Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Бишкек жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы:
- Комиссиянын курамынан Жайнакова Б.Ж (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) — берилген арызынын негизинде чыгарылды.
- Комиссиянын курамына резервден Айыпова С.А (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органынан) киргизилди.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясы:
- Комиссиянын курамынан Таалайбекова А.Т жана Ажыбек кызы А (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) — берилген арыздарынын негизинде чыгарылды.
- Комиссиянын курамына резервден Кутманова Ф.А жана Масалбекова Р.М (жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүк органдарынан) киргизилди.