Башкы Жаңылыктар КР БШКнын 2024-жылы 23 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын …

КР БШКнын 2024-жылы 23 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

23-Ноя, 2024

Өткөрүү датасы: 23-ноябры 2024-ж.

                                                         Убактысы: 19:00

                                                         Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

  1. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун                 Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов, Чүй айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

(баяндамачы – Кимсанов К., Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

Ар кандай маселелер

(баяндамачы – Кимсанов К., Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Байдөлөтов А., Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Бердиев А., Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Бердиев А., Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – М.Ахмедов, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек  районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Лейлек  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Н. Мадумаров, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен  районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков  жана Бургонду-Достук  айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу

(баяндамачы – М.Ахмедов, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу

(баяндамачы – Н. Мадумаров, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Г.Абдуллаева, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – М.Джаманкулова, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

(баяндамачы – Ч.Токтоназарова, Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы)

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун                 Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>