Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Касымбекова Бегайым Каныбековна, Рысалиев Дуйшонбек Сайникеевич, Алтыбаева Аида Сагынбековна, Турдиева Жыпаркүл Курманбековна, Шаабаева Айнагуль Абдулказиевна, Айтбаева Гулукан Токтоналиевна, Шамшидинов Кубанычбек Рыскулович киргизилди.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резерви жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Абдуназарова Муяссархон Сайдаматовна жана Худайбердиев Икрамжан Рахимбердиевич менен толукталды.