Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти
17.10.2021

БШК 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

  “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-октябрындагы № 457 ПЖ Жарлыгы менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды. 2021-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 14-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14, 48-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын бекитти Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасынын жалпы суммасы 212 000 (эки жүз он эки миң) сомду түзөт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ноокен округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
17.10.2021

БШК Ноокен округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 17-октябрда өткөн жыйналышында Ноокен округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: Ноокен округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан киргизилген Курманкулов Акылбек Бегматович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан Раимбеков Турдали комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Ноокен округдук шайлоо комиссияларынын мүчөсүнүн шайлоо комиссиясынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
17.10.2021

Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

  2021-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 12-октябрда өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду карап, бекитти. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Джылжымышов Акылбек Болотбекович катталган. Добуш берүүгө Ананьев айылдык кеңешинин 21 депутатынын 19 депутаты катышты, А. Б. Джылжымышов 19 добуш алды. “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Джылжымышов Акылбек Болотбекович Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү        
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
17.10.2021

КР БШК Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 17-октябрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 5-ноябрында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. Буга чейин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Мамасадыков Замирбек Дүйшалиевич өз арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШКнын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК кээ бир шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
17.10.2021

БШК кээ бир шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын  17-октябрындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун № 2301, №2302, №2300,  Сузак районунун № 2011, Ош облусунун Кара-Суу районунун №5508, Талас облусунун Талас районунун №6088 шайлоо участокторунун даректерин төмөнкүдөй өзгөртүү жөнүндө токтом кылды: - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун №2300 шайлоо участогунун дареги Тоскоол айылы, Тоскоол-Ата, 59 көчөсүндөгү Тоскоол-Ата токой чарбасынын имаратынан Кызыл-Токой айылы, Кут-Билим, 5 көчөсү дареги боюнча Б.Камчыбеков атындагы орто мектептин имаратына; - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун №2301 шайлоо участогунун дареги Сумсар айылы, Кундуз-Дөбө, 56 көчөсүндөгү Маданият үйүнүн  имаратынан Сумсар айылы, Кундуз-Дөбө, 42 көчөсү дареги боюнча Сумсар орто мектебинин имаратына; - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун №2302 шайлоо участогунун дареги Шекафтар айылы, Пиклубный, 7 көчөсүндөгү Маданият үйүнүн  имаратынан Шекафтар айылы, Ленин, 44 көчөсү дареги боюнча Ю.Гагарин атындагы орто мектептин имаратына; - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун № 2011 шайлоо участогунун дареги Сузак айылы, А.Юнусов, 2 көчөсүндөгү Сузак айыл өкмөтүнүн имаратынан Сузак айылы, Сарык-Аксакал, 1 көчөсү дареги боюнча Ю.Гагарин атындагы орто мектептин имаратына; - Ош облусунун Кара-Суу районунун № 5508 шайлоо участогунун дареги Зарбдар айылы, Сулайманов көчөсүндөгү чайкананын имаратынан Зарбдар айылы, Сулайманов көчөсү дареги боюнча Ч. Айтматов атындагы орто мектептин имаратына; - Талас облусунун Талас районунун № 5508 шайлоо участогунун дареги Кызыл-Туу айылы, Кудакке уулу Темиркул, 37 көчөсүндөгү айылдык клубдун имаратынан Зарбдар айылы, Кудакке уулу Темиркул, 37 көчөсү дареги боюнча Байсейит уулу Эшманбет атындагы орто мектептин имаратына. Чаткал, Сузак, Кара-Суу жана Талас округдук шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Токтом Чаткал, Сузак, Кара-Суу жана Талас округдук шайлоо комиссияларынын шайлоо участокторунун орун-жайларынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу № 2301, №2302, №2300, №2011, №5508, 6088 шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Алымбаев Алайбек Анаркуловичке өткөрүп берди
17.10.2021

БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Алымбаев Алайбек Анаркуловичке өткөрүп берди

  КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Алымбаев Алайбек Анаркуловичти “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды. КР БШК токтому менен Алымбаев Алайбек Анаркулович КР Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Токтом ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
17.10.2021

БШК КР ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын  17-октябрындагы жыйналышында “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тулендиев Пархат Розымовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. КР БШК“Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык П.Р. Тулендиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тулендиев Пархат Розымовичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды.   КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Округдук шайлоо комиссиялары алдында шайлоо участкаларын түзүү боюнча милдеттер коюлду
17.10.2021

Округдук шайлоо комиссиялары алдында шайлоо участкаларын түзүү боюнча милдеттер коюлду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында округдук шайлоо комиссиялары менен жумушчу кеӊешме болуп өттү, мында парламенттик шайлоонун жүрүшүндө ОШК ыйгарым укуктары жана милдеттери онлайн талкууга алынды.   КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү этабы аяктагандыгын, 2021-жылдын 18-октябрына чейин документтерди берүү этабы улана тургандыгын, андан соӊ 29-октябрга чейин КР БШК көрсөтүлгөн документтерди текшере тургандыгын билдирди.  Демократиялык шайлоолордун негизги индикатору болуп жарандардын шайлоо жана шайлануу укуктары канчалык деӊгээлде толук кандуу ишке ашырылгандыгы эсептелет. Аталган этаптарды камсыздоого ылайык шайлоо комиссиялары алдында белгилүү милдеттер турат.  Учурда шайлоочулардын тизмесин тактоо этабы али улантылууда. 2015-жылы шайлоодо биометрикалык каттоо биринчи жолу колдонулгандан тартып, республика боюнча шайлоочулардын тизмеси 1 млн адамга көбөйдү. Биометрикалык маалыматтарды тапшырбаган жарандардын саны бул учурда үчкө: 900дөн 300 миӊ адамга чейин кыскарды. Бул учурда ОШКлар алдында милдет турат – биометрикалык каттоодон өтпөгөн шайлоочулар тизмеси менен иш алып баруу. Парламенттик шайлоолорду уюштуруунун алкагында КТБ ишинин убактысын узартуу, компакттуу эл жашаган жайларга мобилдик топтордун чыгуусу каралган.    Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана каттоо этабына байланыштуу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча өз талапкерлигин 381 талапкер көрсөткөн. Алардын ичинде 51и катталган, калгандарынын документтери, анын ичинде «Түндүк» мекемелер аралык карым-катышуу аркылуу да текшерүү процессинде.  Ошондой эле 23 саясий партия съезддерди өткөрүү жана талапкерлердин көрсөтүлгөн тизмеси тууралуу КР БШКга билдирүү жасады, учурда мыйзам тарабынан талап кылынуучу документтерди көрсөтүү, ошондой эле маалыматтарды «Электрондук талапкер» тутумуна киргизүү процесси жүрүп жатат.  Талапкерлерди көрсөткөн талапкерлер жана саясий партиялар тууралуу бардык маалыматтар каттоого алынгандыгына жараша КР БШК сайтында төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/parliamentary. Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле округдук шайлоо комиссияларынын аракеттеринин пландары талкууга алынды. ОШКлар бардык аймактарда жайгашкан Республикалык штабдардын жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары алдында шайлоо комиссияларын байланыш, электр энергиясы, унаа, жылуулук, материалдык-техникалык камсыздоо үзгүлтүксүз жүрүүсүн камсыздоо боюнча милдеттер коюлду.    КР БШК бардык округдук шайлоо комиссияларына ZOOMга чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет, бул комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле байкоочулар менен да онлайн жыйындарды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.    Укук коргоо органдары жана прокуратура кызматкерлери менен биргеликте жер-жерлерде ыкчам чара көрүүчү Координациялык топтун ишин уюштуруу, ЫЧККТ кызматкерлеринин туруктуу күзөтүн орнотуу тапшырылды.  Президент партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында жана добуш сатып алууда административдик ресурсту укуксуз колдонуусуна каршы натыйжалуу чараларды колдонуу жана жол бербөөсүнө Республикалык штабга, бүткүл өкмөткө багыттама берди. Биз биргелешкен аракеттер аркылуу муну жүзөгө ашырышыбыз керек. Бүгүнкү күндө шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын бузулуусу аныкталган эмес.  Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо процессинин бардык катышуучуларына – укук коргоочуларга, шайлоо комиссияларына, байкоочуларга, саясий партияларга жана талапкерлерге шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактоого, таза жана эркин шайлоо өткөрүүгө жоопкерчиликти жогорулатуу предмети боюнча окутуу уюштурулду. Шайлоо комиссиялары ошондой эле, демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн жоопкерчиликтүү жана шайлоо процессин натыйжалуу уюштуруу үчүн жооп беришет.    Окутуунун алкагында биз таза шайлоо – бул шайлоо комиссияларынын эле эмес, шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык органдардын да жоопкерчилиги экендигин айтмакчыбыз. ОШКлар уюштуруу иштерине жоопкерчиликтүү, таза шайлоолор шайлоонун ар бир катышуучудан көз каранды.    Мамлекеттик органдар жана ЖӨАБ административдик ресурсту колдонууга жол бербеши керек, укук коргоо органдары тандоо принцибин жокко чыгарып, бардык бузууларга ыкчам чара көрүүгө тийиш. Саясий партиялар жана талапкерлер шайлоочуларды сыйлаганды үйрөнүп, шайлоочулардын тандоосуна эркиндик берип, добуш сатып алуудан баш тартуулары керек. Мамлекеттин милдети, жалпысынан алганда – шайлоочулардын эркин билдирүүсү жана талапкерлер үчүн эркин атаандаштык үчүн шарттарды түзүү» - деп баса белгиледи КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова. Кеӊешмеде БШК са йтында жеткиликтүү болгон даттануулардын жана кайрылуулардын электрондук реестри тууралуу да айтылды, ал ыкчам жаӊыланып турат жана бузууларга карата көрүлгөн чаралар менен таанышууга баарына мүмкүнчүлүк берет. ОШКны каржылоо, ошондой эле АЭУ менен иштөө, опреаторлорду окутуу маселелери талкууга алынды. ОШК үчүн аракеттердин планы, шайлоо участкаларынын жабдылышы, майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн шарттарды камсыздоо үчүн муктаждыктар картасы боюнча иштер каралды.    ОШКларга шайлоочулар үчүн шайлоо тууралуу маалыматтарды жайгаштыруу үчүн орундарды даярдоо, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо тапшырылды.     КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү       
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 17-октябрда өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору
17.10.2021

КР БШКнын 2021-жылы 17-октябрда өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

                                                                                                                                          Өткөрүү датасы: 17-октябрь 2021-ж.                                                                                    Убактысы: 15:00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты П.Р.Тулендыбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.  (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   2. 2021-жылдын 12-октябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)            3. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   4. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун №2300, №2301, №2302, Сузак районунун №2011, Ош облусунун Кара-Суу районунун №5508, Талас облусунун Талас районунун №6088 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө  (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 5. Ноокен округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы 6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 7. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад обулусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин  депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө. (баяндамачы – Дюшембаева Г. К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы) 8. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад обулусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин  депутаттарын кайра шайлоого  катышуучу талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө. (баяндамачы – Дюшембаева Г. К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы) 9. Садалиев Улан Шейшенбековичти №24 Сокулук шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 10. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевичти №35 Ак-Суу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 11. Нурбаев Бакытбек Токтосуновичти  №6 Араван шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 12. Саипов Бакытбек Саиповичти №11 Алай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 13. Бекешов Дастан Далабайевичти №28 Октябрь шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 14. Казакбай уулу Замирбекти №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 15. Молдоташев Ишенбай Курмановичти №35 Ак-Суу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 16. Бузурманкулов Айбек Мырзакеримовичти №21 Талас шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 17. Сарбагышов Максатбек Канатбековичти №36 Ысык-Көл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 18. Хасанов Канат Зерликовичти №36 Ысык-Көл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 19. Токтобаев Суйунбай Жумакановичти №17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 20. Икрамов Тазабек Икрамовичти №13 Сузак шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   21. Нажиев Мирбек Дуйшенбековичти №23 Москва шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 22. Пасанов Эржигит Жетимишовичти №10 Куршаб шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   23. Осмонов Айбек Жапаровичти №7 Ош шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 24. Кыдырмышев Руслан Жаманаковичти №28 Октябрь шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 25. Аширалиев Чынтемир Камчыбековичти №2 Баткен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 26. Дыйканов Максатбек Дыйкановичти  №2 Баткен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 27. Тологонов Бакыт Талантовичти №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 28. Орозбаев Таалайбек Айтбаевичти №2 Баткен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 29. Зикиров Жусупбек Камчыбековичти №23 Москва шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 30. Джыргалбаев Нурбек Усенкуловичти №30 Ысы-Ата шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 31. Иманкулов Эркин Токтаалиевичти №22 Жайыл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 32. Алимбеков Нурбек Каарыевичти №8 Төлөйкөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 33. Назарбеков Мирлан Рысбековичти №20 Манас шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 34. Мамбеталиева Анара Хамзаевнаны №36 Ысык-Көл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 35. Райымкулов Бактыбек Кемелбековичти №22 Жайыл шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 36. Булекбаев Эркин Касымовичти №23 Москва шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 37. Турсунбаев Азизбек Атакозуевичти №18 Ала-Бука шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө. (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 38. «Адилет» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 39. №4 Көк-Жар шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мавлянова Махабат Эргешовнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 40. №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Исакулов Жылдызбек Абдилахатовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 41. №24 Сокулук шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Курманалиев Акыл Курманбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 42. №19 Токтогул шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдылдаев Тынчытбек Кубатовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 43. №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдувалиев Зарылбек Рубеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 44. №32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Ниязалиева Дамира Абаскановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 45. №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Алтыбаева Айнуру Тойчиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 46. №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мырзаканов Раад Муслимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 47. №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Марипов Бакытбек Асамидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 48. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Дайырбеков Таалайбек Эсенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 49. №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бакасов Улан Болотбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 50. №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Саккараев Медербек Джаманкуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 51. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сулаев Жекшен Эсенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 52. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Омуралиев Арыстанбек Мелисовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 53. №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Турсункулов Мирланбек Эшмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 54. №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Жетигенов Бакытбек Женишбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 55. №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Рыскулов Максат Борисовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 56. №20 Манас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мамбеткулов Замирбек Токтогуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 57. №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн  Примов Улан Бердибаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 58. №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Ибраимова Атыркул Сыйдалиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 59. №8 Төлөйкөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Атазов Шайлообек Карыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 60. Ар кандай маселелер    
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чүй облусунун Жайыл районунун Красно-Восток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
15.10.2021

КР БШК Чүй облусунун Жайыл районунун Красно-Восток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 15-октябрында Чүй облусунун Жайыл районунун Красно-Восток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады. Чүй облусунун Жайыл районунун Красно-Восток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 3-ноябрында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт. Буга чейин Чүй облусунун Жайыл районунун Красно-Восток айыл өкмөтүнүн башчысы Рыскулбек уулу Нурмат өз арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
7 саясий партия шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди
15.10.2021

7 саясий партия шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирме берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 15-октябрында өткөн жыйналышында «Ак-Шам», «Элдик партия», «Менин Мекеним», «Замандаш», «Акшумкар», «Айкөл Кыргызстан», «Кыргызстандын Баба Дыйкан (фермерлер)» саясий партияларынын 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирмелерин карап чыкты жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алуу менен, алардын билдирмелерин эске алуу жөнүндө чечим кылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Ош облусунун Араван районунун Алля-Анар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
15.10.2021

КР БШК Ош облусунун Араван районунун Алля-Анар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 15-октябрында болуп өткөн жыйынында Ош облусунун Араван районунун Алля-Анар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.  Ош облусунун Араван районунун Алля-Анар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 3-ноябрына белгиленди. Шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.   Ош облусунун Араван районунун Алля-Анар айыл өкмөтүнүн башчысы өз арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган.  Араван аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын кайталап шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планы бекитилди
15.10.2021

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 15-сентябрында болуп өткөн жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планын бекитти.    КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылы 15-октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15.10.2021

КР БШКнын 2021-жылы 15-октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

                                                                                                                                        Өткөрүү датасы: 15-октябрь 2021-ж.                                                                                    Убактысы: 18:30                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы           1. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   2. Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   3. Чүй облусунун Жайыл районунун Красный-Восток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   4. Матраимов Искендер Исмаиловичти №9 Кара-Суу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   5. Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевичти №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   6. Супатаева Альфира Илиясовнаны №35 Ак-Суу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   7. Шакиев Нурланбек Тургунбековичти №17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   8. Мукарамов Асылбек Турабаевичти №1 Лейлек шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   9. Орозбаев Айбек Маматовичти №8 Төлөйкөн шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө (баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   10. «Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   11.«Элдик партиясы» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   12.«МЕНИН МЕКЕНИМ» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   13. «Замандаш» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   14. «Акшумкар» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   15. «Айкөл Кыргызстан» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   16. «Баба Дыйкан» Кыргызстандын дыйкандар (фермерлер)» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө. (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   17. №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Бекишов Абдыбек Дүйшенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   18. №14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Салымбаев Чынгыз Жусуповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   19. №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдылдаев Сооронбай Эргешовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   20. №36 Ысык-Көл  шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Хасанов Канат Зерликовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   21. №30 Ысык-Аташайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Касымов Аскар Тумурчиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   22. №21 Таласшайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Нусубалиев Токтоналы Сатаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   23. №24 Сокулук  шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Садалиев Улан Шейшенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   24. №35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сарыбаев Тынчтыкбек Калмаковичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   25. №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Джабаев Ринат Шаршенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   26. №10 Куршаб шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Чодуев Эркинбек Урайымовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   27. №32 Кочкор  шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Ажымамбетов Актан Айылчиевтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   28. №3Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Садыкова Эркеайым Гульбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   29. №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Касенов Шаршеналы Рахимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   30. №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Булекбаев Эркин Касымовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) 31. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Кебекбаев Сабыралы Тойчуевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   32. №33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сариев Акылбек Аблабековичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө (баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)   33. Ар кандай
Кененирээк билүү >>
БШК Ж.С. Джунушалиеванын туугандарына жана жакындарына көӊүл айтат
15.10.2021

БШК Ж.С. Джунушалиеванын туугандарына жана жакындарына көӊүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Жайыл ОШК/АШК катчысы Джунушалиева Жылдызхан Сагынбековнанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.  КР БШК жамааты 
Кененирээк билүү >>
Балыкчы шаарында саясий партияларды жана талапкерлерди үгүттөө эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү
15.10.2021

Балыкчы шаарында саясий партияларды жана талапкерлерди үгүттөө эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Балыкчы шаарында талапкерлер жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн «Жарандык платформа» коомдук фонду жана Жарандык өнүктүрүү институту менен биргеликте «2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоонун жүрүшүндө үгүт өнөктүгүн өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү» аталыштагы октуучу тренинг уюштурду.  Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүттөө эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев катышуучуларга шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын этаптары, мөөнөтү жана шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүүнүн негизги эрежелери тууралуу маалымат берди.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштери 2021-жылдын 29-октябрында башталып, 2021-жылдын 27-ноябрында, саат 8:00дө аяктай тургандыгы да айтылды. Шайлоо өнөктүгү учурунда Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын макулдугу жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Шайлоо фонддоруна түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынат. Шайлоо алдындагы үгүттөө катары тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн же аларга каршы добуш берүүгө чакыруу; айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата артыкчылык берүү; талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлаганда же шайлабаган учурда мүмкүн болгон кесепеттерди сүрөттөө; - талапкердин кесиптик ишмердигине же анын өз кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган ишмердиги тууралуу маалыматты таркатуу эсептеле тургандыгы түшүндүрүлдү. Шайлоону өткөрүүдө үгүттөө иштери жалпыга маалымдоо каражаттары; стадиондордо жана калк жайгашкан пункттардагы көчөлөрдө концерттерден жана театралдаштырылган көрсөтүүлөрдөн тышкары, эл алдындагы үгүттөөчү  иш-чараларды өткөрүү (митингдер, жыйындар, телеберүүдөгү дебаттар); спорттук иш-чаралар; басма сөз, аудиовизуалдык жана башка үгүттөө материалдарын чыгаруу жана таркатуу аркылуу; Мыйзам тарабынан тыюу салынбаган дагы башка формаларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн;   Шайлоо алдындагы үгүттөө иштери менен алектенүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, дин ишмерлерине, кайрымдуулук ишмердүүлүк менен алектенген уюштуруучуларга жана уюмдун мүчөлөрүнө, 18 жашка чыга электерге, чет элдик жарандарга жана уюмдарга, жарандыгы жок адамдарга, аймактык коомдук кызматкерлерге тыюу салынат.  Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында тараган чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өтүп жаткан учурда чет элдик теле- жана радиопрограммаларды ретрансляциялоо жазып алуу аркылуу ишке ашырылат. Талапкерлердин, саясий партиялардын  намысына, кадыр-баркына жана кызмат беделине шек келтирген маалыматты таркатуучу теле- жана радиопрограммаларды ретрансляциялоого тыюу салынат. Бул учурда мындай маалыматтарды жайылтуу үчүн жоопкерчилик жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жүктөлөт.  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 179 181 … 484