Башкы Жаңылыктар БШКнын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз …

БШКнын “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) бардык уюштуруучуларына жана катышуучуларына КАЙРЫЛУУСУ

08-Ноя, 2016

Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары!

Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналган Кыргызстандын элинин эркин билүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 114-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Мыйзамды кабыл алган. Аталган Мыйзамдын 1-беренесине ылайык референдум (жалпы элдик добуш берүү) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2016-жылдын 11-декабрына, жекшембиге дайындалган. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 3-беренеси менен добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроону төмөнкүдөй берүү бекитилген: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан долбоору референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын. “ООБА”, “ЖОК” (тандап алынган квадраттагы жоопко тиешелүү белгини коюңуз)”.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракеттенүү аркылуу референдумду уюшкандыкта өткөрүүнү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуу, аны даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка системалуу түрдө маалымат берип туруу тапшырылган.

Мында, референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бир күндө - 2016-жылдын 11-декабрында өткөрүлөт. Референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жаңы шайлоо техноллогиялары – шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүү жана добуштарды автоматтык эсептөөчү урналарды колдонуу менен саноо (АСУ) пайдаланылат, алар башка шайлоочу үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана шайлоочулардын добуштарын эсепке алуунун аныктыгын камсыз кылат.

Референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоочулардын эки тизмеси түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө укугу бар шайлоочулардын тизмеси бул - шайлоо өткөрүлүп жаткан тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп эсептелген 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары.

Референдумдун катышуучуларынын тизмеси бул – каттоо белгисине ылайык же шайлоо дареги жөнүндө арызы боюнча (Форма №2) тиешелүү участкадагы референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген 18 жашка толгон, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары референдумда добуш берүүгө укуктуу. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болуп эсептелери жана өз бийлигин шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тутуму аркылуу ишке ашыраары белгиленген.

Референдум эркин шайлоолор менен катар эл бийлигин түздөн-түз чагылдыруу болуп эсептелет. Референдум Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өткөрүлөт. Референдумдун катышуучуларынын укуктарын ишке ашыруу, аларды тактоо, өзүлөрү жөнүндө маалымдар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир участок боюнча референдумга катышуу укугуна ээ жарандардын тизмеси (референдумга катышуучулардын тизмеси) түзүлөт. Референдумду өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерде жашаган же турган жарандардын референдумга катышуу укугу дипломатиялык өкүлдүктөр жана консулдук мекемелер аркылуу тышкы иштерди жүргүзгөн мамлекеттик орган камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же турган, консулдук эсепте турган жарандар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин аймагында гана добуш беришет. Референдумда шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүндө активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн баардык жарандар киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул жол-жободон биометрикалык каттоону чогултуу пункттарынын даректерине ылайык жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында өтө алышат.

Референдумдун катышуучуларынын тизмеси жакын арада шайлоо участкаларында илинет, ал жерден сиздер өзүңөр жөнүндө маалымдарды тактай аласыздар. Ошондой эле, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинде www.shailoo.srs.kg. порталында текшере алышат, же 119 номуру боюнча (шыңгыратуу акысыз) Мамлекеттик каттоо кызматынын колл-борборуна кайрыла алышат. Түрдүү катачылыктар жана так эместиктер табылган учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде болбой калганда, референдумда добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а 2016-жылдын 26-ноябрына чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына (форма №3 боюнча) ID-картанын көчүрмөсүн, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана турган адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү тиркелген арыз менен кайрылууга укуктуусуз. Аталган арыз участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн токтоосуз жөнөтүлөт.

Биометрикалык маалымдары жок болгон учурда жаран ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга биометрикалык каттоодон өтүү үчүн жиберилет. Ошондой эле, ар бир шайлоочу добуш берүү күнүнө 15 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а. 2016-жылдын 26-нобярына чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-карта) көчүрмөсүн, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды (форма №2) берүү аркылуу шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүндө референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эскертебиз. Эгерде Сиз жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине киргизилсеңиз, анда биометрикалык иденттештирүүдөн өткөндөн кийин эки бюллетень аласыз (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетень жана референдумда добуш берүү үчүн бюллетень). Эгерде Сиз шайлоо өткөрүлүп жаткан тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болбосоңуз, анда биометрикалык иденттештирүүдөн өткөндөн кийин Сиз бир бюллетень (референдумда добуш берүү үчүн бюллетень) аласыз.

Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигиен ажыратылган жерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жараны референдумга катышуу укугуна ээ эмес. Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамда белгиленген референдумду даярдоону жана өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укуктарын ишке ашырууну жана коргоону төмөнүлөр жүзөгө ашырат: - Борбордук шайлоо комиссиясы; - шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары (мындан ары – аймактык шайлоо комиссиялары); - шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары жана референдумга катышуу укугу бар жарандардын убактылуу келген жерлеринде түзүлгөн участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары – участкалык шайлоо комиссиялары).

Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесин жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо боюнча биринчи кезектеги чараларды көрүүлөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда жарандардын катышуу тартиби жана добуш берүү процедурасы боюнча маалыматтык–түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү зарыл. Референдумдун участкалары, алардын схемалары жана чек аралары шайлоо жана шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилерин эскертебиз. Шайлоо комиссиялары референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамды бузуулар жөнүндө аларга түшкөн кайрылууларды өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кароого, ошол кайрылуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана кайрылууларга жазуу жүзүндө, бирок добуш берүү күнүнүн мурдагы күнүнөн кечиктирбестен 5 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - жоопторду токтоосуз берүүгө милдеттүү.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: - зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын берүүгө; - жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүүчү кабиналарды ж.б.), референдум өткөрүү боюнча документтерди жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, алардын кайтарылышын камсыз кылууга; - телефондук, интернеттик байланышты, электр менен камсыздоого (жарык берүү системасы альтернативдүү жарык берүү булагына ээ болушу керек) жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга; - зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүүгө; - шайлоо комиссияларынын референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына жоопторду кечиктирбестен берүүгө, тийиштүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо - 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - токтоосуз жооп берүүгө милдеттүү. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 5-пунктуна ылайык “добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Пандустардын жана кармагычтардын болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу ыкмаларынын бири болуп саналат”. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмесин жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо маселелерине, жарандардын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга катышуу тартиби жана добуш берүү жол-жобосу боюнча маалыматтык–түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүүгө милдеттүү.

Үгүт мезгилинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «макул» топторуна, «каршы» топторуна чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, көпчүлүк алдындагы кайым айтышууларды жана талкууларды, митингдерди, демонстрацияларды, көчө жүрүштөрүн уюштурууга көмөктөшүүгө, жапырт иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жайлар үгүт топторунун арызы боюнча менчиктин ээси, кожоюну тарабынан шайлоо комиссиялары белгилеген убакытка үгүт топторуна жарандар менен жолугушуулар үчүн акысыз берилет. Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссияларынын сунуштары боюнча референдум дайындалган күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде б.а. 2016-жылдын 14-ноябрына чейин ар бир участканын аймагында басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын жайларды бөлүп жана жабдуулап берүүгө милдеттүү. Урматтуу жарандар, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү! Үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга чыгарылган маселе боюнча “макул” тобун же “каршы” тобун түзүүгө укуктуу. Аталган топтор Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылышат, анда топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле, топтун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын фамилиялары, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган жеринин дареги, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номуру көрсөтүлүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүт боюнча топту каттайт. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин демилгелүү топ, «макул» жана «каршы» топтору финансы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоого милдеттүү. Ыйгарым укуктуу өкүлдөр катталгандан кийин демилгелүү топ, «макул» тобу, «каршы» тобу референдумду демилгелөө боюнча кампанияны, референдум кампаниясынын жүрүшүндө үгүттү каржылоо үчүн өз фонддорун түзүшөт. Референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт добуш берүү күнүнө 24 саат калганга чейин токтотулат. Референдум маселелери боюнча үгүт төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн: 1) телерадио берүү уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басылмалардын беттеринде; 2) массалык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу (колдонуудагы мыйзамга ылайык чогулуштарда, жолугушууларда, көпчүлүк алдындагы кайым айтышууларда жана талкууларда, митингдерде, демонстрацияларда, көчө жүрүштөрүндө); 3) басма сөз, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу аркылуу. Мамлекеттик телерадио уюмдары референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт жүргүзүү үчүн «макул» топко, «каршы» топко бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. «Макул» топ, «каршы» топ мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысын акысыз алуу укугуна ээ.

Аталган обо убактысы теле жана радио программалар эң көп аудитория чогулткан мезгилге - саат 20.00 дөн 24.00гө чейинки мезгилге туура келиши керек. Мамлекеттик басма сөз басылмаларынын редакциялары референдумга чыгарылган (чыгарылуучу) маселелер боюнча үгүт жүргүзүү үчүн А4 форматынын бир бетинин өлчөмүнөн азайтпастан “макул” тобуна жана “каршы” тобуна басма аянттарын акысыз бирдей шартта камсыз кылууга милдеттүү. Мамлекеттик эмес басма сөз басылмалары “макул” тобуна, “каршы” тобуна басма басма аянтын акы үчүн бирдей негизде берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын наркы референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашпаш керек. Телерадио уюмдарынын каналдарындагы обо убактысы «макул» тобуна, «каршы» тобуна бирдей негизде топтун өз фондунан акы төлөө менен, ал эми “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамда каралган учурларда акысыз берилет. Үгүткө катышуу үчүн обо убактысына, басма аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар тийиштүү телерадио уюмунун, мезгилдүү басма сөз басылмасынын редакциясы тарабынан референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден 10 календарлык күндөн кечиктирбестен б.а 2016-жылдын 14-ноябрына чейин референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт жүргүзүү үчүн обо убактысын, басма аянтын берүүгө даярдыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү менен жарыялоого милдеттүү.

Борбордук шайлоо комиссиясында акредиттөөдөн өткөндөн кийин жалпыга маалымдоо каражаттары үгүткө катышуу укугуна ээ. Обо убактысын берүү үчүн төлөмдүн өлчөмү «макул» тобу жана «каршы» тобу үчүн бирдей болушу керек. «Макул» тобуна, «каршы» тобуна берилген төлөнүүчү обо убактысынын наркы референдум дайындалган күнгө чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашпаш керек. «Макул» тобунун жана «каршы» тобунун сүйлөп жаткан сөздөрүн бөлүүгө жана аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат. Мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга, аскер кызматчыларына алар кызматтын аткаруу мезгилинде, кайрымдуулук уюмдарына жана диний бирикмелерге; шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө; чет мамлекеттердин жарандарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына, уюмдарына жарандыгы жок адамдарга; эл аралык уюмдарга жана эл аралык коомдук кыймылдарга үгүт жүргүзүүгө, кандай гана болбосун үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат. Үгүт жүргүзүүдө социалдык, диний, расалык, улуттук көрө албастыкты жана душмандыкты козгогон, бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга, согушту пропагандалоого чакырган, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтүн, фото жана көрмө материалдарын үгүт жүргүзүүдө пайдаланууга тыюу салынат.

Референдумду өткөрүү боюнча комиссиялардын ишинде айкындыкты жана шайлоо стандарттары боюнча эл аралык милдеттемелерди сактоонун алкагында, мыйзам менен референдумдун жүрүшүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жергиликтүү, эл аралык байкоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына берилет. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамда жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктары жана милдеттери, ошондой эле аларды дайындоо жана аккредиттөө тартиби кенен жазылган. Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучулары! Референдум - бул мамлекет үчүн жана ар бир жаран үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга элди катыштыруунун бир ыкмасы, ал эми мыйзам долбоорлорун жалпы элдик добуш берүүгө чыгаруу учурунда референдум - элдин түздөн-түз укукт чыгаруучулугун көрсөтөт.

Шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу деңгээлинде б.а баардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларында жаңы технологияларды киргизүү менен шайлоого катышууну жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо мүмкүнчүлүктөрү жоюлган. Бул технологияларды референдумду өткөрүүдө пайдалануу жалпы улуттук добуш берүү адилет жана таза болушуна маанилүү кадам болмокчу, анда өлкөнүн ар бир жаранынын добушу эсепке алынат жана так саналат. Референдумга тиешелүү келип чыккан баардык маселелери боюнча Сиздер шайлоо комиссияларына жана Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамаларына кайрыла аласыздар, алар төмөндөгү даректер жана телефондор боюнча Бишкек жана Ош шаарларында уюштурулган: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59, 101-кабинет, тел. +(996 312) 66 02 40, Ош шаары, Ленин көчөсү, 221, 9-кабинет, тел. 0550 12 06 41. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз тарабынан, өз ишин мыйзамдуулуктун, айкындуулуктун, көз карандысыздыктын жана адилеттүүлүктүн принциптеринде ишке ашыруу менен референдумдун баардык катышуучуларына эшиги ачык.

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдумду мыйзамга ылайык өткөрүү максатында референдумдун баардык уюштуруучуларын жана катышуучуларын мыйзамдардын ченемдерин так сактоого, рефрендумдун башка катышуучулары менен өз ара биримдикте аракеттенүүгө, өз ара урматтоону жана чыдамкайлыкты көрсөтүүгө чакырат.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

 

     

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын делегациясы Минск шаарындагы тажрыйба алмашуу жана жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча стажировкасын жыйынтыктады
24-Сен, 2026

КР БШКнын делегациясы Минск шаарындагы тажрыйба алмашуу жана жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча стажировкасын жыйынтыктады

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясынын Беларусь Республикасындагы эки күндүк стажировкасы аяктады. Бул таанышуу сапары КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун (ЖБББ) демилгеси менен уюштурулду. Сапар жаштар менен иштөөдөгү беларусь тажрыйбасын үйрөнүүгө жана шайлоо процессине заманбап билим берүү технологияларын киргизүүгө багытталган.Делегациянын курамында КР БШКнын Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева, ЖБББнын директору Анара Бейшембаева жана ЖБББнын эксперти Роза Дуйшеева болушту.Сапардын алкагындагы негизги иш-чара Беларусь БШКнын төрагасы Игорь Карпенко менен жолугушуу болду. И. Карпенко жаштар арасында туруктуу негизде маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, түз диалог аң-сезимдүү жарандык позицияны калыптандырарын белгиледи. Жолугушуу Беларусь БШКсынын катчысы Елена Балдовская менен баарлашуу менен уланды, анда тараптар биргелешкен долбоорлордун практикалык аспектилерин жана Беларусь БШКсынын укуктук-методикалык кабинетинин материалдарын изилдешти.Беларустун жарандык тарбия берүү тутуму менен комплекстүү түрдө таанышуу болду:1. Жалпы орто билим берүү - Минск шаарындагы № 52 орто мектебинде коом таануу сабагына катышуу, шайлоо процесси боюнча Республикалык олимпиаданын регламентин жана «Шайлоо укугу» маалыматтык сааттарынын методикалык сунуштарын үйрөнүү.2. Жогорку мектеп жана студенттик өзүн-өзү башкаруу - Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында Беларусь БШКсынын алдындагы Жаштар кеңеши жана «Выбор» шайлоо клубу менен жолугушуу; «Жаш шайлоочунун мектеби» долбоорунун жана «2х2/татаал нерсе жөнөкөй тил менен» интерактивдүү платформасынын бет ачары.3. Мамлекеттик башкаруу жана коомдук демилгелер - Республикалык жаштар үйүнө баруу, жаштар саясатына идеологиялык вертикалдын мамилесин изилдөө, ошондой эле Беларусь республикалык жаштар союзунун (БРЖС/БРСМ) ишмердүүлүгү жана долбоорлору менен жакындан таанышуу.4. Жаштар инфраструктурасы жана волонтёрлук - «Студенттик айыл» комплексине баруу, студенттерди колдоо инфраструктурасы, ошондой эле Республикалык жаштар борборунун (РЖБ) жана Республикалык волонтёрдук борбордун (РВБ) иштери менен таанышуу.«Беларусь БШКсынын жетекчилиги менен жолугушуу, профилдик мекемелерге, билим берүү уюмдарына жана жаштар борборлоруна сапарлар республикада жарандарды тарбиялоонун натыйжалуу жана бирдиктүү экосистемасы түзүлгөнүн тастыктайт. Маалыматтык-түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулушу, волонтёрлук жана жаштар кыймылынын өнүгүшү, ошондой эле бийлик органдарынын, академиялык чөйрөнүн жана мектептердин ортосундагы тыгыз синергия жаңы муундун укуктук маданиятын ийгиликтүү калыптандырууга өбөлгө түзөт», - деп белгилешти КР БШК делегациясынын өкүлдөрү.Бул иш сапар эки өлкөнүн профилдик түзүмдөрүнүн ортосунда узак мөөнөттүү кесиптик диалогдун жана жарандык билим берүү чөйрөсүндөгү мыкты тажрыйбаларды жайылтуунун бекем пайдубалын түптөөгө багытталган.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады
24-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында БШКнын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады.КР Жогорку Кеңеши баяндаманы бир добуштан колдоду. Төмөндө бандаманын толук тексти: “Урматтуу Төрага!Урматтуу депутаттар!Үстүбүздөгү жылдын май айында Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасы Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Өткөн жыл өлкөнүн шайлоо системасы үчүн олуттуу өзгөрүүлөрдүн мезгили болду. Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, парламенттик шайлоону уюштуруу тартиби жаңыланды, ал эми жаңы шайлоо технологиялары өлкө боюнча кеңири колдонула баштады.Ошондуктан бүгүн баяндаманын мазмунун толук кайталабастан, жылдын негизги жыйынтыктарына токтолуп кетейин.2025-жылдын негизги окуясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болду.Бул шайлоо принципиалдуу жаңы укуктук шарттарда өттү. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, аралаш шайлоо системасынан мажоритардык шайлоо системасына өтүү ишке ашырылды.30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланды.Ошол эле учурда бардык шайлоо иш-чараларынын мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскартылып, иш жүзүндө шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө болгону эки ай берилди.Бул кыска мөөнөттө шайлоо процессин толугу менен кайра уюштуруу талап кылынды. Ченемдик базаны даярдоодон жана комиссияларды түзүүдөн тартып, шайлоо участокторун даярдоого жана техникалык жактан камсыздоого чейинки бардык иштер аткарылды.Шайлоого катышуу ниетин 589 жаран билдирди. Каттоонун жыйынтыгы боюнча жана кийин шайлоого катышуудан баш тарткандарды эске алуу менен, акыркы тизмеге 460 талапкер кирди. Алардын ичинен 187си же 41 пайызы – аялдар.Шайлоо процессинин уюштуруучуларын жана анын катышуучуларын окутуу боюнча да олуттуу иштер аткарылды. Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын 26 миңден ашуун мүчөсү окутулду. Шайлоо кампаниясы башталгандан тартып талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн шайлоо фонддорун түзүү жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү маселелери боюнча семинарлар өткөрүлдү. Аларга 400дөн ашуун адам катышты.Өлкө боюнча ички иштер органдарынын, прокуратуранын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн даттанууларды кароо жана шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына ыкчам чара көрүү маселелери боюнча атайын окутуу уюштурулду. Окутуудан 650дөн ашуун кызматкер өттү.Муну менен катар добуш берүү үчүн шайлоо участокторун даярдоо иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 2619 шайлоо участогу түзүлдү: 2492си – республиканын аймагында, 100ү – чет өлкөлөрдө, 27си – аралыктан добуш берүү үчүн аэропорттордо, соода борборлорунда жана базарларда.Бул шайлоонун өзгөчөлүктөрүнүн бири - жаңы технологиялык чечимдердин кеңири колдонулушу болду.Өлкө боюнча реалдуу убакыт режиминде шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо ишке киргизилди.Идентификациядан өткөндөн кийин шайлоо бюллетени түздөн-түз участокто – ар бир шайлоочу үчүн өзүнчө басып чыгарылды. Ошентип, басып чыгарылган бюллетендердин саны идентификациядан өткөн жарандардын санына так дал келди. Бул мурдагыдай бюллетендерди миллиондогон нускада борборлоштуруп басып чыгаруу, аларды ташуу, сактоо жана пайдаланылбаган бюллетендерди андан ары жок кылуу практикасынан баш тартууга мүмкүндүк берди.Жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөр биринчи кезекте шайлоого катышууну жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн колдонулду. Мындай чечимдердин бири аралыктан добуш берүү болду. Шайлоочулар өздөрү иш жүзүндө жүргөн жерден, башкача айтканда, өз шайлоо округунан тышкары добуш бере алышты.Аралыктан добуш берүүнү 190 миңден ашуун жаран – добуш бергендердин жалпы санынын 12 пайызы пайдаланды.Чет жактарда жүргөн жарандарыбыздын шайлоо укуктарын камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду. Чет өлкөлөрдө шайлоо участокторунун саны дээрлик эки эсеге – 59дан 100гө чейин көбөйдү. Алар 34 мамлекетте түзүлдү. 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 9 826 жаран добуш берген. 2025-жылы алардын саны 26 066га жетти.Ошентип, чет  өлкөдө добуш бергендердин саны эки жарым эседен ашык өстү. Ошондой эле биринчи жолу чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтар түздөн-түз борбордук серверге автоматтык түрдө бериле баштады.Майыптыгы бар шайлоочулар үчүн добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө дагы көңүл бурулду. Бул үчүн шайлоо бюллетендерине 2,5 миң трафарет жана 3 миң маалыматтык брошюра даярдалды. Шайлоо участокторунун 92 пайызы пандустар менен жабдылды.Мындан тышкары, ден соолугунун абалына байланыштуу же мыйзамда каралган башка себептерден улам шайлоо участогуна келе албаган жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү уюштурулду. Бул мүмкүнчүлүктү 9 миңден ашуун шайлоочу пайдаланды.Шайлоонун жүрүшүндө шайлоочуларды маалымдоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. Өлкө боюнча телекөрсөтүү, радио, жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар, тышкы жарнама жана коомдук транспорт аркылуу шайлоону өткөрүүнүн жаңы эрежелери, аралыктан добуш берүүнүн тартиби жана “бир шайлоочу – бир добуш” принциби түшүндүрүлдү.Шайлоочулардын тизмелери жана талапкерлер тууралуу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында, социалдык тармактарда жана “Тизме” менен “е-Талапкер” санариптик ресурстарында жайгаштырылып турду. Ачык-айкындуулук добуш берүү күнү да камсыздалды: шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалыматтар саат сайын жарыяланып, шайлоо участокторунда видеого тартуу жана онлайн алып көрсөтүү жүргүзүлдү.Урматтуу депутаттар! Эми түздөн-түз добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө айта кетейин. Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 миллион 294 миң 243 жаран киргизилди. Добуш берүүгө 1 миллион 584 миң 446 шайлоочу катышты.Шайлоочулардын жалпы катышуусу 36,9 пайызды түздү.Мыйзамдуулукту камсыздоо шайлоо кампаниясынын бардык этаптарында артыкчылыктуу багыттардын бири болду. Бузууларга карата ыкчам чара көрүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы атайын координациялык топтордун алкагында укук коргоо органдары менен биргелешип иш алып барды.Шайлоонун жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 274 бузуу жөнүндө маалымат келип түштү. 76 факт боюнча административдик жоопкерчилик чаралары колдонулду. Айып пулдардын жалпы суммасы 731 миң сомду түздү.Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө финансылык ачыктык толук камсыз кылынды. Мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө 757 миллион сом, анын ичинде Тышкы иштер министрлигине чет жактарда жарандардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 58 миллион сом каралган. Иш жүзүндө 647,7 миллион сом сарпталды. Ошентип, 109 миллион сомдон ашык каражат үнөмдөлдү.Талапкерлердин шайлоо төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 147 миллион сомду түздү. Бул каражаттар республикалык бюджетке которулду. Талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 1 миллиард 805,6 миллион сом келип түштү. Шайлоо фонддорунун каражаттарынын түшүшү жана сарпталышы жөнүндө маалымат реалдуу убакыт режиминде “е-Талапкер” маалымат ресурсунда көрсөтүлдү.Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү кеңири эл аралык байкоонун алдында өттү. 58 өлкөдөн келген 788 эл аралык байкоочу аккредитацияланды. Эл аралык байкоочулардын миссиялары шайлоонун даярдалышын жана өткөрүлүшүн жогору баалашты. Аралыктан добуш берүүнү колдонуу, добуш берүү процессине заманбап технологияларды киргизүү жана добуштарды саноо, ошондой эле бардык шайлоочулар үчүн бирдей шарттарды түзүү жана гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча чаралар өзгөчө белгиленди.Урматтуу депутаттар!Шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен катар жыл ичинде жаштардын шайлоо боюнча сабаттуулугун жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш улантылды. “Жаш жарандын мектеби” программасынын алкагында жаш шайлоочулар шайлоо процесси жана өздөрүнүн шайлоо укуктары жөнүндө практикалык билимдерди алышты. Эл аралык кызматташтык да улантылды. Июнь айында Чолпон-Ата шаарында 12 өлкөнүн шайлоо органдарынын жана 9 эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн башын кошкон Эл аралык Ысык-Көл электоралдык форуму өттү.2025-жылдагы шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө топтолгон тажрыйба мындан аркы иштердин негизин түздү.2026-жылы аралыктан добуш берүү жана шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча иш улантылды. Мүмкүн болгон мыйзам бузууларды ыкчам көзөмөлдөө жана каттоо максатында шайлоо участокторунда онлайн-трансляция тутуму жаңыланууда. Шайлоо жол-жоболорун автоматташтыруу да ырааттуу жүргүзүлүүдө. Талапкерлерди колдогон шайлоочулардын кол тамгаларын чогултуу, эсепке алуу жана сактоо үчүн маалыматтык тутум иштелип чыгууда. Ошондой эле ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу аркылуу талапкерлердин документтерин текшерүүнү автоматташтыруу иштери жүрүп жатат.Шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктары боюнча электрондук картаны киргизүү иштери жүрүп жатат. Топтолгон практикалык тажрыйба шайлоо мыйзамдарын жана аларды колдонуу практикасын өркүндөтүүдө да эске алынат.Урматтуу депутаттар!2025-жыл өлкөбүздүн шайлоо системасын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болду. Өткөрүлгөн шайлоо жаңы шайлоо технологияларын натыйжалуу колдонууга болорун көрсөтүп, жарандардын добуш берүүгө катышуусуна кеңири шарт түздү.Биздин негизги милдетибиз – ар бир жарандын шайлоого жана шайланууга болгон конституциялык укуктарын тоскоолдуксуз ишке ашыруусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу. Бул милдет өзгөрүүсүз бойдон калат. Көңүл бурганыңыздарга рахмат!” 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Монголияда өтүп жаткан «Саясий каржылоонун ачык-айкындыгы жана көзөмөл» аттуу эл аралык тегерек столго катышууда
24-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Монголияда өтүп жаткан «Саясий каржылоонун ачык-айкындыгы жана көзөмөл» аттуу эл аралык тегерек столго катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаев 2026-жылдын 22-24-сентябрында Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан «Саясий каржылоонун ачык-айкындыгы жана көзөмөл» аттуу эл аралык тегерек столго катышууда.Тегерек стол 11/7-резолюциясын ишке ашыруунун практикалык механизмдерин иштеп чыгууга арналган. Иш-чараны Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясы Transparency International, International IDEA, UNODC, OGP жана Open Society Forum уюмдары менен биргеликте уюштурган.Жолугушуунун жүрүшүндө Азия аймагында саясий каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, мониторинг жүргүзүү ыкмалары жана коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо маселелери талкууланууда.Иш-чаранын алкагында Тимур Оторбаев Кыргыз Республикасынын саясий ишмердүүлүктү каржылоо чөйрөсүндө ак ниеттүүлүктү илгерилетүү багытындагы тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүшөт.Анын пикиринде, Кыргыз Республикасы менен башкаруу системасы реформаланган башка демократиялык мамлекеттердин ортосундагы мындай диалог саясий ишмердүүлүктү каржылоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоого жана шайлоо системаларында отчеттуулукту жогорулатууга өбөлгө түзөт.Белгилей кетсек, Монголия Шайлоо комиссиясынын резолюциясында белгиленген 22 милдеттенменин негизинде партиялар жана талапкерлер үчүн отчеттуулуктун ички стандарттарын жаңылоону жүргүзүүдө. Бул чаралар көмүскө капиталдын жана чет мамлекеттердин шайлоо процесстерине жашыруун таасир этүүсүнө жол бербөөгө багытталган. 
Кененирээк билүү >>
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23-Сен, 2026

Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бүгүн, 23-сентябрдагы жыйынында 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:         № 5067 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кашка-Терек айылы, М. Карагулов көчөсү, 30, Кашка-Терек айылынын чайханасынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кашка-Терек айылы, А. Алимканов көчөсү, 1, К. Кулматов атындагы орто мектептин имараты дарегине;         № 5068 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кызыл-Кырман айылы, М. Темиров көчөсү, 11, спорт залынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кызыл-Кырман айылы, М. Темиров көчөсү, 1, М. Базаркулов атындагы № 43 орто мектептин имараты дарегине;         № 5069 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Баш-Дөбө айыл аймагы, Кеңеш айылы, К. Иметов көчөсү, 2, спорт залынын имараты дарегинен Баш-Дөбө айыл аймагы, Кеңеш айылы, К. Иметов көчөсү, 1, “Майрамкан апа” балдар бакчасынын имараты дарегине;         № 5042 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Эски-Покровка айылы, О. Акматов көчөсү, 10, К. Ташиев атындагы № 62 лицейдин имараты дарегинен Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Эски-Покровка айылы, К. Сайпидинов көчөсү, 42, Б. Шамшиев атындагы маданият үйүнүн имараты дарегине;         № 5581 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Салам-Алик айыл аймагы, Карчабек айылы, А. Нурматов көчөсү, 1, ФАПтын имараты дарегинен, Салам-Алик айыл аймагы, Карчабек айылы, Т. Кушбаков көчөсү, н/ж, Карчабек негизги билим берүү мектебинин имараты дарегине;№ 8031 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Лейлек району, Тогуз-Булак айыл аймагы, Кара-Булак айылы, Лейлек-70 көчөсү, 12/7, маданият үйүнүн имараты дарегинен Тогуз-Булак айыл аймагы, Кара-Булак айылы, Кара-Бий көчөсү, 6, Кара-Булак жалпы билим берүү мектебинин имараты дарегине;         № 8033 шайлоо участогунун дареги Баткен облусу, Лейлек району, Тогуз-Булак айыл аймагы, Айбике айылы, Азиреткул көчөсү, 8/1, маалымат борборунун имараты дарегинен Тогуз-Булак айыл аймагы, Айбике айылы, Абдураут көчөсү, 23, Маданият билим берүү мектебинин имараты дарегине өзгөртүлдү.         Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Салам-Алик айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү менен биргеликте, Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы Тогуз-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында № 5067, 5068, 5069, 5042, 5581, 8031, 8033 шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана жайгашкан жерлери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүү тапшырылды. 
Кененирээк билүү >>