Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Талас облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
09.06.2021

Талас облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

2021-жылы 9-июнда Талас облусунун Талас районунун Калба, Манас районунун Покровка, Бакай-Ата районунун Ленинполь, Акназаров, Кара-Буура  районунун Маймак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Калба айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Төлөева Замира Жеңишовна, Камбаров Мундус Турусбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Төлөева Замира Жеңишовна Калба айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Калба айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти. Покровка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Турсунбаев Талант Анарбекович, Шамбеталиев Равхат Калыбекович, Дүшөбаев Мукталы Бошкоевич, Буркутбаев Заирбек Советалиевич, Базакечов Тынарбек Молдобаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Дүшөбаев Мукталы Бошкоевич Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Покровка айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти. Ленинполь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Байдулатов Руслан Кулмырзаевич, Исабеков Мирлан Тынымбекович, Омуралиев Аскат Эсенбекович, Эшенкулов Замирбек Саматович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Байдулатов Руслан Кулмырзаевич Ленинполь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ленинполь айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти. Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 6 талапкер – Жунусов Узенкул Арстаналиевич, Исмаилов Садык Азанбекович, Кененбек уулу Азамат, Жакшымбетов Ильяс Тороканович, Коккозов Айбек Макулбекович, Субаналиев Саматбек Аскарбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жакшымбетов Ильяс Тороканович Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Акназаров айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү. Маймак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Ниязалиева Алима Бакузевна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ниязалиева Алима Бакузевна Маймак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Маймак айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9у добуш беришти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун 2 айыл өкмөт башчысын шайлоо  болуп өттү
09.06.2021

Баткен облусунун 2 айыл өкмөт башчысын шайлоо  болуп өттү

2021-жылдын 9-июнунда Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек, Кадамжай районунун Совет айыл өкмөт башчыларын шайлоо  болуп өттү. Лейлек айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жоробек уулу Жыргалбек, Матмуратов Алимбек  Миталипович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Матмуратов Алимбек  Миталипович Лейлек айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Лейлек айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти.  Совет айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Осмонова Галбу Акушовна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Осмонова Галбу Акушовна Совет айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Совет айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10у добуш беришти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
09.06.2021

Нарын облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

2021-жылдын 9-июнунда Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө, Семиз-Бел, Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Жумгал районунун Миң-Куш, Кабак, Ат-Башы районунун Кара-Суу,  Ак-Муз, Нарын районунун Эмгекчил, Казан-Куйган айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Талантбек уулу Талгар катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Талантбек уулу Талгар Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кош-Дөбө айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Бейшенбеков Бакыт Турсунбекович, Акишов Бурканбек Карыбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Акишов Бурканбек Карыбекович Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Семиз-Бел айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 12си добуш беришти. Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Бейшенкулов Кенжебай Акжолтоевич, Айтманбетов Уланбек Билалович, Ниязакунов Эралы Махмутказиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Айтманбетов Уланбек Билалович Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жаңы-Талап айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү. Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Алманбетов Канат Джакупович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алманбетов Канат Джакупович Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Миң-Куш айылдык кеңешинин 10 депутатынын баардыгы добуш беришти. Кабак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Жолдошбеков Жанатбек Жолдошбекович, Качкын уулу Эрлан катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Качкын уулу Эрлан Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кабак айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 9у добуш беришти. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Мамытов Бактыбек Кемелбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мамытов Бактыбек Кемелбекович Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Суу айылдык кеңешинин 21 депутатынын 16сы добуш беришти. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Досоева Айзат Тураровна, Иса уулу Нурланбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Иса уулу Нурланбек Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Муз айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 9у добуш беришти. Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Бектуров Алтынбек Жунусович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бектуров Алтынбек Жунусович Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Эмгекчил айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10у добуш беришти. Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Ырысбек уулу Элдар, Мабеткулов Чынгыз Майрамбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мабеткулов Чынгыз Майрамбекович Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Казан-Куйган айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 9у добуш беришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады
09.06.2021

КР БШК Нарын облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 9-июнундагы жыйналышында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз, Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды. 2021-жылдын 8-июнуна дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөт башчысын шайлоодо депутаттардын көпчүлүгү “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. 2021-жылдын 8-июнуна дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөт башчысын шайлоодо катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. 2021-жылдын 8-июнуна дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөт башчысын шайлоодо катталган эки талапкер депутаттардын бирдей сандагы добуштарын алгандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз, Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 23-июнунда өткөрүү дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды. Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
09.06.2021

Ысык-Көл облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

2021-жылы 9-июнда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш, Түп районунун Сары-Булак, Ысык-Көл районунун Бостери, Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Тоң районунун Улахол, Көк-Мойнок айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү. Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Рыскелдиев Бакыт Шаршеевич, Эмил уулу Арстанбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Эмил уулу Арстанбек Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кереге-Таш айылдык кеңешинин 21 депутатынын 15и добуш беришти. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Эркимбаев Данияр Жантаевич, Бакасов Максат Бекбосунович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Эркимбаев Данияр Жантаевич Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Сары-Булак айылдык кеңешинин баардык 21 депутатынын 11и добуш беришти. Бостери айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Сопуев Курманбек Момунбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сопуев Курманбек Момунбаевич Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Бостери айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы добуш беришти. Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Иманбаев Турсунбек Нуркамилович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Иманбаев Турсунбек Нуркамилович Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жети-Өгүз айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20сы добуш беришти. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Алиев Майрамбек Беккожоевич, Тыналиев Адылбек Нурлайманович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Алиев Майрамбек Беккожоевич Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 12си добуш беришти. Улахол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Бейшеев Медербек Рыскелдиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бейшеев Медербек Рыскелдиевич Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Улахол айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Куланбаев Таалайбек Асангариевич, Кыдыралиева Майракүл Асыпбековна, Абдылдаева Нуркүмүш Султанказиевна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Куланбаев Таалайбек Асангариевич Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Мойнок айылдык кеңешинин 11 депутатынын 7өө добуш беришти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
09.06.2021

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-июнундагы жыйналышында Өзгөн жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды. Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Карабаева Шохистахан Абдиманаповнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Сотволдиев Равшанбек Абдулхамитовичке (№ 4, “Өнүгүү-Прогресс” деп. фракциясы) өткөрүп берилди. Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Абдуллажановой Назокатхон Гафуржановнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Мавлянов Хожиакбар Пайтидиновичке (№ 11, “Ата-Журт Кыргызстан” деп. фракциясы) өткөрүп берилди. Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылдык кеңешинин депутаты Тажибаев Мамиржан Анваровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Шерматов Амир Маматкадировичке өткөрүп берилди. Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады
09.06.2021

КР БШК Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2021-жылдын 9-июнундагы жыйналышында 2021-жылдын 8-июнуна дайындалган шайлоодо талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү добушун албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчылары шайланбай калгандыктан Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор, Кашка-Жол, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор жана Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөт башчыларын кайталап шайлоо жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2021-жылдын 23-июнуна дайындалды. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. Чечим “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды. Кара-Кулжа жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Кеңеш айыл өкмөт башчысы шайланбай калды
09.06.2021

Ош облусунун Кеңеш айыл өкмөт башчысы шайланбай калды

Айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш бергендигине байланыштуу 2021-жылдын 9-июнуна дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды. Кеңеш айылдык кеңешинде 21 мандат бар. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Бурканов Мустапакул  Аниварович, Абдрахманов Орозбек Сулайманович, Кудайбердиев Калмамат Таирович, Шапиев Абдыкаар Жанишович, Кадырбердиев Абдурашут Матазович катталган.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
09.06.2021

Ош облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

2021-жылдын 9-июнунда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гүз, Ылай-Талаа, Ноокат районунун Көк-Бел, Өзгөн районунун Салам-Алик, Көлдүк, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу, Алай районунун Будалык, К. Бөлөкбаев атындагы Алай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Кара-Гүз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Мамишов Дагыбек Алимбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мамишов Дагыбек Алимбекович Кара-Гүз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Гүз айылдык кеңешинин 21 депутатынын 16сы добуш беришти. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Айтбаев Нурланбек Рысбекович, Маматкасымов Кенжебек Төрөжанович, Жолдошов Нурбек Жапашович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жолдошов Нурбек Жапашович Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Джороев Туйгунбек Жунусович, Айткулов Асилбек Эсеналиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Айткулов Асилбек Эсеналиевич Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Бел айылдык кеңешинин 20 депутатынын 14  депутаты добуш беришти. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Абдыразаков Талант Кимсанович, Сатыбалдиев Равшанбек Раимбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Сатыбалдиев Равшанбек Раимбекович Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Салам-Алик айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19у добуш беришти. Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Курманкулов Раимберди Аалыевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Курманкулов Раимберди Аалыевич Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Көлдүк айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9у добуш беришти. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Бакиров Салайдин Жаныбаевич, Нажиев Тыныбек  Абдилазизович, Рахманов Айтмамат Жаркынбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Рахманов Айтмамат Жаркынбаевич Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кашка-Суу айылдык кеңешинин бардык 21 депутатынын 12си добуш беришти. Будалык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Мусабаев Кадырбек Арапбаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мусабаев Кадырбек Арапбаевич Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Будалык айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты добуш беришти. К. Бөлөкбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кулов Анарбек Абдраманович, Тажибаев Жумабек Аланович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кулов Анарбек Абдраманович К. Бөлөкбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн К. Бөлөкбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин 20 депутатынын 16сы добуш беришти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
09.06.2021

Чүй облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

2021-жылдын 9-июнунда Чүй облусунун Жайыл районунун Красновосток, Кара-Суу, Чүй районунун Ак-Бешим, Ибраимов, Панфилов районунун Вознесеновка, Орто, Аламүдүн районунун Көк-Жар, Октябрь, Сокулук районунун Асылбаш, Төш-Булак, Москва районунун Төлөк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Красновосток айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Рыскулбек уулу Нурмат катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Рыскулбек уулу Нурмат Красновосток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Красновосток айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Женбаева Несип Элибаевна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Женбаева Несип Элибаевна Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Кара-Суу айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын 8и добуш беришти. Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Аширов Марс Мидинович, Жоомартбекова Нуржан Жоомартбековна катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жоомартбекова Нуржан Жоомартбековна Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Бешим айылдык кеңешинин баардык 11 депутатынын алтоо добуш беришти. Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Алиев Бакыт Нажимидинович, Курманкул уулу Алмаз, Токобаева Салтанат Мырзабековна, Саскараев Орозобек Карымшакович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Курманкул уулу Алмаз Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ибраимов айылдык кеңешинин 11 депутатынын алтоо добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү. Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Казымкулов Адилет Бактыбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Казымкулов Адилет Бактыбекович Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Вознесеновка айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти. Орто айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Акыбаев Арсен Кенешбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Акыбаев Арсен Кенешбекович Орто айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Орто айылдык кеңешинин 11 депутатынын 8 депутаты добуш беришти. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Джумалиев Эдиль Асыкбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Джумалиев Эдиль Асыкбекович Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Көк-Жар айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19у добуш беришти. Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 7 талапкер – Кудайбердиев Нургазы Абдигапарович, Алимкулов Топчубай Шералиевич,  Бокобаев Кубатбек Кубанычович, Гапаров Акылбек Икрамович, Момбекова Наргиза Кулжабаевна,  Асакеев Мидин Бадырович, Кабиров Саймудин Одинаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кабиров Саймудин Одинаевич Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Октябрь айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11 депутаты добуш беришти. Добуш берүү 2 турда өттү. Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Жумабеков Жалын Самудинович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жумабеков Жалын Самудинович Асылбаш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Асылбаш айылдык кеңешинин 11 депутатынын 8и добуш беришти. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Жолдошев Марс Олжобаевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жолдошев Марс Олжобаевич Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Төш-Булак айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10у добуш беришти. Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Маматов Эвертбек Эмильбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Маматов Эвертбек Эмильбекович Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Төлөк айылдык кеңешинин баардык 11 депутаты добуш беришти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
09.06.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү
09.06.2021

Жалал-Абад облусунун кээ бир айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү

2021-жылдын 9-июнунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол, Сузак районунун Багыш, Ленин, Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Кочкорбаев Эламан Жапарович, Эшимбеков Нуралы Акпаралиевич катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кочкорбаев Эламан Жапарович Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Жаңы-Жол айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты добуш беришти. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Оңолбаев Бактыбек Надырбекович, Мырзагулов Бердалы Жумабекович, Султамуратов Төлөгөн Акматбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Султамуратов Төлөгөн Акматбекович Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ак-Жол айылдык кеңешинин 21 депутатынын 11и добуш беришти. Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Маматов Жыргалбек Темирбекович, Шергазиев Рахман катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Маматов Жыргалбек Темирбекович Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Багыш айылдык кеңешинин 31 депутатынын 16сы добуш беришти. Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 4 талапкер – Жолдошев Эркинбай Манапбаевич, Мурзаканов Чолпонбек Исмаилович, Султаналиев Абдыкадыр Жуманазарович, Адылбек уулу Бакытбек катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Мурзаканов Чолпонбек Исмаилович Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Ленин айылдык кеңешинин 21 депутатынын 15и добуш беришти. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Багымбаев Болот Тияншанович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Багымбаев Болот Тияншанович Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Ал үчүн Бел-Алды айылдык кеңешинин бардык 11 депутатынын 9у добуш беришти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында саясий партияларды окутууда
09.06.2021

КР БШК 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында саясий партияларды окутууда

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоонун аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – КР БШК) шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялар үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүүдө. Атап айтканда, КР БШК 9-июнда саат 14:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеӊештеринин депутаттарынын кайталап шайлоого катышуу жөнүндө билдирген саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн каттоого документтерди берүү маселелери боюнча окутуу онлайн-семинарын өткөрдү. Саясий партиялардын өкүлдөрүнө каттоого документтерди берүү эрежелери, анын ичинде «Электрондук талапкер» тутумуна партиядан талапкерлердин тизмеси тууралуу маалыматтарды киргизүү эрежелери түшүндүрүлдү. «Электрондук талапкер» тутуму талапкерлер тууралуу маалыматтардын – паспорттук маалыматтарынын, жергиликтүү жамаатка мүчөлүгүнүн, соттолгондугу тууралуу ж.б. маалыматтарынын аныктыгын текшерүүнү камсыздайт. Маалыматтарды текшерүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын ведомстволор аралык «Түндүк» маалымат алмашуу тутуму аркылуу маалымат алмашуу жолу менен талапкердин макулдугунун негизинде жүргүзүлөт. Онлайн окутууга төмөнкүлөр катышты: Бишкек шаарынан төмөнкү 15 партиянын өкүлдөрү: "Өнүгүү-Прогресс" "Социал-демократтар" "Замандаш" "Келечек - Будущее" "Ата-Журт Кыргызстан" "Биздин Кыргызстан" "Ынтымак" "Жаңы мезгил" мигранттардын, үй куруучулардын жана агрардык реформа борборунун партиясы "Биздин Эл" "Туран" демократиялык партиясы "Эмгек партиясы " Кыргызстандын жашылдар партиясы "Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы "Уулу-Журт" "Реформа". Токмок шаарынан төмөнкү партиялардын өкүлдөрү: “Асыл-Мурас Жаштар” “Бирге-Вместе” "Өнүгүү-Прогресс". Ош шаарынан төмөнкү партиялардын өкүлдөрү: “Бир Бол” “Бүтүн Кыргызстан”. Окутуунун соңунда саясий партиялардын өкүлдөрү КР БШКга өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, аларга кеңири жоопторду алышты.
Кененирээк билүү >>
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН  КҮН ТАРТИБИНИН ДОЛБООРУ
09.06.2021

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИНИН ДОЛБООРУ

 Өткөрүү датасы:09 июнь2021-ж.   Убактысы:15:00   Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1.2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы) 2. 2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя жана Ырыс айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы) 3. 2021-жылы 2, 3-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман, Кеңеш, Сайдыкум айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы) 4. 2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун              Жоош жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы) 5. 2021-жылы 4 жана 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун      Кызыл-Октябрь, Кароол, Кара-Таш жана Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы) 6. 2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун                  Кыргыз-Ата жана Кара-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы) 7. 2021-жылы 4 жана 5-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат, Сосновка, Сары-Коо жана Степ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы) 8. 2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун                  Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы) 9. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор,  Кашка-Жол;   Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы) 10. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз, Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы) 11. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөттүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы) 12. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Өзгөн жана Кара-Суу  аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү Тууралуу (баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу  башкармалыгынын башчысы)   13. Ар кандай маселелер         ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
-
08.06.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы кайталап шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялардын эсине
08.06.2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы кайталап шайлоого катышууга ниеттенген саясий партиялардын эсине

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 9-июнунда саат 14:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеӊештеринин депутаттарынын кайталап шайлоого катышуу жөнүндө билдирген саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн каттоого документтерди берүү маселелери боюнча окутуу онлайн-семинарын өткөрөт. Саясий партиялардын өкүлдөрүнө каттоого документтерди берүү эрежелери, анын ичинде «Электрондук талапкер» тутумуна партиядан талапкерлердин тизмеси тууралуу маалыматтарды киргизүү эрежелери түшүндүрүлөт. «Электрондук талапкер» тутуму талапкерлер тууралуу маалыматтардын – паспорттук маалыматтарынын, жергиликтүү жамаатка мүчөлүгүнүн, соттолгондугу тууралуу ж.б. маалыматтарынын аныктыгын текшерүүнү камсыздайт. Маалыматтарды текшерүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын ведомстволор аралык «Түндүк» тутуму аркылуу маалымат алмашуу жолу менен талапкердин макулдугунун негизинде жүргүзүлөт. Катышуу маселелери боюнча шайлоо процессинин катышуучулары менен ѳз ара аракеттешүү жана окутуу методологиясы бѳлүмүнө төмөнкү байланыш телефон номурларына чалып, кайрылууга болот: 62-08-29, 62-62-87, 0550 777-640.    
Кененирээк билүү >>
1 … 216 218 … 484