«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дан көрүү
Башка видеолор
25-Авг, 2022
Жаштар жана шайлоо
25-Авг, 2022
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо
25-Авг, 2022
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу
25-Авг, 2022
Мен эмнеге шайлоого барам
25-Авг, 2022
Добушунду сатпа
22-Авг, 2022
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо
18-Авг, 2022
КР БШК Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси түздү
02-Июн, 2022
Боршайком Маалыматтык технологиялар боюнча «Kids IT Day» балдардын биринчи форумунун аянтчасы болуп калды
12-Апр, 2022
Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады
08-Апр, 2022