КР БШКнын төрагасынын маалымат жыйыны: референдум менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бир күндө – 2016-жылдын 11-декабрында өтөт
08 ноября 2016
Бүгүн 2016-жылдын 8-ноябрындаБШКнын төрагасыжурналисттерди КР БШКнын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууга багытталып, кабыл алган чечимдери менен тааныштырды. БШКнын төрагасы “референдум мененжергиликтүүкеңештердин депутаттарын шайлоо бир күндө – 2016-жылдын 11-декабрында” өтөрүн белгилеп, “референдумда жана жергиликтүүкеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы шайлоо технологиялары – жарандарды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүү жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды (АСУ) колдонуу менен автоматтык түрдө саноо пайдаланылат, бул технологияларбашка шайлоочу үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана шайлоочулардын добуштарын так эсепттөөнү камсыздайт”, деп айтты.
Ал күнү 2 миң 365 шайлоо участогу ачылып, анын ичинде 35 участок өлкөнүн чегинен сырткары жерлерде иштейт. Дагы 32 участок башка региондордо каттоодо турган, бирок Бишкекте жашаган жарандар үчүн Бишкекте кошумча ачылат. Борборшайкомдун башчысы, ошондой эле, референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт ишинин катышуучуларын (“макул” жана “каршы” топторун) каттоонун тартиби жана жол-жоболору тууралуу ЖМКга маалымат берди жана “КР мыйзамдары тарабынан үгүт ишин жүргүзүү үчүн бирдей шарт түзүлгөнүн, акысыз обо убактысы жана басма аянттары “макул” жана “каршы” топторуна бирдей негиздерде берилерин” белгиледи. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү маселелери жана чет өлкөлөрдө добуш берүү жол-жобосу тууралуу кеңири сөз болду.
БШКнын төрагасы “референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоочулардын эки тизмеси - жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү шайлоочулардын тизмеси жана референдумдун катышуучуларынын тизмеси түзүлгөнүн” белгилеп, “референдумда өлкөбүздө же анын чегинен сырткары жерлерде жашап, консулдук эсепте турган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин аймагында гана добуш беришет”, деп айтты.
Ошондой эле, Нуржан ШайлдабековаЖМКнын өкүлдөрүн референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт ишине катышуу үчүн ЖМКларды КР БШКда аккредиттөө тартиби менен тааныштырды.
КР БШКнын басма сөз кызматы
