БШККыргыз Республикасынын референдумунда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендин формасын жана корголуучу даражасын бекитти
09 ноября 2016
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында төмөнкү документтер бекитилди: 1) Кыргыз Республикасынын референдумунда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендин формасы жана корголуучу даражасы; 2) Кыргыз Республикасынын референдумунда (жалпы элдик добуш берүүдө)добуш берүү үчүн бюллетендин тексти; 3) референдумдун катышуучусунун референдумдун катышуучуларынын тизмесинде бар экени тууралуу кабарлоонун формасы; 4) Кыргыз Республикасынын2016-жылдын 16-декабрына дайындалган референдумун(жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүү үчүн көрнөктүн жана календардын тексттери.
Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессининин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ«Демократ» саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (БАШК) аракетине жана чечимине даттануусуна байланыштууөз чечимин жана токтом долбоорун сунуштады.
Бул маселе боюнча БШК “«Демократ» саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын аракетине жана чечимине даттануусун кароо жөнүндө” токтом кабыл алды. Аталган токтомдун 1-пункту менен БАШКнын 2016-жылдын 5-ноябрындагы“«Демократ» саясий партиясынынталапкерлердин тизмесин каттоо үчүн берилген документтерин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө”№10 токтому жокко чыгарылды. 2-пункт менен БШК БАШКга «Демократ» саясий партиясынын документтерин кабыл алууну жана мыйзамдарга ылайык кароону тапшырды.
КР БШКнын басма сөз кызматы
