2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүттөөгө катышууну каалаган ЖМК үчүн маалымат
07 ноября 2016
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери!
“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын бардык аймагында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2016-жылдын 11-декабрына, жекшембиге дайындалды.
Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредиттөөдөн өтүүлөрү зарыл.
Аккредиттөөдөн өтүү үчүн референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен б.а. 2016-жылдын 14-ноябрына чейин тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басма сөз басылмаларынын редакциялары тарабынан обо убактысына, басма аянтына төлөө өлчөмдөрү ж.б. шарттар тууралуу маалыматтар жарыяланып, референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт ишин жүргүзүү үчүн обо убактысын, басма аянтын берүүгө даярдыгын билдирүү менен КР БШКга берилүүгө тийиш.
Обо убактысын, басма аянтын бергендик үчүн акы төлөө өлчөмдөрү “макул” топ жана “каршы” топ үчүн бирдей болушу керек.
Референдумда үгүт ишин жүргүзүүгө катышууга КР БШКда аккредиттөөдөн өтүү үчүн 2016-жылдын 14-ноябрына чейин ЖМКлартөмөнкү документтерди берүүлөрү зарыл:
1) КР БШКнын төрагасы Нуржан Кармабековна Шайлдабекованын атына арыз;
2) ЖМКга рекламалык-маалымат материалдарын (прайс-барак) жайгаштырууга белгиленген баалар тууралуу жарыянын (публикация) көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2016-жылдын 14-ноябрына саат 18.00ге чейин.
Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59, 301-бөлмө.
Сурап-билүү телефону: (312) 620150.
КР БШКнын басма сөз кызматы.
