БШКа журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктайт
07 ноября 2016
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана жеке өзүмдүн атыман сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Кыргызстандын ачык жана демократиялуу мамлекет катары калыптанышы үчүн сиздер зор иштерди жасап жатасыздар. Өлкөбүздө шайлоо системасынын ачык жана адилет болушуна да журналисттердин салымы чоң.
Сиздердин өз кесибиӊиздерге жооптуу мамиле, окуяларды калыс, объективдүү жана ар тараптуу чагылдырууңуздар аркылуу коомубуз сапаттуу маалыматтарды жана анализдерди алып жатат. Мыйзамсыз, коррупциялык көрүнүштөрдү аёосуз ашкерелеп, журналисттер чынында эле коомдун “санитарлары” экенин далилдөөдө.
Азыр дүйнө, анын ичинде Кыргызстан орошон өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Ар бир маалыматтын баасы өсүп жатат. Ошого жараша маалыматты табуучу, таратуучу катары сиздердин милдет дагы артып, жоопкерчилик дагы күчөп турган кези. Коомдук пикирди чагылдыруучу жана жаратуучу катары сиздерге баарыбыз милдеттүүбүз.
Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Элибиз, өлкөбүз менен бирге бакубатчылыкта болуӊуздар!
Урматоо менен,
Төрайым Нуржан Шайлдабекова
