КР БШК төрагасы менен КР Өкмөтүнө караштуу Мамкаттоо кызматынын төрагасынын биргелешкен маалымат жыйыны: “2016-жылдын 21-ноябрында айылдык кеңештерге депутаттыкка 18 599 талапкер каттоодон өттү, алар үгүт иштерин башташты”
25 ноября 2016
2016-жылдын 24-ноябрында маалымат жыйынынын жүрүшүндө КР БШК төрагасы Нуржан Шайлдабековажана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасыТайырбек Сарпашев жыйындын катышуучуларын жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого жана референдумга даярдыктын жүрүшү менен тааныштырышты.
БШКнын маалыматына ылайык 2016-жылдын 21-ноябрында Кыргызстандынайылдык кеңештерине депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктады. Шайлоо 389 айылдык кеңеште мажоритардык тутум боюнча өтүүдө.Айылдык кеңештерге депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин саны 18 904 адамды түздү. Алардын ичинен 3 938талапкер саясий партиялардан болсо, 14 966сы өзүн өзү көрсөткөндөр. Алардын ичинен 18 599талапкер каттоодон өттү.
Референдумга даярдыктын жүрүшү жөнүндө айтып, БШКнын төрагасыБШККРКонституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбооруна “макул” 9 топту, “каршы” 4 топту каттаганын эске салды. “Макул” жана “каршы” үгүт топторуна бирдей шарттарды камсыздоо максатында БШК мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында акысыз обо убактысын жана басма аянтын берүү боюнча чүчүкулак өткөрдү. Чүчүкулакка ылайык “макул” жана “каршы” топтору төмөнкү телеканалдарда чыгып сүйлөө үчүн мүмкүнчүлүк алышты: Коомдук телерадиокорпорация (КТРК) кечки убакка үгүт топторунун ортосунда тең бөлүштүрүү менен 180 минут обо убактысын, «ЭлТр» мамлекеттик телеканалы ошондой эле шартта 270минут обо убактысын берди. Биринчи радиоүгүт топторуна 900минут обо убактысын бөлдү. Аталган радиодо уктуруулар үгүт топторунун катышуусу менен күн сайын саат 12 00дөн13 00гө чейин өткөрүлүүдө. Радиодогу жана телекөрсөтүүдөгү уктуруу-көрсөтүүлөр 2016-жылдын 21-ноябрында башталды.
«Эркин Тоо» жана «Кыргыз Туусу»мамлекеттик басылмалары үгүт топторунун пикирин чагылдырган макалаларды басуу үчүн ар бири бир беттен орун беришти, 2016-жылдын 10-декабрына чейин аталган гезиттер4 санчыгарат.
Акысыз обо убактысын жана басма аянтын берүү графиги менен www.shailoo.gov.kg сайтынан кыйла кеңири таанышууга болот.
КР БШК басма сөз кызматы
