Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

«Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» № 16 Жарлыкка кол коюлду
27.01.2016

«Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» № 16 Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, төмөнкүдөй токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешине, Балыкчы, Каракол шаардык кеңештерине, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешине, Кемин районунун Кемин шаардык кеңешине, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык кеңешине, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 27-мартына дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн; - шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Аксы райондорунун, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун, Чүй облусунун Аламүдүн, Кемин жана Ысык-Ата райондорунун, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын жана Ош шаарынын мэрлери шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Берилме булагы: http://www.president.kg/
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамы түзүлдү
25.01.2016

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамы түзүлдү

Сегодня, 25 января 2016 года состоялось заседание ЦИК КР. На заседании были сформированы резервы некоторых территориальных избирательных комиссий Кыргызской Республики, а также составы некоторых территориальных комиссий Кыргызской Республики. Ранее была проведена жеребьевка с участием представителей политических партий.        В 2016 году состоятся выборы в местные кенеши, в соответствии с этим ЦИК КР проводит необходимые работы по подготовке к данным выборам. Так, в ходе подготовки к выборам в местные кенеши были внесены изменения в Закон КР «О выборах депутатов местных кенешей».
Кененирээк билүү >>
БШК кезектеги отурумун өткөрдү
22.01.2016

БШК кезектеги отурумун өткөрдү

Бүгүн, 2016-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиянын отуруму өттү. Отурумда, БШК мүчөлөрү бош депутаттык мандатты “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынын өкүлү Маматов Абдимуктарга өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алышты.    Ошону менен бирге, отурумда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2016-жылдын 10-февралында дайындоону чечишти.    КРнын БШК мүчөлөрү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган депутаттык мандаттар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына кезектеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитишти.  
Кененирээк билүү >>
КРдагы JICA Туруктуу өкүлү Ояма Такаюкинин КРнын БШКга болгон визити
20.01.2016

КРдагы JICA Туруктуу өкүлү Ояма Такаюкинин КРнын БШКга болгон визити

19 января 2016 года по случаю  завершения своей миссии в Кыргызстане Постоянный представитель JICA в КР Ояма Такаюки был с визитом в ЦИК КР. С приветственным словом г-на Такаюки встретила заместитель председателя А. Шайымкулова. В своей речи она поблагодарила Японское агенство международного сотрудничества в Кыргызстане за оказанную помощь при подготовке и проведении выборов в Жогорку Кенеш 2015 года. О. Такаюки отметил, что Кыргызстан благодаря усилиям ЦИК КР провел честные и прозрачные выборы в 2015 году, а также заверил, что JICA в КР продолжит работу с ЦИК, в особенности на предстоящих президентских выборов. Он также отметил, что был очень горд, когда Премьер-министр Японии С. Абе и Президент А. Атамбаев высоко оценили прошедшие выборы в Жогорку Кенеш. В свою очередь заместитель председателя А. Шайымкулова выразила надежду на дальнейшее плодотворное сотрудничество с Японским агенством международного сотрудничества в Кыргызстане.      “Я пробыл в Кыргызстане 4 года, и Кыргызстан является моей второй родиной, с трудом и грустью покидаю эту замечательную страну. Но, я буду приезжать в Кыргызстан с частными визитами”, - заключил г-н Такаюки.             
Кененирээк билүү >>
«Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтолгондугу жөнүндө
14.01.2016

«Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтолгондугу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары  Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын, Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын 2015-жылдын 22-декабрындагы  №19 чечиминин негизинде, фракциянын лидеринен Жогорку Кеңештин расмий сайтына алдын ала кезексиз 2015-жылдын 22-декабрында  өтө турган отурумунун күн тартиби жайгаштырылгадыгы жөнүндө малыматты жана отурумдун Протоколду алып келүү талап кылынган.      Мындан тышкары, БШКнын талабы боюнча, түп нускалар менен көчүрмөлөрдү визуалдык салыштыруу үчүн,   “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тарабынан, аталган депутатардын арыздарынын түп нускалары берилген.   БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткорүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын, Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулуу жөнүндө токтом кабыл алынган.   Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамдын 3 жана 18 беренелерине ылайык шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясый партиялар, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт.    Борбордук шайлоо комиссиясынын Конституцияга, мыйзамдарга карама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктарынан аша кетүү менен кабыл алынган чечимдери БШК тарабынан же Сот тартибинде жокко чыгарылышы зарыл. 
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
12.01.2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

2015-жылдын 11 январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын, Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын жана “Ата Мекен” саясий социалистик партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сапарбаев Жоомарт Рахатовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган депутаттык мандаттар кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди. Отурумда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Мусаеваны Н.Ж., Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Кабыловду С.М. жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Бектировду Т.К. 2015-жылдын 28 декабрында өткөрүлгөн шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди, ошондой эле, отурумда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөттөрүнүн башчыларын  шайлоону 2016-жылдын 29-январына дайындоо боюнча токтом кабыл алынды.  Мындан тышкары, БШКнын мүчөлөрү тарабынан жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитилди.  
Кененирээк билүү >>
КАЙРЫЛУУ
04.01.2016

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!   “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) 2013 – жылдын  26-сентыбрындагы № 150 токтомунун негизинде  аймактык шайлоо комиссияларынын (Бишкек жана Жалал-Абад башкалардан тышкары) курамы жана резерви  2 жылга түзүлүп, бекитилген.   Азыркы учурда, көпчүлүк аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринде аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын түзүү үчүн саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн зарыл саны жок болууда.   Ушуга байланыштуу, БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине (Бишкек жана Жалал-Абад башкалардан тышкары) саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.   Мыйзамга ылайык аймактык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен кеминде он бир мүчөнүн курамында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясынын резерви беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалдык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт. Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык денгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүсү тийиш. Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.   Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:   -аймактык шайлоо комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;   -паспортунун көчүрмөсү;   -иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);   -байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.   Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2016-жылдын 18-январынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерге) кабыл алынат жана тиешелүү шаардык, айылдык кеңештер же жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштары  тарабынан БШКга берилет.   Аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор      2016-жылдын 18-январынын саат 18-00гө чейин БШКда кабыл алынат.   “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор, аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү үчүн зарыл документтердин үлгүлөрү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.   Маалымат алуу телефону: (0312) 62-08-29, (0312) 66-01-16 Үлгүлөр: Арыз , Протокол , Жыйын Протоколу 
Кененирээк билүү >>
Итоговое совещание ЦИК КР по результатам 2015 года и перспективам на 2016-2017 годы
24.12.2015

Итоговое совещание ЦИК КР по результатам 2015 года и перспективам на 2016-2017 годы

Сегодня 24 декабря 2015 года в здании Исторического музея состоялось итоговое совещание на тему: «О деятельности ЦИК КР за 2015 год и перспективах на 2016-2017 гг.». В работе совещания приняли участие члены ЦИК, сотрудники аппарата ЦИК, специальные представители и системные администраторы ТИК. Открыл данное мероприятие Председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Туйгунаалы Абдраимов. На совещании были заслушаны доклады: «Об основных результатах деятельности ЦИК КР за 2015 год и задачах на 2016-2017 годы»; «Парламентские выборы 2015 года: использование ИКТ. Итоги и перспективы»; «Составление списков избирателей: Проблемы и недостатки»; «Парламентские выборы 2015 года: Процесс обучения и пути его улучшения» и другие доклады, связанные с деятельностью ЦИК КР. В заключительной части итогового совещания состоялась церемония награждения отличившихся сотрудников.   Пресс-служба ЦИК КР
Кененирээк билүү >>
Хронология событий и фактов по Саматову Ж.А.
22.12.2015

Хронология событий и фактов по Саматову Ж.А.

1. По результатам выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики политическая партия «Республика-Ата Журт» получила 28 мандатов (далее - партия). 2. Партия обратилась в ЦИК с заявлением о наличии у Саматова Ж.А. гражданства Российской Федерации, представила доказательства и попросила принять соответствующие меры. 3. ЦИК располагал дополнительными документами и информацией о наличии у Саматова гражданства РФ. 4. ЦИК пришел к выводу, что доказательная база о наличии гражданства РФ теперь достаточна и не зарегистрировал Саматова депутатом ЖК КР. Вместо Саматова был зарегистрирован Ибраимжанов Б. 5. Саматов обратился в Первомайский районный суд. Суд отказал ему, но Верховный суд КР удовлетворил заявление Саматова частично и отменил постановление ЦИК. 6. Теперь и Саматов обратился в ЦИК с заялением. ЦИК продолжил рассмотрение заявлений партии совместно с заявлением Саматова, но Саматов обратился в суд уже с исковым заявлением. 7. Первомайский районный суд не учитывая, что ЦИК рассматривает два противоположных заявления по одному вопросу, удовлетворил заявление Саматова в суд частично: а) признал бездействие ЦИК незаконным, б) обязал ЦИК в течение трех дней рассмотреть обращения Саматова. 8. Учитывая, что процесс затянулся, ЦИК решил не обжаловать первую часть решения и обжаловал в Верховный суд только вторую часть, а также то, что избирательные процессы в суде не могут быть рассмотрены в порядке искового производства. В этой части Верховный суд полностью удовлетворил жалобу ЦИК и отменил решение Первомайского суда в этой части. 9. Параллельно, не дожидаясь постановления Верховного суда, ЦИК рассмотрел обращения Саматова и партии, которой отказал в удовлетворении решением, а обращение Саматова удовлетворил постановлением № 193 от 07.12.2015 года на основании представленного в ЦИК доказательства об отсутствии у него гражданства РФ (письмо Ромодановского К.О.) (приложение 1). 10. Кроме того, ЦИКом ранее были направлены запросы в ГРС и МИД КР. А также был направлен запрос в Государственную службу миграции при Правительстве КР с просьбой проверить подлинность представленного Саматовым письма от ФМС РФ за подписью генерал-полковника милиции К.О. Ромодановского. Письмо вызывало сомнения в ее подлинности: а) в России давно не существует милиции, б) оригинал письма не содержит обязательных элементов защиты,       в) К.О. Ромодановский имеет ранг федерального министра и руководит данным ведомством как министр, а не как генерал-полковник милиции (полиции?) (приложение 2). 11. ГСМ при Правительстве КР направила запрос в ФМС РФ (приложение 3).  12. На запрос ГСМ при Правительстве КР был получен ответ от соответствующего управления ФМС РФ (приложение 4). 13. Подлинность данного ответа не вызывает сомнений, т.к. ранее на другой запрос был получен ответ оформленный точно таким же образом (приложение 5). Кроме того, это официальные документы официальных государственных органов, полученные в результате взаимодействия в установленном порядке, согласно международных договоров и межправительственных соглашений, в соответствии с законодательствами сторон сотрудничества 14. В связи с тем, что постановление № 193 от 07.12.2015 года было основано только на письме за подписью К.О. Ромодановского адресованного Саматову, которое российская сторона не признала, ЦИК вынужден был отменить свое постановление как не имеющее основания (любой нормативный акт принятый без основания считается противоречащим законодательству, принятым с превышением полномочий, а потому подлежащим отмене) (приложение 6). 15.Таким образом, постановление ЦИК № 193 от 07.12.2015 года отменено законно, а для установления иных правовых последствий ЦИК материалы постановления №198 от 16.12.2015 года направил в Генеральную прокуратуру как уполномоченному государственному органу (приложение 7).      
Кененирээк билүү >>
« О Саматове Ж.А.»
21.12.2015

« О Саматове Ж.А.»

В соответствии с предъявленным гр. Саматовым Ж.А.  письмом из Федеральной миграционной службы Российской Федерации об отсутствии у него гражданства Российской Федерации, Центральной избирательной комиссией было принято Постановление от 7 декабря 2015 года № 193 «О регистрации депутатом Жогорку Кенеша Кыргызской Республики» от политической партии «Республика-Ата-Журт»  Саматова Ж.А.». В месте с тем, 15 декабря 2015 года в адрес Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики из Государственной службы миграции при Правительстве Кыргызской Республики поступила официальная информация о том, что документ об отсутствии гражданства Российской Федерации у Саматова Ж.А., Федеральной миграционной службой Российской Федерации не оформлялся и не выдавался. Руководствуясь полученной информацией, ЦИК вынужден был отменить ранее принятое постановление как не имеющее основания. 
Кененирээк билүү >>
Пострадавшим от землетрясения жителям Ошской области оказана материальная помощь.
01.12.2015

Пострадавшим от землетрясения жителям Ошской области оказана материальная помощь.

Коллектив Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики оказал материальную помощь жителям Ошской области, пострадавшим от землетрясения 17 ноября 2015 года и перечислил на специальный счет Министерства чрезвычайных ситуаций однодневную заработную плату в размере 117 314 (сто семнадцать  тысяч триста четырнадцать) сомов.   Пресслужба ЦИК КР
Кененирээк билүү >>
БШКнын төрагасы  Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн координатору менен жолугушту
21.10.2015

БШКнын төрагасы Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн координатору менен жолугушту

2015-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш өнөктөштүгү менен кызматташуу боюнча Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн координатору Гернот Эрлер мырза, ошондой эле Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Петер Рудольф Шольц мырза  менен жолугушту. Жолугушуунун негизги темаларына төмөнкүдөй маселелер коюлду: Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан жарандардын саны, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле партия ичиндеги талапкерлердин тизмесине байланышкан чыр-чатактар. «Биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо ачык жана таза өткөн фактысына чын дилибизден кубандык. Кыргызстан үчүн таза жана ачык шайлоого умтулуу салт болуп калды», – деп айтты Гернот Эрлер мырза.
Кененирээк билүү >>
БШК саясий партиялардан келип түшкөн арыздарды карады
20.10.2015

БШК саясий партиялардан келип түшкөн арыздарды карады

Бүгүн 2015-жылдын 20-октябрында кыргыз республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө БШК мүчөлөрү «Бүтүн Кыргызстан – Эмгек» саясий партиясынын арыздарын карашты. «Бүтүн Кыргызстан – Эмгек» саясий партиясынын арыздарын карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35-37, 43-45-беренелеринин негизинде жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, бул маселени карап чыккандан кийин жыйынтыгы боюнча Боршайком тарабынан «Бүтүн Кыргызстан – Эмгек» саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле БШК мүчөлөрү «Республика – Ата Журт» жана «Өнүгүү–Прогресс» саясий партияларынан депутаттыкка талапкерлеринин ичинен айрымдарынын партиянын тизмесинен чыгып калуу тууралуу даттанууларын карап чыгышты. БШК мүчөлөрү төмөнкүлөрдү маалымат катары кабыл алышты: партиянын жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аракеттери партия ичиндеги өз ара келишүүчүлүктөрү менен шартталган. Ушуга байланыштуу, талапкерлер жана аларды сунуш кылган партиялар ич ара талаш маселелерди чечип алышы керек. Талапкерлерди каттоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу ошол талапкерлерди алар көрсөтүлгөн тизмеден чыгаруу партиянын чечимине негизделген жана саясий партиянын иш аракеттеринин укуктук чечими болуп саналат. Натыйжада чечим кабыл алынган (БШКнын сайтында жарыяланган).
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды
15.10.2015

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды

2015-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында 2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгарылды. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн арыздардын негизинде төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинин чыгарылып салынды: “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 1, “Ата Мекен” социалисттик-саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 2, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 3, “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 15, ошондой эле “Өнүгүү-Прогрес” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер – 5. Андан ары БШК мүчөлөрү 2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жыйынтыктоочу маалыматты карап чыгышты. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүү күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин 53 даттануу, арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен, 21 арыз, даттануу жана кайрылууга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан жооп берүүлөрдүн негиздемелеринин текстти бекитилген, 9 арыз, даттануу жана кайрылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына кароо үчүн жөнөтүлгөн, калган 23 арыз, даттануу жана кайрылууга ар бирине өз-өзүнчө добуш берүү жолу менен канааттандыруудан баш тартуу чечими кабыл алынган. Акырында, жыйындын соңунда КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы №157 Жарлыгы менен 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Өз сөзүндө ал “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргызстанда шайлоо процессинде биринчи жолу жаңы маалыматтык технологиялар пайдаланылгандыгын билдирди. Биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочулардын тизмесине 2 761 297 шайлоочу киргизилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү мезгилинде автоматтык эсептөөчү урналар менен иштөө көндүмүнө ээ кылуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын 5 миң мүчөсү окууга тартылган. Мындан сырткары шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшүндө жаңы технологиялар сыноодон өткөрүлгөн, анын жыйынтыгы шайлоо учурунда өз натыйжасын берди. Ошондой эле, Т.Абдраимов Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1367 жана Ош облусунун Кара-Суу районунун № 5228, 5234, 5236, 5254, 5459, ошондой эле Чүй облусунун Москва районунун № 7279 жана 7280 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгы укук бузуулардын негизинде жокко чыгарылгандыгын билдирди. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 6 саясий партия 7%дык өткөөлдөн өттү жана алар Кыргыз Республикасынын парламентине сунуш кылынат: -       “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы – 38 мандат; -       «Республика-Ата Журт» саясий партиясы – 28 мандат; -       «Кыргызстан» саясий партиясы – 18 мандат; -       «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы – 13 мандат; -       «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана патриотизм» саясий партиясы – 12 мандат; -       «Ата Мекен» саясий-социалисттик партиясы – 11 мандат. 
Кененирээк билүү >>
14-октябрда БШК кезектеги жыйынын өткөрдү
14.10.2015

14-октябрда БШК кезектеги жыйынын өткөрдү

Бүгүн 14-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Биринчи маселени карап чыгуунун жыйынтыгы менен, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарына талапкер Х.И.Сабировада башка мамлекеттин жарандыгы болгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан келип түшкөн  талапкерлердин тизмесинен чыгарылып салынды. Андан ары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн арыздардын негизинде “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан 55 депутаттыкка талапкер, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан 11 депутаттыкка талапкер, ошондой эле “Кыргызстан” саясий партиясынан 44 депутаттыкка талапкер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына сунуш кылынган талапкерлердин тизмесинен чыгарылып салынды. Өзүнчө маселе катары БШК 2015-жылдын 3-13-октябрына чейин саясий партиялардан, бейөкмөт уюмдардан, саясий партияларынын байкоочуларынан жана ишенимдүү адамдарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынан келип түшкөн 26 арыз жана даттанууларды карап чыкты. Бул маселенин жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы ар түрдүү мазмунда жазылган бардык арыздарды жана даттанууларды канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды. Акырында, шайлоочулардын эркине таасирин тийгизген укук бузуулардын негизинде БШК Бишкек шаарынын Свердлов районунун №1367 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарылды деп тааныды, ошондой эле КР БШКнын 2015-жылдын 28-июлундагы № 89 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкаларынын добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү жөнүндө” жобонун талаптарынын бузулушуна байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун №№ 5228, 5234, 5236, 5254, 5459 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. 
Кененирээк билүү >>
БШК  айрым шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноодон өткөрүү чечимин кабыл алды
12.10.2015

БШК айрым шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноодон өткөрүү чечимин кабыл алды

Бүгүн 2015-жылдын 12-октябрында «Бүтүн Кыргызстан–Эмгек» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү А. Рысбаеванын Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын № 5299, 5317 шайлоо участкаларындагы добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарылды деп таануу тууралуу кайрылуусуна байланыштуу, ошондой эле «Бүтүн Кыргызстан–Эмгек» саясий партиясынын Ош облусунун Араван району боюнча мүчөсү И.С. Хакимовдун №№ 5358, 5359, 5481 шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноону өткөрүү жөнүндөгү арызына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарында жана Ош облусунун Араван районундагы жогоруда аты аталган шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноону өткөрүүгө чечим кабыл алды.  КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 … 435 437 … 482