Башкы Жаңылыктар Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү

Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү

Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23-Сен, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бүгүн, 23-сентябрдагы жыйынында 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

         № 5067 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кашка-Терек айылы, М. Карагулов көчөсү, 30, Кашка-Терек айылынын чайханасынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кашка-Терек айылы, А. Алимканов көчөсү, 1, К. Кулматов атындагы орто мектептин имараты дарегине;

         № 5068 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кызыл-Кырман айылы, М. Темиров көчөсү, 11, спорт залынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кызыл-Кырман айылы, М. Темиров көчөсү, 1, М. Базаркулов атындагы № 43 орто мектептин имараты дарегине;

         № 5069 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кеңеш айылы, К. Иметов көчөсү, 2, спорт залынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кеңеш айылы, К. Иметов көчөсү, 1, “Майрамкан апа” балдар бакчасынын имараты дарегине;

         № 5042 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Эски-Покровка айылы, О. Акматов көчөсү, 10, К. Ташиев атындагы № 62 лицейдин имараты дарегинен Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Эски-Покровка айылы, К. Сайпидинов көчөсү, 42, Б. Шамшиев атындагы маданият үйүнүн имараты дарегине;

         № 5581 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Салам-Алик айыл аймагы, Карчабек айылы, А. Нурматов көчөсү, 1, ФАПтын имараты дарегинен, Салам-Алик айыл аймагы, Карчабек айылы, Т. Кушбаков көчөсү, н/ж, Карчабек негизги билим берүү мектебинин имараты дарегине;

№ 8031 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Лейлек району, Тогуз-Булак айыл аймагы, Кара-Булак айылы, Лейлек-70 көчөсү, 12/7, маданият үйүнүн имараты дарегинен Тогуз-Булак айыл аймагы, Кара-Булак айылы, Кара-Бий көчөсү, 6, Кара-Булак жалпы билим берүү мектебинин имараты дарегине;

         № 8033 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Лейлек району, Тогуз-Булак айыл аймагы, Айбике айылы, Азиреткул көчөсү, 8/1, маалымат борборунун имараты дарегинен Тогуз-Булак айыл аймагы, Айбике айылы, Абдураут көчөсү, 23, Маданият билим берүү мектебинин имараты дарегине өзгөртүлдү.

         Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Салам-Алик айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү менен биргеликте, Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында № 5067, 5068, 5069, 5042, 5581, 8031, 8033 шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана жайгашкан жерлери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүү тапшырылды.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>