Башкы Жаңылыктар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга, Бишкек шаарынын …

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын саясий партияларга, Бишкек шаарынын шайлоочуларына, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарга, Бишкек шаардык кеңешке КАЙРЫЛУУСУ

02-Ноя, 2016

Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын аткаруу алкагында жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 4-ноябрындагы  №АР02/1401 сунушунун негизинде, анык жашаган жери боюнча каттоосу жок жарандарга 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда добуш берүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан референдум участкаларын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды (1-тиркеме).

2016-жылдын 4-ноябрынан тартып саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдан – Бишкек шаардык кеңешинен референдум участкалардын комиссияларынын курамдарына өкүлдөрдү көрсөтүү башталат.

Комиссиялардын курамдарын түзүүдө саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү орган – Бишкек шаардык кеңеши жарандардын  комиссиялардын курамдарына көрсөтүүгө макулдугун эсепке алуу зарыл.

Көрсөтүүчү субъекттер комиссиянын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашагандыгын эсепке алуу зарыл.

Комиссиялардын курамдарына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын жашаган жери көрсөтүлгөн, алардын колтамгалары коюлган тизмеси тиркелиши керек.

Саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдын протоколуна төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

- референдум комиссиянын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоого милдттенме;

- копия паспорттун көчүрмөсү;

- окуган, иштеген жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы же резюме);

- байланыш малыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору, электрондук дарек

 

Референдум участкалардын комиссиялардын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 2016-жылдын 9-ноябрында саат 18.00гө чейин кабыл алынат.  

Референдум участкалардын комиссиялардын курамдарына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 2016-жылдын 8-ноябрында саат 18.00гө чейин кабыл алынат.  

 

Маалымат үчүн телефондор: Бишкек шаардык кеңеш  - 61 04 32, 61 32 65 –  

Бишкек АШК - 62 08 24


Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>