Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын төрагасы Тынчтык  Шайназаров аралыктан добуш берди
30.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров аралыктан добуш берди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 9134 шайлоо участогунан добуш берди. Т.Шайназаров аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланды, анткени ал шайлоочу катары № 8 шайлоо округунда (Ош облусу) катталган. Добуш берээрдин алдында БШКнын төрагасы добуш берүү процедурасын баштан аяк өзүнүн мисалында айтып берди. Белгиленгендей, шайлоочу 3 документтин бири менен добуш бере алат – эл аралык паспорт, ички ID паспорту жана “Түндүк” тиркемеси аркылуу. Т.Шайназаров өзү “Түндүк” тиркемесиндеги документи менен идентификациядан өтүп, добуш берди. Төрагага анын № 8 шайлоо округунун бюллетени чыгарылып берилип, ал өз округундагы талапкерлердин бирөөнө добуш берди. Жалпысынан добуш берүүгө 1 минутка жетпеген убакыт кетти. Аппарат 12 саатта 720 шайлоочуну тейлегенге жетишет. Анын бюллетень үчүн кагазы түгөнүп калса, кагазды салууга 3-4 секунд гана кетет. Мына ушунун баарын өзүнүн катышуусунда мисал кылып көрсөткөн Төрага бардык участоктордо АСУ кынтыксыз иштеп жаткандыгын, айрым учурда гана адам фактору кезигиши мүмкүн экендигин айтып, шайлоочуларга добуш бергенден кийин бюллетенди бүктөбөй салуу керектигин эскертти. Ал эми адам фактору ошол замат жоюлат. Ал добуш берген участокто ар кыл өлкөдөн келген көптөгөн эл аралык байкоочулардын иштеп жатканын көргөн БШКнын Төрагасы бул шайлоого 58 өлкөдөн 778 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөндүгүн дагы бир ирет маалымдады. Добуш бергенден киийн Т.Шайназаров башка шайлоо участогуна  барып, дагы бир ирет добуш берүү аракетин жасады, бирок аппаратта кызыл түс күйүп,  шайлоочу буга чейин башка участокто добуш берген деген маалыматты берип, шайлоочунун кайрадан добуш берүүсүнө бөгөт койду. Муну менен БШК Төрагасы бүгүнкү шайлоодо колдонулуп жаткан жабдуу кайталап добуш берүү сыяктуу мыйзам бузууга таптакыр жол бербей тургандыгын айтты.
Кененирээк билүү >>
Саат 12:00гө карата шайлоого катышуу 12,07 % түздү
30.11.2025

Саат 12:00гө карата шайлоого катышуу 12,07 % түздү

Саат 12:00гө карата  мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого  518 473 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 12, 07 % ын түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева брифингде билдирди. Округдар боюнча: •    № 1 шайлоо округу — 22 084 шайлоочу — 16,22 %; •    № 2 шайлоо округу — 20 535 шайлоочу — 14,21 %; •    № 3 шайлоо округу — 19 542 шайлоочу — 14,31 %; •    № 4 шайлоо округу — 20 019 шайлоочу — 15,60 %; •    № 5 шайлоо округу — 18 581 шайлоочу — 11,27 %; •    № 6 шайлоо округу — 19 102 шайлоочу — 11,83 %; •    № 7 шайлоо округу — 17 770 шайлоочу — 12,52 %; •    № 8 шайлоо округу — 18 393 шайлоочу — 12,93 %; •    № 9 шайлоо округу — 13 085 шайлоочу — 10,62 %; •    № 10 шайлоо округу — 19 306 шайлоочу — 14,12 %; •    № 11 шайлоо округу — 15 122 шайлоочу — 9,73 %; •    № 12 шайлоо округу — 20 124 шайлоочу — 13,2 %; •    № 13 шайлоо округу — 25 517 шайлоочу — 15,91 %; •    № 14 шайлоо округу — 18 923 шайлоочу — 12,70 %; •    № 15 шайлоо округу — 24 064 шайлоочу — 15,2 %; •    № 16 шайлоо округу — 19 246 шайлоочу — 14,39 %; •    № 17 шайлоо округу — 15 338 шайлоочу — 10,28 %; •    № 18 шайлоо округу — 15 801 шайлоочу — 11,28 %; •    № 19 шайлоо округу — 12 755 шайлоочу — 9,19 %; •    № 20 шайлоо округу — 9 355 шайлоочу — 7,30 %; •    № 21 шайлоо округу — 11 789 шайлоочу — 8,46 %; •    № 22 шайлоо округу — 11 180 шайлоочу — 8,10 %; •    № 23 шайлоо округу — 12 141 шайлоочу — 9,17 %; •    № 24 шайлоо округу — 10 410 шайлоочу — 7,71 %; •    № 25 шайлоо округу — 14 047 шайлоочу — 9,90 %; •    № 26 шайлоо округу — 18 462 шайлоочу — 13,96 %; •    № 27 шайлоо округу — 19 334 шайлоочу — 12,28 %; •    № 28 шайлоо округу — 17 794 шайлоочу — 11,12 %; •    № 29 шайлоо округу — 17 960 шайлоочу — 13,4 %; •    № 30 шайлоо округу — 20 919 шайлоочу — 15,33 %; Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилген.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров: Система боюнча мүчүлүштүктөр жок
30.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров: Система боюнча мүчүлүштүктөр жок

Социалдык түйүндөрдө айрым шайлоо участокторунда АСУнун ишинде мүчүлүштүктөр болгон деген чындыкка дал келбеген маалыматтардын таралышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде шайлоочуларга кайрылуу жасады. «Мүчүлүштүк (сбой) — бул система таптакыр иштебей калган учурда колдонулуучу түшүнүк. Бизде мындай көрүнүш болгон жок. Жоопкерчилик менен билдирем: бир да шайлоо участокторунда мүчүлүштүктөр болгон жок», — деп баса белгиледи Т. Шайназаров. Ал бул бул технология Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жаткандыгын, дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө окшош аналогдор жок экендигин эске салды. Ошондуктан, айрым учурларда жаралган суроолор адамдык факторго байланыштуу болуп, ал оперативдүү түрдө жоюлат деп билдирди.          «Ар бир участокто, чет өлкөлөрдөгү участоктордо да, АСУ, УИП, смарт-батареялар, модемдер жана башка техникалык каражаттар боюнча жетиштүү жабдыктар каралган», — деди БШКнын төрагасы. АСУнун иши боюнча айрым учурларды түшүндүрүп жатып, Т.Шайназаров шайлоочулар бюллетенди бүктөп койгону үчүн аппарат аны кабыл албай калганын мисал келтирди. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып шайлоочуларды бюллетенди бүктөбөөгө чакырды, анткени АСУ бюллетендеги маалыматтарды, талапкерлердин аты-жөнүн так жана туура окушу керек. Бюллетень бүктөлбөгөн болушу зарыл, урнага бюллетендин бетин каратып салынышы керек. КР БШКнын төрагасы шайлоочуларды добуш берүү тартибин сактоого, АСУ шайлоо техникасын туура пайдаланып, өз тандоосун жасоого чакырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров: Саат 10:00гө карата мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоого катышуу 3,8 % түздү
30.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров: Саат 10:00гө карата мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоого катышуу 3,8 % түздү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого саат 10:00гө карата 167 072 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 3,8 %ын түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. Округдар боюнча: •        № 1 шайлоо округу — 5,4 % •        № 2 шайлоо округу — 4 % •        № 3 шайлоо округу — 4,62 % •        № 4 шайлоо округу — 5,22 % •        № 5 шайлоо округу — 3,92 % •        № 6 шайлоо округу — 4,36 % •        № 7 шайлоо округу — 4,36 % •        № 8 шайлоо округу — 4,21 % •        № 9 шайлоо округу — 3,82 % •        № 10 шайлоо округу — 4,34 % •        № 11 шайлоо округу — 3,47 % •        № 12 шайлоо округу — 4,22 % •        № 13 шайлоо округу — 4,92 % •        № 14 шайлоо округу — 4,25 % •        № 15 шайлоо округу — 4,52 % •        № 16 шайлоо округу — 4,55 % •        № 17 шайлоо округу — 3,19 % •        № 18 шайлоо округу — 3,41 % •        № 19 шайлоо округу — 2,99 % •        № 20 шайлоо округу — 2,33 % •        № 21 шайлоо округу — 2,8 % •        № 22 шайлоо округу — 2,5 % •        № 23 шайлоо округу — 3,25 % •        № 24 шайлоо округу — 2,78 % •        № 25 шайлоо округу — 3,48 % •        № 26 шайлоо округу — 4,87 % •        № 27 шайлоо округу — 3,54 % •        № 28 шайлоо округу — 3,25 % •        № 29 шайлоо округу — 3 % •        № 30 шайлоо округу — 4,70 % Бүгүн, мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу иштеп жатат. Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилген.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров: Бүгүнкү күн тынч, уюшкандыкта өтүп, Кыргызстандын элинин ачык жана жоопкерчиликтүү тандоого умтулуусунун далили болуп калсын
30.11.2025

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров: Бүгүнкү күн тынч, уюшкандыкта өтүп, Кыргызстандын элинин ачык жана жоопкерчиликтүү тандоого умтулуусунун далили болуп калсын

Бүгүн, 30-ноябрда саат 8:00дө өлкө боюнча шайлоо участоктору ачылып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алкагында ишке киришти. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров өлкө боюнча добуш берүү башталгандыгына байланыштуу УТРКнын түз эфиринде брифингде сүйлөдү. Ал республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана  чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу  өз ишин баштаганын эске салды. «Биздин өлкө тарыхында биринчи жолу алдын ала арыз бербестен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берген аралыктан добуш берүү системасы колдонулууда», - деп белгиледи КР БШК төрагасы Т. Шайназаров. Бүгүн негизги участоктор менен бирге эл көп топтолгон жана убактылуу жүргөн жерлерде  - ири базарларда, соода борборлорунда, медициналык мекемелерде, ошондой эле алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда, анын ичинде Кумтөр, Кара-Кече, Жерүй, Бозымчак жана башка объектилерде жайгашкан 27 аралыктан добуш берүү участкасы да ишин баштады. Т. Шайназаров белгилегендей, мындай ыкма жолдо, жумушта, дарыланууда же кызмат өтөп жүргөн шайлоочуларга добуш берүүгө катышуу укугун пайдаланууга шарт түзөт. Бул шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана баардыгын камтууну жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам. БШКнын Төрагасы белгилегендей, чет өлкөлөрдө добуш берүү да активдүү темп менен жүрүп жатат. Алгач Россия Федерациясынын Ыраакы Чыгышындагы шайлоо участоктору Бишкек убактысынан 6, 5, 4 саатка эрте иштей башташты. Андан соң добуш берүү Чыгыш Азия өлкөлөрүндө – Японияда, Корея Республикасында, Кытайда, Малайзияда жана Монголияда башталды. Бул өлкөлөрдө убакыт айырмасы 2–3 саатты түзөт. Айырмасы 1 саат болгон мамлекеттерде дагы добуш берүү активдүү жүрүүдө. Айрым өлкөлөрдө участоктор Бишкек убактысынан 3–4, 5–6 саат кеч ачылат, ал эми Түндүк Америка өлкөлөрүндө - 11, 12 жана 14 саатка чейин кеч ачылат. БШКнын Төрагасынын маалыматына караганда, шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилди. Кечээ, 29-ноябрда, ден соолугу, жаш курагы, мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүсү же башка жүйөлүү себептерден улам участокко келе албай турган жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү уюштурулду. Т. Шайназаров келтирген маалыматтарга ылайык, 1 332 участкалык шайлоо комиссиясына 10 335 арыз келип түштү. Кечээ жайдан тышкары 9318 шайлоочу добуш берди. «Бардык жол-жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык так аткарылды», - деп баса белгиледи ал. Т. Шайназаров белгилегендей, бүгүнкү күндө 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 460 талапкер катышууда, алардын ичинен 271и - эркек, 189у -  аял. «Бүгүн добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берилет. Шайлоочулардын катышуусу тууралуу ыкчам маалыматты БШК ар эки саат сайын түз эфирде жарыялап турат, ал эми расмий сайтта бул маалыматтар саат сайын жаңыланып турат», - деп билдирди БШКнын Төрагасы. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 гө чейин иштейт. Т. Шайназаров белгилегендей, быйыл шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чоң кадам жасалды – аралыктан добуш берүү участкаларынын аркасында дээрлик бардык кырдаалда добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. БШКнын төрагасы Т. Шайназаров шайлоочуларды өздөрүнүн конституциялык укугун пайдаланып, шайлоо участкаларына келип добуш берүүгө чакырды. “Өлкөбүздүн келечеги ар бирибиздин активдүүлүгүбүз жана жоопкерчилигибизден көз каранды”, - деп белгиледи ал. БШКнын төрагасы дагы бир жолу «Бир шайлоочу - бир добуш» принцибин эске салып, бюллетенди туура эмес толтуруу анын жараксыз деп табылышына алып келээрин белгиледи. БШКнын Төрагасы Т. Шайназаров бүгүнкү күн тынч, уюшкандыкта өтүп, Кыргызстандын элинин ачык жана жоопкерчиликтүү тандоого умтулуусунун далили болуп калсын деген каалоо менен сөзүн жыйынтыктады.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаттарын жайдан тышкары шайлоодо 9364 адам добуш берди
29.11.2025

Жогорку Кеңештин депутаттарын жайдан тышкары шайлоодо 9364 адам добуш берди

29-ноябрда саат 20:00дө шайлоо күнү шайлоо участогуна барууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү аяктады. Жалпысынан өлкө боюнча 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 324 шайлоо комиссиясына 10 335 арыз келип түшкөн. Күн ичинде, саат 8:00дөн 20:00гө чейин добуш берүүгө 9364 адам катышты, бул жайдан тышкары добуш берүүгө арыз берген шайлоочулардын 90,6 % түзөт. Добуш берген 9318 шайлоочулардын ичинен: – курагы боюнча – 3 323 арыз; – майыптыгы боюнча – 1 933 арыз; – ден соолугунун абалы боюнча – 3 591 арыз; – айрым категориялардагы шайлоочулардан – 517арыз. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, жайдан тышкары добуш берүү денсоолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участкаларына келе алыщпаган шайлоочулар, ошондой эле ооруканаларда, камакта кармоо жайларында кармалып турган же алыскы калктуу конуштарды жана мал чарбасынын алыскы участкаларын кошуп алганда, жетүүгө кыйын райондордо убактылуу жашаган жарандар үчүн уюштурулат.
Кененирээк билүү >>
Үгүт шарттарын бузган 10 талапкерге, эки жаранга жана бир юридикалык тараптын өкүлүнө айып пул салынды
29.11.2025

Үгүт шарттарын бузган 10 талапкерге, эки жаранга жана бир юридикалык тараптын өкүлүнө айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 29-ноябрда, үгүт шарттарын бузган талапкерлер, жаран жана юридикалык тараптар тууралуу маселени карап, аларга айып пул салды. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун  социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсунүн натыйжасында Facebook социалдык тармагындагы “Бакир Уулу” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фотоматериалдарга ылайык № 7 шайлоо округунан  талапкер Бакир уулу Турсунбай үчүн жайылтылып жаткан маалымат үгүт шарттарын буза тургандыгы аныкталган. Талапкер Т.Бакир уулу шайлоочулар менен жолугушуу учурунда диний кастыкты пропагандалоону, ошондой эле диний тематикага түздөн-түз жана кыйыр түрдө алынган сөздөрдү жайылтып, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузган. Facebook социалдык тармагындагы “Махмуд Абдубалиев” аттуу колдонуучунун баракчасында  жарыяланган фотоматериалдарга ылайык № 10 шайлоо округунан талапкер Болотбек Дыйканбаев үчүн жайылтылып жаткан маалымат үгүт шарттарын буза тургандыгы аныкталган. Талапкер Б.Дыйканбаев шайлоочулар менен жолугушуу учурунда материалдык баалуулуктарды жайылткан, муну менен шайлоо дайындалган кезден тартып шайлоочулардын добуштарын сатып алууга,  акча каражаттарын төлөп берүүгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга тыюу салынат деген мыйзам талабын бузган. “Whatsapp” мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык № 2 шайлоо округунан  талапкер Бактыяр Калпаев тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттары бузулгандыгы,  тактап айтканда, жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын таянычында талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган. “Facebook” социалдык тармагындагы “Arapbai Toksobaev” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык № 6 шайлоо округунан талапкер Алтынбек Кудайбердиев кесиптик ишмердүүлүгү же өзүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткаруусу менен байланышкан маалымат таратып, үгүт шарттарын бузган. “Whatsapp” мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык № 2 шайлоо округунан талапкер Абдисатар Садыков тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттары бузулгандыгы,  тактап айтканда, жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын таянычында талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган. “Facebook” социалдык тармагындагы “Zarema Murzazhigit Kyzy” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фотоматериалдарга ылайык № 5 шайлоо округунан талапкер Эльдар Сулайманов үгүт шарттарын бузган маалымат тараткандыгы аныкталган. Талапкер Э.Сулайманов ушул эле округдан талапкер Мурзажигит кызы Заремага шайлоочулардын терс мамилесин жаратууга өбөлгө түзгөн үгүт материалдарын даярдап, тараткан. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер мындай үгүт материалдарын колдонууга укугу жок.           “Instagram” социалдык тармагындагы "sultanov_kanybek_sultanovich" аттуу колдонуучунун баракчасында № 27 шайлоо округунан  талапкер Каныбек Султановдун кайрымдуулук иштери менен алектенген үгүт видеосу таратылган. Мыйзам талапкерге кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө тыюу салат. “Whatsapp” мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык № 2 шайлоо округунан талапкер Бегали Төлөмүшов тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттары бузулгандыгы,  тактап айтканда, жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын таянычында талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган. “Whatsapp” мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык № 10 шайлоо округунан  талапкер Гулбу Шалтакова тарабынан үгүт шарттары бузулгандыгы,  тактап айтканда, жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын таянычында талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган. “Whatsapp” мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык № 24 шайлоо округунан  талапкер Карыбек уулу Улукбек тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттары бузулгандыгы, тактап айтканда, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар курулмаларда жана аларга тиешелүү аймактарда, объектилерде талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталды, буга шайлоо мыйзамдары жол бербейт. Жумушчу топ жогоруда аты аталган талапкерлерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. КР БШКга А.Ясыров аттуу жаран Арса Харсан аттуу жарандын үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Арызда №18 шайлоо округунан  талапкер Карима Ханджезанын шайлоочулар менен жолугушуусунда сүйлөгөн Х. Арса улуттук, этникалык жана диний кастыкты пропагандалоо белгилерин камтыган билдирүүлөргө жол бергени көрсөтүлгөн. Арса Харсандын катышуусунда Жумушчу топтун жыйынында арыз изилденип,  үгүт иштерин жүргүзүүдө улуттук, этникалык, диний кастыкты пропагандалоого тыюу салынат деген шайлоо мыйзамдарынын талаптары бузулган деп жыйынтык чыгарган. КР БШКга № 30 шайлоо округунан талапкер Улан Бакасовдун  ыйгарым укуктуу өкүлү У. Дербишевден Жаз-Айым Айдекова аттуу жарандын  талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыяларды тараткандыгы жөнүндө арыз келип түшкөн. Facebook социалдык тармагындагы “Нарын Лайф” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык Ж.Айдекова талапкер У.Бакасовдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматты таратып жаткандыгы аныкталган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды атайылап жайылткандар  жазык же болбосо башка жоопкерчиликке тартылат. Жумушчу топ “News.kg” интернет басылмасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, №22 шайлоо округунан  талапкер Эльмир Досалиев үчүн үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныктаган (Мыйзамда башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтү тартылган фото- жана видеоматериалдарды колдонууга тыюу салынат).  Жумушчу топтун жыйынында талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Муратбек Нурмаматов «news.kg» ЖЧКсы менен талапкер Э.Досалиевдин ортосунда келишим түзүлгөнүн, ага ылайык  “news.kg” интернет басылмасында талапкердин үгүт материалдары жайгаштырыларын түшүндүрдү. Жумушчу топ талапкердин ар намысына шек келтиргендиги үчүн жаран Ж. Айдековага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, үгүт шарттарын бузган жаран Арса Харсанга жана “news.kg” ЖЧКсынын өкүлү Алимбек Кадыровго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну  сунуштаган. КР БШКсы, Жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына айып пул салуу милдетин жүктөдү : 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө талапкерлер Т.Бакир уулуна, Б.Дыйканбаевге, Б.Калпаевге, А.Кудайбердиевге,  А.Садыковго,  Э. Сулаймановго, К. Султановго, Б. Төлөмүшов, Г. Шалтаковага,  У.Карыбек уулуна,  жаран Арса Харсанга, “news.kg” ЖЧКсынын өкүлү А. Кадыровго, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө – жаран Ж.Айдековага. КР БШК ошондой эле № 19 шайлоо округунан талапкер Нургүл Усеиновадан  келген арызды карады. Арыз ээси Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошалы Мусурманкулов административдик ресурсту өзүнүн жакын тууганы, ушул эле округдан талапкер Адылбек Эгембердиевдин  кызыкчылыгына  колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле Москва районунун Комсомол айылында талапкер А.Эгембердиевдин  үгүт материалдары балдардын футбол аянтчасына келишим түзбөстөн илингени маалымдалган. Бул факт боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тергөө иштерин жүргүзүп, тараптар суракка чакырылган. Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан административдик ресурстар колдонулгандыгы, ошондой эле үгүт материалдары балдардын футбол аянтчасына келишим түзбөстөн илингени тууралуу маалымат тастыкталган эмес, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган. Жумушчу топтун жыйынына арыз ээси талапкер Н.Усеинова,  талапкер А. Эгембердиевдин  ыйгарым укуктуу өкүлү А.Я. Бит-Аврагим чакырылып, угулду. Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Бит-Аврагим А.Я. талапкер менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн ортосунда талапкердин үгүт материалдарын жайгаштыруу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди. Талапкер Н.Усеинованын арызында көрсөтүлгөн  фактыларын тастыктаган жетиштүү негиздердин жоктугуна, арыз ээсинин жүйөөлөрүнүн далилденбегендигине байланыштуу Жумушчу топ коюлган талаптарды канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган. Жогорудагы баяндалгандардын дегизинде КР БШКсы № 19 шайлоо округунан  талапкер Усеинова Нургул Эмилькановнанын арызын канааттандыруудан баш тартты.
Кененирээк билүү >>
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүдө бузуулар болду деген маалымат боюнча КР БШКнын билдирүүсү
29.11.2025

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүдө бузуулар болду деген маалымат боюнча КР БШКнын билдирүүсү

Депутаттыкка талапкер Дастан Бекешевдин мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүдөгү бузуулар тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу КР БШК, КРнын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, бул аракеттер добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү тартибин жөнгө салуучу "КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык ишке ашырылганын билдирет. Аталган нормага ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген же майыптыгынан улам шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар үчүн көчмө добуш берүү каралган.  Мында шайлоочу катталган жана көчмө шайлоону өткөрүүчү шайлоо участогунун шайлоочулар тизмесине киргизилген болууга тийиш. №1130 шайлоо участогунун шайлоочулар тизмесинде турган шайлоочунун I топтогу майыптыгы бар экендигин, шайлоочунун жакын тууганы – кызы үйдөн добуш берүүгө арыз бергендигин билдиребиз. Шайлоочунун конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында №1130 участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнү анын турган жеринде уюштурду. Комиссия мүчөлөрү көчмө урнаны жеткиришип, шайлоочу бюллетенин таштоого мүмкүнчүлүк алды. Ошондой эле, №1161 шайлоо участогундагы мыйзам бузуулар боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз: төрага "кимге жана кантип добуш берүү керектиги" боюнча көрсөтмө берген деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Участкада жашыруун добуш берүү принциби катуу сакталат, шайлоочуларга кысым көрсөтүүгө жол берилбейт. “Майда бузуулар” деген дооматтар да негизсиз: шайлоо участогу өз убагында иштей баштады, жабдыктар кадимки тартипте иштеп, бардык процедуралар БШКнын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. УШК шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактап, ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана шайлоочулардын укуктарынын сакталышын камсыздайт.
Кененирээк билүү >>
Москва аймактык жана № 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
29.11.2025

Москва аймактык жана № 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 29-ноябрда № 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамына жана Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтомдор кабыл алынды:      - № 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан Юней Гульнур Аскарбековна берген арызына ылайык чыгарылып, комиссиянын курамына Арыков Джодарбек Досматович киргизилди.     - Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Юней Гульнур Аскарбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) берген арызына ылайык чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Арыков Джодарбек Досматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Өзбекстан Республикасынын БШК төрагасы Зайнидин Низамходжаев менен жолугушту
29.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Өзбекстан Республикасынын БШК төрагасы Зайнидин Низамходжаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда Өзбек Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайнидин Низамходжаев менен жолугушту. Т. Шайназаров Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессине көрсөткөн кызыгуусу үчүн кесиптешине ыраазычылык билдирди. Өзбекстан БШКсынын төрагасы Зайнидин Низамходжаев бүгүн КР БШКсынын төрагасынын эл аралык байкоочулар үчүн презентациясы жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи. Ал Кыргыз Республикасында кыска убакыт ичинде коюлган милдеттер натыйжалуу ишке ашырылып, шайлоонун ачык-айкын жана уюшкандык менен өтүүсү үчүн шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Зайнидин Низамходжаев мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоолор тынч, жогорку деңгээлде болооруна ишенимин билдирди. Ошондой эле 800гө жакын эл аралык байкоочунун катышып жаткандыгын өзгөчө белгилеп, алар Кыргызстандагы шайлоонун ийгиликтүү өтүшүнө күбө боло турганын айтты. Ал кыргыз элинин меймандостугун, жылуу мамилесин, өлкөнүн табигый кооздугун жана маданий өзгөчөлүктөрүн ыраазычылык менен белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар шайлоо процессин уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу жана кызматташууну улантууга даярдыгын ырасташты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер менен жолугушту
29.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда, Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер менен жолугушту. Тынчтык Шайназаров мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоого даярдык тууралуу маалымат берип, чет мамлекеттерде ачылган шайлоо участокторуна өзүнчө токтолду. Ал Түркияда добуш берүү үчүн 8 участок ачылганын белгилеп, алардын уюштурулушуна көмөк көрсөткөн Түркиянын жетекчилигине жана жергиликтүү мамлекеттик органдарга ыраазычылыгын билдирди. БШКнын төрагасы көптөгөн кыргызстандыктар жашап жаткан  Түркиянын колдоосун Кыргызстан дайыма сезип келгенин, ал өлкөдөгү мекендештерибиздин жарандык милдетин аткаруусу үчүн шарттар түзүлгөнүн ыраазычылык менен баса белгиледи. Ал эми Ахмет Йенер шайлоонун ийгиликтүү өтөөрүнө ишеним билдирип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты жана эки өлкөнүн шайлоо комиссияларынын тажрыйба алмашуусун маанилүү деп белгиледи. Жолугушууну жыйынтыктап жатып, тараптар шайлоо процессиндеги кызматташтыкты чыңдоого кызыкчылыктарын билдирип, Кыргыз Республикасында эртең боло турган шайлоонун ийгиликтүү өтүүсүн каалашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Армения Республикасынын БШК төрагасы Ваагн Овакимян менен жолугушту
29.11.2025

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Армения Республикасынын БШК төрагасы Ваагн Овакимян менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда, Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ваагн Овакимян менен жолукту. Т. Шайназаров кесиптешинин Кыргызстанга келип, көрсөтүп жаткан жеке колдоосун ыраазычылык менен белгиледи. Ал эртең боло турган шайлоодогу негизги жаңылыктар боюнча кенен маалымат берди. Аралыктан добуш берүү механизмине токтолуп, муну менен шайлоочулар, анын ичинде чет өлкөдө жүргөн жарандар, өз шайлоо укуктарын кайсы жерде жүрүшпөсүн, ишке ашыра алышарын белгиледи. Армения Республикасынын БШК төрагасы Ваагн Овакимян өлкөдөгү жагымдуу маанайды белгилеп, шайлоо уюшкандыкта жана мыйзам чегинде өтөрүнө ишенимин билдирди. Тараптар шайлоочулардын катышуусу, шайлоо процессинин уюштурулушу, шайлоо жабдууларын жаңылоо жана добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо маселелери боюнча пикир алмашышты. Жолугушуунун аягында комиссия төрагалары шайлоо технологиялары жана процедуралары жаатында тажрыйба алмашуунун, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанисин белгилешип, шайлоонун ийгиликтүү жана ачык-айкын өтүшүнө тилектерин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров Беларусия жана Россия союзунун Парламенттик жыйынынын жана РФнын Мамлекеттик Думасынын делегациясы менен жолугушту
29.11.2025

КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров Беларусия жана Россия союзунун Парламенттик жыйынынын жана РФнын Мамлекеттик Думасынын делегациясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда, Беларусия жана Россия союзунун Парламенттик Жыйынынын жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынан турган делегация менен жолукту. Т. Шайназаров делегация мүчөлөрүнө шайлоого даярдык, шайлоо системасындагы негизги жаңылыктар, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун санын көбөйтүү боюнча кеңири маалымат берди. Ал Россияда кошумча 15 шаарда шайлоо участоктору ачылганын белгилеп, бул Россиядагы  Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо укуктарын кеңири колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кыларын айтты. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын КМШ, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын реформалоо процессине жана заманбап технологияларды колдонуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл буруу менен байкоо салынып жаткандыгын айтты.  Автоматташтыруу жана ачык-айкындык багытындагы жетишкендиктердин натыйжасында көптөгөн байкоочулардын катышуу зарылдыгы объективдүү түрдө азайганын, бирок эл аралык байкоо тажрыйбасы парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүү элементи катары сакталып кала турганын белгиледи. «Биз Кыргыз Республикасындагы шайлоо мыйзам чегинде уюшкандыкта, тынч жана натыйжалуу өтөрүнө ишенебиз», — деди ал. Беларусия Республикасынын Улуттук Жыйынын Өкүлдөр Палатасынын экология жана табигый ресурстар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жанна Чернявская делегация эң жакшы тилектер жана көп ийгиликтерди күтүү менен келгенин белгиледи. «Биз шайлоодо колдонулуучу техникалык жагдайлар менен жакындан тааныштык. Алардын деңгээли чоң таасир калтырды, айрым элементтери биз үчүн кызыгууну жаратты», — деди ал. Жолугушуунун аягында делегация мүчөлөрү шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШ ПААнын делегациясы менен жолугушту
29.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШ ПААнын делегациясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда, КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) делегациясы менен жолукту. Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдыктын жүрүшү, жаңы система боюнча добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү жана процесстин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган чаралар тууралуу маалымат берди. Ал эл аралык байкоочуларга алардын катышуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, объективдүү мониторингдин маанилүүлүгүн баса белгиледи. БШК төрагасы өзгөчө көңүлдү шайлоочулардын катышуусуна буруп, мунун шайлоо процессиндеги маанилүүлүгүн белгиледи. КМШ ПААсынын Кеңешинин катчылыгын жетекчиси – Башкы катчы Дмитрий Кобицкий Кыргызстандагы шайлоого даярдыктын жогорку деңгээлин белгиледи. «Техникалык чечимдер боюнча болобу, уюштуруучулук ыкмалардабы же мыйзам чыгаруудагы жаңы демилгелерде болобу, Кыргызстан ар дайым алдыда. Биз парламенттин шайланып келишин кызыгуу менен күтүүдөбүз жана шайлоонун ийгиликтүү, тынч өтүшүн каалайбыз», — деди ал. КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар тобунун координатору Ватанзода Махмадали билдиргендей, байкоо жүргүзүү үчүн КМШ ПААдан 36 өкүл — кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү байкоочулар келишти. Ал байкоо көпчүлүк участоктордо жүргүзүлөрүн айтып, добуш берүү тынч жана уюшкандыкта өтөрүнө ишенимин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө делегация мүчөлөрү чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо участокторунун иши, жаңы жабдуулардын киргизилиши, үгүт учурундагы бузууларды каттоо тартиби жана арыз-даттанууларды кароо процедуралары боюнча бир катар суроолорду беришти. КР БШКнын төрагасы бардык суроолор боюнча кеңири маалымат сунуштап, толук жана так жоопторду берди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ТүркПАнын делегациясы менен жолугушту
29.11.2025

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ТүркПАнын делегациясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда, Түрк Парламенттик Ассамблеясынын делегациясы менен жолукту. Тынчтык Шайназаров эртеңки парламенттик шайлоону байкоого келген делегацияны жылуу тосуп алып, уюмга мүчө мамлекеттердин колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал шайлоого даярдык процесси ачык-айкын өтүп жаткандыгын белгиледи. Чет мамлекеттерде 100 шайлоо участогу ачылгандыгын айткан Т.Шайназаров, Түркияда мурда 2 шайлоо участогу болсо, азыр 8 участок, Казакстанда 7 участок ачылгандыгын эске салды. БШКнын төрагасы шайлоо участокторунун ачылышына колдоо көрсөткөн мамлекеттерге, андагы жергиликтүү бийликке ыраазычылыгын билдирди. Ал эми Казакстанда Атырау шаарында шайлоо участогунун Достук үйүндө ачылышын Т.Шайназаров өзгөчө символикага ээ деп белгиледи.  ТүркПА делегациясынын башчысы, Казакстандын парламентинин депутаты Абзал Купсан КМШ мамлекеттеринин ичинде Кыргызстан эң биринчилерден болуп шайлоону алдыңкы технологиялар менен өткөрүп жаткандыгын баса белгиледи. “Биз үчүн боордош Кыргызстандагы шайлоо өтө маанилүү, биз толук курамда келдик”, - деди ал. “Түрк мамлекеттер уюму түзүлгөндөн бери мамлекеттер аралык мамилелер бекемделип, бири-бирибизге болгон колдоо күчөдү. Ушул платформада жолугушуу баарыбыз үчүн сыймык”, - деп белгиледи делегациянын мүчөсү, Түркия парламентинин депутаты Осман Местен. Делегация мүчөлөрү жаңы шайлоо жабдууларына кызыгып, шайлоо участоктору дагы кайсы мамлекеттерде  ачылгандыгын такташты. КР БШКнын төрагасы келген меймандарга шайлоо жабдууларын көрсөтүп, бардык суроолорго кенен жооп берди. Жолугушуунун аягында тараптар бири-бирине ийгилик каалашып, мындан ары да мамлекеттер ортосундагы шериктештиктин жана кызматташтыктын бекемделе беришине тилектештигин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 29-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.11.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 29-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 29 -ноябры Убактысы: 16:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. № 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакир уулу Турсунбайдын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 4. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дыйканбаев Болотбек Жусуповичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 5. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Калпаев Бактыяр Алиевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 6. № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Кудайбердиев Алтынбек Мусажановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 7. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Садыков Абдисатар Сайталыевичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 8. № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сулайманов Эльдар Нурлановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 9. № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Султанов Каныбек Султановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 10. № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Төлөмүшов Бегали Пирмаматовичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 11. № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Шалтакова Гулбу Чаловнанын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 12. Жаран Арса Харсан Цумазовичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 13. № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакасов Улан Болотбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү У.М. Дербишевдин арызы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 14. № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Карыбек уулу Улукбектин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 15. “news.kg” ЖЧКнын өкүлү Кадыров Алимбек Маматисаковичтин шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.) 16. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Усеинова Нургул Эмилькановнанын арызы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти.)
Кененирээк билүү >>
1 22 24 481

Акыркы жаңылыктар

21.09.2026 КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты 20.09.2026 КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда 19.09.2026 КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда 19.09.2026 КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты