Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы;

2004-2007-жылдары – Ош шаардык прокуратурасынын кылмыштарды тергөө боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

1999-2004-жылдары – Ош облусунун прокуратурасынын ага-тергөөчүсү, прокурору;

1997-1999- жылдары – Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын ага-тергөөчүсү;

1996-1997- жылдары – Чоң-Алай районунун прокуратурасынын мөөнөткер-тергөөчүсү”.

Ардактуу наамы – Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген” юристи.
Класстык чини – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы;
ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Ардак грамотасы;

КМШ ПАА 25 жыл медалы.

ТүркПА медалы.

“Юстициянын мыктысы” медалы.