Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №8 үгүт тобун каттады
26.12.2020

БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №8 үгүт тобун каттады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-декабрында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда президенттик республика үчүн катар номуру №8 үгүт тобун каттоо токтомун кабыл алды. 25-декабрда КР БШКга президенттик республика үчүн экендигин билдирген үгүт тобун каттоо боюнча өтүнүч менен курамында 169 адамдан турган топ кайрылган. Топтун жетекчиси Р.Кысанов. Топтун курамы тиркемеге ылайык Токтом Боршайком тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумунда агитация тобун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен референдум катышуучуларынын конституциялык укуктарын ишке ашыруунун жана сактоонун кепилдигин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №7-үгүт тобун каттады
26.12.2020

БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №7-үгүт тобун каттады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-декабрында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда президенттик республика үчүн катар номуру №7- үгүт тобун каттоо токтомун кабыл алды. 26-декабрда КР БШКга президенттик республика үчүн экендигин билдирген  үгүт тобун каттоо боюнча өтүнүч менен курамында 304 адамдан турган топ кайрылган. Топтун жетекчиси А.Д.Джанузаков. Топтун курамы тиркемеде: Токтом "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №6 үгүт тобун каттады
26.12.2020

БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №6 үгүт тобун каттады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-декабрында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда президенттик республика үчүн катар номуру №6 үгүт тобун каттоо токтомун кабыл алды. 25-декабрда КР БШКга президенттик республика үчүн экендигин билдирген үгүт тобун каттоо боюнча өтүнүч менен курамында 14 адамдан турган топ кайрылган. Топтун жетекчиси Б.Т.Баетов. №                            Аты жөнү   Туулган күнү, айы, жылы 1 Баетов Болотбек Талайбекович (жетекчиси) 26.01.1989 2 Аширалиев Асан Абдилазизович 21.06.1989 3 Жолонов Чынгызтөрө Алайбекович   01.01.1989   4 Исмаилов Эрлан Мурзалиевич   09.04.1994   5 Мырзабеков Медеткан Эркинович   19.08.1992   6 Жыргалбек уулу Азамат   01.11.2001   7 Абдыкалыков Мыктыбек Барчинбекович   07.01.1999   8 Юсупов Рахматулло Анваржанович   02.07.1999   9 Рахманов Өткирбек Кубанычбекович   27.01.1988   10 Кадыркулов Элдияр Тажибаевич   09.06.1988   11 Жумашов Алмаз Камбаралиевич   26.08.1989   12 Үсөнова Мээримбү Мамытовна   24.10.2001   13 Джунусбаев Сонунбек Калмаматович   29.07.1985   14 Азимжанов Эрнист Нурланбекович   21.07.1991   Токтом Боршайком тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумунда агитация тобун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен референдум катышуучуларынын конституциялык укуктарын ишке ашыруунун жана сактоонун кепилдигин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
26.12.2020

БШК кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-декабрындагы жыйналышында Ош областынын Кара-Суу, Баткен облусунун Лейлек, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды: Ош облусу Кара-Суу району Катта-Талдык айыл аймагы   - № 5257 “Кара-Сөгөт” шайлоо участкасынын дареги айылдык Маданият үйүнүн имаратынан Кара-Сөгөт айылынын О.Кожошев атындагы №32 жалпы билим берүү орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. - № 5537 “Эшме” шайлоо участкасынын дареги Эшме айылындагы А.Муратова атындагы орто мектебинин имаратынан Асфальтный (катар саны жок) көчөсүндөгү “Жоогазын гүлү” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн. Кашкар-Кыштак айыл аймагы - № 5210 “Мөнөк” шайлоо участкасынын дареги Мөнөк айылындагы Маданият үйүнүн имаратынан Т.Юнусов көчөсүнүн №94 дарегиндеги А.Эшматов атындагы №82 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. Кара-Суу шаары - № 5268 «Юбилейный» шайлоо участкасынын дареги Кушбаков көчөсүнүн №2 дарегиндеги райондук Маданият үйүнүн имаратынан Ленин көчөсүнүн №1 дарегиндеги “Ала-Тоо” киноредакциясынын имаратына өзгөртүлсүн.   Баткен облусу Лейлек району   Маргун айыл аймагы -№ 8007 шайлоо участкасынын дареги Чурбек айылындагы Чурбек көчөсүнүн №64 дарегиндеги үгүт жана пропагандалоо Үйүнүн имаратынан Чурбек айылындагы Чурбек көчөсүнүн №54 дарегиндеги М.Юлдашев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. Талас областы Бакай-Ата району   Акназаров айыл аймагы - № 6064 шайлоо участкасынын Соорбек көчөсүнүн №77 дарегиндеги “Султаналы уулу Кушубак” атындагы орто мектебинин имаратынан Кызыл-Октябрь айылынын Амана(номери жок) көчөсүндөгү “Жеңишбек Сыдыгалиев” атындагы күрөш залынын имаратына өзгөртүлсүн.   Чечим Кара-Суу, Лейлек, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдердин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 26-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
26.12.2020

2020–ж. 26-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 26-декабрь 2020-ж. Убактысы: 12:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Ош облусунун Кара-Суу, Баткен облусунун Лейлек, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 6 президенттик республикасы үчүн «макул», жетекчиси – Б. Т. Баетов) (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 7 президенттик республикасы үчүн «макул», жетекчиси –А. Д. Джанузаков) (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 8 президенттик республикасы үчүн «макул», жетекчиси - Р. Кысанов) (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баядамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 8. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 9.Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
БШК эске салат: Шайлоо дарегин алмаштыруу (2-форма) укугу жокко чыгарылгандыгына байланыштуу КР жарандары конкреттүү шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз болуп саналган каттоо эсебин өз убагында тактоолору зарыл
26.12.2020

БШК эске салат: Шайлоо дарегин алмаштыруу (2-форма) укугу жокко чыгарылгандыгына байланыштуу КР жарандары конкреттүү шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз болуп саналган каттоо эсебин өз убагында тактоолору зарыл

2-форма жокко чыгарылгандыгына байланыштуу каттоо эсеби жаранды тигил же бул шайлоо участогуна киргизүүнүн критерийи болуп саналат. Калкты тейлөө борборлору жана Калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү 2020-жылдын 31-декабрына чейин (кошо алганда) саат 9:00дөн 20:00гө чейин дем алышсыз иштээрин БШК эске салат. Маанилүү!  паспортунда көрсөтүлгөн жашаган жери боюнча каттоо дареги “Дарек-маалымдоо бюросу” (ДМБ) автоматташтырылган маалымат системасында көрсөтүлгөн жашаган жери боюнча каттоо дарегине дал келбеген учурда, шайлоочулар 2020-жылдын 29-декабрына чейин (кошо алганда) шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Бул учурда шайлоочулар биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан өтөт. 2004-жылдын үлгүсүндөгү (AN) паспорту бар, жашаган жеринин каттоо дарегин (ДМБ) алмаштырган, бирок ошол эле учурда жашаган жеринин каттоосунун дарегине ылайык паспортун алмаштырбаган шайлоочулар туруктуу жашаган жери боюнча шайлоо участогуна келип, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз (мурдагы 1-форма) бере алышат. 2017-жылдын үлгүсүндөгү (eID)  паспорту бар шайлоочулар туруктуу жашаган жеринин каттоо дарегине (ДМБ) жана бекитилген чек араларына ылайык тиешелүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Иш-чаралардын календарлык планына ылайык КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын контролдук тизмеси 2020-жылдын 18-декабрында “Тизме” (https://tizme.gov.kg/) порталына жайгаштырылды. Отчеттук мезгилде шайлоочулардын тизмеси 3 556 864 шайлоочуну түздү. Ар бир шайлоочу 2020-жылдын 19-ноябрынан 2020-жылдын 29-декабрына (кошуп алганда) чейин шайлоо участогуна келип, шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталынан, 119 номуруна чалып (чалуу акысыз), 119 номуруна жеке ПИН номуру менен смс жөнөтүп, өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, тактай алат, Сиз өзүңүздүн шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын референдумга катышууга укугу бар, агитация боюнча "макул", "каршы" топторун түзүп жаткан жарандарга кайрылуусу
25.12.2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын референдумга катышууга укугу бар, агитация боюнча "макул", "каршы" топторун түзүп жаткан жарандарга кайрылуусу

КР Боршайкому мамлекеттик телерадиокомпанияларда бекер эфирлер 2020-жылдын 28-декабрында башталаарын билдирет. Эфирге чыгуу форматы: - жеке кайрылуу; - тегерек үстөл; - дебаттар. "Референдумда ("макул" "каршы") агитация топторунун ишмердигин уюштуруу жана каттоонун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, мамлекеттик телеуюмдар референдумга алынып чыккан суроо (суроолор) боюнча агитация жүргүзүү үчүн "макул" тобуна да, "каршы" тобуна да бирдей шарт түзүүгө милдеттүү. 25-декабрга карата КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы агитация жүргүзүүчү 10 топту каттады: - президенттик республика үчүн "макул" - 5 агитация тобу; - президенттик республикага "каршы" - 1 агитация тобу; - парламенттик республикага "макул" - 2 агитация тобу; - бардык варианттарга "каршы" - 2 агитация тобу. КР БШКсы эске салат, 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалган. Белгиленген мыйзамдын 3-беренеси боюнча добуш берүүчү бюллетенге төмөнкүчө суроонун тексти бекитилген: "Сиз Кыргыз Республикасын башкаруунун кандай формасын колдойсуз, "президенттик республика", "парламенттик республика", "бардык варианттарга каршы" (Сиз тандаган жооптун тушуна тиешелүү белги коюңуз)". Пайда болгон суроолор боюнча КР БШКнын Кыргыз Республикасынын референдумунда топтордун агитациясын каттоо тууралуу арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топко кайрылыңыздар: 0312 660 118. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкекте  шайлоодо добуштарды сатып алууга каршы аракеттердин эл аралык жана улуттук тажрыйбасы талкууланды
25.12.2020

Бишкекте  шайлоодо добуштарды сатып алууга каршы аракеттердин эл аралык жана улуттук тажрыйбасы талкууланды

Бүгүн, 25-декабрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы менен USAID колдоосунда Шайлоо системасынын эл аралык фондунун ѳкүлчүлүгү (IFES) уюштурган  “Шайлоо мыйзамдарындагы добуштарды сатып алуу:  Эл аралык жана улуттук тажрыйба” темасында тегерек стол болду. Иш-чарага БШКнын, укук коргоо органдарынын, эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү катышты. КР  БШК тѳрагасы Н. Шайлдабекова добуштарды сатып алууга каршы аракеттенүүнүн маанисин баса белгиледи. “Добуштарды сатып алуу шайлоочулардын ѳз эркин билдирүүсүнѳ таасир тийгизген  опурталдуу  факторлордун бири болуп саналат. Соңку шайлоолордо биз сатып алуунун кесепеттери канчалык кейиштүү болгонун кѳрдүк. Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасын реформалоо процессинде добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууда анын аныктыгына жетише алсак дагы, нааразы болгон коом шайлоонун жыйынтыгын кабыл алган жок. Сатып алуу кѳйгѳйүнүн чечилбей жатышы шайлоолордун аныктыгын  жана ачык-айкындыгын жайылтууга багытталган реформанын башка компоненттерин ѳнүктүрүү баалуулугун жокко чыгарышы мүмкүн. Соңку парламенттик шайлоодо Кыргыз Республикасында дал мына ушундай болду. Сатып алуулар биздин ѳлкѳдѳ ѳзүнүн мүнѳзү жана мазмуну дайыма ар түрдүү  болуп келди. Анын эволюцияланып жатканын көрдүк: анык таза шайлоолор ѳткѳрүлбѳгѳн жылдарда шайлоонун натыйжаларына тике таасир эткен комиссиялар, башка административдик органдар  сатып алуулардын объектиси болуп келсе, 2015-жылы шайлоонун  жаңы модели киргизилгенден кийин шайлоолордун айкындыгы  улам жогорулаган сайын шайлоочу сатып алуунун объектисине айланды. Ар бир добуш эсепке алынарын, муну жарандык кѳзѳмѳлдүн киргизилген бир катар ѳбѳлгѳлѳрү менен текшерсе боло тургандыгын жарыя кылганыбызда, шайлоонун жыйынтыгын элдин ѳзү аныктаган эл бийлигин жүзѳгѳ ашырдык деп эсептегенбиз, мына ушундай шартта шайлоочунун добушу ыймансыз талапкерлер үчүн  баалуу товарга айланды. Ошондуктан шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү стратегиясын жүзѳгѳ ашыруунун алкагында добуштарды сатып алуулар, жабыркагандардын арыздарынын негизинде иликтенүүчү жеке мүнѳздѳгү кылмыштын категориясынан шайлоо аркылуу эл бийлигин жүзѳгѳ ашыруу процессин бүлүндүрүүчү кылмыштын жеке-ачык мүнѳздѳгү категориясына ѳттү. Биз сатып алуу үчүн санкцияны, кылмыштын мүнѳзүнүн ѳзүн ѳзгѳрттүк, добуштарды сатып алуу үчүн жоопко тартылуучу субъекттердин алкагын кеңейттик”- деп белгиледи ал. БШКнын башчысы Кыргыз Республикасында шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы аракеттенүү үчүн зарыл болгон бардык компоненттер эске алынган укуктук негиз бар экендигин белгиледи. “КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого, андан кийин жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке шайлоолорго даярдануу менен, мыкты укуктук базаны натыйжалуу практикалык иштер менен айкалыштыруу аркылуу добуштарды сатып алууга каршы аракеттердин комплекстүү системасын түзүү маанилүү.  Анткени шайлоолор аркылуу биз ѳтѳ маанилүү институттарды түзүп жатабыз.” – деди ал. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системасынын эл аралык фондусунун ѳкүлчүлүгүнүн (IFES) директору Ренаты Левовскинин сѳзү боюнча,  укукту жүзѳгѳ   ашыруу ишинин идеалдуу модели жок. Ар бир ѳлкѳгѳ ѳзүнчѳ кайталангыс саясий, социалдык, экономикалык шарттар мүнѳздүү келет, алар добуштарды сатып алууга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды  түзүүгѳ таасир этет. Бирок Кыргызстан катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана конвенцияларды  да эске алуусу зарыл. Кыргызстан 2005-жылы эле ратификациялаган коррупцияга каршы күрѳш боюнча БУУнун Конвенциясынын 67-беренеси дал ушул ачык-айкындыкка кѳмѳктѳшүү темасына арналган жана мамлекеттерди саясий партияларды жана талапкерлерди каржылоо процессинин ачык-айкындыгын жогорулатууга багытталган мыйзамдык чараларды кабыл алууга чакырган. Эл аралык тажрыйбалардан чыгуу менен, мыйзам чыгаруу, аткаруу органдарын, ошондой эле мыйзамдардын  тыкыр аткарылышын кѳзѳмѳлдѳп турган жарандык коомду тартуу менен ушул  кѳйгѳйдү комплекстүү түрдѳ гана чечсе болот,” – деди ал. БШК мүчѳсү Тынчтык Шайназаров добуштарды сатып алууларга каршы аракеттенүү боюнча КР БШКнын ыкчам таасир этүүчү координациялык тобунун ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жѳнүндѳ баяндады. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык, шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам таасир этүү жана жарандарды маалымдоо максатында шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам таасир этүүчү координациялык топтор түзүлгѳн. Булар БШКнын алдындагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топ жана 54 аймактык шайлоо комиссияларындагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топтору. Топтордун курамына шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, прокуратура, ИИМ, УКМК органдарынын ѳкүлдѳрү киришкен. Координациялык топтордун иш-аракеттеринин алгоритми  иштелип чыккан. Маалыматтар келип түшүүчү каналдар – телефон, WhatsApp  ж.б. камсыз кылынган. 2020-жылдын 24-декабрына карата “Жарандык платформа”  КФ менен бирдикте мыйзамдардын бузулушуна таасир этүү боюнча 16 окутуу тренинги ѳткѳрүлдү. Прокуратура органдарынын 300 кызматкери, ИИМдин 500 кызматкери окуудан ѳтүштү,” – деп белгиледи ал.  Катышуучулар добуштарды сатып алуу кѳйгѳйүн ар түрдүү кѳз карашта, анын ичинде эл аралык тажрыйбаны талкуулашып, Кыргыз Республикасындагы азыркы кырдаалды талдоого алышты. КР   БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкекте шайлоого байланыштуу “Quiz Night” оюну болуп өттү
25.12.2020

Бишкекте шайлоого байланыштуу “Quiz Night” оюну болуп өттү

Бишкекте шайлоо тематикасын билүүгө арналган интеллектуалдык “Quiz Night” оюну болуп өттү. Оюнду КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо системалары боюнча эл аралык өкүлчүлүк менен биргеликте уюштуруп, ЮСАИДдин колдоосу менен ишке ашырды. Иш-чарага Кыргызстандын медиа-коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Бардыгы 12 команда түзүлдү: Команда – «Ангелы Азамата». Капитан - Азамат Акенеев. Команда – «No comment». Капитан - Айсулуу Текимбаева. Команда «Даканса». Капитан - Семетей Аманбеков. Команда «Пресс Хата». Капитан - Лейла Саралаева. Команда «Нечастная лавочка». Капитан - Болот Темиров. Команда «Аксанат». Капитан - Эльмира Мадиева. Команда радио «Азаттык». Капитан - Токтосун Шамбетов Команда «ПолитКлиника». Капитан - Дилбар Алимова Команда «Майли». Капитан - Перизат Сейтбурхан Команда «Angry Pandas». Капитан - Жылдыз Ороспакова Команда «На страже вашей кукурузы». Капитан - Нуржамал Джанибекова Команда «IBF». Капитан - Умарахунов Ильхам.   КР Боршайкомунун төрайымы Н. Шайлдабекова оюндун катышуучуларын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады. “Ар бир үйгө бакыт, ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Ар бир жарандын жан дүйнөсүнө жете тургандай кызыктуу темаларды каалайм. Ичинде ар бири өзүн философ сезген адам убакыт келгенде жазам деп ойлойт, а сиздер күнүгө жазып жатасыздар, демек бактылуусуңар. Биздин жарандар шайлоо процессин жакшы түшүнүүсүнө салым кошуп келе жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Өзгөчө 2020-жылы шайлоо тематикасын чагылдыруунун жаңы деңгээлине көтөрүлүп, ал дата-журналистиканын предмети болуп калды. Бардыгыңыздарга түгөнбөс жигер каалйм!”, - деди ал. Боршайком башчысы алдыда турган референдумга байланыштуу суроолорду берип, туура жооп бергендерге белектерди тапшырды. (IFES) шайлоо системаларынын эл аралык фондунун Кыргызстандагы директору Рената Левовски да катышуучуларды куттуктады. “1987-жылдан тарта IFES шайлоо тармагында тажрыйба топтоп жатат, ал дүйнөнүн 145 өлкөсүндө, өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан демократиясы бар өлкөлөрдө иштеп келет. Кыргызстанда IFES жарандык билим берүү, Борбордук шайлоо комиссиясынын потенциалын бекемдеп, анын кесиптик жактан өнүгүшүн колдоп жатат. Ал үчүн узак убакытка стратегиялык пландоо түзүп, процессуалдык жана юридикалык өзгөрүүлөр менен бирге реформаларды да ишке ашырып келет. Биз өзгөчө аялдардын, жаштардын жана кемтилгеси бар адамдардын шайлоо укуктарына бөтөнчө маани беребиз. 2000-жылдан тарта Кыргызстанда IFES жаштарга жарандык билим берүү боюнча иштеп, орто мектептер үчүн жарандык билим берүү боюнча окуу китебин иштеп чыкты, бир катар долбоорлорду - Демократиянын жайкы инклюзивдүү лагери, Жаш Жарандын мектеби, Медиа лаб сыяктууларды ишке ашырууда. Бул жолу мындай демилгени журналисттер арасында ишке ашыралы дедик. Анткени мындай ыкма билимди жана жөндөмдөрдү берүүнүн майнаптуу ыкмасы болуп саналат, биз мындан ары да муну өз иш-чараларыбызда көп пайдаланууга аракет кылабыз. IFES кызыктуу иш-чараларды ойлоп тапканга аракет кылып, аларда интерактивдүү ыкмалар менен биз шайлоо процесси, мыйзам базалары, БШК жоболору жана эл аралык стандарттар, мыйзам бузуулар жана башкалар тууралуу айтабыз”, - деди ал. Оюндун катышуучулары Кыргыз Республикасынын шайлоо укугун жана шайлоо процессин, башка өлкөлөрдүкүн да билүү боюнча мелдешишти. Шайлоо тарыхы, шайлоо укуктары, аялдар үчүн добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгү, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү боюнча суроолорго жооп беришти. “Quiz Night” жеңүүчүлөрү болуп төмөнкү командалар табылды: «Азаттык» радиосунун командасы. Капитан - Токтосун Шамбетов «Ангелы Азамата» командасы. Капитан - Азамат Акенеев. «Даканса» командасы. Капитан - Семетей Аманбеков.   Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021-жылдын 10-январына дайындалган КР башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) “макул” , “каршы” үгүт топторун каттоо жөнүндө маалымат
24.12.2020

2021-жылдын 10-январына дайындалган КР башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) “макул” , “каршы” үгүт топторун каттоо жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) «макул», «каршы» үгүт топторду каттоо үчүн 10 сунуштама түшкөн.          Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 10 үгүт топторду каттоодон өткөрдү: - президенттик республикасы үчүн «макул» - 5 үгүт топтору; - президенттик республикасына «каршы» - 1 үгүт тобу; - парламенттик республикасы үчүн «макул» - 2 үгүт тобу; - бардык варианттарга каршы – 2 үгүт тобу.   2020-жылдын 21-декабрында төмөнкү үгүт топтору катталды:   1 - катар номери менен парламенттик республикасы үчүн «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Бекешев Дастан Далабайевич, курамы 13 адамдан турат: 1 Бекешев Д.Д. 8 Сайтбурхан кызы П. 2 Алагөз уулу А. 9 Талантбек уулу А. 3 Асанбек уулу А. 10 Турарбеков Н.Т. 4 Довлотов Б.С. 11 Турдубеков У.Б. 5 Калдыбек кызы Б. 12 Шаршенова А.Т. 6 Насыкулов У.О. 13 Эрдоолатов М.М. 7 Рычкова А.П.        1 - катар номери менен бардык варианттарга каршы үгүт тобу, топтун жетекчиси - Шабдан уулу Чынарбек, курамы 10 адамдан турат: 1 Шабдан уулу Ч. 6 Казакбаев У.А. 2 Абадбек уулу С. 7 Курманкожоев С.С. 3 Джаныбаев У.Т. 8 Мукамбетов Т.Б. 4 Джекшеев А.Д. 9           Рахманов Б.Э. 5 Ибраев К.Ж.   10 Сыдыгалиева Н.Ж   2020-жылдын 23-декабрында төмөнкү үгүт топтору катталды:   3)       2 - катар номери менен бардык варианттарга каршы үгүт тобу, топтун жетекчиси - Карасартова Рита Рахмановна, курамы 11 адамдан турат:   1 Карасартова Р.Р. 7 Нурбаев Э.Р. 2 Алымбаева А.Б. 8 Рысбеков Э.У. 3 Аляева Д.У. 9 Труханова О.Ю. 4 Бирюкова В.А. 10 Усманалиева Б.М. 5 Макенбаева Б.Д. 11 Чакиев А.А. 6 Мамырбаева К.Н.       4)   1 - катар номери менен президенттик республикасына үчүн «каршы» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Калмаматов Бактыбек Орозалиевич, курамы 10 адамдан турат: 1 Калмаматов Б.О. 6 Мойдунов М.К. 2 Бакыт уулу Б. 7 Нурмамбетов Ө.Ч. 3 Инашова З.А. 8 Сүйүмбаева К.М. 4 Исабеков М.С. 9 Сыдыков А.А. 5 Мирлан уулу Н.   10 Чотобаев И.А.   5)   1 - катар номери менен президенттик республикасы үчүн «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси -  Муканова Нуруйпа Аалиевна, курамы 11 адамдан турат: 1 Муканова Н.А. 7 Иманов А.Э. 2 Асаналиев Ж.А. 8 Курманакунов И.Т. 3 Ашымов Б.А. 9 Муканов Б.К. 4 Бейшенбеков Б.Т. 10 Тилек уулу М. 5 Болотов Т.Н. 11 Усенов С.А. 6 Ибраев А.О.       6)    2 - катар номери менен парламентттик республикасы үчүн «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Султанбеков Темирлан Медетбекович, курамы 11 адамдан турат: 1 Султанбеков Т.М. 7 Касымбеков Н.А. 2 Алмазбеков К.Ж. 8 Ныязакунова М.Ж. 3 Иса уулу Ж. 9 Турксевер Р.Т. 4 Кадыралиев К.К. 10 Усубалиев Т.Б. 5 Камаева А.Ү. 11 Чекиров У.Б. 6 Касмалиев И.К.                       7)   2 - катар номери менен президенттик республикасы үчүн «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Токтоназаров Марс Семетеевич, курамы 53 адамдан турат:        1 Токтоназаров М.С. 28 Бекмурзаева К.А. 2 Тынчтыкбекова А.Т. 29 Учкунбек уулу У. 3 Акылбек кызы Б. 30 Мун О.Н. 4 Муктаров Р.А. 31 Болгомбаев Т.К. 5 Закиров Т.Н. 32 Усупбаева П.А. 6 Жээмбек уулу А. 33 Калыбаев А.Б. 7 Учкунбеков Т.У. 34 Чалкаев К.А. 8 Ногойбеков Ч.У. 35 Калмуратов Э.К. 9 Казаков А. 36 Акылбекова Г.А. 10 Нуруйбекова К. 37 Эгембердиев Ч.У. 11 Токчулук кызы А. 38 Эгембердиев Т.У. 12 Конукеева М.У. 39 Турганалы кызы А. 13 Борончиева И.С. 40 Болгонбаев К.М. 14 Инакбекова Н.Ш. 41 Жумаева С.Т. 15 Эсенгулов А. 42 Бекирова Н.А. 16 Алымбекова М.А. 43 Бусурманкулова З. 17 Эсенгулов Ж.А. 44 Таджиев К.Т. 18 Жаманакова М.Т. 45 Абдылдаев Т.Н. 19 Кадыркулова З.Ж. 46 Омурбеков Т.К. 20 Беккулов Ж.Э. 47 Сарыбаев А.Б. 21 Абдышева К.Т. 48 Садыгалиев Н.Т. 22 Карымшакова Н.Ж. 49 Орозбакова Н.З. 23 Исмаилов Э.Д. 50 Чомоев А.Т. 24 Исмаилов Д.Ж. 51 Кысанов Р. 25 Мамбетова Г.Б. 52 Карыбай уулу Т. 26 Жумакадыр уулу Б. 53 Табалдиев А.К. 27 Мун В.Н.       8)     3 - катар номери менен президенттик республикасы үчүн «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Саликеев Тилек Кудайбергенович, курамы 18 адамдан турат: 1 Саликеев Т.К. 10 Сиркин М.С. 2 Мавлянова М.А. 11 Хашимов Д.Х. 3 Андрух В.В. 12 Каримова С.А. 4 Фаустов М.О. 13 Абаева Н.М. 5 Кошалиев М.К. 14 Токторалы уулу Ы. 6 Шамыров У.К. 15 Токоев М.К. 7 Айтбаев А.А. 16 Джакыпов А.А. 8 Шишман-Оглы М.Р. 17 Шамырова М.К. 9 Третьякова К.В. 18 Аскарбек уулу Р.   9)     4 - катар номери менен президенттик республикасы үчүн «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Бектурова Бибинур Бектуровна, курамы 28 адамдан турат:   1 Бектурова Б.Б. 15 Нурданил кызы А. 2 Рахатбеков Э.Р. 16 Асыранбеков К.С. 3 Сабыралиев К.А. 17 Кубатбекова Г.Ж. 4 Самарбек кызы А. 18 Бабадинов И.О. 5 Сапаркулова М.С. 19 Бекболсун кызы А. 6 Тагайбек уулу Э. 20 Додоева Ж. 7 Танабаева Э.Т. 21 Мекенова А.М. 8 Теңизбек кызы А. 22 Мейманбеков Э.М. 9 Онолбаев М.Д. 23 Алмазбекова А.А. 10 Женишбек кызы А. 24 Иманалиева А.Э. 11 Абдималикова А.А. 25 Ысабаева У.Л. 12 Жумабек кызы Н. 26 Ниязбекова Э.Н. 13 Акылбекова Б.Ю. 27 Мамадалиева А.Ш. 14 Асанбек кызы А. 28 Исабекова А.   2020-жылдын 24-декабрында төмөнкү үгүт тобу катталды:   10)   5 - катар номери менен президенттик республикасы үчүн «макул» үгүт тобу, топтун жетекчиси - Алиев Медербек Кубанычевич, курамы 14 адамдан турат: 1 Алиев М.К. 8 Нурматов Т.А. 2 Аманалиев У.О. 9 Ормонова Г.З. 3 Асанбаев Н.К. 10 Сманалиев К.М. 4 Бейшембек кызы А. 11 Токтобаев Б.Т. 5 Давлеталиев З.Д. 12 Турсунбаева Н.С. 6 Кубатов И.К. 13 Шаршеналиева А.Н. 7 Мамбеткадыров А.А. 14 Шерипов Н.   Кыргыз Республикасынын референдумга «макул», «каршы» үгүт топтордун каттоо үчүн түшкөн арыздарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ, КР БШК
Кененирээк билүү >>
БШК  Референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ) катталган үгүт топторунун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады
24.12.2020

БШК  Референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ) катталган үгүт топторунун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын  24-декабрындагы жыйынында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Респубикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ)  үгүт топторунун тѳмѳндѳгү финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн, аларга белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳрдү берүү менен,  каттоо боюнча токтом кабыл алды: - Муканов Бакыт Кенешович,  президенттик республика «үчүн» №1 үгүт тобу; - Табалдиев Алишер Кадырбекович, президенттик республика «үчүн» №2 үгүт тобу; - Мавлянова Мээрим Амангелдиевна, президенттик республика «үчүн» №3 үгүт тобу; - Кубатбекова Гульзар Жалгашбаевна, президенттик республика «үчүн» №4 үгүт тобу; - Исабеков Максат Суйоркулович, президенттик республикага «каршы» №1 үгүт тобу; - Сапаралиева Кульбарчын Абдилхасимовна, бардык варианттарга каршы №2 үгүт тобу. Токтом Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын референумунда үгүт топторун каттоо жѳнүндѳ арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3, 7-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мызамынын 23-беренесине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №5-үгүт тобун каттады
24.12.2020

БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №5-үгүт тобун каттады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 23-декабрында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда президенттик республика үчүн катар номуру №5- үгүт тобун каттоо токтомун кабыл алды. 23-декабрда КР БШКга президенттик республика үчүн экендигин билдирген агитация тобун каттоо боюнча өтүнүч менен курамында 14 адамдан турган топ кайрылган. Топтун жетекчиси М. Алиев. Алардын аты-жөнү: 1. Медербек Алиев (жетекчиси) 2. Болот Токтобаев  3. Урмат Аманалиев  4. Нурлан Шерипов 5. Задкар Давлеталиев 6. Темирбек Нурматов 7. Кынатбек Сманалиев 8. Айдарбек Мамбеткадыров 9. Назира Турсунбаева 10. Илим Кубатов 11. Наралы Асанбаев 12. Бейшенбек кызы Асема 13. Гүлбара Ормонова 14. Айжан Шаршеналиева  Токтом Боршайком тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумунда агитация тобун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун 2020-жылдын 23-декабрындагы чечимин эске алуу менен референдум катышуучуларынын конституциялык укуктарын ишке ашыруунун жана сактоонун кепилдигин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду
24.12.2020

Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-октябрдагы жыйынында Ысык-Көл, Ак-Суу, Ноокат, Аламүдүн жана Токток аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык орундарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды: Ысык-Көл областынын Ысык-Көл району: Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинен: Абдырахманов Уланбек Кадыркулович - депутаттык ыйгарым укугу жүргүзүүгө туура келбеген башка жумушка которулгандыгына байланыштуу токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат "Ак Марал" Эс алуу борборунун ашпозчусу Саматова Дилдекан Асанбековнага тапшырылды. Абдыкадыров Малик Калыкович – депутаттык ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген Мамырканов Календер Алпамышевичке тапшырылды. Ысык-Көл областынын Ак-Суу району Каракөл айылдык кеңеши: Тюкебаев Токтобек Акымбекович – депутаттык ыйгарым укугу дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу токтотулду. Ваканттуу депутаттык мандат фермер Кайыпбаев Авазбек Осмоновичке тапшырылды. Ош областынын Ноокат району Кара-Таш айылдык кеңеши: Кааров Батырбек Дыйканбаевич - депутаттык ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат “Калил-Ата” дыйкан чарбасынын жетекчиси Калилов Маматали Алымжановичке тапшырылды. Чүй областынын Аламүдүн району Маевка айылдык кеңеши: Жоошбаев Тариэл Жээнбекович – депутаттык ыйгарым укугу жыл ичинде кеңештин жыйындарына төрттөн ашык белгисиз себептерден катышпагандыгы үчүн токтотулду. Ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген Бекбосунов Кенжебекке тапшырылды. Токмок шаары Токмок шаардык кеңеши: Шайыков Манасбек - “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан депутаттык ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат (№8) “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Достук үйүнүн төрагасы Егизарян Арутюн Аветисовичке тапшырылды. Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттуу депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге тапшыруу Ысык-Көл, Ак-Суу, Ноокат, Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган. КР БШКсы да өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Сегизбаевдин ишенимдүү адамын каттады
24.12.2020

БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Сегизбаевдин ишенимдүү адамын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-декабрындагы жыйналышында Кабаев Кубан Темиржановичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамы катары каттоо жөнүндө токтом кылды. Токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө 23-декабрдагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттады
24.12.2020

БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө токтом кылды:   - Айтбаев Акыл Казаковичти; - Торокулов Зайирбек Давлатбековичти.   Токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 23-декабрдагы арызынын (кириш №01-12/3943) негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.   КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК бир катар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
24.12.2020

БШК бир катар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-декабрындагы жыйналышында Чүй облусунун Панфилов районунун Курама, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды. Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 21-декабрындагы № 189-р буйругу менен Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенаманов Бакытбек Замирбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 22-декабрындагы № 104-к буйругу менен Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы Алимов Илимбек Турдалиевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык БШК төмөнкүдөй токтом кылды: Чүй облусунун Панфилов районунун Курама, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2021-жылдын 12-январына дайындалсын жана  саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн. Панфилов жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 261 263 … 483