Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК төрагасы Т.Абдраимов  Европалык Союздун делегациясы менен жолукту
24.10.2011

КР БШК төрагасы Т.Абдраимов Европалык Союздун делегациясы менен жолукту

Бүгүн, 2011-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов Европалык Союздун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морель мырза жетектеген Союздун делегациясы  менен жолукту. Морель мырза 1992 жылдан 1996 жылга чейин Россия Федерациясында Франциянын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, бир эле убакытта Монголияда, Таджикистанда, Туркменистанда, Молдовада, Грузияда жана Кыргызстанда ыйгарымдарды аткаргандыктан бул мамлекеттерде дайыма болуп ал жактагы окуялардан кабардар болуп турган. Европалык Союздун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык процесси менен кызыгыщты. КР БШК төрпагасы Т.Абдраимов жолугушуунун учурунда шайлоого даярдыктын жүрүшү менен айтып берди. Так айтканда, сөз аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялар тарабынан шайлоочулардын тизмесин иштетип чыгуу, материалдык-техникалык камсыздоо жүргүзүлүп жаткан иштер, иш процессинде чыгып жаткан проблемалар жөнүндө болду. Негизинен, масштабтуу иш адамдардын көп сандагы жашаган Бишкекке жакын жайгашкан 40тан ашуун жаңы конуштарында жүргүзүлүүдө. Шайлоо тизмелери у.ж. 27-октябрында такталып бүтөт жана акыркы маалыматтарга ылайык КР БШК бүгүнкү жыйналышында 130 миң кошумча шайлоо бюллетендерин даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу Т.Абдраимов белгилей кетти. Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн жарандардын добуш берүү процедурасы боюнча меймандардын кызыгуусун жараткан маселеге КР БШК төрагасы ал жарандар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелердин аймактарында добуш бере тургандыктары тууралуу ишендирди   Пьер Морель мырза республиканын алыскы тоолуу аймактарда шайлоого даярдыктардын жүрүшү менен дагы кызыкты. Т.Абдраимов Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун АШК жана Ош облусунун Чоң Алай районунун АШК менен телефондук байланышты түзүүдө айрым кыйынчылыктар пайда болгондугун белгиледи. Бул маселе мобилдик уюлдук байланыштын графигинин ижарасынын эсебинен чечилди. Жолугушуунун жыйынтыгында, Европалык Союздун делегацитясынын жетекчиси Шанталь Эбберехт айым КР БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовго алдыдагы президенттик шайлоого даярдыктардын жүрүшү тууралуу берген малыматтар үчүн ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2011-жылдын 24-октябрына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген  шайлоочулардын саны  тууралуу маалымат
24.10.2011

2011-жылдын 24-октябрына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны тууралуу маалымат

2011-жылдын 24-октябрына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны  тууралуу маалымат                                                                                                                                   Саат 18-30 Бишкек шаары   1 Биринчи май аймактык шайлоо комиссиясы 3 2 Свердлов аймактык шайлоо комиссиясы 2 3 Ленин аймактык шайлоо комиссиясы 2 4 Октябрь аймактык шайлоо комиссиясы 1 Баткен облусу   5 Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясы - 6 Баткен аймактык шайлоо комиссиясы - 7 Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы 1 8 Кызыл-Кыя  аймактык шайлоо комиссиясы - 9 Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы - 10 Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы - Жалал-Абад облусу   11 Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы - 12 Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы - 13 Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы - 14 Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы - 15 Сузак аймактык шайлоо комиссиясы - 16 Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы - 17 Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы - 18 Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы - 19 Жалал-Абад  аймактык шайлоо комиссиясы 1 20 Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы - 21 Аксы аймактык шайлоо комиссиясы - 22 Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы - Ысык-Көл облусу   23 Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 1 24 Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы - 25 Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы - 26 Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы - 27 Каракол аймактык шайлоо комиссиясы - 28 Тоң аймактык шайлоо комиссиясы - 29 Түп аймактык шайлоо комиссиясы - Нарын облусу   30 Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы  - 31 Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы - 32 Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы - 33 Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы - 34 Нарын аймактык шайлоо комиссиясы - 35 Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы  - Ош облусу   336  Ош аймактык шайлоо комиссиясы - 37 Алай аймактык шайлоо комиссиясы - 38 Араван аймактык шайлоо комиссиясы - 39 Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы 4 40 Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 2 41 Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы - 42 Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы - 43 Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы - Талас облусу   44 Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы - 45 Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы - 46 Манас аймактык шайлоо комиссиясы - 47 Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы - 48 Таласс аймактык шайлоо комиссиясы - Чүй облусу   49 Кемин аймактык шайлоо комиссиясы - 50 Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 16 51 Чүй аймактык шайлоо комиссиясы - 52 Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы - 53 Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы - 54 Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы 4 55 Москва аймактык шайлоо комиссиясы - 56 Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы 1 57 Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы 1   Бардыгы 39     Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддорунун өлчөмдөрү, аларды түзүү булактары, ошондой эле жумшалган сарптоолор жөнүндө МААЛЫМАТ
24.10.2011

Шайлоо фонддорунун өлчөмдөрү, аларды түзүү булактары, ошондой эле жумшалган сарптоолор жөнүндө МААЛЫМАТ

“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө” Нускаманын 41-беренесине ылайык талапкер   шайлоо фонддорунун өлчөмдөрү,  аларды түзүүнүн бардык  булактары, ошондой эле жумшалган бардык  сарптоолор жөнүндө (4 (төртүнчү жана 7 (жетинчи) тиркемелер) Борбордук шайлоо комиссиясына отчет берүүгө милдеттүү. Отчет кагаз жана электрондук түрүндө төмөнкүдөй тартипте берилет:   1) Шайлоо күрөөсүн кошкондугун тастыктаган документтерди жана каттоо үчүн зарыл болгон башка документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүү менен бирге – биринчи финасылык отчет; 2) Добуш берүү күнүнө чейин кечиктирбестен 10 күн мурда – экинчи финансылык отчет; 3) Шайлоо өткөндөн кийин 10 күндөн кечиктирбестен - үчүнчү жыйынтыктоочу финансылык отчет. Отчеттогу маалыматтар мурдагы отчет тапшырган датадан 3 күндөн ашпаган датада түзүлөт. 2011-жылдын 20-октябрына карата “ Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондунун түшүшү жана сарпталышы жөнүндө” экинчи финансылык отчетту тапшыруунун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:   Финансылык отчеттун саптары Суммасы, сом менен  Шайлоо фондуна түшкөн каражаттар, бардыгы:   111 945 340 Анын ичинде:   Талапкерлердин өздүк каражаттары 13 873 700 Саясий партиялар көрсөткөн талапкерлерге алар бөлгөн каражаттар 23 868 000 Жеке жактардын ыктыярдуу салымдары 19 567 060 Юридикалык  жактардын ыктыярдуу салымдары 54 636 580 Шайлоо фондунан сарпталган каражаттар, бардыгы: 104 533 006 Шайлоочулардын кол тамгаларын чогултууну уюштурууга 2 482 226 Алардан  тамгаларын чогултуу үчүн тартылган адамдардын эмгегине төлөөгө 1 355 676 Шайлоо күрөөсүн кошууга 1 500 000 Телерадио берүү уюмдары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө 38 857 224 Мезгилдүү басма сөз редакциялары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө  15 842 932 Басма жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана жайылтууга 25 261 861 Жалпы массалык иш-чараларды өткөрүүгө 624 210 Маалыматтык жана башка консультациялык мүнөздөгү иштерге (кызмат көрсөтүүлөргө) төлөөгө 565 231 Келишим боюнча КР жарандары жана юридикалык жактар аткарган (көрсөткөн) башка  иштерге (кызмат көрсөтүүлөргө) төлөөгө 12 416 272 Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан башка чыгымдарды төлөөгө 6 983 050 Отчет берилген күнгө карата фонддордун каражаттарынын калдыгы 6 922 859   Талапкерлер Айтикеевым А.Ы., Исабековым К.С.,  Колубаевым Т.К., Матубраимовым А. Финансылык отчет беришкен жок. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Иманкулов Марат Мукановичтин, Токтогазиев Жумабек Кемеловичтин кол тамгаларды чогултууга байланыштуу чыгымдары жок. Контролдук-текшерүү тобу бул талапкерлерге карата жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиянын кийинки жыйынына маселе койду.     КР БШКны мүчөсү, КР БШКнын КТТнын жетекчиси                                        А.Асаналиев      
Кененирээк билүү >>
201-жылдын 24-октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунан акча каражаттарынын жүрүшү жөнүндө отчет
24.10.2011

201-жылдын 24-октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунан акча каражаттарынын жүрүшү жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунан акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, так эсеп жүргүзүү  жана пайдалануусун контролдоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин финансылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Контролдук – текшерүү тобу түзүлгөн. Бул топтун жетекчиси болуп КР БШКнын мүчөсү Асаналиев Алмаз Турдакунович саналат. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын сарпталышынын ачык-айкындыгын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу 2011-жылдын 24-октябрына карата  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунан акча каражаттарынын жүрүшү тууралуу төмөнкү маалыматты жайгаштырат. № ФАА Шайлоо фондусунун атайын эсептеги акча каржаттары       Келип түшүшү Чыгымдары Калдык   1 АБДЫЛДАЕВ АРСТАНБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВИЧ 5 868 000 5 737 753 130 247   2 АЙТИКЕЕВ АКБАРАЛЫ ЫСЫРАЙЫЛОВИЧ 410 500 400 432 10 068   3 АСАНБЕКОВ ТЕМИРБЕК ИШЕНБАЕВИЧ 1 640 000 1 617 924 22 076   4 АТАМБАЕВ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ 40 500 000 39 907 716 592 284   5 БАЙБОЛОВ КУБАТБЕК КАЛБЕКОВИЧ 16 404 990 16 270 232 134 758   6 БАКИР УУЛУ ТУРСУНБАЙ 6 964 182 6 888 191 75 992   7 ДЫЙКАНОВ СООРОНБАЙ САБЫРОВИЧ 672 300 671 993 307   8 ИСАБЕКОВ КУБАНЫЧБЕК САТИНДИЕВИЧ 6 670 800 6 603 194 67 606   9 ИМАНКУЛОВ МАРАТ МУКАНОВИЧ 504 800 455 617 49 183   10 КАЛМАТОВ АНАРБЕК БАРАТОВИЧ 8 062 670 8 044 441 18 229   11 КАРИМОВ АЛМАЗБЕК ТАШПОЛОТОВИЧ 287 850 285 919 1 931   12 КОЛУБАЕВ ТОРОБАЙ КУНАЗОВИЧ 100 200 100 200 0   13 МАДУМАРОВ АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ 23 309 080 22 993 826 315 253   14 МАТУБРАИМОВ АЛМАМБЕТ 199 000 190 393 8 607   15 ОМОРОВ РОМАН ОМОРОВИЧ 154 850 137 158 17 692   16 ОСМОНОВ КУРМАНБЕК ЭРГЕШОВИЧ 503 500 499 163 4 337   17 СУВАНАЛИЕВ ОМУРБЕК ИСАКОВИЧ 4 134 910 4 134 774 136   18 ТАШИЕВ КАМЧИБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ 16 497 290 14 811 499 1 685 791   19 ТОКТОГАЗИЕВ ЖУМАБЕК КЕМЕЛОВИЧ 156 000 154 343 1 657       Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы      
Кененирээк билүү >>
КР АШК боюнча басылып чыккан жана жөнөтүлгөн  шайлоо бюллетендеринин саны
24.10.2011

КР АШК боюнча басылып чыккан жана жөнөтүлгөн шайлоо бюллетендеринин саны

КР АШК боюнча басылып чыккан жана жөнөтүлгөн шайлоо бюллетендеринин саны   № Шайлоо комиссиясынын аталышы   Жөнөтүлгөн шайлоо бюллетендердин саны Бишкек шаары,  204 участка 1 Ленин району 10000 2 Октябрь району 10000 3 Биринчи май району 10000 4 Свердлов району 10000 Шаар боюнча бардыгы: 40000 Баткен областы,  198 участка 1 Баткен шаары 12700 2 Баткен району 44300 3 Кызыл-Кыя шаары 21000 4 Сүлүктү шаары 8500 5 Кадамжай району 88600 6 Лейлек району 66100 Область боюнча бардыгы: 241200 Жалал-Абад областы,  417 участка 1 Аксы району 62500 2 Ала-Бука району 51500 3 Базар-Коргон району 70700 4 Жалал-Абад шаары 35200 5 Кара-Көл шаары 11200 6 Майлуу-Суу шаары 10000 7 Ноокен району 68800 8 Сузак району 139400 9 Таш-Көмүр шаары 14400 10 Токтогул району 46400 11 Чаткал району 10100 12 Тогуз-Торо району 12600 Область боюнча бардыгы: 532800 Талас областы, 116 участка  1 Бакай-Ата району 26300 2 Талас шаары 15200 3 Кара-Буура району 32400 4 Манас району 16100 5 Талас району 35000 Область боюнча бардыгы: 125000 Нарын областы, 165 участка 1 Ак-Тала район 19500 2 Ат-Башы району 32200 3 Нарын шаары 25800 4 Жумгал району 23600 5 Кочкор району 40100 6 Нарын району 18100 Область боюнча бардыгы: 159300 Ош областы, 479 участка 1 Алай району 42000 2 Араван району 68300 3 Кара-Кулжа 40300 4 Кара-Суу району 200000 5 Ноокат району 142100 6 Өзгөн району 124400 7 Чоң-Алай району 15000 Область боюнча бардыгы: 632100 Ош шаары, 73 участка 1 Ош шаары 122500 Шаар боюнча бардыгы: 122500 Чүй областы, 396 участка 1 Аламүдүн район 86100 2 Токмок шаары 25600 3 Жайыл району 55900 4 Кемин району 29100 5 Москва району 51200 6 Панфилов району 24200 7 Сокулук району 99500 8 Чүй району 30800 9 Ысык-Ата району 79900   482300 Ысык-Көл областы,  241 участка 1 Ак-Суу району 32700 2 Балыкчы шаары 19800 3 Каракол шаары 28600 4 Жети-Өгүз району 48200 5 Ысык-Көл району 50100 6 Тоң району 29500 7 Төп району 33900 Область боюнча бардыгы: 242800 КР ТИМ, 29 участка 40000  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2011 – жылдагы Президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин жеткирүүнү жүргүзүүдө
22.10.2011

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2011 – жылдагы Президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин жеткирүүнү жүргүзүүдө

Бүгүн, 2011 – жылдын 22 – октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2011 – жылдагы Президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин жеткирүүнү улантты. Тактап айтканда, добуш берүү бюллетендерин “Учкун” ААКсынан Чүй областынын Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй жана Ысык-Ата райондоруна, ошондой эле Токмок шаарына жүктөп жеткирүү процесси ишке ашырылды. Бюллетендерди  өткөрүп берүү процесси “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30 – беренесинин 9 – бөлүгүндө жазылган.  Буга чейин добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендери Талас,  Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл,  Ош областтарына жана Ош шаарына жеткирилгенин эскерте кетмекчибиз.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов АШК жана УШКлардын шайлоого даярдыктары менен таанышты
22.10.2011

КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов АШК жана УШКлардын шайлоого даярдыктары менен таанышты

Бүгүн, 2011-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын даярдыктарын текшерүү максатында бир катар АШК жана УШКларда болду. Атап айтканда, Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларында, ошондой борбор шаардагы № 1041, 1042, 1001 УШК өкүлдөрүнүн алдыдагы шайлоого даярдыгын текшерди. БШКнын төрагасы Т.Абдраимов буга чейин республика боюнча ушундай эле жумушчу сапарлары менен кыдырып чыккандыгын эскерте кетели. Азыркы убакта ушундай максат менен төраганын орун басарлары Г.Джурабаева жана А.Шайымкулова Ош жана Жалал-Абад облустарында жүрүшөт.  Бишкектеги жогоруда көрсөтүлгөн шайлоо комиссияларында болгон учурда шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча комиссия мүчөлөрү тарабынан кыйла иштер аткарылгандыгы жана азыркы убакта кандай иштер жасалып жаткандыгы ачык көрүнүп турат. Алсак, Ленин аймактык шайлоо комиссиясы боюнча шайлоочулардын негизги тизмесинде 93 миңден ашуун адам бар. Ушул жылдын 20-октябрына карата 31357 арыз берилип, бул тизмедегилердин жарымынан көбүнүн маалыматтары системдик администраторлор тарабынан кылдат текшерилип чыккан. Ошондой эле бүгүнкү күндө АШКнын шайлоочулар тизмесинде чет өлкөлөрдөгү консулдук эсепте 40 000ге жакын адам турат. Жалпысынан КР БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов белгилегендей,  аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары ырааттуу иш алып барууда. «Учкун» ААКсында добуш берүү үчүн 2 870 000 бюллетен даярдалган. Бюллетендер бардык жерлерге жеткирилген. Ошондой эле аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү үчүн кабинкалар жана үкөкчөлөр, уюштуруу техникалары, кеңсе буюмдары да жеткирилди. Мурда белгиленгендей,  участкалык шайлоо комиссияларында картридждердин жетишсиздик маселеси да оң чечилүүдө     КР БШКнын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
КР БШК алдыдагы шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү үчүн  «Чалкан.kg» газетасын аккредитациялаган жок
21.10.2011

КР БШК алдыдагы шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү үчүн «Чалкан.kg» газетасын аккредитациялаган жок

Бүгүн, 2011-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесинин 8-бөлүгүн,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 13 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде алардын ишинин тартиби жөнүндө”  Жобонун 2-бөлүмүн жетекчиликке алып, “Чалкан. Kg” ЖЧКсынын 2011-жылдын 14-октябрындагы кайрылуусун карап чыгып, 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү үчүн “Чалкан. Kg” жалпыга маалымдоо басма сөз каражатын аккредитацилоодон баш тартты.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин 2011-жылдын 30-октябрында шайлоодо эл аралык байкоочулар катары  Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюронун   (БДИПЧ/ОБСЕ), АКШ  Эл аралык катнаштар Улуттук Демократиялык Институнун   (НДИ) өкүлдөрүн аккредитациялады. Бүгүнкү күнгө 25 эл аралык уюмдан 316 эл аралык байкоочу аккредитациялангандыгын эскерте кетмекчибиз.     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
КР БШК эл аралык байкоочулар катарында дагы 7 эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн акредитациялады
21.10.2011

КР БШК эл аралык байкоочулар катарында дагы 7 эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн акредитациялады

Бүгүн, 2011-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Алмазбек Атамбаевдин 2 адамын, Анарбек Калматовдун 481 адамын, Кубатбек Байболовдун 23 адамын, Курманбек Осмоновдун 2 адамын, Марат Иманкуловдун 125 адамын, Өмүрбек Суваналиевдин 348 адамын талапкердин ишенимдүү адамы кылып каттады. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин 2011-жылдын 30-октябрында шайлоодо эл аралык байкоочулар катарында Астана шаарындагы Польша Республикасынын элчилигинин, Астана шаарындагы Улуу Британия элчилигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), АКШ эл аралык катнаштын Улуттук Демократиялык Институтунун (НДИ), Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) байкоочуларынын Миссиясынын, Ташкент шаарындагы Индонезия Республикасынын элчилигинин, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн аккредитациялады. Бүгүнкү күнгө 25 эл аралык уюмдардан 214 эл аралык байкоочулар аккредитациялангандыгын эскерте кетмекчибиз. Бул жыйналышта Баткен областынын Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй областынын Чүй, Москва аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  А.Жапаровдун каттоосун алып салды
18.10.2011

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Жапаровдун каттоосун алып салды

Бүгүн, 2011-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өтөкрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жапаров Акылбек Усеновичтен 2011-жылдын 14-октябрында келип түшкөн арызынын негизинде каттосун алып салды. Ушул эле жыйналышта, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Абдылдаев Арстанбектин – 142 кишиси, Исабеков Кубанычбектин– 2 кишиси, Атамбаев Алмазбектин – 7 кишиси, Ташиев Камчыбектин – 9 кишиси ишенимдүү адамдары болуп катталышты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого төмөнкү эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн аккредитациялады: Норвегиялык Хельсинки Комитети , Украинанын Жогорку Радасынын адамдын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү , АКШ Улуттук Демократиялык Эл аралык кызматташуу институту (УДИ), Кыргыз Республикасындагы Ханнс Задель Фондунун өкүлчүлүгү,  Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин катышуучу - мамлекеттердин   Парламенттер аралык ассамблеясы (ПАА КМШ), Казахстан Республикасындагы жана Кыргызстан Республикасындагы Бельгиянын элчилиги. Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө 16 эл аралык уюмдан 96 эл аралык байкоочулар аккредиттелинди. Жыйналышта, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун ЖМК өкүлдөрү үчүн  маалыматтык жыйыны
17.10.2011

КР БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун ЖМК өкүлдөрү үчүн маалыматтык жыйыны

Бүгүн, 2011-жылдын 11-октябрында Кыргыз Рреспубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов жалпыга маалымдоо каражыттарынын өкүлдөрү үчүн маалыматтык жыйында 2011-жылдын 30-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого шайлоолордун даярдыктарынын жүрүшү жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, Туйгуналы Абдраимов маалыматтык жыйынга катышкан журналисттердин суроолоруна жооп берди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы   
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын 2011 – жылдын 17 – октябрына карата жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет
17.10.2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын 2011 – жылдын 17 – октябрына карата жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет

Талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын пайдаланылышын жана так эсепке алынышын, түшүүлөрдүн булактарын контролдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин финансылык отчетторун текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдында Контролдук – текшерүү тобу түзүлгөн. Аталган топтун жетекчиси болуп КР БШК мүчөсү Асаналиев Алмаз Турдакунович эсептелет. “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41 – беренесинин 12 – пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарды чыгымдоонун ачыктыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдук – текшерүү тобу 2011 – жылдын 17– октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндөгү төмөндөгү маалыматты жайгаштырат             № Ф.А.Ж.  Шайлоо фондунун атайын эсебиндеги акча каражаттары         Түшкөнү Чыгымы Калдыгы   1 АБДЫЛДАЕВ АРСТАНБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВИЧ 4 668 000 4 583 871 84 129   2 АЙТИКЕЕВ АКБАРАЛЫ ЫСЫРАЙЫЛОВИЧ 410 500 400 432 10 068   3 АСАНБЕКОВ ТЕМИРБЕК ИШЕНБАЕВИЧ 740 000 525 315 214 685   4 АТАМБАЕВ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ 35 500 000 34 021 286 1 478 714   5 БАЙБОЛОВ КУБАТБЕК КАЛБЕКОВИЧ 12 724 990 12 127 828 597 162   6 БАКИР УУЛУ ТУРСУНБАЙ 4 380 500 4 279 044 101 457   7 ДЫЙКАНОВ СООРОНБАЙ САБЫРОВИЧ 600 000 599 146 854   8 ЖАПАРОВ АКЫЛБЕК УСЕНБЕКОВИЧ 200 000 195 470 4 530   9 ИСАБЕКОВ КУБАНЫЧБЕК САТИНДИЕВИЧ 6 620 800 5 906 760 714 040   10 ИМАНКУЛОВ МАРАТ МУКАНОВИЧ 399 800 396 137 3 663   11 КАЛМАТОВ АНАРБЕК БАРАТОВИЧ 7 460 000 7 452 616 7 384   12 КАРИМОВ АЛМАЗБЕК ТАШПОЛОТОВИЧ 267 850 240 399 27 451   13 КОЛУБАЕВ ТОРОБАЙ КУНАЗОВИЧ 100 200 100 200 0   14 МАДУМАРОВ АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ 21 592 830 21 143 470 449 359   15 МАТУБРАИМОВ АЛМАМБЕТ 199 000 190 393 8 607   16 ОМОРОВ РОМАН ОМОРОВИЧ 154 850 125 348 29 502   17 ОСМОНОВ КУРМАНБЕК ЭРГЕШОВИЧ 493 500 472 463 21 037   18 СУВАНАЛИЕВ ОМУРБЕК ИСАКОВИЧ 3 120 000 2 820 980 299 020   19 ТАШИЕВ КАМЧИБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ 13 472 290 13 137 702 334 588   20 ТОКТОГАЗИЕВ ЖУМАБЕК КЕМЕЛОВИЧ 131 000 118 493 12 507     Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики сообщает:
15.10.2011

Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики сообщает:

17 октября 2011 года в 15:00 в зале заседаний ЦИК КР состоится пресс-конференция Председателя ЦИК КР на тему: «О ходе подготовки к предстоящим выборам Президента Кыргызской Республики 2011, назначенных на 30 октября 2011 года».   Пресс-служба Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики
Кененирээк билүү >>
Шайлоочулардын эсине!
14.10.2011

Шайлоочулардын эсине!

Борбордук шайлоо комиссиясы түшүндүрөт: 19-октябрда шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө жарандардын арыздарын кабыл алуу аяктайт. Участкалык шайлоо комисиялары тарабынан суралуучу жарандын жеке идентификациялык номери жөнүндө маалыматтар шайлоочулардын толук жана так тизмесин түзүү үчүн зарыл. Жарандардын өздөрүнүн жигердүү катышуусу менен гана сапаттуу тизме түзүүгө мүмкүн болот, бул акыйкат жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүнүн негизги шарты болуп саналат. Шайлоодон четте калбаңыз- шайлочулардын тизмесинде өзүңүздү текшериңиз!  
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган 3 талапкердин каттоолору жокко чыгарылды
13.10.2011

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган 3 талапкердин каттоолору жокко чыгарылды

Бүгүн, 2011-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Кубатбек Байболовдун – 14, Алмазбек Атамбаевдин – 16, Камчыбек Ташиевдин -6 ишенимдүү адамдарын каттады, Ушул эле жыйналышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлер Тюлеев Нариман Ташболотовичтен 2011-жылдын 11-октябрында, Медетбеков Шамшыбек Осмонкуловичтен 2011-жылдын 12-октябрында Масалиев Исхак Абсаматовичтен 2011-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн арыздарына байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлердин каттоосун жокко чыгарды. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн токтому менен Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы эл аралык байкоочулар катары Кыргыз Республикасындагы Корея элчилигинин, Пакистандын «Общество Азиатских Цивилизаций» бейөкмөт уюмунун, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) катчылыгынын өкүлдөрүн аккредитациялады. Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө 63 эл аралык байкоочу аккредитацияланды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
11 октября 2011 года состоялась встреча членов ЦИК КР с представителями дипломатической службы ФРГ
12.10.2011

11 октября 2011 года состоялась встреча членов ЦИК КР с представителями дипломатической службы ФРГ

Даярдалууда
Кененирээк билүү >>
1 … 473 475 … 487