«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дан көрүү
Башка видеолор
08-Сен, 2022
Кыргыз тарыхы – бабалардын даанышмандыгы!
08-Сен, 2022
Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен КР Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу коом үчүн маанилүү “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору расмий түрдө ишке кирди.
08-Сен, 2022
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору”
08-Сен, 2022
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору”
08-Сен, 2022
Кыргызстанда жарандык жана санариптик билим берүү долбоору ишке кирди
08-Сен, 2022
Кыргызстанда жарандык жана санариптик билим берүү долбоору ишке кирди
08-Сен, 2022
Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен КР Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу коом үчүн маанилүү “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору расмий түрдө ишке кирди.
07-Сен, 2022
Кыргызстанда жарандык жана санариптик билим берүү долбоору ишке кирди
25-Авг, 2022
Оз тандоонузду жасай турган учур келди
25-Авг, 2022