Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Парламентинин Адам …

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Парламентинин Адам укуктары боюнча делегациясы менен жолугушту

26-Фев, 2025

26-февралда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Прламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган делегация менен жолугушту.

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргызстанда жүргүзүлгөн шайлоо реформалары тууралуу кенен баяндама жасады. Ал 2015-жылга чейин Кыргызстанда шайлоо кандай өткөрүлгөнүн, анын ичинде шайлоо бюллетендерин даярдоо, жеткирүү жана коргоо процесстери тууралуу кеңири айтып берип, 2015-жылдан тартып шайлоо системасында 5 негизги компонентти камтыган шайлоочуларды идентификациялоочу жабдуулар колдонула баштагандыгына токтолду.

2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда, мурунку 5 компонентти алмаштырган жаңы жабдуулар — бирдиктүү идентификатор колдонулган. Бул - шайлоо процессинин ачыктыгын жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга шарт түздү жана аталган жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Ошондой эле, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Евро Парламенттин депутаттарын жана Европа өлкөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн Кыргызстанга келип, шайлоо процесстеринде заманбап технологияларды колдонуу боюнча өлкөнүн жетишкендиктери менен таанышууга чакырды.

Төрага Т.Шайназаров, айрым өлкөлөрдө азыркыга чейин почта аркылуу добуш берүү колдонулуп жатканын жана бул шайлоо процесстерин бурмалоо, ачык-айкындуулугу  жана ишенимдүүлүгү боюнча белгилүү бир тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Аны менен бирге Кыргызстан олуттуу реформаларды башынан өткөргөнүн баса белгилеп: эгер мурун өлкөдө шайлоо процессинде бюллетендерди таштоо, «карусель» жана башка айла-амалдар менен коштолсо, бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигинин колдоосу жана заманбап технологияларды киргизүүнүн аркасында шайлоолор «Бир шайлоочу — бир добуш» принциби менен өтүп жатканын айтты.

Өз кезегинде Евро Парламенттин депутаты Игнасио Санчес Амор шаардык кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон  Т.Султанбековдун жана башка партиянын мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча маселе көтөрүп, ага БШК төрагасы Т.Шайназаров шайлоо учурунда БШК мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү менен иш алып барганын белгиледи.

Ага ылайык, укук коргоо органдарынын берген маалыматы боюнча шайлоочуларды массалык түрдө пара менен сатып алуу, каржылык тартипти бузуу, шайлоо фондусунан тышкары каражат менен каржылоонун фактылары аныкталган. Мындан тышкары, партиялык тизмеде биринчи ондука кирүү үчүн акча алуу фактылары да табылган.

Жолугушуунун аягында, төрага Тынчтык Шайназаров Европа Парламенттин делегациясына конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>