Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
БШК Б.С. Жумагуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Бүгүн – 2020-жылы 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жумагулов Бакытбек Сатымбайевичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:
1. Суранова Перизаткан Юлдашалиевна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.С. Жумагуловдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп болуп катталсын;
2. Эшимгожоева Нуржан Жолдошбековна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.С. Жумагуловдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
Чечим Б.С. Жумагуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2020-жылдын 17-ноябрындагы түшкөн арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК К.С. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
Бүгүн – 2020-жылы 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳткөн К.С. Асановдун мурда катталган каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн кайра чакыртып алуу жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоо жөнүндө 2020-жылдын 17-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып төмөнкүдөй токтом кылды:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-ноябрындагы №341 токтому менен катталган каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Усекеева Атыргүл Шаршенкадыровнаны каттоо жокко чыгарылсын.
2. Абдыкасымова Гүльзат Тилекматовна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.С. Асановдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы №279 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө токтом кылды:
1) 25-пунктта «5 пайыздан» деген сөздөр «1 пайыздан» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 43-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар, байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды жана кызматтарды акысыз жүзөгө ашырууга укуктуу.”.
Чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир ченемдик укуктук актыларын “Кыргыз Республикасыын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-ноябрындагы №2 конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК бир нече айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Атаайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №192 буйругу менен Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысы Сагындыкова Салтанат Бейшеевна өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №53 буйругу менен Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы Касымов Батырбек Канатбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 11-ноябрындагы №581 буйругу менен Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбек Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №608 буйругу менен Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Марипов Бакытбек Асамидинович Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалган.
Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ж.Б. Батыров Новопавловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 16-ноябрында болуп ѳткѳн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 270 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгын жана натыйжаларын бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.
Новопавловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан кѳрсѳтүлгѳн Батыров Жоодат Борисович катталган.
Добуш берүүгѳ Новопавловка айылдык кеңешинин 21 депутатынын ичинен 17 депутат катышкан. Ж.Б. Батыров 14 добуш алган, «талапкерлердин баарына каршы» позициясы үчүн -3 добуш берилген.
Шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы протоколу менен Ж.Б. Батыров Новопавловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы белгиленди.
КР БШКнын маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
Ак-Дөбө айыл ѳкмѳтүндѳгү шайлоо болуп ѳттү деп таанылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 15-октябрындагы № 253 токтому менен 2020-жылдын 4-ноябрына дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгын жана натыйжаларын бекитүү боюнча токтом кабыл алды.
Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган, Айдаралиев Нургазы Сартбаевич катталган.
Добуш берүүгѳ Ак-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 17 депутаты катышып, Н. С. Айдаралиев 11 добуш алгандыгы белгиленген, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 6 добуш.
Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 4-ноябрындагы протоколу менен Айдаралиев Нургазы Сартбаевич Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
КР БШКнын маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды
2020-жылдын 18-ноябрына Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк- Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалган.
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна эки талапкер – Жумуков Эмильбек Маматжанович, Эгембердиев Темирбек Калыбекович катталган.
Шайлоодо 21 депутаттан 10 депутат катышты.
Кворумдун жоктугуна байланыштуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болбой калды.
Кененирээк билүү >>
БШКга К. Исмаилова документтерин кайрып алуу боюнча кайрылды
18-ноябрда КР БШКсына Кыргыз Республикасынын жараны Карачач Джумаевна Исмаилова Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берген документтерин кайрып алуу арызы менен кайрылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 18-ноябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 18-ноябрь 2020-ж.
Убактысы: 15.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2020-жылы 4-ноябрында өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2020-жылдын 13-ноябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №121 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы №279 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанов Курсан Сатаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жумагулов Бакытбек Сатымбайевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ибраев Саматбек Кулукеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калмаматов Бактыбек Орозалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Маматов Адилет Джанышбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Товкеев Ильгиз Шамшытбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тукунов Акжолтой Шакирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Энназаров Санжарбек Арзыкуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
15. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Эсенбеков Азамат Эсенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
16. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Максутов Кылычбек шайланды
18-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп бир талапкер Максутов Кылычбек Замирович катталды. Ал жергиликтүү кеңештен көрсөтүлгөн.
Ак-Жар айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат болсо, 20 депутат шайлоого катышкан. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколуна ылайык, 18-ноябрда болуп өткөн шайлоодо Максутов Кылычбек Замирович 16 добушка ээ болду.
Ошентип, Максутов Кылычбек Замирович Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болбой калды
2020-жылдын 17-ноябрына Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо дайындалган.
Мэрдин кызмат ордуна бир талапкер – Ормоков Эрнисбек Абдижалилович катталган.
Катталган талапкер жазуу жүзүндө арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болбой калды.
Кененирээк билүү >>
БШК укук коргоо органдарын добуш сатып алууларга жана админресурска каршы турууга окутуп жатат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Жарандык платформа» коомдук фонду менен биргеликте, Бишкектеги ЕККУнун программалык офисинин колдоосу менен «Шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушуна реакция жасоо жана иш-чараларды иштеп чыгууда укук коргоо органдарынын ролу» деп аталган тренинг өткөрдү.
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Тынчтык Шайназаров жана Гульнара Джурабаева катышуучуларга – укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо укугунун жана процессинин өзгөчөлүктөрү, ошондой эле КР БШКсы менен өз ара кандай иштешүү тууралуу түшүндүрмө беришти.
Башкы прокуратуранын өкүлдөрү өткөн шайлоонун жүрүшүндө ачыкка чыккан мыйзам бузуулардын анализин көрсөтүшүп, ошондой эле аткарылган чаралар тууралуу айтып беришти.
Модератор «Жарандык платформа» коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова болду. Тренерлер: Камчибекова Мырза-Айым; Баетов Аяз; Кулбаев Аслан. Шайназаров Тынчтыкбек, БШКнын мүчөсү; Джурабаева Гульнара, БШКнын мүчөсү.
Бул тренинг 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочуларды сатып алууга жана административдик ресурсту пайдаланууга каршы турууга багытталган окутуучу иш-чаралардын циклин ачат. Өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине шайлоочуларды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу боюнча жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушунун түрдүү көрүнүштөрүн жана юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуунун тартибин камтыган бир катар башка кейстерди сунуш кылышат.
Окутуу программасында – шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн конституциялык-укуктук жоопкерчилик; шайлоо комиссиялары жана комиссиялар тарабынан мыйзам бузулган иштерди кароо боюнча даттанууларды (арыздарды) кароонун тартиби; шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара иштешүүсүнүн тартиби; шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде добуштарды сатып алууга жана шайлоо процессине тиешелүү бир катар башка маселелер каралат.
Тренингдин катышуучулары тематикалык блоктор боюнча иштөөдөн кийин, шайлоо мыйзамдарынын бузулушунун ар кандай түрлөрүн, ошондой эле юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуунун тартибин камтыган кейстерди талдашты.
Катышуучулар тренерлер БШК мүчөсү Гульнара Джурабаева жана Мырза-Айым Камчыбекова менен биргеликте шайлоо мыйзамдарын бузуулар ачыкка чыккандагы аракеттердин алгоритмин иштеп чыгышты.
Кененирээк билүү >>
Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич Барпы айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2020-жылдын 17-ноябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл окмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна үч талапкер - Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич, Гаипбердиев Салмоорбек Досумканович, Сайитбеков Нурлан Авийевич айылдык кенештин депутаттардан көрсөтүлгөн жана катталган.
Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого айылдык кенешинин 31 депутатынан 31 депутаты катышты. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 17-ноябрдагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич 19 добуш, талапкер Гаипбердиев Салмоорбек Досумканович 1 добуш, Сайитбеков Нурлан Авийевич 11 добуш алышкан.
2020-жылдын 17-ноябрдагы шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл окмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
БШК К.Б. Кадыровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кубанычбек Бекбосунович Кадыровдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:
1. Жанпейишов Өмүрбек Абдылдаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Б. Кадыровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын;
2. Кубанычбеков Ислам Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Б. Кадыровдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
Чечим К.Б. Кадыровдун 2020-жылдын 16-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК К. С. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Курсан Сатарович Асановдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:
1. Алмазбек Жолдошбекович Жолдошбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. С. Асановдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,
2. Атыргул Шаршенкадыровна Усекееваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. С. Асановдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.
Чечим 2020-жылдын 16-ноябрындагы К. С. Асановдун арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Р.Б. Жеенбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Равшан Бабырбекович Жеенбековдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:
1. Жуманов Кенжегул Асанович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Б. Жеенбековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын;
2. Дуйшенбиев Таалайбек Алакчинович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Р.Б. Жеенбековдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
Чечим Р.Б. Жеенбековдун 2020-жылдын 16-ноябрындагы жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
05.10.2026
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды