Башкы Видео «Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке …

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.

Башка видеолор

Карылардын эл аралык күнү жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда
01:26
06-Окт, 2022

Карылардын эл аралык күнү жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда

БШК билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!
01:41
06-Окт, 2022

БШК билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!

Нарында 80 жаштагы карыя өзүнүн электрондук китебин жазат
00:40
04-Окт, 2022

Нарында 80 жаштагы карыя өзүнүн электрондук китебин жазат

Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин  депутаттарын шайлоо
04:10
04-Окт, 2022

Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо

9 - ОКТЯБРДА МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ШАЙЛОО ӨТӨТ
04:13
29-Сен, 2022

9 - ОКТЯБРДА МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ШАЙЛОО ӨТӨТ

КР БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин жөнөттү
02:05
29-Сен, 2022

КР БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдалган шайлоо бюллетендерин жөнөттү

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
00:59
29-Сен, 2022

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО

КР БШК кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт
01:07
23-Сен, 2022

КР БШК кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт

Жарандык санариптик билим берүү
07:16
12-Сен, 2022

Жарандык санариптик билим берүү

“Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору расмий түрдө ишке кирди
07:01
12-Сен, 2022

“Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору расмий түрдө ишке кирди

1 … 11 13 … 85