Башкы Жаңылыктар КР БШКнын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, ЖМКга, шайлоо …

КР БШКнын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, ЖМКга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу

30-Дек, 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы №196 токтомуна ылайык № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо
2026-жылдын 1-мартына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 63-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында болуп өткөн шайлоодо жыйынтыгы жокко чыгарылган № 13 көп мандаттуу шайлоо округунда өткөрүлөт, анда Жогорку Кеңештин 3 депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүүгө укуктуу.

№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жарандарга таандык.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо укугуна Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары ээ.

Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өзү жөнүндөгү маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.

№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү паспорттун чибине жазылган жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же добуш берүү күнүнө чейин 60 күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат.

Добуш берүү күнүнө чейин 53 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 7-январына чейин чейин көп мандаттуу шайлоо округундагы шайлоо участоктору боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылат, андан сиздер өзүңүздөр жөнүндөгү маалыматтарды тактап алсаңыздар болот.

Ошондой эле добуш берүү күнүнө 47 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-январына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет.

Өзүңүздөр жөнүндөгү маалыматтарды:

  • 1255 же 119 номерлерине телефон чалуу;
  • www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталына кирүү;
  • шайлоо участогуна баруу;
  • “119” номерине паспорттогу ЖИН (жеке идентификациялык номерди) көрсөтүп СMС-билдирүү жиберүү менен сиздер шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыздар (СМС-билдирүү жөнөтүү жана телефон чалуу акысыз).

Эгерде кандайдыр бир ката же так эместик аныкталса, ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмесинде сиз жок болсоңуз, добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-январынан 18-февралына чейин (кошуп алганда) тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга жана www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталындагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу белгиленген тартипте авторизациядан өтүү менен электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуусуз.

Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарында (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволук түзүм) ушул жол-жободон өтсө болот.

Шайлоодо добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эсиңиздерге салабыз.

Урматтуу талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү!

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык:

  • Кыргыз Республикасынын жараны;
  • шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон;
  • шайлоого укугу бар;
  • жогорку кесиптик билими бар;
  • мамлекеттик тилди билген;
  • депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында республикада акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаган адамдар Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алышат. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо өндүрүштүк, илимий, кызматтык себеп же башка зарылчылык боюнча өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларына байланыштуу ар бир жылда алты айга чейинки үзгүлтүктөргө жол берилет.

Төмөнкүлөр Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз:

- соттолгон, анын ичинде соттуулугу алып салынган же жоюлган;

    • коркунучтуулугу аз кылмыштарды, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштарды, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурларды кошпогондо, аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган адамдар;
    • диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишмердигин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү  шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 29-январын кошуп алганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жолу менен шайлоого катышууга саясий партияларды каттоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органында шайлоо жарыяланганга чейин катталган жана (же) кайра катталган саясий партияларга жол берилет.

Саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден талапкерди саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү аркылуу көрсөтөт.

Депутаттыкка талапкерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине КР БШКнын мүчөсү катышууга укуктуу.

Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана КР БШКга берилет.

Саясий партиянын съездинин чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин тиешелүү шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин курамы өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

Саясий партия ушул партиянын мүчөлөрү болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу.

Саясий партия башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган жарандарды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуксуз.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партия талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпаган бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жөнүндөгү талапты сактоого милдеттүү.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасын санариптештирүү саясатынын алкагында талапкерлерди каттоо үчүн “Электрондук талапкер” программасы киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын (паспорттогу маалыматтар (катталгандыгы), Кыргыз Республикасынын жарандыгы (Санариптик өнүктүрүү министрлиги), соттуулугунун жоктугу (Ички иштер министрлиги), жогорку кесиптик билиминин бар экендиги (Агартуу министрлиги) ж.б.) мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат.

Депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 9-февралына чейин аяктайт.

Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге көмөк көрсөтүү максатында КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш- тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет- басылмалардын өкүлдөрү!

Мыйзамга ылайык шайлоону маалыматтык камсыз кылуу – шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт.

Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар КР БШКга жазуу жүзүндө арыз берип, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан өтүшү керек.

Тиешелүү телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басылмалардын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери арызы менен бирге эфирдик убакыт, басылма аянты, төлөө өлчөмү жана башка шарттары же маалымат каражаттары, интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы бардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш.

Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 9-февралынан 28-февралына саат 08:00гө чейин аяктайт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну объективдүү, анык болууга, талапкерлердин жана саясий партиялардын теңдигин бузбоого, аларда кайсы бир талапкерге артыкчылык берилбөөгө тийиш.

КР БШК тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык жактан чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу.

Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык жактан чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:

  1. шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
  2. шайлоо комиссияларынын протоколдору менен таанышууга;
  3. шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
  4. шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга;
  5. өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.

КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга, жарандарга шайлоонун жүрүшү жана эрежелери, талапкерлер жөнүндө өз убагында жана ишенимдүү маалымат берип турууга чакырат.

КР БШК өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык керектүү маалыматтарды берип турууга даяр экендигин билдирет.

www.shailoo.gov.kg – КР БШКнын расмий сайты, www.tizme.gov.kg – шайлоочулардын тизмесинин порталы, www.talapker.shailoo.gov.kg – талапкерлер жөнүндө портал.

Урматтуу округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык сиздердин иш-аракеттериңиздер жана биздин иш-аракеттерибиз ишибиздин негизги иш принциптери болуп саналат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе сиздердин иш-аракеттериңиздерге жана биздин иш-аракеттерибизге жараша болот. Мекенди сүйүү, жарандык милдетти жогорку деңгээлде сезе билүү жана коом алдындагы жоопкерчилик, компетенттүүлүк бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана анык демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет!

Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары!

Шайлоо укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын бекем сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл.

КР БШК шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык иштеп, ачык-айкындуулукту кепилдик кылат жана шайлоо тынч, туруктуу атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт.

Байланыш маалымат жана БШКнын маалымат ресурстары:

КР БШКнын расмий сайты: www.shailoo.gov.kg.

www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар көрсөтүлгөн.

БШКнын Даттануулар жана кайрылуулар реестринде (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/) атайын электрондук ресурсунда шайлоо комиссияларына (КР БШК, ОШК, УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен тааныша аласыздар.

БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунун (ЫАКТ) шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъекттери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары:

  • кыска номер: 1255;
  • WhatsApp номери: 0506 809909;
  • ишеним телефону: 0312 626246;
  • электрондук почта дареги: kgor@shailoo.gov.kg;
  • КР БШКнын коомдук кабылдамасы: 0312 660240.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>